Кыргыз Республикасынын Билим беруу жана Илим Министрлии Жусуп Баласагын атындагы Кыпгыз Улуттук Университет ПКОИТ СРС
На тему: Фонетика- тил илиминин бир болугу
Выполнила: Тагаева Рахима
2-курс группа: АСОИ и У 1-18
Проверила : Сазыкулова Аида
Мазмуну:
1 Алфавит
2 Кыш тыбыш жана тамга
3 Үндүү тыбыштар
4 Үндүү тыбыштардын бөлүнүшү
5 Үндүү тыбыштардын тилге (жасалуу ордуна) карай бөлүнүшү
6 Үндүү тыбыштардын эринге карай бөлүнүшү
7 Үндүү тыбыштардын жаакка (жасалуу ыгына) карай бөлүнүшү
8 Үндүү тыбыштардын айтылышына карай бөлүнүшү
9 Э, Е тамгаларынын айтылышы жана жазылышы
10 Я, Ю, Е, Ё тамгаларынын айтылышы жана жазылышы
11 Фонема
12 Фонология
13 Үнсүз тыбыштар
14 Үнсүз тыбыштардын бөлүнүшү
15 Үнсүз тыбыштардын жасалуу ордуна карай бөлүнүшү
16 Үнсүз тыбыштардын жасалуу ыгына карай бөлүнүшү
17 Үнсүз тыбыштардын үн менен шыбыштын катышына карай бөлүнүшү
18 Ажыратуу (Ъ) жана ичкертүү (Ь) белгилеринин жазылышы
19 Муун
20 Ачык муун
21 Жабык муун
22 Туюк муун
23 Сөздөрдү муунга ажыратуу
24 Ташымал
25 Басым
26 Колдонулган адабияттар
Фонетика
Тил илими ичинде, фонетика деген үндөрдүн өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү илим. Тилдеги тыбыштардын жасалышы, тыбыштык системасы, тыбыштык өзгөрүүлөрү жөнүндөгү тил илиминин бир тармагы. Гректин phonetikos — үн деген сөзүнөн алынган: салыштыр: телефон, магнитофон, микрофон.
Алфавит
Белгилүү бир тартип боюнча кабыл алынган тамгалардын жыйындысы алфавит деп аталат. Алфавит деген сөз альфа жана бета деген эки башкы грек тамгаларынан алынган, бул cөз алфавиттеги а жана б нын аталышы, башкача айтканда альфа – а, бета – б. Алиппе араб алфавитиндеги биринчи тамга а (алиф) жана экинчи тамга б (бэ) нин аталыштары, алиф жана бэ фонетикалык жактан өзгөрүүлөргө учураган. Кыргыз алфавити орус алфавитинин негизинде түзүлүп, үч тамга (ө, ү, ң) кошулган. Орус алфавитине 1941-жылдан баштап өттүк.
Кыш тыбыш жана тамга
Сөздөгү айрым үндөр тыбыш деп аталат. Тыбыштарды белгилөө үчүн кабыл алынган шарттуу белги – тамга. Кыргыз тилинде 36 тамга бар.
Үндүү тыбыштар:
Жалаң гана үн катышып айтылган тыбыштар үндүү тыбыштар деп аталат. Элдик оозеки тилде 14 үндүү тыбыш бар. Алар: а, о, ө, э, и, ы, у, ү, аа, оо, өө, ээ, уу, үү.
Үндүү тамгалар 12. Алар: а, о, ө, э, и, ы, у, ү, я, ю, ё, е.
Үндүү тыбыштардын бөлүнүшү:
Кыргыз тилиндеги үндүү тыбыштар тилдин, эриндин катышына, жаактын ачылышына жана созулуп атылышына карай төрткө бөлүнөт.
Үндүү тыбыштардын тилге (жасалуу ордуна) карай бөлүнүшү
1. Жоон үндүүлөр (түпчүлдөр)
Жоон үндүүлөрдү айтканда тилдин учу астыңкы тишке тийбей, артка карай тартылып, тилдин түбү бир аз өйдө көтөрүлөт. Жоон үндүүлөргө: а, о, ы, у, аа, оо, уу кирет.
2. Ичке үндүүлөр (уччулдар )
Ичке үндүүлөрдү айтканда тилдин учу алга карай бир жүткүнчүктөп, тилдин ортосу тандайды көздөй көтөрүлөт да, өпкөдөн чыгып келе жаткан аба ичке чыгат. Ичке үндүүлөргө: э, и, ө, ү, ээ, өө, үү кирет.
Үндүү тыбыштардын эринге карай бөлүнүшү
1. Эрин үндүүлөр
Кыргыз тилиндеги айрым үндүүлөрдү айтканда эки эрин чормоюп, алга жүткүнчүктөйт. Демек, эриндин жардамы менен айтылган тыбыштар эрин үндүүлөр деп аталат. Аларга: о, у, ө, ү, оо, уу, өө, уү кирет.
2. Эринсиз үндүүлөр
Айрым үндүүлөрдү айтканда эрин артка жыйрылып, аба эркин чыгат, б.а. эрин катышпайт. Аларга: а, ы, э, и, аа, ээ кирет.
Үндүү тыбыштардын жаакка (жасалуу ыгына) карай бөлүнүшү
1. Кең үндүүлөр
Жаактын кен ачылышы менен жасалган үндүүлөр кең үндүүлөр деп аталат. Алар: а(аа), э(ээ), о(оо), ө(өө).
2. Кууш үндүүлөр
Ооздун ачылышы кууш болуп, тилдин өйдө көтөрүлүшү аркылуу жасалган үндүүлөр. Алар: ы, и, у, ү, уу, үү
Үндүү тыбыштардын айтылышына карай бөлүнүшү
1. Созулма үндүүлөр
Кыска үндүүлөргө караганда созулуп айтылган, өз алдынча фонемалык касиетке ээ болгон үндүүлөр созулма үндүүлөр деп аталат: аа, оо, уу, үү, ээ, өө. ,
2. Кыска үндүүлөр
Созулуп айтылбастан, кыска айтылган үндүүлөр. Алар: а, э, о, ө, у, ү, ы, и.
Э, Е тамгаларынын айтылышы жана жазылышы
1. Кыргыздын төл сөздөрүндө э тыбышы сөздүн башында келсе э менен, үнсүз тыбыштардан кийин жана сөз аягында келсе е менен жазылат. Мисалы, эл, эне, желек, кече, эже, эмне.
Эгер й жана е тыбыштары катар келсе, е менен жазылат. Мисалы, кийет эмес, киет; чийет эмес, чиет.
2. Орус тилинен кабыл алынган сөздөрдө э, е тыбыштары кандай жазылса, кыргыз тилинде да так ошондой жазылат. Мисалы, Экзамен, аэропорт, Енисей, гезит, Египет, мэр.
Я, Ю, Е, Ё тамгаларынын айтылышы жана жазылышы
Жазууда а, о, у, э үндүү тыбыштары й тыбышынан кийин келсе, я, ю, е, ё тамгалары менен жазылат. Мисалы, аяк, туюк, кием, коён. Созулма оо, уу үндүүлөрү й тыбышынан кийин келсе, ёо, юу түрүндө жазылат. Мисалы, боёо, коюу, саюу, жоюу. Орус тили аркылуу кабыл алынган сөздөрдө я, ю, е, ё тамгалары орус тилиндегидей жазылат. Мисалы, октябрь, костюм, шофер, варенье. Кыргыз тилиндеги кээ бир сөздөр төмөнкүчө жазылат. Мисалы, коёюн (койойун), уююн (уйуйун), муююн (муйуйун).
Фонема
1. Тилдин курамдык бөлүктөргө ажырабай турган, сөздөрдү, морфемаларды (унгу, мүчөлөрдү), сүйлөмдөрдү түзүүгө катышып, аларды бири-биринен айырмалоого жардам берүүчү эң жөнөкөй элементи, тыбыштары.
2. Сөздөрдүн маанисин өзгөртүүчү тыбыштар: бал – бел – бөл -бол; бак – так – жак – жек.
Кыргыз тилинде 34 фонема бар. Үндүү фонемалар – 14, үнсүз фонемалар – 20.
Фонология
Тилдин тыбыштык түзүлүпгүн жана анын өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү тил илиминин бөлүгү. Фон — үн жана логос — окуу, илим деген сөздөрдөн алынган, б.а. тилдеги тыбыштардын үндөрүн үйрөтүүчү илим, фонетикага
Үндүү тыбыштардьш эки сөз аралыгында айтылышы жана жазылышы
Жанаша айтылган эки сөздүн биринчи сөзү үндүүлөр менен аяктаса, экинчиси сөзүнүн башкы тыбышы үндүүлөр менен башталса, эки сөз арасындагы үндүү тыбыштын бири түшүп айтылат, бирок жазууда ага жол берилбейт.
Мисалы, айтылышы жазылышы сарала сары ала баралек бара элек алтай алты ай айталбай айта албай
Бир сөз ичиндеги үндүү тыбыштардын алга карай ээрчишип (окшошуп) айтылышы жана жазылышы
Эгерде сөздүн аяккы мууну жоон үндүү болсо, мүчөдөгү үндүү тыбыш да жоон үндүү болот. Мисалы, жылкычы, колхозчу, шаарга, айылдан, тоодо. Эгер сөздүн аяккы мууну ичке үндүү болсо, мүчөдөгү үндүү тыбыш да ичке үндүү болот. Мисалы, мектеп+га=мектепке, эгин+ны=эгинди, сут+нан=сүттөн, темир+чы=темирчи.
Үндүү тыбыштардын түшүп калышы
Экинчи муунунда кууш үндүүлөр (ы, и,у,у) болгон сөздөргө мүчө жалганганда, басымдын орун алмашуусунан уңгунун аяк-кы муунундагы кууш үндүүлөр түшүп калат. Мындай учурда кээ
бир сөздүн аягындагы н тыбышы д тыбышына өтөт. Мисалы, карын +ым=кардым, эрин+ым=эрдим, кийим+ым=киймим, оюн+а=ойно, уйку+ла=укта, сөз+ла=суй
Үнсүз тыбыштар
Айтылганда жолтоолукка учурап, көбүнчө тыбыштын жардамы менен жасалган тыбыштар үнсүз тыбыштар деп аталат. Кыргыз тилиндеги үнсүз тыбыштар – 25. Алар: б, в, г(и), г(ы), д, ж(и), ж(ы), з, й, к(и), к(ы), л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ.
Үнсүз тыбыштардын бөлүнүшү
Кыргыз тилиндеги үнсүз тыбыштар жасалуу ордуна, жасалуу ыгына, үн менен шыбыштын катышуусуна карата үч топко бөлүнөт.
Үнсүз тыбыштардын жасалуу ордуна карай бөлүнүшү
Үнсүз тыбыштар жасалуу ордуна карай төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт.
1. Кош эринчил үнсүздөр
Бул тыбыштар астыңкы эрин үстүңкү эринге тийишкенде жасалат. Алар: б, п,м.
2. Тиш эринчил үнсүздөр
Бул үнсүздөрдү айтканыбызда астыңкы эринибиз үстүңкү тиштерге тийишип айтылат. Булар: ф, в.
3. Уччул үнсүздөр
Уччул үнсүздөрдүн айрымдары тилдин учу тиштерге же таң-дайдын алды жак бөлүгүнө тийишкен учурда жасалса, айрым-дары ушул органдардын бири-бирине тийишип, жакын-дашкан абалында жасалат. Алар: т, д, з, с, ч, ш, ж, н, л, р, ц, щ.
4. Орточул үнсүздөр
Бул тыбыштар тилдин орто болүгү тандайга жакындап, көтөрүлгөн абалында жасалат. Алар: й, к, (ки), г, (ги), ж (журнал ).
5. Түпчүл үнсүздөр
Тилдин түпкү болүгү жумшак таңдайга тийишкенде же жакындап көтөрүлгөндө жасалат. Буларга: қ (кы), ғ (гы), ң, х тыбыштары кирет.
Үнсүз тыбыштардын жасалуу ыгына карай бөлүнүшү
Үнсүз тыбыштар жасалуу ыгына карай жарылма, жылчыкчыл, мурунчул, капталчыл, дирилдеме, бириккен үнсүздөр болуп бөлүнөт.
1. Жарылма үнсүздөр
Бул тыбыштарды айтканыбызда аба бири-бирине кептелип, бириккен органдардын арасын жарып чыгат да, бири-бирине кептелип турган органдар (эрин, тил менен тандай же тил менен тиш-тер) тез ажырап кетет. Алар: б, п, д, т, г (гул), к (көл), к (кол).
2. Жылчыкчыл үнсүздөр
Сүйлөө органдарыбыздын (тил менен тандай же тил менен тиштер) бири-бирине тиер-тийбес болуп жакындашынан өтө кууш жылчыкча түзүлөт. Аба ошол жылчыкча аркылуу сүрүлүп өтүшүнөн жылчыкчыл үнсүздөр жаралат. Буларга: з, с, ж
(жаңы), ж (жюри), ш, й, г, в, ф, х үнсүздөрү кирет.
3. Мурунчул үнсүздөр
Кыргыз тилинде м, н, ң тыбыштары аба мурун көңдөйү аркылуу өткөндө жасалат.
4. Капталчыл үнсүздөр
Капталчыл үнсүздөргө л тыбышы кирет. Бул үнсүздү айтканда, тилдин учу үстүңкү тиштерге такалып, аба тилдин эки капталындагы ачыктар менен өткөндө жасалат.
5. Дирилдеме үнсүздөр
Р тыбышы дирилдеме үнсүз деп аталат, себеби бул үнсүздү айтканыбызда тилдин учу дирилдеген абалда болот.
6. Бириккен үнсүздөр
Бириккен үнсүздөр щ, ц. Бул тыбыштарды айтканыбызда жарылмалар менен жылчыкчылдардын жасалыш белгилери өз ара айкалышып турат.
Үнсүз тыбыштардын үн менен шыбыштын катышына карай бөлүнүшү
Үнсүз тыбыштар үн менен шыбыштын катышына карата уяң үнсүздөр, шуулдама үнсүздөр, каткалаң, жумшак, түгөйлүү жана түгөйсүз үнсүздөр болуп бөлүнөт.
1. Уяң үнсүздөр
Уяң үнсүздөргө: л, м, н, ң, р, й тыбыштары кирет. Бул үнсүздөр шыбышка караганда үндүн көбүрөөк катышып айтылышы менен жасалат.
2. Шуулдама үнсүздөр
Шуулдама үнсүздөр жалаң шыбыш менен же шыбыш менен үн-дүн катышы аркылуу жасалат. Бул өз ара төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт.
3. Каткалаң үнсүздөр
Үн катышпай, жалаң гана шыбыш аркылуу жасалган үнсүздөр каткалаң үнсүздөр деп аталат. Алар: к, п, с, т, ф, х, ц, ч, щ, ш.
4. Жумшак үнсүздөр
Шыбыш менен үндүн кошулушу аркылуу жасалган үнсүздөр жумшак үнсүздөр деп атачат. Аларга: б, в, г, д, ж, з, й, л, м, н, ң, р, л кирет.
5. Түгөйлүү үнсүздөр
Кыргыз тилиндеги түгөйлүү үнсүздөр: б – п, в – ф, д – т, ж – ш, к – г, з – с. Булардын айтылышы бири-бирине жакын болгондуктан түгөйлүү үнсүздөр деп аталат.
6. Түгөйсүз үнсүздөр
Түгөйсүз үнсүздөр: л, м, н, ң, й, р, х, ц, ч, щ.
Ажыратуу (Ъ) жана ичкертүү (Ь) белгилеринин жазылышы
1. Сөз ичинде ажыратуу (ъ) белгиси я, ю, ё, е тамгаларынан мурда гана кездешет жана бул тамгаларды йа, йу, йо, йэ ката-рында ажыратып окуу керек экендигин көрсөтөт. Мисалы, съезд, разъезд, адъютант, субъект, объект.
2. Ичкертүү (ь) белгиси төмөнкү учурда колдонулат:
а) сөз ортосунда жана сөз аягында келгенде өзүнөн мурунку үнсүз тыбышты жумшартат. Мисалы, календарь, автомобиль, табель, асфальт, пальто. б) ал эми я, ю, ё, е жана и тамгаларынан мурдн жазылган учурларда ажыратуу маанисинде колдонулат. Мисалы, пъеса, павильон, судья. Ильич, батальон. .Эгер ичкертүү (ь) белгиси менен аяктаган сөздөргө мүчө уланса, ь белгиси түшүп калат. М и с а л ы, январь -январы; Игорь Игордун, Игорго; июнь – июнга, июндун.
Муун
Сөздөгү бир ыргак менен айтылган бир же бир нече тыбыш муун деп аталат. Сөз бир же бир нече муундан турат. Сөздө канча үндүү болсо, ошончо муун болот. Мисалы, ак нан, эт, сөз, бир, китеп.
Сөздөгү я, ю, е, ё, юу тамгалары жана созулма үндүүлөр бир гана муунду түзөт. Мисалы, бо-ёк. чо-юн, тоо, суу. Муун ачык, жабык жана туюк муун болуп, үчкө бөлүнөт.
Ачык муун
Үндүүлөр менен аяктаган сөздөр ачык муун деп аталат. Мисалы, ба-ла, ки-ши, тоо, э-не, а-та, э-же, кө-чө.
Жабык муун
Сөздүн аягы үнсүздөр менен бүткөн муун жабык муун деп аталат. Мисалы, үн-дүү-лөр, үн-сүз-дөр, ал-ма-нын, эм-гек.
Туюк муун
Сөз үнсүздөр менен башталып, үнсүздөр менен аяктайт. Мисалы, мек-теп, ки-теп, бал-дар, деп-тер, сыз-гыч, бак, те-рек, саз, ко-муз, ме-кен, ба-кыт, кос-мос.
Сөздөрдү муунга ажыратуу
1. Бир муундуу сөздөр муунга ажырабайт. Мисалы, суу, ээн, топ, бар, сөз, тоо.
2. Эки үндүүнүн ортосуна келген бир үнсүз тыбыш экинчи үндүүгө кошулуп, муунга ажырайт. Мисалы, ке-ре-бет, те-мир, то-гуз, ба-ла.
3. Эки үндүүнүн ортосуна эки үнсүз тыбыш келсе, эки жакка бөлүнүп ташылат. Мисалы, пар-та, мек-теп, кур-даш-тар, иш-мер, деп-тер, бал-дар.
4. Эки үндүүнүн ортосуна үч үнсүз тыбыш катар келсе, башкы эки үнсүз биринчи үндүүгө, кийинки үнсүз тыбыш экинчи үндүү-гө кошулуп, муунга ажырайт. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө үч үнсүз катар келсе, муунга бөлүүнүн бул эрежелерине баш ийбейт.
Мисалы, гал-стук, ком-плект, ком-му-нист-тик, пункт-тун.
Ташымал
Сөздөрдү ташымалдоо төмөнкү тартипте болот:
1. Бир муундуу сөздөр ташылбайт. Мисалы, даңк, төрт, өрт, журт, склад, спорт, Кремлъ, кырк, эт.
2. Бир тамгадан турган муундарды жол аягына калтырып же жаңы жолго ташууга болбойт. Мисалы, сы-я, ө-мур, а-раба, а-кын, аа-лам. »
3. Сөздөгү созулма үндүүлөрдү эки бөлүп ташууга болбойт. Мисалы, бу-удай эмес, буу-дай, то-олуу эмес, тоо-луу.
4. Башкы тамгаларынан алынып кыскартылган сөздөрдү та шууга болбойт. Мисалы, КП-СС, СС-СР, РТ-С, ТЭ-Ц, ЦУ-М.
Кыргыз тилинин тарыхы
Кыргыз тилинин тарыхы. «Кыргыз тили» деген жалпы түшүнүктүн мазмунун анын жеке өзүнүн азыркы мезгилдеги грамматика-лексикалык өзгөчөлүктөрү гана түзбөстөн, анын алыскы жана жакынкы тектеш түрк тилдерине бирдей мүнөздөгү өзгөчөлүктөрү түзөт. Анткени тилибиздин пайда болуп жана кылымдар бою өркүндөп жашап келиши да бирдей болбостон, ички жана сырткы таасирлердин натыйжасында өзүнүн негизги грамматикалык белгилерин сактап калуу менен бирге лексика байлыгы улам арбып, грамматикалык айрым бир кубулуштары өзгөрүүгө дуушарланган. Дагы бир белгилөөчү кырдаал — тарых, социология, философия, коом таануу жана тил илимдеринде «урук», «уруу», «эл», «улут» түшүнүктөрү жалпы идеологиялык көз караштын өзгөрүүсү менен ар түрдүү колдонулуп жүргөндүгү байкалат: мисалы, Байыркы Кытай дилбаяндарында (биздин заманга чейинки 2-кылым) «кыргыз эли» — «кыргыз мамлекети» дегенди билдирген. Жалпы кыргыз тилинин тарыхы жөнүндө айтуудан мурда анын «жалпы элдик тил», «жалпы элдик адабий тил» жана «жазма адабий тил» деген терминдер менен аталып айырмалангандыгы тууралуу жана алардын кыргыз тилтаануу илиминде бири-биринен айырмаланып, колдонула башташы, анын себеби тууралуу да айтылганы бар. Бул маселелер алгач 1950—60-жылдары кыргыз тил илиминин теоретиги академик Б. М. Юнусалиев тарабынан козголуп, Кыргызстан боюнча изилденген жана «кыргыз диалектологиясынын негиз салынышына байланыштуу болгон. Тилдин тарыхый өнүгүшүнүн бардык этаптарында анын жазма түрүндө сакталып калбагандыктан, аны башка тектеш тилдер менен салыштыруу аркылуу гана чындыкка жетишүүгө болорун изилдөөлөр тастыктайт: болгондо да тилдин байыркы — «жансыз» деп эсептелген фактыларын тектеш тилдерге мүнөздүү фактылар жана алардагы жандуу көрүнүштөр менен салыштыруу аркылуу гана чындык айкындалат. Кыргыз тили Алтай тобундагы тилдердин (башкача айтканда түрк, моңгол-манжур жана финн-угор) катарына кирери белгилүү.. Ал эми анын өнүгүү тарыхы академик Б. М. Юнусалиевдин пикири боюнча 3 мезгилге: Байыркы, Орто жана Жаңы мезгил деп бөлүнөт. 1. Байыркы (Енисей-моңгол) мезгили 7—12-кылымдарды камтып, кыргыздардын Енисейден батышты көздөй жер которуп, Иртыш дарыясынын аралыгындагы аймактарга (башкача айтканда Минуса ойдуңуна) акырындап жайгашкан убактарды ичине алат да, тилдик белгилердин «д» атоочтордун ортонку муунунан [адак — бут (нога)], этиштерде сөз аягынан [«код» — кой (поставь)] маанисиндеги сөздөр сымал ал кезде ушундай формада болуп, рун жазуусунун түрк тилдеринде адабий форма катары колдонулуп жүргөн мезгилин мүнөздөөчү тилдик белги деп аталат. Ошол учурда мындай көрүнүш азыркы хакас, шор, тыва жана тофалардын байыркы ата-бабаларынын тилдерине да мүнөздүү болгон.
Ал эми анын өнүгүү тарыхы академик Б. М. Юнусалиевдин пикири боюнча 3 мезгилге: Байыркы, Орто жана Жаңы мезгил деп бөлүнөт. 1. Байыркы (Енисей-моңгол) мезгили 7—12-кылымдарды камтып, кыргыздардын Енисейден батышты көздөй жер которуп, Иртыш дарыясынын аралыгындагы аймактарга (башкача айтканда Минуса ойдуңуна) акырындап жайгашкан убактарды ичине алат да, тилдик белгилердин «д» атоочтордун ортонку муунунан [адак — бут (нога)], этиштерде сөз аягынан [«код» — кой (поставь)] маанисиндеги сөздөр сымал ал кезде ушундай формада болуп, рун жазуусунун түрк тилдеринде адабий форма катары колдонулуп жүргөн мезгилин мүнөздөөчү тилдик белги деп аталат. Ошол учурда мындай көрүнүш азыркы хакас, шор, тыва жана тофалардын байыркы ата-бабаларынын тилдерине да мүнөздүү болгон. Ошентип «д»чыл тилдик көрүнүш ошол учурда кандайдыр бир саналган тилдердин ал кездеги диалектилик өзгөчөлүктөрүнөн айырмалуу — бардыгынын жалпы адабий тили катары эсептелген жана «д» тилдүүлүк адабий жазма жалпылыктын белгиси болгон. Ал эми ал мезгилдеги оозеки кыргыз тили үчүн «з»чылдык мүнөздүү болуп, жогорудагы сөздөр «азак» (нога) жана «коз» (положить) түрүндө болгон. Мындай тилдик айырмачылыктын издерин Кытайдын Хэйлунцзян провинциясын мекендеген фуюй кыргыздарында сакталып калышы жогорудагы пикирди дагы бир жолу бекемдейт. Бул көрүнүштүн издери учурда тилибизде кездешүүчү «коз: козго, козут» жана «кой» — поставь; «айак» (орфографиялык «аяк») — нога сыяктуу кубулуштар да күбөлөйт. Жогоруда аталган фуюй кыргыздарынын тилинен келтирилген фактылар байыркы Енисей кыргыздарынын жеке өзүнүн ал замандагы оозеки тилинин издеринин моңгол басырыгынын мезгилинде деле сактала берген тилдик өзгөчөлүгү экендигин күбөлөйт. . Ал эми 9-кылымдын орто ченинде кыргыздар Байыркы Уйгур кагандыгын өзүнө каратып алган мезгилде «з» тилдүүлүк байыркы уйгурлардын «д»чыл тилинин ордуна өздөштүрүлүп, чындыгында тилдик алмашуу болгондугун азыркы учурда Кытайда Тибет бөксө тоолорун мекендеген сарыг=югурлардын тилиндеги тилдик айырмачылыктар далилдеп турат. Ошентип, байыркы кыргыз тили жөнүндө сөз болгондо анын абалы жөнүндө негизинен «з»чыл тилдердин тобуна жатуучу тилдерден (фуюй кыргыздары, сарыг-югурлар, хакастар менен шорлордун тилдери) байкалат. Ошондой эле байыркы кыргыз элдик тилинде созулма үндүүлөр да болгон эмес; эриндүүсү өтө күчтүү келип, жеке эле ичке үндүүлөр гана эмес, кең үндүүлөр да эриндешкен: «тогос» — девять, «козон» — заяц, «тухул» (монг. «тугал») — телёнок (салыштыруу азыркы кыргызча «токол» безрогий); сөз башында жалаң жумшак «б»: «бүзөг» — высокий; «бир» — один; «ж»: «жол» — дорога, «жи» — «же» — кушать.
Бул мезгилге сөз ортосунда жумшак «г» мүнөздүү болгон: «агыр» — тяжёлый; «агыс» — рот; сөздүн аягында деле — ошол тыбыш: «сарыг» — жёлтый; «суг» — вода ж. б. Бул мезгилдин аяк ченинде (11—12-кылымдар) кыргыз тилинин кыпчак тилдери менен аралашуусу башталат. 2. Кыргыз тилинин Орто (Алтай) мезгили 13—14-кылымдарды камтып, бул аралыкта кыргыз урууларынын бир бөлүгү моңголдордун сүргүнүнүн натыйжасында Түштүк Алтайды көздөй көчүп, жергиликтүү Алтай урууларынын тилдеринин таасирине (башкача айтканда өз-ара таасирге) дуушарланып, ал эмес кыпчак тилдеринин таасирине да учурап, кыргыз тили батыш «й»чыл тилге айланат, мисалы, «айак» — нога; «кой» — класть, положить. Бул мезгилде жалпысынан алтай-кыргыз тилдик жалпылыктар менен бирге ар биринин өзүнө гана таандык тилдик өзгөчөлүктөрү да катар жашай бергендиги байкалат. Ушул Орто мезгилдин эң башында кыргыз-алтай уруу аралашмаларынан кыргыздардын чакан бөлүгү түштүктү көздөй жылып, Лобнор көлүнүн жээгине барып жайгашып калып, тилдик жагынан тигилерден айырмалуу, С. Е. Маловдун аныктамасы боюнча байыркы Енисей кыргыздарынын урпактарынан турган бул эл (лоптуктар) тилинде кыргыз тилинин ошол байыркы мезгилиндеги белгилерин сактап калган. Ал тилде негизинен орто кыргыз тилдик айырмачылыктардан башка созулма үндүүлөр жок. Лобнорчодо эриндешүү сакталып, «а, э» үндүүлөрү «у, щ» ичке үндүүлөрүнөн кийин эриндешет. Бул белги алтай тилинде таптакыр жок; кыргызчада сейрек кездешип, лобнор тилин кыргыз тили менен жакындаштырат. Сөз башындагы «й» болсо, уйгур тилинин жеке белгиси болуп, анын байыркы жана азыркы түрүнө да, ошондой эле сарыг-югур тилине да мүнөздүү: «йол» — дорога, «йаз» — весна, «йел» — ветер. Сөз ортосунда — «г»: «агыз» — рот, уста; «агый» — хворать, «таг» — гора. Ал эми бардык кыргыз диалектилерине мүнөздүү «с//з» алмашуулары болсо тилибизди алтайлыктар менен гана эмес, хакас, тыва жана якут (саха) тилдерине окшоштурат: «кыз\\кыс»; «сөз\\сөс» ж. б. тилибиздин байыркы мезгилине тиешелүү болуп, анын жогоруда белгиленген «з» мезгилинен калган раритеттерден. 3. Кыргыз тилинин Жаңы (ТяньШань) мезгили 15—16-кылымдарга туура келип, элибиздин Енисейден Батышка жылып отуруп, Тянь-Шанга көчүп келип, андагы жергиликтүү уруулар менен аралашкан мезгилин камтыйт да, алардын тилдик өзгөчөлүктөрүн өзүнө сиңирип алуунун натыйжасында (мисалы, «чекилдек» жана «чекир саяк» сыяктуу этнонимдер байыркы Енисей мезгилине мүнөздүү «чигил», муну менен семантика түзүлүш жагынан «чийкил» жана «чийкил сары» сын атоочтору сыктуу тектеш сөздөр) азыркы кыргыз жалпы элдик тили өзүнүн бардык диалектилик жана айтымдык белгилери камтылган өзгөчөлүктөрү менен калыптана баштайт.