Кыргыз тилин оюн аркылуу үйрөнүү
Бардыгына белгилүү болгондой, оюн балдардын сабакка болгон кызыгуусун арттырууда пайдаланылуучу негизги курал. Мугалим окуучулардын оюнга болгон кызыгуусун өтүлгөн тилдик материалдарды бышыктоодо пайдаланууга аракет жасайт. Анткени оюндун шартында белгиленгендей тапшырма окуучулардын бири-биринин алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга көмөк көрсөтөт.
Мындан сырткары оюндун жүрүшүндө окуучу эрктүү болууга, уюштуруучулукка, өз кызыкчылыгына көз каранды болбой, көпчүлүктүн оюн урматтай билүүгө, оюндун эрежелерине баш ийүүгө тарбияланат.
Ар бир тамгага жаңы сөз
Мугалим доскага үч-төрт тамгадан турган сөз жазат. Ошол эле убакта оюндун катышуучуларынан, ар бир топтон бирден окуучу чакырылып, доскага жазылган сөздүн ар тамгасынын баш тамгасына окшош төрт сөз жазып чыгат. Мисалы:
К А Ш кашык ата шар кап алма шор китеп алтын шорпо килем ачкыч шайыр
Мурун жазып бүткөн оюнчу жеңишке ээ болот. Сөздөрдүн санын макулдашып, көбөйтсө боло берет.
Оюнга керектелүүчү сөздөрдун үлгүлөрү: КӨЗ, ЖАР, ЖОК, КЫШ, СУУК ж.б.
Сөздүн жоголгон аягын тап
Мугалим доскага баракка сөз жазат да, аны эки бөлүп, сөздун биринчи гана бөлүгүн окуучуларга көрсөтөт. Анын кийинки бөлүгүн табуу тапшырмага берилет. Окуучулар бардык сөздү толуктап жазып бүткөндөн кийин, мугалим сөзду толугу менен окуйт. Окуучулар жазган сөздөрүн ага салыштырып окуп чыгат. Туура тапкан окуучу жеңишке жетет. Мисалы:
КЫ... кыш, кылык, кымыз, кыз, кыйын, кыйшык, кыңыр, кыйгач ж.б.
КО... кол, кой, короо, комуз, коңгуроо ж.б.
БА... бала, баштык, балык, бака, балчык, балмуздак ж.б.
КА... карек, кара, кайчы, капчык, каткырык, капчыгай ж.б.
Түшүп калган тамганы тап
Класс эки же үч топко бөлүнөт. Доскага тамгалары т үшүрүлгөн сөздөр катары менен жазылат. Ар бир топтон чыккан балдар кезек менен калтырылган тамгаларды толукташат. Кайсы топ тез жана катасыз аткарса, ошол топ жеңет.
Мисалы: Ар...а, көг...чкөн, кар...я, жаңы...ык,
Ку...ура, кара...гы, жара...а, ку...унчак ж.б.
Сөздүн башын ким толуктайт
Мугалим доскага баш тамгасы түшүрүлгөн эки катар сөз жазат. Окуучулар түшүп калган тамганы табуу керек. Оюнга эки топ катышып, оюнчулар кезек менен доскага чыгып, калтырылган тамганы толукташат. Эгерде биринчи окуучу туура эмес тапса, кийинки окуучу оңдоп, өзүнөн кийинки окуучуга кезек берет. Тапшырманы биринчи аткарган топ ийгиликтин ээси болот.
Мисалы: ...оен ...акыт
... оюн ...арык
...ороон ...ерек
...аян ...агызган
...угу ...орпо
Ким мурун жазып бүтөт?
Класс үч-төрт топко бөлүнот. Ар бир топ үчун доскага сөздөрдүн катары жазылат. Тапшырма: Доскада жазылган ар бир муунга экинчи бир муунду улап сөз жасагыла. Мисалы:
Ка...(мыр) са...(мын) кө...(мүр
Бы...(чак) жак...(шы) ко...(ен)
Рах...(мат) жар...(дам) ба...(лык)
Та...(ка) шаш...(ма) ка...(па)
Таш...(так) да...(рак) шор...(по)
Катасыз жазып бүткөн топ жеңишке жетет.
Чачылган тамгалардан сөз кура
Мугалим баракка баш тамгалар менен сөз жазат да, аны кыркып столдун үстүнө аралаштырып чачып коет. Ал окуучуларга: "Балдар, менин колумда баракка жазылган сөз эле, бирок ал чачылып кетти. Келгиле, топтогонго жардам бергиле" -дейт. Чачылган сөздү ким мурда тапса, ага упай берип, оюнду уланта беришет. Кийинки оюнчу дагы баш тамгалар менен баракка жазылган сөзду кыркып, столдун үстүнө чачып коет. Оюн ушундай тартипте улана берет. Мисалы:
а) Н5 С2 б) Н3 С5
М3 М1
А4 А1 А4 А2
Үлгү сөздөр: мектеп, китеп, жарык, заман, арча, чака, чөмүч, кесе ж.б.
Кезек күткөн тамгалар
Бул оюндун шарты боюнча класс эки топко бөлүнөт. Мугалим кайсы тамганы сунуш кылса, оюнчулар ошол тамга менен башталган сөздөрдү табат. Мисалы "А" тамгасын сунуштаса: апа, ата, ага, алма, ай, ак, алча, анделек, арык, акыл, ачкыч, анар, ат ж.б.
Топтогу окуучулар кезеги менен карточкага жазылган өздөрүнун сөздөрун бири-бирине берип оюн уланат. Сөздөрдун кайталанышына жол берилбейт. Ыңгайына жараша мугалим жаңы тамгаларды сунуштап турат. Көп сөз чогулткан топ утуп чыгат.
Сөздөрдөн тепкич жасайбыз
Окуучуларга тапшырма берилет: ар бир кийинки сөздүн тамгасы мурунку сөздөн бир тамгага көп болушу керек. Муну менен окуучулар сөздөрдөн тепкич жасашат. Мисалы:
бор бак
стол алча
китеп терек
окуучу чалкан
баракча алмурут
лампочка ж.б.
Бул тапшырмаларды аткаруу үчүн 5-7 мүнөт убакыт берилет. Мурун жазып бүткөн окуучу жеңишке жетет.
Кийинки сөздү ким кошот
Мугалим доскага кыска түзүлүштөгү (жалаң) сүйлөм жазат. Ар бир окуучу ага бирден сөз кошумчалап, сүйлөмдүн түзүлүшүн кеңейтип отурат. Мугалим: Айша жөнөдү.
1-окуучу: Айша мектепке жөнөдү.
2-окуучу: Айша үйүнөн мектепке жөнөдү.
3-окуучу: Айша үйүнөн чыгып, мектепке жөнөдү.
4-окуучу: Айша эртелеп үйүнөн чыгып, мектепке жөнөдү.
5-окуучу: Кичинекей Айша эртелеп үйүнөн чыгып, мектепке жөнөдү.
6-окуучу: Кичинекей Айша эртелеп үйүнөн чыгып, мектепке шашып жөнөдү.
Акыркы сүйлөмдү мазмундук-грамматикалык жактан адашпай түзгөн окуучу жеңишке жетет. Мугалим кайрадан жаңы жөнөкөй сүйлөмдү жазып, оюнду улантат.