СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыздардын легендарлуу атасы

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыздардын легендарлуу атасы»

2.1.4.1. Кыргыздардын легендарлуу атасы – Кыргыз эпоними

Жогоруда берилген тарыхый түрк тилдериндеги жана кытай, араб, фарс өңдүү чет тилдердеги тарыхый булактарда, тексттерде учураган кыргыз энчилүү атынын биринчи мааниси – бул өзүнөн тараган элге ысымын берген эпонимдик маани. Тагыраак айтканда, бир элдин атасы болгон түп атанын, эпонимдин ысымы. Белгилүү болгондой, эпоним – бул анын ысымынан башка энчилүү аттар: жер-суу аталыштары, уруу, эл аттары жасалган легендарлуу адам. Мына ушул өңүттөн алып караганда, Кыргыз энчилүү аты үч тарыхый булакта эпоним катары орун алган.

Тиешелүү бөлүмдө белгиленгендей, “Чжоу Шу (Чжоу династиясынын тарыхы)” (б.з. 636-ж) аттуу кытайча булакта түрк элдеринин келип чыгышы тууралуу “мамлекеттик аңыз санжыра” орун алган. Бул аңыз санжырада кыргыздар бөрүдөн туулган Ичжини-нишыдунун төрт уулунун бири катары сыпатталып, кийин түрк элдерине атын берген Түрктүн иниси катары белгиленген. Ошону менен бирге Абакан жана Кем (Энесай) дарыяларынын ортосундагы аймакта мамлекет катары бийлик өкүмүн сүрдүргөнү баяндалган:

Түрктөрдүн аталары Сак өлкөсүнөн чыгышкан жана гунндардын түндүгүндө жайгашышкан. Уруу бийинин аты Абангбу, он жети бир туугандын улуусу. Бир туугандардын биринин аты Йижи Нишиду болуп, бөрүдөн туулган. Абангбу бираз макоорок болгон үчүн мамлекети кийин кулап калган. Нишиду алардан айырмаланып, өзгөчө касиеттерге ээ болуп, шамал чакырып, жамгыр жаадыра алган. Айтуулар боюнча эки аялга үйлөнүп, алардын бири Жай кудайынын, экинчиси Кыш кудайынын кызы болгон. Аялдарынын биринин боюна бүтүп, төрт уул төрөйт. Булардын бири ак кууга айланып кетет. Бирөөнүн Абакан (Afushui 阿輔水) жана Кем (Энесай. авт.) (Jianshui 劍水) дарыяларынын ортосунда өлкөсү болот, аты Кыргыз (Qigu 契骨) болот (Erkoç, 2018: 60-61) .

Күбө болгонубуздай, бул текстте Кыргыз энчилүү аты Йижи Нишиду аттуу кишинин төрт уулунун бирисинин аты. Тагыраак айтканда, антропоним. Ошону менен бирге анын Абакан жана Кем дарыяларынын ортосунда бийлик өкүм сүргөнү, өлкөсү болгону, башкача айтканда, андан анын ысымын алган эл жаралганы баяндалган.

Экинчиси – ас-Суфи ад-Димашкинин “Нухбатуд-дахр фи ажаиб аль-барри уаль-бахр” (XIII к.) аттуу арапча эмгегиндеги инсандын ысымы. Жогоруда сөз болгондой, ошол мезгилдеги Евразия жана Африка тууралуу географиялык жана этнографиялык маалыматтарды камтыган бул эмгекте Кыргыз энчилүү аты этноним жана топонимден башка антропоним катары да колдонулган:

Түрк болсо Яфас уулу Субад, анын уулу Абурдун уулу. Бул пикирди көпчүлүк санжырачылар айтышат. Бирок кээ бир санжырачылар Түрктү Афридон уулу Тучтун уулу дешет. Бул ката, анткени Афридон Түрктүн заманында бийлик кылган жана бул маалымат перстердин тарыхында бар. Ал эми башкалар, Халил Ибрахим алейхи саламдын Кантура деген аялынан сегиз уулдуу болгон дешет. Ал аялдын атасы Мантур арабдардын Аариба деген уруусунан болот. Ушул боюнча хадисте кабар бар. Алар түрк деп чечмеленип, Кантура Халил Ибрахим алейхи саламга сегиз уул төрөйт. Анын үчөөсү Мавереннахрды байырлап калышкан. Алар: Түрк, Согд жана Хырхыз. Эгер бул санжырага таянсак, анда алар Самдын балдары болуп калышат. Түрк элдери жүрөктөрү таш боор, адеп-ахлаксыз келишип алардын шаар-калааларда тургандары, ошондой эле мезгил-мезгили менен тоо-талааларда жайыт издеп чөптүн артынан жылкы, уй, койлору менен жүргөндөрү да бар. Алардын үйлөрү жүндөн чатырлар болуп, аңчылыктан башка иши жок болушат. Жапайы жандыкты жана учуп жүргөндүн баарын жешет. Алардын дини жана диний окуусу жок, бирок падышалары койгон айкелдерге кайрылышат. Алардын төмөндөгүдөй уруулары бар: Харлухия, Хырхызия, Кимакия, Гуззия, Бажанакия, Тугузгузия, Халжия, жана Гурия. “Нузхатуль-муштаaк” китебинин ээси аларга төмөнкүлөрдү кошкон: Кумания, Туркишия, Азкишия. Ал эми Андалустун ээси аларга Хазар, Булгар жана Буртас урууларын кошуп санаган (Турсунбеков, 2015: 96).

Түрк элдеринин келип чыгышы сүрөттөлгөн бул санжыра түрүндөгү текстте Кыргыз (Хырхыз) энчилүү аты Халил Ибрахим алейхи саламдын сегиз уулунун биринин ысымы катары орун алган. Бул текстте Халил Ибрахим алейхи саламдын уулу Кыргыз (Хырхыз) Түрк жана Согд аттуу бир туугандары менен биргеликте Мавереннахрда, Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын ортосунда жашап калганы баяндалган. Ошону менен бирге түрк элдеринин бири катары кыргыздар көрсөтүлгөн. Демек бул эмгекте да Кыргыз энчилүү аты Халил Ибрахим алейхи саламдын уулунун жана андан тараган элдин аты катары эпонимдик мааниде колдонулган.

Кыргыз эпоними учураган үчүнчү булак – бул Абулгази Бахадыр Хандын “Шежере-и түрк” (1663-1665-жж.) аттуу чагатай түрк тилинде жазылган трактаты. Аталган эмгекте Кыргыз энчилүү аты Огуз хандын небересинин ысымы жана андан тараган элдин, бул эл жашаган өлкөнүн аты катары орун алган:

Огуз ханның Кыргыз атлы бир небиреси бар эрди, аның несли турурлар. Амма бу вактда Кыргыз неслиндин киши аз турур (Ölmez, 2021: 61-62).

Кыргыз жана кемкемжут эли тууралуу

Огуз хандын Кыргыз аттуу бир небереси бар эле, (бул эл) анын тукуму. Бирок азыркы тапта Кыргыз тукумунан адамдар аз.

Жогоруда да айтылгандай, Огуз хан – бул окумуштуулар тарабынан сактардын падышасы Алп Эр Тонга, гунндардын шанүйү Мотун, Карахан мамлекетинин өкүмдары Сатук Бугра Хан сыяктуу тарыхый инсандар менен байланыштырылган жана санжыраларда, эпостордо түрктөрдүн легендарлуу атасы катары эсептелген адам (Pala, 2015: 133-135). Анын небереси катары эскерилген Кыргыз да өзүнөн тараган элге ысымын берген эпоним.

Күбө болгонубуздай тарыхый үч текстте Кыргыз энчилүү аты кыргыздардын легендарлуу атасынын ысымы, эпоним катары орун алган. Ошону менен бирге бул эпонимдердин дээрлик бардыгы жалпы түрк элдерине байланыштуу. Алсак, “Чжоу Шу (Чжоу династиясынын тарыхы)” (б.з. 636-ж) менен “Нухбатуд-дахр фи ажаиб аль-барри уаль-бахрда” (XIII к.) Кыргыз башка түрк элдеринин жалпы легендарлуу атасы Түрк менен бир тууган болсо, Шежере-и түрктө” (1663-1665-жж.) түрктөрдүн жалпы атасы Огуз хандын небереси. Демек тарыхый санжыра сыяктуу бул текстердеги Кыргыз эпоними кыргыздар башка түрк элдери менен бир тууган болуп, бир атадан тараган элдер экендигин чагылдырып турат.

Белгилей кетчү нерсе, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында учураган Кыргыз-Ата топонимдери мына ушул эпонимдик мааниден келип чыккан энчилүү аттар.