СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Махмуд Кашгари " Түрк тилдеринин жыйнагы " эмгек

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Махмуд Кашгари " Түрк тилдеринин жыйнагы " эмгек»

Махмуд Кашгари: “Дивану лугатит-түрк” (Түрк тилдеринин жыйнагы)



Махмуд Кашгари XI кылымда Теңир тоолук түрк элдеринен чыккан улуу аалым. Ал 1072-1074-жылдар аралыгында «Дивану лугатит-түрк» сөздүгүн жазып калтырган. Аталган мурас-чыныгы түрк энциклопедиясы бир катар илимдер айдыңынан изилденип келгени менен, Махмуд Кашгаринин туулуп өскөн Барскоон айылында ага арналган тарыхый мурас жок.



Өткөн аптада Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде ТҮРКСОЙ эларалык уюмунун демилгеси менен “Махмуд Кашкари Барскоонинин дүйнөлүк илимдеги орду” аттуу эл аралык илимий-конференция болуп өттү. Адатта илимий иш-чаранын этегинде жалпы катышуучулар менен болгон жыйында орток резолюция кабыл алып таркап кетишет. Бирок бул иш-чаранын өзгөчөлүгү ТҮРКСОЙдун демилгеси менен практикалык жагын да көрсөтө алды.



Өз кезегинде ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев аталган иш-чара алкагында төмөнкү сунуштарга токтолду:



1. Бардык илимий эмгектерде, жыйындарда, макалаларда расмий түрдө Махмуд Кашкаринин аты толук “Махмуд Кашкари БАРСКООНИ ( Барскоондук, б.а. анын туулуп-өскөн жерине урмат катары) деп жазылсын деген сунуш көтөрүлдү.

2. Ысык-Көлдүн түштүк жолуна (Барскоон тушунда) Махмуд Кашкари Барскоонинин стелласын, “Барскоон -дүйнөнүн Борбору” картасын орнотуу ( узундугу 6 метр, туурасы 4 метр болжолунда). Бул багытта жергиликтүү бийликтерден долбоорду түзүү ишин өтүндүк. Долбоорду аткаруу иштерин Түрк дүйнөсүнүн шаарлар биримдиги жана ТҮРКСОЙ колуна алат.)

3. Барскоон айылында Махмуд Кашкари Барскоонинин музейин куруу иши демилгеленди.

4. 2024-жыл - Махмуд Кашкари Барскоонин ЮНЕСКО белгилеген жыл алкагында чон симпозиум өткөрүү.

5. Махмуд Кашкари Барскоонин бирдиктүү, бекитилген сүрөтүн пайдалануу ( ар кайсы булактарда ар кандай сүрөттөр пайдаланып жүрөт. Махмуд Кашкари Барскоонин сүрөтүнүн үлгүсүн белгиялык кыргыз сүрөтчү Ибрагим Бакиров жаратты)

Бул сунуштарды атактуу жердешибизге улуу сый-урмат деп билебиз. Ошону менен бир катарда Барскоондук улуу инсандын туулган жерин көрүүгө кызыккан дүйнө жүзүндө элдер көп, ал бир чети туризмди өнүктүрүүгө жол ачат.



Ал ортодо ЮНЕСКО 2024-жылды байыркы түрк филологиясынын асыл бермети, “Дивани лугатит-түрктүн” 950 жылдыгы” деп жарыялап салды.



ТҮРКСОЙ уюмуна жана анын башкы катчысы Султан Раевге терең ыраазычылык билдиребиз. Албетте буга удаа Түрк дуйносу муниципалитеттер Биримдигинин бакшы мүдүрү Фахри Солак мырзага да алкыш айтабыз. ТҮРКСОЙ уюмунун ѳкүлү Канат Мамбеталиевге да өзгөчө ыраазычылык билдирип кетебиз.



P.S. Түркиядан 1000 алтын алгыңыз келеби? Анда буга кулак салыңыз.

Евразия Жазуучулар Уюму түрк тилдеринин биринчи грамматикасы катары бааланган Махмуд Кашгаринин жоголгон "Kitabu Cevahirü'n Nahv Fi Lugati't Turk" деп аталган чыгармасын тапкан кишиге 1000 Жумурият алтыны менен сыйлайт.