Практикалык сабак №2
Сабактын темасы: Каржы математикасы. Процентке маселелер.
Татаал процент
Сабакта аткарылуучу тапшырмалар:
1. Киреше, чыгашаны эсептөө
2. Процент
3. Күнүмдүк турмушта керектүү маселелерди чыгаруу
Процент – бул ондук бөлүк экенине жакшылап көӊүл буруу керек. Ошондуктан, 25%=0,25 деп жазуу туура. Эгерде сандын бир проценти – бул сандын жүздөн бир бөлүгү экендигин жакшылап түшүнүп алсак, анда сандын процентин табууда кыйынчылыктар болбойт. Проценттин үстүнөн катасыз иштегенди үйрөнүшү үчүн, курчап турган чөйрөнүн мисалдарынан көбүрөөк практикалообуз жакшы. Бул пайдалуу да, кызыктуу да болот. Жогоруда айтылгандай, географиялык мисалдарды кароого болот. Аларды ар кандай маалымат берүүчү китептерден, энциклопедиялардан кездештирүүгө болот. Ушу сыяктуу эле, биологиядагы, химиядагы маалыматтарды да колдонсо болот.
Киреше, чыгашаны эсептөө: Азыркы окуу китептерде акча, киреше, чыгаша ж. б. жөнүндө айтылуучу маселелер жокко эсе. Буга авторлор акчанын өзгөрбөгөн жаратылышын себеп кылышса керек. Бирок жашоо көрсөткөндөй, акчаны туура бөлүштүрүү – бул илим. Бара-бара биздин өлкө да өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кириши керек. Кыргызстандын жарандарында, жогорку өндүрүмдүү эмгекке жана толук эс алууга бардык шарттары болушу зарыл. Бул, экономика жана бизнес илимий экономиканын закондоруна туура келип өнүксө гана, мүмкүн болот. Тилекке каршы, көбүнчө бизнесте акылга сыйбаган чечимдер кабыл алынган мисалдар өтө көп. Балким, Кыргызстандагы «Белорусь» маркасындагы тракторлордун тетиктерин Кыргызстандан чогултуу планы көбүнүн эсиндедир. Жада калса элементардык эсептөөлөр дагы, мындай бизнес киреше алып келбесин түшүнүшү керек. Белорусиядан бөлүктөрүн алып келүү кымбатка турат, ал эми куралып бүткөндөн кийин, бул тракторлорго жетиштүү сатып алуучуларды кайдан табабыз деген башкы суроо туулат. Мисал катары айтсак, көп сатып алуучулары бар, Казакстанда, совет учурунан бери иштеген, Павлодар трактор заводу базар экономикасын көтөрө алган жок.
Биз бизнестин анализин кантип жүргүзүүнү, киреше жана чыгаша зоналарын
аныктоону үйрөнөбүз. Бул билим бизге ашыктык кылбайт деп ойлойбуз.
Маселе: Марина жылуулукка кетирген чыгымды, терезелерди кышкыга карата жылуулоо, 15%ке азайтаарын аныктады. Эгерде жылуулабагандагы кете турган чыгым
a) 4250 сом; b) 5408 сом 8 тыйын болсо, анда канча сом үнөмдөлүшү мүмкүн?
Чыгарылышы: Бир процент сандын жүздөн бир бөлүгүн билдирерин эстейли. Ошондуктан, маселени чыгарыш үчүн берилген сандын жүздөн 15 бөлүгүн эсептөө, башкача айтканда берилген санды 0,15ке көбөйтүү керек. Демек: a) 0,15 · 4250 = 637,5 сом; b) 0,15 · (5408 сом 8 тыйын)=0,15 · 5408,08 = 811, 212 сом. Эсептөө процессин s = 0,15C формуласы менен жалпыласак болот, мында, s тамгасы менен үнөмдөө чоӊдугу белгиленген, C менен – жылуулабагандагы кете турган чыгым белгиленген
№1. 1 тонна кумда 12 гр алтын болсо, анда кумдун канча процентин алтын түзөт?
№2. 3,2 сааттык интернет байланышы үчүн 115,2 сом төлөшсө, 1,5 сааттык интернет байланышы үчүн канча сом төлөө керек ?
№3. 21 кг пахта чигитинен 5,1 кг өсүмдүк майы чыкса, анда 7 кг чигиттен канча килограмм май алынат ?
№4. Мектеп куруу үчүн дөңсөө жерди тегиздөөгө 5 бульдозер 210 минута коротсо, 7 бульдозер канча убакыт коротот ?
№5. Эгерде а)
санынын 320 нын 2,5% ин түзсө; б)
санынын 2,5% и 75 болсо; в) 84 түн
и 2,8 болсо; г)
саны 35 тин 140% и
санын тапкыла.
№6. Ишканада 1987-жылы продукция 4% ке, андан кийинки жылы 8% ке өскөн. Продукциянын эки жылдык орточо өсүшүн тапкыла.
№7. Класста 35 окуучу окуп, алардын ичинде 15 кыз болсо, окуучулардын канча процентин кыздар түзөт ?
№8. Казылып алынган темир рудасында 7 бөлүгү таза темир, ал эми 3 бөлүгү ар кандай
кошулмалар болгону белгилүү. 73,5 тонна таза темир кармаган руданын канча тоннасы
ар кандай кошулмалар болушу мүмкүн ?
№9. Өздөштүрүлгөн талаага гилас менен шабдаалы көчөттөрүн тигишкен. Эгерде 4 гилас көчөтүнө 1 шабдаалы көчөт туура келгендей тигилсе, анда бардык тигилген көчөттөрүн канча проценти гилас көчөттөр болушат? Эгерде 480 гилас көчөттөрү тигилгени белгилүү болсо, анда бардыгы болуп канча көчөттөр тигилген?
№10. 240 грамм суу куюлган идишке, 10 гр туз кошулгандан кийин келип чыккан аралашмада канча процент туз болорун аныктагыла. Эгерде 3 күн өткөндөн кийин 50 грамм суу бууланып кетсе, анда аралашмада канча процент туз катышкан болот ?
№11. Берилген төрт сандын үчөө 5,3,20 сандарына пропорционалдуу, ал эми төртүнчүсү үчүнчүсүнөн 15% ин түзөт. Эгерде экинчи сан калгандарынын суммасынан 375 ке кем болсо, анда ал сандарды тапкыла.
Үйгө тапшырма:
№12. Күз, кыш мезгилдеринде жашылчанын баасы 25% ке жогорулады. Жашылча жайында өз баасында болсун үчүн жазында анын баасын канча процентке төмөндөтүү керек.
№13. Акай алма багынан 12 центнер алма жыйнаган, ал эми Абректин алма багынан 4,8 тонна алма жыйналган. Акайдын алма багынан алынган түшүм менен Абректин түшүмүн катышын тапкыла.