Просмотр содержимого документа
«Мекен таануу. "Витаминдер"»
Мекен таануу сабагы
Сабактын темасы:Витаминдер
Сабактын максаты: а)Билим берүүчүлүк максаты: Окуучуларды витаминдер,алардын түрлөрү,организм үчүн кандай мааниси бар экендигин түшүндүрүү.
б)Өнүктүрүүчүлүк максаты: Ой-жүгүртүүсүн,сүйлөө кебин,таанып билүүсүн өстүрүү.
в)Тарбия берүүчүлүк максаты: Алган билимдерин турмушта колдоно билүүгө үйрөтүү.
Сабактын жабдылышы:окуу китеби ,плакаттар, карточкалар,жер-жемиштер,скотч,слайд.
Сабактын методу:Интерактивдүү усулдар.
Сабактын жүрүшү:1.Уюштуруу:Окуучуларды жоктоо,кайсы мезгил экенин суроо,жагымдуу маанай түзүү,топко бөлүү. 2.Үй тапшырма суроо: Үй тапшырмага окуп түшүнүк айтып берүү.
3.Жаңы тема:Анда эмесе, балдар биз бүгүнкү жаңы темабызды ачып алалы,темабыз жашырылып турат, аны ачыш үчүн табышмактарды табыш керек.
1.Учуп журөт асманда Озунүн жок канаты Тегеренет парасы Терең ойлоп карачы Чечүүгө жообун жарачы.(Вертолет) 2.Денеси темир учу жип Мурду болот,куйругу зыгыр.(Ийне) 3.Секирет чапсаң, шамалдай чапчаң Тил албайт такыр бул эмне тапсаң. (Топ) 4.Кээде укмуш жарымы жок, Кээде такыр дайыны жок. Кээде кескен дарбыздай, Кээде ороктой, сабы жок. (АЙ) 5. Басып койсоң ачуу чыккан үнү бар, Алып жүрөт эр-азамат жаңына. (Мылтык) 6. Жайлы жайлай ырдады, Кышында кылчылдап үшүдү.(Ийнелик) 7. Мунсуз дасторкондо береке болбойт(Нан) 8. Асты таш үстү таш, Ортосунда бышкан аш.(Данек) 9.Е башталган жаныбар бар Аны тапкан азамат (Енот) 10. Ыр ырдап күү чертет Нечен түрдүү обон салат Ар кимдер өз үйүнө Жаңылыктан кабар алат(Радио)
Биздин темабыз ачылды. ВИТАМИНДЕР. Теманы тушундуруу. Байыркы убакта моряктар сүзүүгө чыгышат экен. Бирок ден соолуктары мыкты,чың экенине карабай алдары кетип ооруй башташат. Тиштеринин туптөру канап, түшө баштайт. Бул ооруну изилдешсе Цинга оорусу экен. Ошентип аларга ар түрдүү жашылчаларды (көк пияз,капуста,сабиз ж.б)бере башташат ,аларды жеген моряктар акырындап айыгып башташат. Көрсө алардын мурдагы жеген тамактарында бир белгисиз зат жок болуп чыгат, ал белгисиз затты окумуштуулар витаминдер деп аташкан. Ошондон баштап адамдар жашылча-жемиштерде пайдалуу витаминдер бар экенин билип калышкан. Алардан ар түрдүү тамактарды жасап жей башташкан. Ошондой эле ар түрдүү салаттарды да ойлоп таап башташкан. Темага байланышкан слайд корсотулот. Слайддан кийин окуучулар ырларын айтышат. Ибрахим : Йод бар кошулмасында Көк алма темир булагы Пайдалуу жагы бар экен Тамшанып биз жеп туралы.
Албетте азыр күз мезгили, күз мезгилинде кайсы жер-жемиштер быша