ТЕМА. МЕКТЕП ОКУТУУСУНДА ГЕНДЕРДИК-СЕЗИМТАЛДЫК МАМИЛЕ
3.1. тапшырма. Окуучу кыздардын жана эркек балдардын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүчү тегерекчелер менен диаграмманы толтуруңуз. Кесилиште эки жыныска тең таандык өзгөчөлүктөрдү белгилеңиз.
О
куучу кыздардын өзгөчөлүктөрү: Кыздардын баары – назик ,кыз эне болот,жыныстык жетилүүсү 12-14 жашта башталат.эмоцияларды козгогон активдүүлүк кырдалында жалпы активдүүлүк кескин жогорулайт.
Эркек балдардын өзгөчөлүктөрү: эркек балдар күчтүү,эркек ата болот, жыныстык жетилүүсү 13-15 жашта башталат,көбүрөөк толкундануучу,кыжырдануучу ,чыдамсыз токтоо ,агрессивдүү болушат, эмоционалдык факторго кыска, бирок жандуу реакция жасашат.
эркек балдар күчтүү, эркек ата болот, жыныстык жетилүүсү 13-15 жашта башталат,көбүрөөк толкундануучу, кыжырдануучу ,чыдамсыз токтоо , агрессивдүү болушат, эмоционалдык факторго кыска, бирок жандуу реакция жасашат.
Эки жыныска тең таандык өзгөчөлүктөр: бирдей укук жана мүмкүнчүлүктөргө ээ, бирдей эркиндиктерге ээ.
Кыздардын баары – назик, кыз эне болот,жыныстык жетилүүсү 12-14 жаштан башталат. Эмоцияларды козгогон активдүүлүк кырдалында жалпы активдүүлүк кескин жогорулайт.
3.2. тапшырма. Таблицада сиздин практикаңызда бар нерселерди белгилеңиз. Сиз кайсы ыкманы көбүрөөк колдоносуз?
3.1. Таблицасы Билим берүүдөгү гендердик жана жыныс-ролдук мамилелердин мүнөздөмөлөрү
Гендердик мамиле (инновациялык) | Жыныс ролдук мамиле (салттуу) |
1. Гендердик стереотиптерди жумшартууга багыт берүү. 2. Класста жана класстан тышкаркы иш-чараларда эркектер менен аялдардын «табигый тагдырын» карама-каршы коюу боюнча педагогикалык байланыштын жоктугу. 4. Эркек балдарды жана кыздарды өз кызыкчылыктарына жана инсандыгына туура келген иш-аракеттерге үндөө. 5. Конкреттүү кырдаалга баа берүүнүн негизинде кыздардын жана эркек балдардын жүрүм-турумун кубаттоо. 6. Окуу жана тарбиялоо процессинде эркек балдар менен кыздардын өнөктөштүгүн колдоо. 7. «Милдет» деген риториканы «укук жана тандоо» деген түшүнүктөргө алмаштыруу. | 1. Жыныс ортосундагы айырмачылыктарды баса белгилөө (акцент жасоо). 2. Эркектер менен аялдардын “өзгөчө бешенесине” багыт берүү. 4. «Бир жыныска таандык» иш-аракеттерди кубаттоо жана өзгөчө жүрүм-турумду айыптоо. 5. Жынысы боюнча жүрүм-турумдун түрлөрүн тандоо. 6. Катуу калыптанган жүрүм-турум стереотиптеринин бар болуусу. 7. Гендердик стереотиптерден четтөөлөрдү айыптоо. |
ГЕНДЕРДИК-СЕЗИМТАЛДЫК САБАКТАРДЫ УЮШТУРУУ
Бөлүнгөн талдоо предметтерине карата гендердик-сезимталдык көрсөткүчтөр деп төмөнкүлөрдү эсептесе болот:
3.3. тапшырма. Сабак планына талдоо жүргүзүңүз. Таблицаны толтуруңуз.
3.2. Таблицасы. Сабак планын талдоо
Гендердик аспектилерди эске алган кайсы окутуу методикасын колдоносуз? | жынысына карабастан билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын укук жана эркиндиктерин бирдей камсыз кылуу менен чектелбестен ,балдар менен кыздардын өзгөчөлүктөрүн эске алам. |
Кыздар менен эркек балдардын сабакка бирдей катышуусун камсыз кылуу үчүн кандай ыкмаларды жана методдорду колдоносуз? | Сабактын башталышында кыздар балдарга ,балдар кыздарга комплемент айттырам. Аларга бирдей тапшырма берем, тапшырмаларды текшергенде бирдей мамиле жасайм. |
Кандай ыкмалар жана методдор окуучулардын сабакты түшүнгөндүгүн аныктоого мүмкүндүк берет. Конкреттүү мисалдарды келтириңиз. | Предметти окууга кыздар менен эркек балдардын бирдей активдүү катышуусуна дем берем , суроо-жоопто аларды бирдей катыштырам, эркек баланын жообуна кыздардан толуктоону суранам,же тескерисинче. Кыздар да, балдар да өз ойлорун айтышса, талкуу кызыктуураак болот. |
Сиз класста окуучуларды кандай ыкма менен баалайсыз? | Кыз бала жана эркек балага алардын психологиясын эске алып ,мотивациялап баалайм. |
Жумушуңузда эмнени оптималдаштыруу зарыл? Гендердик нейтралдуу тилди колдонуу, окуучуларды стимулдаштирууну оптималдаштыруу зарыл деп ойлойм. |
БАЛДАР МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮДӨ ГЕНДЕРДИК-СЕЗИМТАЛДЫК ТИЛДИ КОЛДОНУУ
3.4. Таблицасы. Гендердик бейкалыс жана гендердик-сезимталдык тилди колдонуунун мисалдары
Гендердик-сезимталдык тилди колдонуу | Гендердик бейкалыс тилди колдонуунун мисалдары | Гендердик-сезимталдык тилди колдонуунун мисалдары |
Экөөнү тең колдонгула кыздар, балдар кыздыкы - эркектики | Ар ким өз оюн бөлүшкөндө, талкуу кызыктуураак болот. | Кыздар да, балдар да өз ойлорун айтышса, талкуу кызыктуураак болот. |
Жекеликтин ордуна көптүк санды колдонуу | Окууга үзгүлтүксүз даярданган окуучу ийгиликке жетет. | Окууга үзгүлтүксүз даярданган окуучулар ийгиликке жетишет. |
Окуучуларга пассивдүү формада кайрылыңыз | Ар бир окуучу дептерлерин толтурушу керек. | Бардык дептер туура форматта таризделиши абзел |
Гендердик көз карашты сунуштаган же гендердик стереотиптерди бекемдеген сөздөрдөн алыс болуңуз | Аялдыкы (аялдыкы эмес), эркектики, (эркектики эмес) жумуш (иш); Аялдын логикасы; Эркекче кылуу; Эркек болбойсунбу; Эркектер көз жаш чыгарбайт; Күчтүү (алсыз, сулуу) жан | Сен эрежелерди бузуп жатасын Кызыктуу (кыйын, атайын көндүмдөрдү талап кылган ж.б.) жумуш Жеке ой Адептүүлүктү (токтоолукту, кайраттуулукту ж.б.) көрсөтүү Ооруганда, корккондо же таарынганда ыйлоо кадимки нерсе |
3.4. тапшырма. Мугалимдин айткандарын гендердик сезимталдыкка ылайыкташтыруу үчүн башкача айтыңыз.
3.5. Таблицасы
Мисалы | Гендердик-сезимталдык формасы. |
"Кыздардын баары – назик, эркек балдар болсо күчтүү" | Кыздардын өзүнө жараша назыктыгы бар, ал эми балдар күчтүү болушат. |
Эркектерди келечектеги Ата Мекенди коргоочулар катары тарбиялаш керек. | Бардык эркек балдар Ата Мекенди коргоочулары болуп тарбияланышы керек. |
Аялдын башкы ролу – үй-бүлөө очогун жандырып туру. | Ар бир аял үй-бүлөө очогун жандырып турат. |
ОКУТУУ ҮЧҮН ГЕНДЕРДИК СЕЗИМТАЛДЫК МЕЙКИНДИКТИ ТҮЗҮҮ
Окуу мейкиндигин уюштуруу – класска жана бүтүндөй мектепке – окутуу жана окуу процессине оң же терс салым алып келиши мүмкүн.
Классты гендердик факторлорду эске алуу менен жасалгалоодо төмөнкү жагдайларды эске алуу керек:
Кыздардын да, балдардын да катышуусун арттырган класстык бөлмөнү жаратуу.
Окуучуларды ачык айтууга жана уялчаактыктан арылууга үндөгөн парталардын жайлаштырылуусу.
Гендердик-сезимталдык билдирүүлөрдү жөнөтүүчү дубалдардагы көрсөтмө куралдар.
Окуучулардын жаш курагына ылайыктуу өлчөмдөгү, формадагы жана салмактагы парталар жана стөлдөр.
Көбүнчө мектептерде жана класстарда улуу окумуштуулардын – эркектердин портреттери бар, ал эми аялдардын образдары таптакыр жок.
3.5. тапшырма. математик айымдар жөнүндө маалыматтарды таап, алардын илимге кошкон салымын сүрөттөп бериңиз.
Математика жаатында биринчи орус аялдар окумуштуу-Софья Ковалевская - 1850-жылы туулган. Ал Петербург Илимдер академиясынын корреспондент-мүчө болгон. Дүйнөдөгү биринчи математик –профессор аял болгон.
Абройлуу Fields медалынын тарыхында биринчи жолу математик аял келди. Ал 37 жаштагы Мариям Mirzakhani болуп калды. Мариям Mirzakhani 1977-жылы Тегеранда туулган. Ал мектеп Farzanegan анын орто билим алган - кыздар үчүн атайын мектеп, Иранда өзгөчө талант өнүктүрүүнүн улуттук уюмунун курамында. 1999-жылы, ал Тегерандагы технологиялык Хан институтун бүтүргөн. 1999-жылы Мирзахани АКШга көчүп кеткен жана беш жылдан кийин, 2004-жылы Гарвард университетинин докторлугун алган. 2008-жылдан бери Стэнфорд университетинин математика боюнча профессору.
3.6. тапшырма. Төмөнкү мүнөздөмөлөрдү баалоо менен класстын жасалгасына көңүл буруңуз:
3.6. Таблицасы.
Класстын мүнөздөмөлөрү | Азыркы учурдагы көрсөткүчтөрү | Мүнөздөмөлөрү гендердик-сезимталдык педагогиканын талаптарына жооп береби? Класстын жасалгалоосун гендердик- сезимталдык кылуу үчүн эмнелерди өзгөртүү абзел/керек? |
Класстык столдордун жана отургучтардын көлөмү жана формасын | норма | класстагы чөйрөнү ар бир баланын өз кызыкчылыктарын жана дараметин ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондой жасалгалоо зарыл |
Досканын жасалгасын | норма | |
Дубалдын жасалгасын | көрсөтмө стенддер бар | бала түшүнүп жете тургандай жасалгалоо керек. |
Текчелердин жайгашкан жерин жана бийиктигин | норма | |
Орундардын жайгашуусу - окуучулар кайда жана кимдер менен отурат | столдор 3 катарга жайгашкан, кыздар менен балдар жуп-жуп болуп отурушат. | |
КЛАССТА ЖАНА МЕКТЕПТЕ ГЕНДЕРДИК-СЕЗИМТАЛДЫК КОММУНИКАЦИЯНЫ ТҮЗҮҮ
Гендердик-сезимталдык окутууга өтүүгө жардам бере турган көрсөткүчтөр1
3.7. тапшырма. Төмөнкү суроолорго жооп бериңиз:
3.7. Таблицасы.
| ооба | жок | кээ бирде |
Топтук тапшырмаларды бергенде окуучуларды жынысы боюнча бөлбөй, жана кыздар менен балдарды бир партага отургузамбы? | + | | |
Класста кыздарга жана балдарга кайрылуунун жыштыгын байкап турамбы? Класстык талкуу учурунда кыздар менен балдардын ортосундагы суроолорду тең салмактаймбы, окуучуларды аты жөнүнөн атаймбы? | + | | |
Мен кыздарга да, балдарга да бирдей жардам беремби? | | | + |
Кыздар менен эркек балдардын окуусундагы болгон жетишкендиктерге менин күтүүлөрүм бирдейби? | | | + |
Мен классыма салттуу эмес кесиптеги конокторду (аялдарды жана эркектерди) чакырамбы? | | | + |
Кыздар менен балдарды бирдей тарбиялап жана бирдей мактоо сөздөрүн айтамбы? | + | | |
Мектепте гендердик теңчилик жагдайлары пайда болгондо, мен окуучулар менен гендердик маселелерди демилгелеп талкуулаймбы? | | + | |
Мен салттуу эмес гендердик ролдордо физикалык активдүүлүктү кубаттаймбы? Мисалы, мен кыздарды футбол ойноого же балдарды алакан чапканга үндөймбү? | | + | |
Мен өзүмдүн тапшырмаларымды жана комментарийлеримди гендердик нейтралдуу адатта түзүп жатамбы? | | | + |
Мен лидерлик ролдорду тең салмактап же тең бөлүштүрөмбү, балдарга да, кыздарга да бирдей колдоо көрсөтөмбү? | + | | |
Мен сабактан тышкаркы (стулдарды жана отургучтарды көтөрүү же жылдыруу, тазалоо, чуркоо) милдеттерди эки жыныстын ортосунда бөлүштүрүүгө көңүл бурамбы? | | + | |
Окуу китептери жана окуу материалдары гендердик-сезимтал экспертиза үчүн талдоодон өттүбү эле? | | + | |
Окуу материалдарында же билдирүүлөрдөн кездешкенде мен стереотиптүү гендердик-ролдук жүрүм-турумга окуучулардын көңүлүн бурамбы? | + | | |
Гендердик-сезимталдык билим берүүнүн максаты – гендердик айырмачылыктарды жоготпостон, балдарга салттуу гендердик социалдашуудан жана бейкалыс пикирлерден улам көбүнчө өнүкпөй калган жүрүм-турумду жана көндүмдөрдү сунуштоо болуп саналат.
3.8. Таблицасы. Кыздар менен эркек балдардагы гендердик сезимталдыктын маркерлери
Кыздардыкы сакталып турат: | Эркек балдарга азыркы эркектик формалар жөнүндө айтылып келет: |
төмөнкү багыттарда компетенттүүлүгүн өнүктүрүү өзүн өзү анализдөөдө; - өзүнө ишенүү; - билдирүү жөндөмдүүлүгү жана чыр-чатакты чечүү көндүмдөрү; - жогорураак өзүн-өзү сыйлоо деңгээли; - кээ бир предметтер математика,химия, физика, информатикажана биология сыяктуу боюнча кызыгуу; - Эркектердин үстөмдүгүнө жана сексизмге карата сын көз караштары. | - бийликти колдонуунун жана башкалардын үстүнөн башкаруунун ордуна өзүн өзү башкаруу жана өзүн изилдөө; - жогорку статус үчүн күрөшүүнүн ордуна жакшы жөндөмдөрдү жана жакшы иш-аракеттерди өнүктүрүү; - алсыздыкты айыптоонун ордуна сезимдерди жана айырмачылыктарды сыйлоо; - карама-каршылыктарды зомбулуктун жардамы менен эмес конструктивдүү чечүү; - үстөмдүк мамилелерди жаңылоонун ордуна гендердик теңчилик жана сексизмге каршы туруу жөнүндө билим. |
ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАРЫН ТАЛДОО ЖАНА БААЛОО
тапшырма. Практикада колдонгон окуу китептерин талдап чыгыңыз. Окуу китептериңиздин бирин тандап, гендердик стереотиптердин бар-жогуна анализ жасаңыз:
Окуу китебиндеги сүрөттөрдү карап, төмөнкү суроолорго жооп бериңиз:
С.К.Кыдыралиев .Математика 5-класс .13 бет.
- Сүрөттөрдө канча аял, эркек, кыздар, балдар бар - санагыла.
-Сүрөттө 5 кыз жана 4 бала бар.
- Алардын ролдору кандай?
-Алар көптүктүн элементтерин ролун аткарып жатат.
- Кандай ролдорду өзгөртүүгө болот?
-Кыздар жана балдар бул көптүктүн бөлүктөрү болуп саналат.
- Бул окуу китеби гендердик жактан сезимталдык мүнөөзүнө ээби?
Ролдор аялдарга жана эркектерге, эркек балдарга же кыздарга бирдей берилгенби.
-Ооба.
3.9. тапшырма. Гендердик-сезимталдык эмес тапшырмалардын мисалдарын келтирип, гендердик-сезимталдык формага ээ болуш үчүн кайрадан түзүңүз.
3.8. Таблицасы. Гендердик-сезимталдык тапшырмалардын мисалдары
| Тапшырманын мисалы | Гендердик-сезимталдык формасы |
1 | Класстын 9 окуучусу эң жакшы бааларга окуйт.Сүрөткө карап эркек жана кыздар көптүгүнө ажыраткыла. | Класстагы эң жакшы окуган окуучуларды алардын назыктыгы жана күчтүүлүгүнө карай көптүктөргө ажыраткыла. |
2 | Класстагы 25 окуучунун 15 и эркек.Кыздар класстын канча бөлүгүн түзүшөт? | Кыздар жана балдар класстын кандай бөлүгүн түзүшөт? |
3 | Класста 24 окуучу бар.Алардин 12 си эркек.Доскага чакырылган окуучунун кыз бала болуу ыктымалдуулугун эсепте. | Класста 24 окуучу бар.Алардин 12 си эркек. Доскага чакырылган окуучунун кыз бала же эркек бала болуу ыктымалдуулугун салыштыргыла. |
3.10-тапшырма. Гендердик-сезимталдык тилди колдонуунун мисалдарын “+” деп белгилеңиз
1. | Ар бир окуучу дептерлерин толтуруу керек. | |
2. | Ийгиликке үзгүлтүксүз окуган окуучулар жетишет | + |
3. | Бул аялдын иши эмес. | |
4. | Ар бир адам – кыздар да, балдар да өз ойлорун бөлүшсө, талкуу кызыктуураак болот. | + |
5. | Өзүңүздүн эң жакшы сапаттарыңызды көрсөтүңүз | + |
1