Просмотр содержимого документа
«Мугалим – мѳмѳлү дарак»
Мугалим – мѳмѳлү дарак
Илим менен билимдин эбегейсиз маанисин биздин элибизде доордон тартып терең да, кенен да түшүнѳ билген десек эч качан жаңылбас элек. “Илим-ийне менен кудук казгандай” деп ташка тамга баскандай таамай макал жараткан да касиеттүү кыргыз элибиз.
Акыл тозбогон тоң, билим түгѳнбѳгѳн кең,
Илим окуу булагы – билим ѳмүр чырагы.
Билимдүүлүк бул чырак,
Ал сенин ѳмүрүңдү үзгүлтүксүз күйгүзүп турат.
Кыргыз эли дүйнѳлүк илимге, маданият кеңири таанымал окумуштууларды берди, аты ааламга жайылган жазуучуларды, артистерди, сүрѳтчүлѳрдү, скульпторлорду жаратат. Ушул кесиптердин эң улуусу – мугалим. Мугалимдик кесип кыйын, татаал, жоопкерчиликтүү, бирок эң кызыктуу. Мугалим болуш үчүн адамдан чоң талант, шык талап кылынат. Мугалим – бул коомдун күзгүсү. Мугалим – бул ар бир адам затына жакшылыкты ыраа кѳргѳн, ар бир окуучуга мээримин тѳгүп, намыс сѳзүн айтып ар бир инсанга туура багыт берип турган бул мугалим. Ал эми окуучулар бул келечек ээлери, алардын келечеги биздин колубузда. Мен үчүн мугалим бул улуттук байлык, интелектуалдык казын бажырайып жанган руханий жылдызыбыз. Окуучунун илим дүйнѳсүнүн ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, болгондо да тап илимдер да так илимдер дүйнѳсүнѳн суурулуп чыккан кесип ээлери.
Американын улуу инсаны Томас Джефферсон: “Элдин бактысы анын билимине жараша болот” деген экен. Ушул сыяктуу элибиздин бактысы үчүн мугалимдер билимдүү адамдарды тарбиялоого аракеттерди жасап келебиз.
Менин алгачкы мектеп ундѳрүмдѳгү предмет мугалимдерге жекече ой жүгүртүп, кѳңүл бѳлчүмүн. Ар бир мугалимдин жылуу мамилеси, терең билими, эң жакшы сапаттары мага тарбия берип тургандай сезилчү. Алардын арасынан немец тил мугалимибиз абдан ѳзгѳчѳ кѳрүнчү. Кыргыз, орус, немец, англис тилдеринде эркин сүйлѳѳсү, ар бир ѳтүлгѳн сабагы дүйнѳ жүзүнѳ саякат жазап, дүйнѳлүк масштабда этика жаңы эстетикага, оптимистүүлүккѳ, жашоого ѳзгѳчѳ кызыгуусун арттырчу. Ал мугалимибиздин ѳзүн – ѳзү алып жүрүүсү, сүйлѳѳ речи, ар бир окуучуга кылган жылуу мамилеси, чет ѳлкѳлѳрдүн маданиятын терең билгендиги жан дүйнѳмдү мугалимдик кесипке түрткү берди.
Англис тили дүйнѳлүк масштабтагы дүйнѳлүк тил. Мына ушуга байланыштуу окуучуларды дүйнѳлүк, ѳзгѳчѳ англис тилде сүйлѳгѳн ѳлкѳрдүн маданияттуулугуна кѳтѳрүлүү максатында мен “окуучуларды сүйлѳѳ речин, ой жүгүртүүсүн ѳстүрүү. Бул тема менен иштѳѳгѳ, мага азыркы окутуунун жаңы ыкмалары жардам берет.
Мен ѳз кесибим менен сыймыктанам. Билим берген окуучуларымдан келечекте кѳп ийгиликтерди күтѳмүн. Жакшы тарбияменин жаркын келечегибиз.