СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мугалимдер үчүн логикалык тест

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ар бир мугалим логикалык тесттен ѳтүп, ѳзүнүн билимин тастыктап койсо болот

Просмотр содержимого документа
«Мугалимдер үчүн логикалык тест»

Тест

Ф. А. А. ______________________________

Суроолор

Жооптор

Маринанын атасынын беш кызы бар: Леля, Лёля, Лиля, Люля жана … Эң кичинекей, бешинчи кызынын аты ким?


Электричка түндүктөн түштүктү көздөй баратат. Шамал түштүктөн түндүктү көздөй болуп жатса, анда түтүнү кайсы багытты көздөй урат?


Бул адам мага эже да, ага да эмес, бирок бул бала-менин ата-энемдин баласы. Бул ким?


Археолог:«Иссус Христос туулганга чейин 49 жыл»-деп жазылган тыйын тапкандыгын тастыктайт. Ага ишенүүгө болобу? Эмне үчүн?


30 санын ½ ге бөл жана 10ду кош. Канча пайда болот?


Кээ бир айларда 30 күн, кээ биринде 31 күн бар. Канча айда 28 күн бар.


Сен мага баласың, бирок мен сага ата эмесмин. Бул сөздү ким айткан?


Түнкү күзөттө турган кароолчу күндүзү өлсө, пенсия алабы?


Англияда 7-ноябрь барбы?


Римдин ортосунда эмне бар?


2 + 2 x 2 =... жообу канча болот?


Бишкек «Б» тамгасы менен башталып жазылып, ал эми аягы «а» бы?


Талаада кыздар чуркап баратышат. Бирөө экөөнүн алдында, бирөө экөөнүн артында, бирөө экөөнүн ортосунда. Канча кыз чуркап баратышат?


Элестет, сен автобустун айдоочусусуң. Сыртта жамгыр жаап жатат. Биринчи аялдамадан автобуска 7 адам кирди, экинчиден 2 адам кирип, 3 адам чыкты, кийинкиден 2 адам чыгып, 1 адам кирди. Андан кийин 4 адам кирип, 2 адам чыкты. Айдоочунун аты ким жана автобустун номери кандай?


Сен чуркоо боюнча жарышка катышып жатасың. Сен экинчи бараткан адамды ашып өттүң. Сен эми канчанчы орунда баратасың?


Монастырдын эшигинин астында монахина бир эркек менен өбүшүп жатканын көрүшүп, аны башкаруучуга алып барышат. Монахина:- «Бул кишинин апасы-менин апамдын кайненеси»-дептир. Ал адам ким болот?


Бир айылдын жолунда жыйырма тонналуу таш жатат жана эртең менен эрте короз кыйкырганда ал кыймылдайт. Сен ушуга ишенесиңби?


Врач сага 3 таблетка берип, ар бир жарым саатта ичүү керектигин айтты. Бардык таблетканы канча убакытта ичип бүтөсүң?


10 санынан 1 ди канча жолу кемитүүгө болот?


Аялы жана күйөөсү дача салууга камданып жатышат. Баары эмнеден башталат?


Кайсы жырткыч жаныбар 5 кабаттуу үйдөн бийик секирет?


Мен сага өзүмдүн колдорумду корсотуп турам, мында 10 манжа бар. 10 колдо канча манжа бар?


Ачка болуп турганда канча жумуртка жегенге болот?


Решеткага сууну кантип көтөрөбүз?


Кимдин алдында бардыгы баш кийимин алууга милдеттүү?


Ат талаада тынч турган. Көз ачып жумганча эле көздөн кайым болуп жок болуп кетти. Эмне болду?


7 жер казган адам 7 чуңкурду 7 күндө бүтөт. 1 жер казгыч жарым чуңкурду канча күндө бүтөт?


Түндүк уюлдан батышты көздөй 3333 км алыстыкта кайсы шаар жайгашкан?


Шаардын 10% жашоочуларынын телефону жашыруун номерге ээ. Телефон справочнигинен 100 адамдын номерин наугад тергенде алардын канчоосу жашыруун номерге ээ экен?


Ак аюулар эмне үчүн пингвинди жебейт?


Эверест табылганга чейин дүйнөдөгү эң бийик чоку кайсы болгон?


Мен конокко чакырылган адаммын. Ал жерден өтө сейрек кездешкен саат тагынган адам менен жолугуштум. Ал саат уурдалган экендигин мен кайдан билдим?


Эгер Сагындын салмагы 40 кг жана салмагынын жарымына барабар болсо, салмагы канча кг болот?


Түндүк уюлдун деңизинде 50 ар түрдүү жаныбарлар сууга түшүп жатышат. Биринчи 10 тюллень, анын артынан 10 морж, алардын артынан 10 кит жана 10 ак аюу сүзүп келишти. Пингвиндер канчоо болгон?


Кармалган балыктын баш бөлүгү 5 см. Куйругунун узундугу баш бөлүгүнүн узундугу жана денесинин узундугунун суммасына, ал эми денеси баш бөлүгү менен куйругунун узундугунун кошконго барабар. Балыктын узундугу канчага барабар?


Күн менен түндүн эмне окшоштуктары бар?


Эмне үчүн Ленин ак түстөгү ийин кур колдонгон?


Сагызган бир мүнөттө канча кадам жасайт?


Шымдын жыртык чөнтөгүндө абадан башка эмне болот?


Лифти бар кабат үйдүн 2-кабатында тиш догдур, 3-кабатында адвокат, 4-кабатында сойку- адамдарды кабыл алышат. Лифттин кайсы баскычы көп басылат?


10 дукатту 1 кг салмактагы алтын тыйын оорбу, же 20 дукатту жарым кг алтын тыйын оорбу?


Макс эч качан жалган айтпайт, ал эми Стас эч убакта чындыкты айтпайт. Алардын бирөө экинчисинин аты Макс экендигин айтты. Муну ким айтышы мүмкүн?


Австралия ачылганга чейинки жер жүзүндөгү эң чоң арал кайсы эле?