СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуу жайдын тарыхынан

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окуу жайдын ачылышы Өзгөн шаарынын маданий, социалдык, экономикалык жактан өнүгүп өсүүсүнө, шаардын статусунун жогорулоосуна таасирин тийгизүүчү чоң окуя болгон. Окуу жайдын филиалынын Өзгөндө ачылышынын негизги максаты - жол киренин кымбаттагандыгынан, жашоо шарттын оорлошкондугунан, бюджеттик тайпага кабыл алуунун саны төмөндүгүнөн улам жогорку билимди борбор калаабызда жана областтардын борборлорунда алуу социалдык жана экономикалык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн татаал болуп калгандыктап, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорун камтыган аймакта жогорку билим берүү программасын иш жүзүнө ашыруу зарыл болгон.

Просмотр содержимого документа
«Окуу жайдын тарыхынан»

ОШ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН АКАДЕМИК Б.МУРЗУБРАИМОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ӨЗГӨН ТЕХНОЛОГИЯ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ ЖАНА КАЛЫПТАНЫШЫ

Билим берүү тармагында реформалардын баскычтуу өнүгүшү менен 1995-жылдын 26-майындагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин чечиминин негизинде Ош жогорку технологиялык коллежинин ректору, профессор Б.Мурзубраимовдун 1995-жылдын 12-июлдагы №09-01/71 буйругу менен Өзгөн шаарында аталган окуу жайдын филиалы ачылып, директорлугуна Калыбек Кайназаров дайындалат.

Окуу жайдын ачылышы Өзгөн шаарынын маданий, социалдык, экономикалык жактан өнүгүп өсүүсүнө, шаардын статусунун жогорулоосуна таасирин тийгизүүчү чоң окуя болгон. Окуу жайдын филиалынын Өзгөндө ачылышынын негизги максаты - жол киренин кымбаттагандыгынан, жашоо шарттын оорлошкондугунан, бюджеттик тайпага кабыл алуунун саны төмөндүгүнөн улам жогорку билимди борбор калаабызда жана областтардын борборлорунда алуу социалдык жана экономикалык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн татаал болуп калгандыктап, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорун камтыган аймакта жогорку билим берүү программасын иш жүзүнө ашыруу зарыл болгон.

Окуу жайда сабактар 1995-жылы 12-сентябрда башталып, студенттерге билим берүү үчүн 14 окутуучу (анын ичинен 1 улук окутуучу) конкурстук негизде тандалып алынат. Жаңы окуу жылына алгачкы жолу 5 адистик (субтропикалык өсүмдүктөрдүн жана даам азыктарынын технологиясы, өндүрүштү уюштуруу, тигүү кийимдеринин технологиясы жана конструкциялоо) боюнча күндүзгү бөлүмгө 123 сгудент, сырттан окуу бөлүмүнө - 129 студент кабыл алынган.

Окуу процесси бекитилген окуу планынын негизинде жүрүп жатты, 1996-жылы 23-февралда окуу жайдын уставынын негизинде жетекчи уюм катары 16 адамдан турган филиалдын кеңеши түзүлөт.

Жогорку окуу жайынын талабына жооп берүү үчүн 1996-жылы октябрь айында ректордун буйругу менен 2 кафедра уюштурулат: коомдук-социалдык, жалпы гуманитардык дисциплиналар кафедрасы (башчысы Абдулатов Абдурашит) жана Табигый жана жалпы кесиптик дисциплиналар кафедрасы (башчысы Хатам Тажимаматович Абдыгапаров, ошол эле жылдын декабрь айынан Мухаммед-Назар Раманкулов). Бул кафедралардын уюштурулушу түрдүү багыттардагы аткарылып жаткан жана аткарыла турган иштерди бир нукта иштөөгө мүмкүндүк берди.

1997-жылдын январь айында ОшТУнун ректорунун буйругу менен филиалдын директорлугуна филология илимдеринин доктору, профессор Капар Зулпукаров дайындалган. Илим, билим берүү тармагынын көрүнүктүү өкүлү болгон профессордун жетекчилик кызматка дайындалышын алдын-ала түптөлүп, өнүгүүсүндөгү секирик катары бааласак болот. Анткени aнын директорлукка келүүсү менен төмөндөгүдөй иштер жасалган:

- филиалдын жакынкы жылдардагы андан аркы өнүгүүсүнүн концепциясы иштелип чыккан;

- филиалдын окутуучу-профессордук курамынан илимий потенциалын арттыруучу иштер күчөтүлөт (биринчи жылы эле илимдин 4 кандидаты Өзгөнгө чакырылып келинет);

- мезгил талап кылган жаны адистиктер ачылат;

- жаңы кафедралар, факультеттер түзүлөт;

- кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу борбору (кийин факультет, бөлүм болуп өзгөргөн) түзүлөт;

- мсктептер, мекемелер, уюмдар, фонддор, ассоциациялар жана элчиликтер менен байланыштарды түзүү жагы жолго коюлат;

- илимий изилдөө, окуу-усулдук иштер жанданып, сапат боюнча талап күчөтүлөт;

- алыстан келип окуган студенттер үчүн 40 орундуу студенттик жатакана курулат;

- учурдагы институттун башкы корпусу институттун балансына акысыз өткөрүлүп алынат.

1997-1998-окуу жылында филиалдын 2000-жылга чейинки мезгилдеги планы иштелип чыгып, анын негизинде окуу жылынын башталышы менен 5 кафедра (тил илимдери, коомдук илимдер, физика-математика илимдери, инженердик-технологиялык илимдер, экономика жана менеджмент кафедралары) жана 2 факультет уюштурулат. Ал эми окумуштуулук даражасы бар кадрлардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу филиалдын кеңеши Окумуштуулар Кеңеши болуп кайрадан түзүлгөн. Окумуштуулар Kеңешинин 40%ын окумуштуулук даражасы, наамы бар адистер түзөт. Ушул эле окуу жылында окутууну колдоого эл аралык фонддор аркылуу Түркия, Орусия Федерациясы жана Ирандын элчиликтери менен байланыштар ишке ашырылды. Азыркы мезгилде бул иш чараларды окуу жайдагы эл аралык байланыштар жана грант борбору натыйжалуу улантууда.

Москва, Бишкек, Ташкент. Алма-Aтa, Ош, Анжиян, Таш-Көмүр жана башка шаарлардан окуу жай атайын каражаттардын эсебинен китептерди, жабдыктарды, көрсөтмө куралдарды сатып келип жатты. Мындай зарыл каражаттарды сатып алуу бүгүнкү күнгө чейин мыкты жолго коюлуп келе жатат. Мисалы, кээ бир предметтер боюнча окуу китептери, окуу-усулдук адабияттар ж.б. профессордук-окутуучулук курам тарабынан да даярдалып, жарык көрүүдө.

Ар бир окуу жылында студенттердин жана окутуучулардын илимий-практикалык конференциясы уюштурулуп, анда даярдалган докладдардын негизинде учурдагы актуалдуу проблемалар талкууга коюлат. Мыкты деп бааланган докладдар професссордук-окутуучулар курамынын илимий эмгектеринин жыйнагына киргизилет. 1997-жылдан бери профессордук-окутуучулук жамааттын илимий эмнгектеринин жыйнагы жыл сайын жарык көрүп келүүдө. Андан сырткары, окутуучулар эле эмес, студенттер да башка окуу жайлардагы, илимий мекемелердеги эл аралык, республикалык илимий-теориялык жана практикалык конференцияларда өздөрүнүн илимий докладдары менен чыгышып, үзбөй катышып келишет.

Ал эми 1999-жьлы жогорку квалификациялуу илимдин 7 кандидаты, кесипкей адистер (Ү.Аданбаев, И.Каримова, Х.Хаитов, А.Ф.Антонов, Э.Турмашев, Ш.Адинаев, П.Мамаджанов, Х.Акбаров, А.Сатмаматов) туруктуу иштөө үчүн жумушка чакырылып келинген. Тажрыйбалуу, компетенттүү 30дан ашык адистер жана окутуучулар ишке алынат, 3 имараттарда окуу процесси жүргүзүлөт, 1 студенттик жатакана студенттердин турмуш шартын жакшыртуу үчүн кызмат кылууда.

2001-жылы окуу жайдын өзүнөн даярдалган алгачкы илимдин кандидаты өсүп чыкты. К.Зулпукаровдун илимий жетекчилиги астында филиалдын ачылышынан баштап иштеп келе жаткан Н.К.Атабекова салыштырма типология адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Бул окуя филиалдын илимий багытынын өсүшүнүн көрсөткүчү болуу менен бирге окутуучулар жамааты үчүн изденип иштөөгө чоң стимул жаратты. Көп күттүрбөй эле 2002-2003-жылдары дагы 3 кандидаттык диссертация (ф.и.к. Маражапова Н.К., жетекчиси - К.З.Зулпукаров, а.ч.и.к. Самиева Ж.Т., Атаджанов С.С., жетекчиси - профессор Смаилов Э.А.) жана докторлук диссертация (а.ч.и.к. Смаилов Э.А.) ийгиликтүү корголот. Ошол эле жылы профессор Смаилов Э.А. изилдөөчүлөр тобу менен тамекиден май алуунун жолун изилдеп, 666-номерлүү ачылыш тууралуу патентке ээ болот. Мындай патенттерге ээ болуу институтта уланып келүүдө, бүгүнкү күндө 7 патент алынды. Ийгиликтерди улантып, кийинки жылдары Эрматова В.Б. (2006), Танаков Н.Т. (2008) айыл чарба илимдери, Атамкулова М.Т. (2013) техника илимдери, Капарова М.К. (2015) экология боюнча (жетекчиси - профессор Смаилов Э.А.), Атакулова М. (2008), Эргешова С. (2011), Абдулатов А.А. (2011) филология боюнча (жетекчиси - профессор К.З.Зулпукаров), философия илими боюнча Акматалиев А.Т. (2010), жетекчиси профессор Тогусаков О.А., юридика илимдери боюнча Муратбаева Г. (2014) жетекчиси профессор Исраилова А.М., техника илимдери боюнча Зулпуев З.Б. (2018), жетекчиси профессор Смаилов Э.А., биология боюнча Абдуллаева Р.А. (2023), жетекчиси профессор Самиева Ж.Т. кандидаттык, айыл-чарба илимдери боюнча Танаков Н.Т., жетекчиси профессор Смаилов Э.А. докторлук диссертацияларын ийгиликтүү коргошту.

Илимий-изилдөөлөр жана тажрыйба-эксперименталдык иштер ОшТУнун Өзгөндөгү институтунда жылдан-жылга күчөп баратат. Республика боюнча ушул жерде гана тамекиден башка продукция алуу, өсүмдүк чийки затын фармацевтикада колдонуу, тамекичиликтин технологиясы, паремиология, интегралдык-типологиялык грамматика сыяктуу үч тармак түптөлүп, бутактап өнүгүп жатат. 2007-жылы эки илимий багыт боюнча технопарк түзүлдү жана иштеп жатат.

2003-жылдын 1-сентябрына карата институтта 3 факультет (инженердик-технологиялык, гуманитардык-педагогикалык, экономика жана укук), 10 кафедра иштеп, 79 окутуучу эмгектенген, анын ичинде туруктуу иштегендерден илимдин 2 доктору, 2 профессор, илимдин 14 кандидаттары эмгектенип, институттун стационардык жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө 1600дөй студенттер билим алышкан.

2004-жылы институт мамлекеттик аттестациядан ийгиликтүү өтүп, “Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо”, “Электр менен камсыздоо", Жол кыймылын уюштуруу" (ОДД), “Субтропикалык өсүмдүктөрдүн жана даам азыктарынын (тамекинин) технологиясы” (ТСП), “Биология”, “Тарых”, “Бухгалтердик эсеп жана аудит”, “Менежмент”, “Каржы жана насыя”, “Кыргыз тили жана адабияты”, “Орус тили жана адабияты”, “Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы” (ПМНО), “Юриспруденция” адистиктери боюнча түрдүү тармактарга жогорку билимдүү адистерди даярдоого лицензия алынып, абитуриенттерди кабыл алуу ишмердигин ийгиликтүү жүргүзгөн. Бул адистиктерде окуу менен студенттер ОшТУда ачылган аскердик факультетте даярдыктан өтүшүп, запастагы офицер аскердик наамын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатышты.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссиянын 2005-жылдын 4-ноябрындагы №7/2 чечими менен институт ОшТУнун Өзгөн технология жана билим берүү коллежи болуп, статусу өзгөргөн. Ушул чечимден кийин 900дөн ашык студент ОшТУга жана башка жождорго которулган.

2005-жылдын ноябрь айында институтка директорлукка айыл-чарба илимдеринин доктору, профессор Смаилов Э.А. дайындалат. Ушул мезгилден баштап окуу жай жаңы өзгөрүүлөргө багыт алат: бир жылдын ичинде эле 36 компьютер сатылып алынат, маалымат технологиялары, эл аралык байланыштар жана грант борборлору, электрондук китепкана, компьютердик класстар, лингафондук кабинет, технопарк, окуу залы ачылат.

Аз убакыт өтпөй эле профессордук-окутуучулар курамы академик К.С.Сулайманкулов башында турган аттестациялык комиссиянын текшерүүсүнө даярдык көрүп, комиссия тарабынан жакшы пикирлерге ээ болот.

Жогорку Кеңештин Билим берүү жана социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы, академик Б.Мурзубраимов материалдык-техникалык базанын жетишкендиктерин көрүп, 2007-жылдын 6-июлундагы КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында институт статусун берүү жөнүндө маселе коёт. Аны министрликтин коллегия мүчөлөрү колдоп, жыйынтыгында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2007-жылдын 6-июлундагы №6/2 чечими менен окуу жайга кайрадан институт статусу берилди. 2007-жылы октябрь айында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын №9/7 чечими менен институттун түзүлүүсү жана калыптануусу үчүн көптөгөн жумуштарды жасаган КР УИАнын академиги, химия илимдеринин доктору, профессор, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Б.Мурзубраимовдун ысымы институтка ыйгарылган.

2011-жылы 1-октябрда институттун директорлугуна техника и.к., доцент Уметалы Султанович Джусуев дайындалат. Анын келиши менен окуу жайдын материалдык-техникалык базасы жыл өткөн сайын чыңдала баштайт. Айланасы тосулган спорт аянтчасы курулган. Күндөн-күнгө материалдык-техникалык база чыңдалып бара жаткан окуу жайыбыз, жогорку квалификациядагы профессордук-окутуучулар жамааты, окутуудагы заманбап инновациялык технологияларды пайдалануусу сапаттyy билим алууга толук шарт түзүүдө. Окуу процессинде автоматташтырылган “AVN” маалымт системасы пайдаланууга берилген. Бул программада ар бир студент тууралуу маалыматтарды ата-энелер жана башка кызыкдар адамдар интернет тармагы apкылyy окуп, таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошону менен бирге мамлекеггик аттестациялык сынактар, кезектеги сынак-зачеттор компьютердик автоматташтырылган программа менен кабыл алына баштады. Сынактардын компьютердин жардамы менен кабыл алынуусу субьективдүү факторлордун таасирин азайтып, студенттердин өздөрү гана окуп, билим алуусуна шарттарды түзөөрүн көрсөттү. Бардык окуу кааналарында видеобайкоо камералары орнотулуп, сабактардын сапаттуу өтүлүүсү жана студенттердин сабактардагы катышуу-жетишүүсү ж.б. окуу бөлүмү тарабынан компьютердик программа аркылуу байкоого алынып турат. Интернетти чектөөсүз, акысыз колдонууда институттагы мультимедиа борбору студенттер үчүн маалымат aлуунун аянтчасына айланды. Илимий-педагогикалык жамааттын демилгечилдиги жана эмгекчилдигинин натыйжасында улуттук жана эл аралык билим тажрыйбасына окутуунун жаңы технологияларын айкалыштырылып, окутуу процесси өнүгүп-өсүп, ишке ашырыла баштады. Учур талабына ылайык окуу-усулдук колдонмолор электрондук форматка өткөрүлүп, студенттердин алган билимдери модулдук-рейтингдик система аркылуу бааланат. Келечекте окуу жайыбыз чакан, эл аралык абройго ээ болгон билим устаканасына айланууга багыт алууда.

Ал эми 2015-жылдын 1-сентябрында эмгек жолун институттан баштаган филос.и.к., укук жана коомдук илимдер кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу Асанбек Тургунбаевич Акматалиев директор болуп дайындалат. А.Акматалиевдин ишмердүүлүгү студенттерге сапаттуу билим берүүгө, окутуучулардын кесипкөйлүгүнө, илимий изилдөөлөрдү жогорулатууга, эл аралык байланыштардын жандануусуна, окутуудагы инновацияга багытталган. Институт ал учурда 3 адистиктен (510601 “Биология”, 521603 “Каржы жана насыя”, 552402.02 “Субтропикалык өсүмдүктөрдүн жана даам азыктарынын (тамекинин) технологиясынан жогорку билим берүү боюнча студенттерди oкутууга лицензияга ээ болсо, 9 адисгик боюнча (230109 “Эсептөө тсхникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо”, 140212 “Электр менен жабдуу”, 080114 “Жер мүлктүк мамилелер, 080106 "Финансы”, 030505 “Укук таануу”, 080110 “Экономика жана бухгалтердик эсеп”, 050709 “Башталгыч класстарда окутуу”) орто кесиптик билими бар кадрларды даярдоого лицензияга ээ жана анын негизинде иш алып барууда.

Ал мезгилде институтта жогорку кесиптик билим берүү, орто кесиптик билим берүү факультеттери, квалификацияны жогорулатуу жана кыска мөөнөттүү курстар бөлүмү иштеп жаткан. Жалпы кызматкерлердин саны 81, илимдин бир доктору, профессор, илимдин 12 кандидаттары, доценттер, 20дан ашуун улук окутуучулар жана окутуучулар студенттерге терең билим берүү максатында эмгектенишкен. Алардын 20дан ашууну “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган. Институттун профессордук-окутуучулар курамын түзүүдө кесипкөйлүккө басым жасалууда. Жаш окутуучулардын арасында аспиранттардын саны өсүүдө, окуу жай билимдүү, жөндөмдүү, педагогикалык жактан чебер жана тажрыйбалуу илимпоздор менен толукталып келатат. Институт Түштүк Кыргызстандагы башка окуу жайлардан өзүнүн потенциалдуу профессордук-окутуучулар курамы менен сыймыктанат жана өзгөчөлөнөт.

Институт Өзгөн жана Кара-Кулжа аймактарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүн кабыл алып, орто кесиптик билим берүү программалары боюнча студенттерге билим берип келатат. Стационардык жана окутуунун сырткы бөлүмдөрүндө 1300дөн ашык студенттер билим алууда.

Билим берүү процессин ишке ашырууда институттун орду чон. Анткени биринчиден, институт жаштар иштери боюнча ар кандай мазмундагы иш чараларды аймактарда өткөрүүгө активдүү катышып, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жаштар боюнча мамлекеттик программасын да ишке ашырып келет. Студенттер үчүн окууга, илимий-изилдөө иштерди жүргүзүүгө жана эс алууга бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бул максатта 32800ден ашуун китеби бар окуу залы менен китепкана, акыркы муундагы компьютерлер менен жабдылган 4 компьютердик класс түзүлгөн, алардын баары интернетке туташтырылган.

Окуу жайдын түзүлүүсүнүн максаттарынын бири социалдык максат деп айтууга негиз бар. Маселен, таланттуу, бирок шарты оор, алыска барып билим алууга мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн проблемалары чечилип жатат. ОшТУнун Жобосуна ылайык айрым студенттерге (тоголок жетимдер, олимпиаданын чемпиондору ж.б.) окуу үчүн акы төлөмдөрдөн жеңилдик берилип, бошотулат. Экинчиси, учурда коомубузга мүнөздүү болгон жаштардын борбор шаарларга жана чет өлкөлөргө кетүүсү күчөгөн мезгилде, аларга билим берип, аймактарда - айыл жерлеринде кармап, иш менен камсыз болуусуна негиз түзүп берүү мүмкүнчүлүктөрүн чечип, Өзгөн районунун аймагында маданий-агартуу иштерин жүргүзүүгө салым кошуп келебиз. Бул процесстерди заманбап нукта чечүүдө окуу жайыбыздын орду чоң.

Бюджеттик негизде окуп, окууда мыкты жетишкендиктерди камсыздаган студенттер ай сайын 700 сомдон стипендия алууга мүмүнчүлүктөрү бар, ал эми коомдук иштерде активдүүлүгүн көрсөткөн, окууда мыкты жетишкендиктерди камсыздап, өзгөчөлөнгөн 6 студенттин ар бири жыл сайын академик Б.Мурзубраимов атындагы 3000 сом өлчөмүндөгү стипендия менен сыйланып келатышат.

Ар бир окуу жай сапаттуу билим берүүсү менен гана эмес илим-изилдөө жана окуу-усулдук изилдөө иштери менен да сыймыктана алат. Кыргызстанда бир гана ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунда актуалдуу эки илимий багыт өнүгүп келетат. Биринчиси, тамекиден жана анын калдыктарынан фармацевтикага керектүү заттар өндүрүлөт жана экинчиси, интегралдык салыштырма грамматиканы, паремиологияны изилдөө иштери.

Ар бир окуу жайдын келечекте алга карай өнүгүүсүнүн негизи болуп, анда жүргүзүлүп жаткан изилдөө иштери болуп эсептелет жана ал адистерди сапаттуу даярдоону жакшыртат. Ошондуктан Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунда кадрларды даярдоочу бардык аспектилерди ичине камтыган 4 проблема боюнча илимий-иштер жүргүзүлүүдө.

1-проблема. “Дарылык чийки затгарды, биологиялык активдүү кошулмаларды жана экологиялык таза продуктыларды алуу” үчүн 12 темадан турган “Кыргызстандын түштүгүндөгү өсүмдүктөрдү кайра иштетүү технологиялары жана изилдөө”. Илимий жетекчи: а.ч.и.д., профессор, КРнын инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти Смаилов Э.А. Аталган проблема боюнча 2 доктордук иш корголгон жана айыл-чарба, биология жана техникалык илимдер боюнча 7 кандидатгык диссертация корголгон (Атаджанов С.С., Самиева Ж.Т., Эрматова В.Б., Танаков И. Атамкулова М.Т., Зулпуев З.Б., Абдуллаева Р.А.) жана И.Танаковдун доктордук диссертациялык иши корголду жана М.К.Капарованын кандидаттык диссертациялык иши коргоого даярдалып, 12 илимий монография жана окуу-усулдук иштер басмадан жарык көргөн. Алар “Кыргызстандын тамеки чийки заттары жана анын сапатын көтөрүү” темасындагы (2002), “Тамекини иштетүүдөн, жыйналгандан кийин кайра иштетүүдөн жана ферментациядан өткөрүүнү механизациялаштырyy” (2007), “Тамекини которуштуруп айдоо жана тамекиден урук алуу" (2002), “Май алуу учун тамеки уругун өндүрүү технологиясы” (2003), “Тамеки жана анын калдыктарын традициялык эмес иштетүү” (2009), “Күрүч - сейрск кездешүүчү маданий өсүмдүк” (2011), “Өзгөн районунун инвестицияга тартылуусу” (2012), “Тамекини табигый-экономикалык зоналар боюнча өндүрүүнүн экономикасы (2013). Жаңы ойлоп табуулар боюнча 5 патент алынган. Азыркы мезгилде докторлук диссертациянын үстүнөн 3 адам иш жүргүзүүдө (Атажанов С,С., Зулпуев З.Б. жана Атамкулова М.Т.) жана 3 адам кандидаттык диссертацияларынын үстүндө иштеп жатышат (Калчаева З.И., Смаилова Х.Э., Көчкөнбаева А.А.).

Азыркы учурда ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунда профессор Э.А.Смаиловдун жетекчилиги алдында айыл-чарбасынын проблемалары боюнча (Түштүк Кыргызстанда тамекини, атактуу Өзгөн күрүчү менен буурчакты өстүрүү, Өзгөн тоо балын алуу жана картошканы кайра иштетүү ж.б.) жана ошондой эле Түштүк Кыргызстандын өсүмдүктөрүн пайдалануу проблемаларынын негизинде дарылык чийки заттарды жана биологиялык активдүү кошулмаларды алуу боюнча илимий мектеп түзүлгөн. Бул проблеманын үстүндө КРнын УИАсынын фитотехнология институту, “Тамеки” илимий-өндүрүштүк айыл-чарба кооперативи, КРнын УИА Түштүк бөлүмүнүн медициналык проблемалар институту, “IPAR BIOTECHNOLOGY” (Туштук Кыргызстандын медициналык өсүмдүктөрү) аттуу кытайлык (корпорация) ишканасы, Словакиянын “PIESTANY” фирмасы (Өзгөн күрүчү боюнча) менен биргеликте иштер жүргүзүлүп жатат. 2015-жылы ОшТУнун Өзгөн институту менен Синьцзян айыл-чарба университетинин ортосунда илимий ишмердик чөйрөсүндө кызматташуу максатында студенттерди окутуу жана окутуучуларды стажировкадан өткөрүү боюнча меморандумга кол коюлган.

Ушул изилдөөлөрдүн жыйынтыгында тамекини иштетүү, кайра иштетүүнүн жаңы технологиялары иштелип чыкты, тамеки иштетүүдө жана зоналар боюнча тамекини иштетүүнүн натыйжалуулугун аныктоодо эмгекти уюштуруу иштелип чыкты. Биринчи жолу Өзгөн күрүчүнүн атактуу сорттору (ак урук, мамлекеттик коду: 7100034; кара кылтырык, мамлекеттик коду: 7100033) Кыргызстандын территориясында пайдаланууга берилген сорттордун жана өсүмдүктөрдүн гибриддеринин мамлекеттик реестрине киргизилди. Словакиянын өсүмдүктөрдү илимий изилдөө институтунун каржылоосунун эсебинен Шоро-Башат айыл округунда 2011-жылы күрүчтү кайра иштетүү тегирмени (ак жубаз) курулуп, иштетүүгө берилген. Ал ак жубаз жыйналган күрүчтү ата-бабалардан калган технология менен актагандыктан Өзгөн күрүчүнүн сапатынын жогорку көрсөткүчү сакталган.

Изилдөө жумуштарынын жыйынтыгы боюнча эл аралык жарманкелерде, көргөзмөлөрдө жана конгресстерде жалпыга маалымат берилди (Смаилов Э.А. - Германия, Мюнхен, “Oils and Fats” (2008), Антверпен - Нидерланды, липид боюнча 9-европалык конгресс (2011), КНР (2008, 2010, 2011, 2012, 2013); Самиева Ж.Т. - Түштүк Корея (Сеул), Ойлоп табуучу аялдардын Бүткүл дүйнөлүк конгресси “KIWIE-2013” (2013), алардын жыйынтыгы боюнча күмүш жана коло медалга татыктуу 2 патентке ээ болушкан. Мындан сырткары ойлоп табуучу аялдардын Бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын президенти Мэй Ян Хан тарабынан атайын белек - күмүш медалга татыктуу болгон (2014). “Тамекинин калдыктарынан целлюлоза алуунун жолдору”.

2-проблема. 5 темадан турган “КРнын айыл-чарба тармактарынын экономикасы, инвестициялык жана финансылык аспектилери”, илимий жетекчиси а.ч.и.д., профессор, КРнын Инженердик академиянын мучө-корреспонденти Смаилов Э.А. Аталган проблема боюнча 2014-жылы Ж.Т.Самиеванын кандидаттык диссертациясы корголгон. Изденүүчүлөр Г.Ташбаева менен Г.Наджиевалардын 2 монографиясы жана 2 окуу-усулдук эмгектери жарык көргөн.

3-проблема. “Тил илиминин актуалдуу проблемалары”, илимий жетекчиси филол.и.д., профессор К.З.Зулпукаров. Бул проблема боюнча 21 кандидаттык диссертация корголгон (Атабекова Н.К., Маражапова Н.К., Атакулова М., Абдулатов А.А., Эргешова С.Б., ж.б.). 3 доктордук дисссертация (М.Атакулова, Б.Дарбанов, Ж.Элчиев) корголгон. 1 доктордук днссергацнянын үстунөн изденүүчү (А.Абдулатов) иштеп жатат жана кандидаттык диссертациянын үстүнөн 4 адам иштеп жатышат (Мааткеримов З.Ж., Сапарова Б.К., Кайназаров Б.А., Калбердиева М.К.). 1 монография жана 4 окуу-усулдук иштер жарык көрдү. Паремиология боюнча атайын курстук усулдук көрсөтмө (2011), Паремиология - нравалык категория катары (2012), Паремияларды окуп-үйрөнүүнүн айрым маселелери (2012).

Учурда профессор К.Зулпукаров Кыргыз-Орус славян университетинин алдындагы доктордук диссертациялык кеңештин төрагасы.

4-проблема. "Азыркы кыргыз коомчулугунун руханий-нравалык абалы: көйгөйлөр, аны чечүүнүн жолдору жана адам укуктары, илимий жетекчиси филос.и.д., профессор, КРнын улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Тогусаков О.А., ю.и.д., профессор А.М.Исраилова. Бул проблема боюнча 2 кандидаттык диссертация (Акматалиев А.Т., Г.Н.Муратбаева) корголгон жана 1 докторлук диссертациянын үстүнөн (Акматалиев А.Т.) жана 1 кандидаттык диссертациянын (Кушубакова Ш.А.) үстүнөн иш алынып барылууда. 7 окуу-усулдук иш, 2 монография жарыяланды: “Кыргыз элинин моралдык аң-сезиминин калыптанышынын өзгөчөлүгү” (2009), “Этнология” (2009), “Этнография” (2011), “Кыргыздардын социалдык нормасы” (2011), “Тарых” (2012), “Кыргыз Республикасында аялдардын укуктарын коргоо” (2015). Аткарылган жумуштардын жыйынтыгы (АКШ, 2010; - Ош, - Жалал-Абад, - Бишкек, Акматалиев А.Т.; - Ош, - Бишкек, Муратбаева Г.) баяндамалар жасалган жана илимий эмгек катары бир канчасы жарык көргөн.

2015-жылы ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү институту Синьцзян айыл-чарба университети менен илимий-ишмердик чөйрөсүндө кызматгашуу максатында жана Конфуций мектебин түзүү боюнча меморандум даярдалган (Үрүмчү шаары, КЭР).

Учурда докторлук диссертациялардын үстүнөн А.Акматалиев, З.Б.Зулпуев, Г.Н.Муратбаева, Г.Т.Темиралиевалар ыкчамдык менен иштеп жатышса, 4 окутуучу кандидаттык диссертацияларын коргоого даяр (Наджиева Г.Ж., Кушубакова Ш.А., Көчкөнбаева А.А., Калчаева З.И.).

2022-жылдын 13-октябрында академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун директорлугуна ОшТУнун бүтүрүүчүсү, техника илимдеринин кандидаты, доцент Зулпуев Замирбек Базарбаевич дайындалгандан кийин окуу жайдын материалдык-техникалык базасы андан ары чыңдалып, сырткы байланыштар алга карай өнүгө баштады. Окуу кааналарын компьютердик жана башка оргтехникалык каражаттар менен жабдууга, жаңы 3 компьютердик класстарды түзүүгө Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу проект ишке ашырылуу алдында турат.

Бүгүнкү күндө иститутта 42 окутуучу эмгектенет: алардын арасында 1 илимдин доктору, профессор, 7 илимдин кандидаты, доценттери, 2 Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими жана 20 Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктылары. 2001-жылдан бери эле биздин институттун аспиранттарынан, изденүүчүлөрүнөн 15 кандидаттык, 2 доктордук диссертация корголду. Ушул күндө институттун стационардык жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө 1000ден ашуун студенттер билим алышууда.

Акыркы окуу жылында окуу жайдын тышкы кызматташтыгы өнүгүүдө. Окуу жайлар менен билим берүүдө, окуу-методикалык иштерди жүргүзүүдө, профессордук-окутуучулар курамынын тажрыйба алмашуусунда, эл аралык конференцияларга катышууда жана өткөрүүдө, окутуучуларды, илимий кызматкерлерди билим берүү жана илим программаларына, проектилерине катышууда, академиялык мобилдүүлүк иштерин жүргүзүүдө, студенттердин арасында достукту чыңдоо боюнча быйылкы окуу жылында эле окуу жай көптөгөн иштерди алып барды. Алсак, Семей шаарындагы (Казакстан) “Innovative College”, Жизак мамлекеттик педагогикалык университети, Андижан педагогикалык институту ж.б. менен эки тараптуу келишимдер (меморандум) түзүлдү. Ошол эле мезгилде эл аралык конференцияларга окутуучулар, студенттер катышып көптөгөн грамоталарга, сертификаттарга, ыраазычылык каттарга ээ болушту. Мисалы, ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференцияга, “Жогоркуу окуу жайлардагы илим изилдөөлөрдүн фундаменталдык жана колдонмо маанилүүгү” конференциясына, “Дүйнөдөгү азыркы мезгилдеги техникалык жана профессионалдык билим берүү проблемалары жана келечеги”, “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу студенттик илимий конференцияга, “Бүгүнкү Казакстандын социалдык-укутук жана экономикалык аспектиси” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга, Жизак мамлекеттик педагогикалык университетинде өткөн “Евразия элдеринин маданий мурастары: азыркы изилдөөлөр, проблемалар жана изилдөө ыкмалары”, “Аялдардын билим берүүдөгү жана илимдеги орду” ж.б көптөгөн илимий-практикалык конференцияларга катышышты. Окутуучулардын жана студенттердин илимий макалалары Францияда (Акматалиев А.Т., Калбердиева М.К.), Нальчик (Максутова А.Т.), Ярославль (Нурдинов Б.Ж.), Жизак (Темиралиева Г.Т., Кушубакова Ш.), Семей (студенттердики) шаарларында илимий журналдарда жарык көрдү. Окуу жайдын студенттери Өзбекстан Республикасынын Андижан машина куруучу институтунда өткөрүлгөн эл аралык жаштар пикниги аталыштагы фестивалга катышышты жана тажрыйба алышты. Фергана политехникалык университетинин студенттери менен академиялык мобилдүүлүктүн алкагында поэзия кечеси өткөрүлдү (Алижанов Рахматулло, Юлдашмахмудов Шүкүрүлло).

Бүгүнкү күндө окуу жай (LS 190000207, КР ББИМ) лицензиянын негизинде төмөндөгү орто кесиптик билим берүү программалары боюнча адистерди даярдайт:

230109 Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо;

140212 Электр менен жабдуу (тармактар боюнча);

050704 Мектепке чейинки билим берүү;

050709 Башталгыч класстарда окутуу;

080106 Финансы (тармактар боюнча);

080110 Экономика жана бухгалтердик эсеп-кысап (тармактар боюнча);

030503 Укук таануу.

Окуу жайда кошумча билим берүү программалары боюнча окутууга лицензиялар берилген. Окууга өткөн абитуриенттерге окуп жаткан адистигине карабастан контракттык негизде төмөндө көрсөтүлгөн кыска мөөнөттүү курстардан окуп, мамлекеттик эмес үлгүдөгү дипломго, сертификатка ээ болуусуна шарт түзүлгөн (лицензия №Е16000491, LE50000774, LE180001173, КР ББжИМ):

- компьютердик сабаттуулук;

- чачтарач иши;

- орус тили;

- англис тили;

- ветеринардык санитар;

- электр ширетүүчү;

- от жагуучу;

- кулинария.

Бул материал окуу жайдын тарыхы тууралуу Асанбек Акматалиев тарабынан даярдалган китептен алынды.

47