Дистанттык окуу бир караганда ыңгайсыздай сезилет. Бирок ишти туура уюштура билсек артыкчылыктарын да туура колдонсок болот. Мугалим менен кайсы технологияларды, платформаларды колдоно тургандыгын тактап ал. Кийин сабак учурунда, өз алдынча иштеген мезгилде эркин колдоно ала тургандай бол.
Мүмкүн болсо үйдө өз алдынча бурч же бөлмө уюштуруп, үйдөгүлөр менен графикти такташып алуу зарыл, эгерде телефон же компьютер жетишсиз болсо, бир туугандар менен так график түзүп алуу, ошол учурда техниканы так жана майнаптуу колдонууга аракет кыл.
Мектеп мугалимдери тарабынан берилген онлайн сабактардын бардыгына катышканга аракет кыл. Дал ушул сааттарда түшүнбөгөн суроолор болсо берип, интерактивдүү режимде баарлашканга убакыт болот. Сабак учурунда классташтар менен баарлашууда айрым түшүнбөгөн суроолордун да түйүнү чечилиши мүмкүн. Андан тышкары өз алдынча иштегенде түшүнбөгөн суроолор болуп калса, мугалим менен кандай байланыша тургандыгыңды (телефон, ватсап, эл почта, телеграмм ж.б.) абактарга өз убагында катышып, текшерүү иштери, экзамен, тест жана башка маанилүү даталарды дайыма эстей турган жерге белгилеп, эске тутуп ал.
Мектептеги предметтик мугалимдин сабагы менен гана чектелбе, биз сунуштаган ар кандай платформалардан сен өзүңдүн билимиңди, билгичтиктериңди тереңдетип, маалыматтарыңды арттыра аласың. Темаларды дагы терең алууга мүмкүнчүлүгүң бар.
Дистанттык окутууда көпчүлүк учурда үйдө болуп, эшикке чыкпай калышың мүмкүн. Ошондуктан ден соолукка, туура тамактанууга, таза абада дем алууга көңүл бур. Убакытты туура башкара бил. Убакытты туура колдоно билген адам дайыма утушта болот.
Пандемия күчөгөн шартта достор менен болгон байланышыбыз да онлайн платформаларда ишке ашышы мүмкүн. Талкуулар, пикир алышуулар, өнүгүү, кошумча билим алуу боюнча ар кандай платформаларга катышканга аракет кыл.
Дайыма эле экрандын алдында отура бербе. Спорт, дене көнүгүүлөрүн жаса. Күн сайын жок дегенде 30 минута көркөм же кызыккан багытыңда китеп окуганга жумша. Үй жумуштарына жардам бергенди унутпа. Үйдөгүлөр менен иштеп жатканда дистанттык окуу учурунда үйрөнгөндөрдү, кызыктуу окуяларды айтып берсең болот. Кызыктуу фильмдер сыяктуу сени жалпы өнүктүрө турган өздүк программаларың болсун.
Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү ири ийгиликтерди багындарам деген жаштар мнемоника (эс тутумду өнүктүрүү), тез окуу ыкмалары, мээнин иштөө функцияларын билүү, клавиатурада соло, сынчыл ойлом сыяктуу инсандын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте турган ыкмаларды өздөштүрүп жатышат. Буларды сен өз алдынча интернеттен өздөштүрө аласың.
Маалыматтык сабаттуулук жана коопсуздук. Зарыл маалыматтарды таба билүү. Факты менен ушакты ажырата бил. Терс маалыматтар көңүлүңдү чөктүрүп, позитивдүү маалыматтар өнүгүүңө өбөлгө түзөт. Позитивдүү жана керектүү маалыматтарды алганга тырыш.
Эгерде жүрөгүңдү өйүгөн кандайдыр маселе болсо, ата-энеңе, жакындарыңа мугалимдериңе, досторуңа кайрыл. Сенин башыңа келген маселени сөзсүз чечүүгө болот. Сага жардам бере турган адамдар дайыма бар.