Просмотр содержимого документа
«Phpg7Lhmb_surama-at-atooch.pptx»
Кыргыз тили
6 - класс
Тема: Сурума ат атооч жана
таңгыч ат атооч
Силер менен биз эмнени үйрөнөбүз?
Бүгүн биз силер менен сурама ат атоочко кандай сөздөр кирээрин жана алар сүйлөм ичинде кандай милдеттерди аткараарын чогуу окуп үйрөнөбүз
Ошондой эле таңгыч ат атооч жөнүндө дагы кененирээк
маалымат ала алабыз.
Сурама ат атооч
Бул – заттын аты –
жөнүн, санын, катар
тартибин, сапатын,
ордун, мезгилин анык
тап билүү үчүн суроо
иретинде айтылган
сөздөр.
Кандай сөздөр кирээрин билип алалы:
Кайдан? Канча? Кана?
Ким? Эмне?
Кайсы? Кайда?
Кандай? Качан?
Мынакей балдар билип да алдык.
Ким?
- Бул ким? - Кичүү уулум
Эмне?
-Эмне жөнүндө сүйлөшөлү?
Кандай?
- Шаарда кандай жаңылыктар бар?
Качан?
-Сиз качан келесиз?
- Күн узарып, кар эриди. Бул кайсы убак ?
Кайсы?
Кана?
- Китебиң кана? Дептериң кана?
- Балам сен канчадаың?
Канча?
Сурама ат атоочторду сүйлөмдө текшерип алдык
Мисалы: Балдар кана? Китебиң кана?
Ай, жылкычы жигит, токточу, кымзың кана?
Жылкынын сарайы кана?
Кана деген сөз сүйлөм ичинде эки түрдүү колдонулат.
2 . Модалды к сөз катары
Мисалы: Кана, эми басалы, Гүлсары. Кана, илгерилеп баса берели, коркпо, таштап кетпейм.
Арабаны эмне клдың, кана?
СУРАМА АТ АТООЧТОР СҮЙЛӨМ ИЧИНДЕ ТӨМӨНКҮДӨЙ МИЛДЕТТЕРДИ АТКАРЫШАТ .
Ээлик: Ким келди? Эмнелер берилди?
Баяндоочтук: Отличниктер канча ? Сыйлангандар – кимдер ?
Толуктоочтук : Мен сага эмнени айттым эле? Эмнеге күттүң? Кимдерди сыйлады?
Таңгыч ат атооч – жалпыланган заттык, сын - сыпаттык, сан – өлчөмдүк маанини тануу же жокко чыгаруу иретинде айтылган ат атоочтор.
Таңгыч ат атоочтор эч деген таңгыч бөлүкчө менен ким ? качан ? кайда ? кандай ? деген сурама ат атоочтордун жана бир , нерсе , убакта деген сөздөрдүн кошулуп айтылышы аркылуу жасалат.
Ат атоочтук мааниде
Бөлүкчөлүк мааниде
Эч барган жокмун.
Эч келе элекмин.
Эч качан барган жокмун.
Эч кайда барган жокмун.
Эч ким келе элек.
Эч нерсе айткан эмесмин.
Эч айткан эмесмин.
Эч байкалган жок.
Эч убакта байкалган жок.
Эч бир иш кылган жок.
Эч үн чыгарбады.
Эч иш кылган жок.
Таңгыч ат атооч сүйлөм мүчөлөрүнүн да милдетин аткарат
Мисалы:
Бүгүн эч ким келген жок ( ээси – эч ким).
Мен алардын эч бирине жолукпадым (толуктоочу – эч бирине).
Мага эч нерсенин кереги жок ( аныктоочу – эч нерсенин).
Бүгүнкү сабагыбыз түшүнүктүү болсо , баарынардын билимиңерге билим, акылыңарга акыл кошулушун тилеп , силерге төмөнкү көнүгүүлөрдү үйгө тапшырмага
беремин : 383- 384- 389 – көнүгүүлөр.
Көңүл бурганыңар
үчүн ырахмаат,
кошкула балдар!