ПЕДАГОГИКАЛЫК
КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН
АТТЕСТАЦИЯСЫН ѲТКѲРҮҮНҮН ИРЕТИ
КРде билим берүү системасын андан ары өркүндөтүү, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, аларга эмгегине жараша стимул берүү, акыр-аягында билим берүүдөн күтүлүүчү натыйжаларга жетүү максатында педагогикалык кызматкерлерди аттестациялоо механизмин киргизүү чечими 2016-жылы кабыл алынган. Бирок түрдүү себептерден улам педагогикалык кызматкерлерди аттестациялоо процессине 2020-жылга чейин мораторий жарыяланган. Учурда педагогикалык кызматкерлерди аттестациялоо процесси 2020-жылдын январь айынан башталат деген маалымат бар. Андыктан, бардык мектептердин жетекчилиги нормативдик талаптарды, аттестациялоонун кадамдарын толуктап, тактап түшүнүүгө милдеттүү. Аттестация процесси жаёы окуу жылынан башталса да, бул процессти кандайдыр бир убактылуу өнөктүк катары карабашыбыз керек. Анткени, аттестациялоо жөнүндөгү Жободо аттестация-мугалимди өнүктүрүүчү механизм экендиги так көрсөтүлдү. Мындан тышкары, аттестациялык комиссия мүчөлөрүнүн да көндүмдөрүн калыптандырууга бир топ убакыт сарпталаары анык. Ошондуктан, мектеп жетекчилеринин январь секциялык ишинде педагогикалык кызматкерлерди аттестациялоо процесси жүргүзүү жол-жобосун секциялык иштин бир пункту катары талкуулоо зарыл деп эсептейм. Бул максатта PowerPointте даярдалган 4 презентацияны жөнөтөм. ОшБИнин «Жетекчи адистер» кабинетинин башчысы С.Аматов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы №439 Токтому менен кабыл алынган
I. Жалпы негиздер
Аттестация дегенди кандай түшүнѳсүздѳр?
Аттестация - аттестациялык комиссия тарабынан мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин комплекстүү баалоо жол-жобосу
Кыргызстанда педагогикалык кызматкерлерди аттестациядан ѳткѳрүү үчүн укуктук негиздер барбы? Мектеп ѳз алдынча, локалдык ченемдерине ылайык аттестациялоо ѳткѳрүүгѳ укуктуубу?
Жалпы билим берүүчү уюмдардын педагогдорун аттестациялоонун укуктук-ченемдик базасы:
1. КР Ѳкмѳтүнүн 2016 - жылдын 11 августундагы №439 Токтому менен бекитилген «КР жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдеринин аттестациясын ѳткѳрүунүн ирети жѳнүндѳ Жобо»
2. 2016 - жылдын 30 – августундагы №1235/1 жана №143 КР ББИМ жана Эмгек жана социалдык ѳнүктүрүү министрликтери бекиткен «Жалпы билим берүүчү уюмдарынын мугалимдеринин дасыктык категорияларга талаптар»
3. Аттестациянын процедураларынын алгоритми жана баалоо куралдары (эки колдонмо)
Аттестациянын максат, милдеттери кандай?
Аттестациянын максаты: • мугалимдерге дасыктык категорияларды ыйгаруу; • алардын педагогикалык чеберчилигинин деңгээлин максаттуу жогорулатуу; • кесиптик жана жеке өсүшүнө түрткү берүү.
Мугалимдерди аттестациялоонун милдеттери:
- мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүк деңгээлинин белгиленген дасыктык талаптарга шайкештигин аныктоо;
- мугалимдердин дасыктыгын жогорулатуунун жана аларды кесиптик өнүктүрүүнүн зарылдыгын аныктоо;
- жалпы билим берүү уюмдарына көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу.
Аттестация эки түргө бөлүнөт:
• беш жылда бир жолудан кем эмес өтүп туруучу кезектеги аттестация;
• ыктыярдуу мөөнөтүнө чейин аттестациядан өтүү максатындагы кезексиз аттестация
(Мугалимдер мурдагы аттестациядан эки жылдан кем эмес убакыт өткөндөн кийин жеке арыздын негизинде кезексиз аттестациядан өтүүгө укуктуу).
Ыйгарылуучу дасыктык категориялар:
• экинчи категориядагы мугалим;
• биринчи категориядагы мугалим;
• жогорку категориядагы мугалим.
Аттестациянын жыйынтыгы боюнча дасыктык категорияны мугалимдерге ыйгаруу буга чейинки баскычтуу дасыктык категорияларды милдеттүү түрдө ыйгарбастан жүргүзүлөт.
Төмөнкүлөр аттестациядан өтпөйт (1):
• жалпы билим берүү уюмунда иштегенине бир жыл
болгондор;
• кош бойлуу аялдар (эгерде өздөрү каалоосун билдирбесе);
• бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн адамдар.
• Жогоруда аталгандар үчүн аттестация алар ишке чыккандан бир жыл
өткөндөн кийин өткөрүлөт.
• Аттестация кесиптик окуу жайын жаңы аяктаган жаш адистер үчүн
эки жылга чейин өткөрүлбөйт (эгерде өздөрү каалоосун билдирбесе).
Төмөнкүлөр аттестациядан өтпөйт(2):
• Пенсия алдындагы куракка келген мугалимдер дасыктык категориялардын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин жаш-курагы боюнча пенсияга чыгаардын алдында эки жыл мурун жазуу жүзүндөгү арыз боюнча аттестациядан
өтпөөгө укуктуу, мында пенсияга чыгаардын алдындагы дасыктык категориясы сакталат.
• Эмгек келишими боюнча иштеген пенсия курагындагы мугалимдер ушул Жобого ылайык жалпы негиздер боюнча аттестациядан өтөт.
Аттестациядан өтүү үчүн мугалимдер бекитилген графикке ылайык иштеген жери боюнча жалпы билим берүү уюмунун администрациясы тарабынан күбөлөндүрүлгөн төмөнкү документтерди аттестациялык комиссияга тапшырат:
- жеке арызды ( 1- октябрга чейин);
- өзүн-өзү баалоо баракчасын;
- паспорттун же ким экендигин ырастоочу документтин
көчүрмөсүн;
- билими тууралуу документтин, эмгек китепчесинин, чеберчиликти
жогорулатуу, кесиптик кайра даярдоо тууралуу, илимий даража жана илимий наам ыйгаруу жөнүндө документтин көчүрмөсүн;
- мугалимдик портфолиону.
- Жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси аттестациялык комиссияга ушул Жобонун 2- тиркемесине ылайык форма боюнча аттестацияга жалпы билим берүү уюмунун мугалимине мүнөздөмө-сунуштаманы берет. - Аттестация өткөрүлгөн күнгө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси мугалимдерге кол койдуруп мүнөздөмө-сунуштама менен тааныштырат.
- Мугалимдерге дасыктык категория ыйгаруу боюнча аттестация жыл сайын 20-октябрдан 20-апрелге чейин жүргүзүлөт. - Аттестациялануучу аттестация башталганга чейин бир айдан кечиктирбестен аттестация өткөрүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө кол коюу аркылуу кабарланат. - Ар бир аттестациялануучу үчүн аттестациянын узактыгы ал башталган күндөн тартып ушул Жобого ылайык чечим кабыл алынганга чейин 60 календардык күндөн ашпоосу керек.