СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Разработка урока

Категория: Технология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Разработка урока»

Классы :_6_

Мѳѳнѳтү: 25,09,2017

Предмет: Технология

Мазмундук түзүм: 2


САБАКТЫН ТЕМАСЫ:


СҮТ ЖАНА АНЫН КАСИЕТТЕРИ.


САБАКТЫН МАКСАТЫ:

Когнитивдик

2.Кулинария. Тамак-аш иштетүү технологиясы(6.2.3.1.)

Окуучулар сүт жана сүт азыктарын алынуучу тамактар, сүт азыктарынын түрлөрү ,алардын тамак катары баалуулугу жөнүндө маалымат алышат, сүт азыктарын сактоонун технологиясын үйрөнүшөт.

Социо – маданий

Топтордо иштөөдө өз пикирин билдирүүгө, бирөөнүн оюн уга билүүгө, конфиликтке барбай кайчы пикир айтууга калыптанат, күнүмдүк турмушта алган маалыматтарын колдонууга үйрөнүшөт.

Кептик

Сөз конструкцияларын, кошумча маалыматты пайдаланып тема боюнча түшүнүктөрүн колдонуп далилдүү айтып бере алат.

Лингвистикалык минимумдар

Минералдык заттар, макроэлементтер, микроэлементтер, ферменттер, аминокислота.


Сөз конструкциялары

Мен бул жөнүндө .....көбүрөөк билдим.

Мен буга..... таң калдым.

........ карата менин мамилем мындай эле......., эми....ойлоп калдым.


САБАКТЫН ТИБИ:

Жаңы билимдерди калыптандыруу.

КОЛДОНУЛУУЧУ УСУЛДАР ЖАНА ЫКМАЛАР:

“Анаграмма”, “Толук эмес сүйлөм”, “Класстер”, “Яичница”, “Кадам артынан кадам”, “Чачылган сөздөр”,” Сырдуу сөз”.

ПРЕДМЕТ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШ:

Кыргыз тили, биология, табият таануу

ОКУУ ИШ АРАКЕТИН УЮШТУРУУНУН ФОРМАЛАРЫ:

Жекече , жупта жана топто иштөө

ЖАБДЫЛЫШЫ:

ПК, проектор, экран.

КОЛДОНУЛУУЧУ РЕСУРСТАР:

6-класстын окуу китеби, 23-бет. Визуалдык материалдар (сүрөт,карта,слайд ж.б)

НЕГИЗГИ КОМПОТЕНТТҮҮЛҮКТӨР:

НК1, НК2, НК3.

ПРЕДМЕТТИК КОМПОТЕНТТҮҮЛҮКТӨР:

ПК1, ПК2, ПК3.

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Сабактын этаптары:

1.Уюштуруу этабы: (2 мин)

Окуучулар бири-бирине, аудиторияга жагымдуу маанай түзүү үчүн технология сабагында колдонулуучу аспаптарды атап бири бирине макал-лакаптарды айтышат.

Мугалим: билим алуу – ийне менен кудук казгандай .

Окуучулар: жети өлчөп бир кес, жоголгон бычактын сабы- алтын...


2. Үй тапшырмасын суроо: (3 минута) “АНАГРАММА” усулу аркылуу суралат.

Мугалим анаграммаларды табуу тапшырмасын берет.

  1. ТВЕАРНИЕР - жаныбарларды дарылоочу врач.

  2. КИЮНД - үй канаттуусу.

  3. ТАЙЖЫАТР – жаздоо, жайлоо, күздөө, кыштоо болуп бөлүнөт.

  4. ЛАТБЙА – ургаачы жаш жылкы.

Окуучулар ар бир тайпадан бирден чыгып анаграммалардын жоопторун айтышат.


3. Окуучулардын билимин актуалдаштыруу (2 минута).


Мугалим окуучуларга сырдуу кутучаны көрсөтүп, силер төмөндөгү тапшырманы аткарсаңар, бул кутучада эмне бар экендигин таап аласыңар.


Мугалим окуучулардын көӊүл буруусун топтоштуруу, жаӊы сабактын темасын жана максатын аныктоо үчүн чачылган сөздөрдү берет.

Чачылган сөздөр: тамак-аш, баалуу азык, курамы, ферменттер, гормондор, витаминдер, сөөк ткандары, кальций, фтор, туздары, эчки, белок, бай, бузулуу, сактоо, пастерленген, муздаткыч, уй, касиеттери.

Окуучулар берилген сөздөрдү анализдеп, сабактын темасын, максатын аныктаганга аракет кылышат. Ар бир окуучу жекече ойлонуп пикирлерин айтышат.

Мугалим окуучулардын пикирлерине толуктоолорду киргизип, сабактын темасы жана максаты менен тааныштырып өтөт.

Окуучулар менен бирге балоо критерийлерин кабыл алышат жана ар бир окуучуга баалоо баракчалары таркатылат (ар бир жооп берген окуучуга упайлар берилет, алган упайларын окуучулар баалоо баракчасына жазышат).


Баалоо критерийлери:

  1. Сүт жана анын касиеттери, сүт азыктары жөнүндө маалыматтарды айтып берүү

  2. Сүт азыктарынын баалуулугун түшүндүрүү жана башка азык – заттар менен салыштыра алуу

3. Сүт азыктарын сактоонун технологиясын жана сүттөн даярдалуучу тамактарды жасоонун өзгочөлүктөрүн билүү.

Баалоо баракчасы:

Анаграмма


Чачылган сөздөр


Презентация


Кластер түзүү


Сүйлөмдү толуктоо


Сырдуу сөз


Яичница


Кадам артынан кадам



Окуучулардын баалоо баракчасындагы топтогон саны эсептелинет.

Топтогон упайлары

Баасы

8

“5”

6-7

“4”

4-5

“3”



4. Жаӊы материалды өздөштүрүү: (15 мин.)

Мугалим темадагы негизги бөлүктөрдү топторго бөлүп берип, алгачкы билимдерине таянып маалымат берүүнү жана башка топторго белгилүү критерийлери менен тапшырма түзүүнү сунуштайт.

1 топко: сүт жана анын касиеттери боюнча маалымат беришет,(тапшырмасы- кластер түзүү).

2 топко: сүт азыктарынын сактоонун технологиясы,(тапшырмасы – бүтпөгөн сүйлөмдөрдү түзүп беришет, башка топ аны толуктайт).

3 топко: сүттөн алынган азыктар боюнча маалымат берүү(тапшырмасы – Сырдуу сөз).

Сырдуу сөз тапшырмасын түзүү ыкмасы:

Аталышы

Сүттөн алынган азыктар

Сүттөн даярдалган тамактар

Сүттө кездешүүчү заттар

Кефир

К

Л

Ж

Эзме курут

Ф

А

Ц

Кальций

Б

Д

Й

Быштак

М

В

Р

Кымыз

А

Ф

Ю

Май

К

Т

Й

Сырдуу сөз – КАЙМАК


4 - топко: сүттөн даярдалган тамактар (тапшырмасы – Яичница).


Яичница тапшырмасын түзүү ыкмасы:

кошулат

жасалат

сиңимдүү

нандан

кесме

ак түс

тамактар

кондитердик

сүт

азык

сүттөн

болот

Берилген сөздөрдөн үч сүйлөм түзгүлө.

Топтордо иштешип, презентация жасашат ( ар бир топ өзүнө берилген тапшырма боюнча).


5. Өтүлгөн теманы бышыктоо жана жалпылоо ( 5 минута)

Мугалим: Окуучуларга тексттерди берип, окуп чыгууну сунуштайт жана “чагылган” сурамжылоо жүргүзөт.

Сүт - бул сүт эмүүчү жаныбарлардан алынуучу баалуу азык зат. Тууттан кийин алгачкы күндөрү ууз болуп чыгат да, бир нече күндөн кийин акырындап сүткө айланат. Мал сүтү адам баласы үчүн абдан баалуу азык. Ал байыркы замандарданбери эле пайдаланып келинген. Сүттүн составында организмге, айрыкча балдар үчүн эң керектүү заттардын болушу аны баа жеткис азык кылат.

Сүттүн составы жөнүндө маалымат (100 грамм сүттө):

Пайдалуу сиңимдүү заттар

Уйдун сүтү

Адамдын сүтү

Суу, г

88,0

87,5

Энергия, ккал.,г

61,0

70,5

Белоктор, г

3,2

1,0

Майлар, г

3,4

4,4

Лактоза (кант),г

4,7

6,9

Минералдык заттар, г

0,72

0,20

Сүт белогунда жашоого керектүү, организмде синтезделбөөчү аминокислоталардын баардыгы болот. Бул заттарды организм башка эч бир азыктан ала албайт, сүт ошонусу менен баалуу. Сүттөгү май бүртүгү үстүнө калкып чыгып, каймак пайда кылат. Сүттөгү сүт канты сүттө гана учурайт. Ал сүт кислотасын жана башкаларды пайда кылуу менен түрдүүчө жана оңой ачыйт. Бул процесс сүт кычкыл азыктарын, быштак, айран, сүзмө, сыр, кымыз ж. б. жасоо технологияларында пайдаланылат. Сүттө минерал заттар организмге керек өлчөмдө, катнашта болот, мындан тышкары алтымыштан ашык фермент болот. Бул ферменттер тамакты жакшы сиңирүүдө жана сүт азыктарын даярдоодо маанилүү. Сүттүн составында гормондор, иммун заттары, газдар жана микроорганизмдер кездешет. Жаңы саалган сүттө бактерияларга каршы заттар (лактенин) болуп, алар сүттөгү микроорганизмдердин өөрчүшүн 2-3 саатка токтотуп турат. Ошондуктан жаңы сүт 4-8градус чейин муздатылса көпкө сакталат.

Сүт азыктары - тамак-аш азыктарынын сүттөн жасалуучу чоң тобу. Сүттөн түрдүү азыктарды даярдоо - анын сактоо мөөнөтүн узартуу жана составындагы аш болумдуу заттарды сактоо илгертен эле белгилүү болгон. Сүт азык заттарынан азыркы убакта каймак, айран, кефир, йогурт, быштак, сыр, каймак май, сары май, сүзмө, кымыз жана башкалар кеңири колдонулууда Тыянак чыгаруу: Сүттүн составындагы организмге, айрыкча балдар үчүн эң керектүү заттардын болушу аны баа жеткис азык кылат.









Сүт азыктары

Сүт азыктарын сактоочу жана бышыруучу идиш-аяктар



Сүт азыктарын сактоо



Сүт жана сүт азыктарын

сактоо мөөнөтү


Азыктар

Сактоо мөөнөтү

Сүт азыктары

20 саат

быштак

24 саат

каймак

72 саат

сыр

5 күндөн-15 күнгө чейин

Каймак май

5 күн

сары май

15 күн


6. Рефлексия (5 минута)

Кадам артынан кадам”.

Ар бир топ өзүнчө айлана болуп туруп ”мен бүгүнкү сабактан ...... билдим” деген сыяктуу сүйлөмдөрдү колдонуп жаңы тема боюнча алган билимдерин айтып беришет.


7. Үй тапшырма:

1-тапшырма: сүттөн жасалуучу тамактын рецептин жазып келүү.

2-тапшырма: тема боюнча 10 суроодон кем эмес турган “чын”, “жалган” түрүндөгү сүйлөмдөрдү түзүп келүү.

3-тапшырма: сүт жана анын касиеттерин камтыган 20 сүйлөмдөн кем эмес жомок жазып келүү.


8. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо:

Мугалим: Баалоо баракчасындагы упайлардын санын эсептеп, окуучуларды баалайт.