СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Саябай каралаев

Нажмите, чтобы узнать подробности

Саякбай Каралаев

Просмотр содержимого документа
«Саябай каралаев»

Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

Саякбай Каралаев Тоң районунун Семиз-Бел айылында 1894-жылдын 7-сентябрында туулган. 1917-жылы Кызыл гвардиячылар отрядына өз ыктыяры менен кошулуп, Кызыл Аскер менен бирдикте Сибирде, Алма-Атада, Бухарада Советтик бийликти коргогон. 1921-1931-жж. Каракол районундагы Маман жана Ырдык айылдык кеңешинин башкармасы болуп иштеген. 1930-жылы С.Каралаевди Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын тил жана адабият ИИИсине иштөө үчүн чакырышкан. Анын айтуусу боюнча "Манас" эпосун жазып алышкан. 1936-жылы аны Кыргыз Мамлекеттик филармониясына «Манас» айтуучу катарында кабыл алышкан.
Манасчылык таланты анын балалык кезинде чоң апасы Дакиштин таасири астында ойгонгон. 1918-жылдан С.Каралаев «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү өз алдынча айта баштаган. 1924-жылы ал белгилүү манасчы Чоюке Өмүров менен жолугуп, бир нече жылдар ичинде андан «Манас» эпосун айтууну үйрөнгөн. С.Каралаев өзүнүн эскерүүлөрүндө белгилүү манасчы Акылбек жөнүндө дагы өзүнүн устаты катары эскерген. 1930-жылдан көрүнүктүү манасчы болуп эсептелген.
1935-жылдан Каралаевдин толук варианты боюнча «Манас» эпосун жазуу иши башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин «Семетей», «Сейтек» жазылып алынган. Мурда белгисиз болгон Кенендин, Алымсарыктын жана Кулансарыктын окуялары эпостун уландысы болгон. «Манас» эпосунун бул вариантынын жалпы көлөмү 500553 ыр саптарын түзгөн. Дүйнө элдеринин эпостору менен салыштырганда көлөмү боюнча Гомердин «Илиада» жана «Одиссеясынан» 20 эсе, «Шахнамеден» 5 эсе, «Махабхаратадан» 2 эсе чоң.
С.Каралаев «Манас» эпосун бир нече айлар бою үзгүлтүксүз аткара алган. Аны XX кылымдын Гомери деп аташкан.
С.Каралаевдин айтуусунда «Эр Төштүк» эпосу жазылып алынып, 1938-жылы кыргыз тилинде, ал эми 1958-жылы орус тилинде өзүнчө китеп болуп чыккан. Ал тарабынан жомок, поэма, аңгеме түрүндөгү бир катар оригиналдуу чыгармалар жаралган жана өзүнчө басылып чыккан.
1938-жылдан СССР Жазуучулар союзунунун мүчөсү.
1939-жылдан Кыргыз ССРинин Эл артисти.
Үч жолу «Эмгек Кызыл Туу» ордендери, «Ардак белгиси» медалы, Ардак грамоталар менен сыйланган.