СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Сан огу" сабактын иштелмеси

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

өзүм түзгөн иштелме

Просмотр содержимого документа
«"Сан огу" сабактын иштелмеси»

Число _________предмети _________________________________классы__________________

Сабактын темасы: Сан огу . Координаталык түз сызык.

Сабактын максаты: Сан огу жөнүндө түшүнүк алышат. Бирдик кесиндини билишет.

Сан түз сызыгын сыза алышат жана сандардын координатасын таба алышат.

Турмуш менен байланыштырып түшүнүшөт.

Сабактын жабдылышы : Сызгыч, бор, карточкалар.

Сабактын усулу: Интерактивдүү усул. (Топтордо жана өз алдынча иштөө.)

Сабактын жүрүшү: Саламдашуу. Уюштуруу.

Үйгө тапшырманы карточка таркатуу жана ооз эки түрүндө сурап билүү.

  1. Көптүк деген эмне?

  2. Түз сызык, шоола, кесинди деген эмне?

  3. Бурчтун түрлөрү.

  4. Жайылган бурч, аны экиге бөлсөк кандай бүрчтар пайда болот?

  5. Тик бүрч, аны экиге бөлсөк кандай бүрчтар пайда болот?

  6. Тар бурч, аны экиге бөлсөк кандай бүрчтар пайда болот?

  7. Кең бурч, аны экиге бөлсөк кандай бүрчтар пайда болот?

  8. Тик бурчтуктун периметрин жана аянтын кантип табабыз?

  9. Жолдун формуласы же аралыкты кантип табабыз?

Жаңы темага өбөлгө түзүү: Жаңы теманы өтөөрдөн мурун биз максат коюп алсак , бүгүнкү сабагыбыздын максаты эмне. Жаңы теманы өтүүбүздүн максаты турмушубузда кездешкен маселени чечүү үчүн алган билимибиз аркылуу ишке ашыруу. Сан огу жөнүндө түшүнүк алабыз. Ал эмне?. Тегиздикте же жашообузда түз сызыктар ар кандай кездешет, биз ошол кездешкен түз сызыктардын горизонталдуусун алабыз.Вертикаль жана горизонталь дегенди кандай түшүнөсүңөр. Кроссворд чечүүдө ушул сөздөр колдонулат. Горизонталь түз сызыкты алып. Анда ОА кесиндисин белгилейбиз.Кесиндинин сол чекитин О деп, оң чекитин А деп, О чекитин координата башталышы дейбиз.О дон А га чейинки аралык бирдик кесинди болот. А чекитине бир саны туура келген болсо А(1) , А чекитинин координатасы 1 деп окулат. Горизонталь түз сызыкта чекиттин жайгашуу абалын эсептөө башталышына – О чекитине карата аныктоо үчүн, аралыкты гана көрсөтүү жетишсиз. Мындан сырткары ал чекиттер кайсы жагында экендигин да көрсөтүү керек . О чекити горизонталь түз сызыкты эки шоолага бөлүп койду, ON жана OQ толуктоочу же карама- каршы шоолаларга,оң жагында оң сандар жайгашат, сол жагында терс сандар жайгашат.



А



Q О N





Ошентип,түз сызыкта эсептөөнүн башталышы, бирдик кесиндиси жана оң багыты көрсөтүлсө анда ал сан түз сызыгы деп аталат.

Сан түз сызыгында чекитке туура келүүчү сан ал чекиттин координатасы деп аталат.

Чекиттин түз сызыктагы абалын көрсөтүүчү сан ошол чекиттин координатасы д. а.

М: М(6); N(-4) ;D(7); B(-5); K(-2); чекиттерин сан огунан көрсөтөбүз.



Бышыктоо:

№201

Сан огунда белгилегиле:

-3, 1; 2; -1; 5





  • Координаталык түз сызыкта: А(1); В(8); С(-6); М(-2);К(7); чекиттерин сүрөттөп көрсөткүлө.

  • Координаталык түз сызыкта эсептөө башталышынын оң жагынан, бирдик кесиндиси 2 см болгон А (-2) чекитин тапкыла.

  • Сан огунан -5 тен баштап 1 ге чейинки аралыкты тапкыла.

  • Сан түз сызыгында -7 менен 3 түн аралыгында кандай терс, бүтүн сандар бар.

  • Координаталык түз сызыкта -1 ден 6 га чейинки аралыкта канча оң , бүтүн сан бар.

  • Эгерде абанын температурасы эртең менен + 3 градус жылуу болуп, түштөн кийин 4 градуска төмөндөсө ,түштөн кийин канча градус болгон?

  • Таңга маал абанын температурасы -5 градус болуп түшкө жакын +10 градуска өзгөрдү? Түшкө жакын канча градус болгон?

Үйгө тапшырма №202

Баалоо: Өздөштүрүүсүнө жараша



















Көптүк деген эмне?



Түз сызык, шоола, кесинди деген эмне?



Бурчтун түрлөрү.



Жайылган бурч, аны экиге бөлсөк кандай бүрчтар пайда болот?



Тик бүрч, аны экиге бөлсөк кандай бүрчтар пайда болот?



Тар бурч, аны экиге бөлсөк кандай бүрчтар пайда болот?



Кең бурч, аны экиге бөлсөк кандай бурчтар пайда болот?



Тик бурчтуктун периметрин жана аянтын кантип табабыз?



Жолдун формуласы же аралыкты кантип табабыз?