МОДУЛЬ 1.
Жумушчу дептер
Тапшырма 1. Джигсо – Тренингдин катышуучуларын тааныштыруу үчүн колдонулган мозаикалык окутуу методикасы Төрт топко бөлүнөт, А, Б, В жана Г
1-Бөлүк (15 минут). Ар бир топ өз алдынча тандап, таанышуу үчүн көнүгүүнү же оюнду үйрөнүп, бул жаатта адис болушу керек (5мүнөт). Андан кийин, тандалган оюнду ойноп же көнүгүү жасап, топтун ичинде машыгыңыз (10 мүнөт).
2-Бөлүк (20 минут)
Ар бир топтон бирден эксперт төрт топко тең бөлүштүрүлөт жана жаңы топтун мүчөлөрүн өрүнүн көнүгүүлөрү/оюндары боюнча окутат. Ошентип, ар бир топ 4 көнүгүүнү/оюнду үйрөнүп, сынап көрүшү керек. Ар бир" экспертте " 5 мүнөттөн убакыт бөлүнөт. Иш 4 раундда, жалпысынан 20 мүнөттө жүргүзүлөт. Башка мүчөлөр бул процедуранын эсебин жүргүзүшөт.
3-Бөлүк (5 минут)
Окуу топторуңузда талкуулаңыз:
Көнүгүү жасап жаткандагы тажрыйбаңызды, сезимдериңизди, ойлоруңузду баяндаңыз_ Ар бир топко милдеттүү тапшырма берилгенде топтогу ар бир катышуучу аракеттенип,ойлорун ортого салышат. Логикасы, эсте сактап калуусу да өрчүйт.
Бул көнүгүүлөрдү колдонууда кандай артыкчылыктар жана көйгөйлөр бар? Бул оюнга тартылбаган окуучу болбойт. Баары биргеликте иштешет. Кээде бирин-бири түшүнбөстүктөр же өз оюн толук жеткире албашы мүмкүн
Тапшырма 2. МКТ компетенттүүлүгүн системалуу динамикалык башкаруунун негизги максаты - МКТ компетенциясынын өнүгүү динамикасын диагностикалоо жана окуу процессине өз убагында оңдоолорду киргизүү. Мониторинг бул мугалимдерди окутууда ишке ашырылып жаткан технологиянын, колдонулган методдун натыйжалуулугун текшерүүнүн жана баалоонун эң маанилүү куралы болуп саналат, ал билим берүүдө кемчилдиктерди жоюунун негиздүү жолдорун тандоого кызмат кылат жана натыйжалуу башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
Топтордо талкулоо №2
Тапшырма 3.
Документти карап чыгыңыз «Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2021–2030-жылдарга карата өнүктүрүүнүн концепциясы.» төмөнөнкү ссылка аркылуу кириңиз https://edu.gov.kg/media/files/3ae0adc0-2c9b-4014-9ee5-af90ce612959.pdf .
Кесиптештер менен топтордо талкуулагыла жана суроолорго жооп бергиле:
2030-жылга карата негизги орто мектептин бүтүрүүчүсүнүн үлгүсү кандай болот?
Негизги орто, орто жалпы мектептин бүтүрүүчүсүнүн модели башталгыч класстын бүтүрүүчүсүнүн моделинин уландысы болуп эсептелет жана анда белгиленген компетентүүлүктѳр жогорку деңгээлде калыптанат. Негизги орто, орто жалпы мектептин окуучуларынын жаш ѳзгѳчѳлүктѳрүн, ѳспүрүмдүк ѳткѳѳл мезгилдеги карамакаршылыктардын кѳп болушун, сабакка болгон кызыгууларынын тѳмѳндүшүн эске алуу менен, негизги орто, орто жалпы мектептин бүтүрүүчүсүнүн модели тѳмѳнкүдѳй негизги компоненттерди камтыйт: 1) Дене маданиятына жана спорт менен машыгууга кѳңүл буруусу.
2) Профилге чейинки билим берүү (кызыгууларына, жѳндѳмдүүлүктѳрүнѳ жараша) ишке ашырылышы.
3) Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар менен иштей алышы.
4) Кѳп тилдүүлүк билим берүүгө (кыргыз, орус, англис ж.б. тилдер) басым жасоосу.
5) Чыр-чатактуу кырдаалда медиацияны колдонуу билгичтиги.
6) Социалдык инклюзия маданиятын, гендердик теңдикти түшүнүүсү, бул кубулуштарга баа бере алуусу.
МКТ чөйрөсүндө мамлекеттик билим берүү саясатынын жана мектепти өнүктүрүү программасынын принциптерин түшүндүрүңүз. .
Көз карандысыз сертификациялоо жана алынган квалификацияны тактоо системасы киргизилген.
2. Баштапкы, орто кесиптик окуу жайлары жана чоң адамдар үчүн ийкемдүү жана үзгүлтүксүз билим берүү программалары (модулдук окутуу) киргизилген.
3. Жумушчу орундарда кош (дуалдуу) окутуу системасы киргизилген.
4. Маалыматтык технологияларды колдонгон инновациялык чөйрө түзүлгөн, билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасына кошулган электрондук колледж, лицей иштейт.
5. Окуучулардын гендердик теӊдиги камсыздалган.
6. Кесиптерге мамлекеттик тапшырык (заказ) берүү саясаты натыйжалуу ишке ашырылат.
7. Мектептерде параллелдүү профилдик окутуу системасы иштейт.
8. Педагогикалык кызматкерлердин үзгүлтүксүз кесиптик чеберчилигин жогорулатуу системасы ишке ашырылган.
9. Квалификациялуу жумушчуларды жана техникалык кызматкерлерди маалыматтык-коммуникациялык технологиялык көндүмдөрүн калыптандырууга багыттоо менен даярдоо жана кайра даярдоо ийгиликтүү ишке ашкан
Саясатты ишке ашыруу окуу процессине кандай таасир этет?
МКТны билим берүүдө колдонуу менен байланышкан саясий документтерди иштеп чыгууга таасир беришти. Мамлекеттик саясат боюнча бир катар документтерде түздөн-түз Сунуштамаларды эскерүүлөр бар. Мисалы, төмөндө келтирилген 2014-жылы жарыяланган жана Ʌатын Америкасы жана Кариб бассейнинин өлкөлөрү үчүн иштелип чыккан документтин үзүндүсүндө мындай деп айтылат "МКТны билим берүү процессинде же мугалимдер үчүн МКТ-компетенцияларды бардык деңгээлдерде жана этаптарда колдонуу боюнча ылайык келген стандарттардын белгиленген топтомун кабыл алуу. Бул максаттар үчүн "Мугалимдердин МКТ-компетенттүүлүгүнүн түзүлүшү. ЮНЕСКОнун сунуштамалары" педагогдордун кесиптик өнүгүүсү чөйрөсүндөгү колдонмо катары каралат. Сунуштамаларда окутуунун МКТ жаатындагы негизги көндүмдөрдүн алкагынан чыгуусуна акцент жасалат, жана ар кандай татаалдыктагы үч деңгээлдерде саясат, окуу программалар, баалоо, педагогикалык тажрыйба, уюштуруу жана кесиптик өнүгүү маселелери эскертилген. Балдарды эрте жашынан баштап окутуусуна МКТны натыйжалуу колдонууну камсыз кылуу максатында, дисциплинасына жана деңгээлине карабастан, бардык мугалимдерди кесиптик даярдоо уюштурулушу керек. ЮНЕСКОнун Сунуштамалары педагогикалык кадрларды кесиптик иш аракетке даярдоодо негиз катары, ошондой эле компетенцияларды дайыма өнүктүрүү жана квалификацияны жогорулатуу мүмкүнчүлүкктөрүн камсыз кылуу максатында, үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү процессинде пайдаланышы керек".Башка улуттук саясатта 01-жылы жарыяланган , ошондой эле, ЮНЕСКОнун Сунуштамаларына шилтемелер келтирилген жана үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүүдө педагогикалык кадрларды даярдоодо аларды пайдалануунун маанилүүлүгү баса белгиленген"ЮНЕСКОнун Сунуштамаларын колдонуп, Билим берүү, спорт, жаштар жана гендердик маселелер боюнча министрлик өлкөдөгү бардык тийиштүү кесиптик өнүгүү курстарын макулдашууга жана аларды кеңейтилген компетенцияларды өнүктүрүү улуттук түзүлүшкө интеграциялоого умтулат. Бул түзүлүшкө [жергиликтүү университет], түздөн-түз министрлик (Педагогикалык билим берүү департаменти жана Окуу программаларды иштеп чыгуу бөлүмү аркылуу) жана Окутуу ынтымагы сыяктуу эл аралык өнүгүүгө көмөктөшкөн башка уюмдар тарабынан сунушталган курстар киришет. Зарыл болгондо, алардын ЮНЕСКОнун Сунуштамаларына дал келүүсү үчүн бар болгон курстар кайрадан каралып чыгышат
Билим берүүнү модернизациялоонун артыкчылыктуу багыты кайсы?
Педагогдордун кесиптик ишмердигине маалыматтык коммуникациялык (МКТ) киргизуу бугунку кундо мектептеги жаны билим беруу стандартынын киргизилишине байланыштуу заманбап билим берууну модернизациялоонун артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Жана томонкулор да эсептелет.
“Электрондук китепкана” платформасы
PISA-2025 даярдык
Кошумча, инклюзивдүү билим берүү жана спорт
Билим берүү тармагынын – жогорку квалификациялуу мугалим
Мугалимдик кесипке шыктандыруу
Жетекчилерди тандоо сынагы
Баштапкы кесиптик билим берүү
Мектепке онлайн кабыл алуунун автоматташтырылган программасы
Электрондук доска МКТ ны сабакта колдоно алуу
Билимдин негизги булагы эмне болот деп ойлойсуз?
МКТ.(Маалыматтык коммуникациялык технологиялар), интернет булактары, китептер, энцклопедиялар, баарлашуу
Төмөнкү таблицаны толтуруңуз. Суроого жооп катары ар бир тилкеге 5 мисал келтириңиз:
Интернет жок болсо?
Менин жашоомдон жок болот | Менин жашоомдо пайда болот |
- Социалдык тармактар - Электрондук капчык, электрондук база (аудиокитептер, видеосабактар) - Керектүү маалыматтарды тез табуу мүмкүнчүлүгү - Сабакта окуучулар менен онлайн платформа, тесттер менен иштөө - Алыста жашаган тууган, дос-курбулар менен видеобайланыш аркылуу байланышуу | Көп убакыт Жакындар менен жүзмө-жүз жолугушуу, жандуу баарлашуу Адабий китептер, газета журналдар Ар түрдүү хоббилер (кол өнөрчүлүк, кулинария) Ден соолукка кам көрүү (уйкунун нормалдуулугу) |
Компьютер. Бул эмне: ден соолук үчүн коркунуч же заманбап дос жана жардамчы?
Төмөндө саналып өткөн сөз айкаштарынын ичинен оң жана сол тилкелердеги «Компьютер – ден-соолукка коркунуч» же «Компьютер – заманбап дос жана жардамчы» дегенди билдирген тиешелүү фразаларды тандаңыз.
1. Тиричиликтеги компьютердик сабаттуулук.
2. Компьютердик көз карандылыктын пайда болушу.
3. Ой жүгүртүүнү кеңейтүү .
4. Байланыш каражаттары
5. Колдун муундарынын ашыкча жүктөлүшү;
6. Компьютерди интеллектуалдык курал катары өздөштүрүү
7. Электромагниттик нурлануунун таасири;
8. Маалымат жоголгондо стресс;
9. Кесиптик компьютердик сабаттуулук.
«Компьютер – ден соолук үчүн коркунуч» | «Компьютер – заманбап дос жана жардамчы» |
-Компьютердик көз карандылыктын пайда болушу. -Колдун муундарынын ашыкча жүктөлүшү; - Электромагниттик нурлануунун таасири -Маалымат жоголгондо стресс; - Жандуу баарлашуудан китеп окуудан музейлерге баруудан баш тартуу -уйкунун бузулушу | - Тиричиликтеги компьютердик сабаттуулук. -Ой жүгүртүүнү кеңейтүү . -Байланыш каражаттары -Компьютерди интеллектуалдык курал катары өздөштүрүү - Кесиптик компьютердик сабаттуулук |
Кошумча адабияттар:
- 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы https://mfa.gov.kg/uploads/content/1036/cc1aaa7e-1e5d-3a35-bd69-9d52e9c1ba70.pdf ;
- «Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты»: (http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/96691?cl=ky-kg );
МОДУЛЬ 2.1. Жумушчу дептер
Тапшырма 3. Төмөнкү суроолорго жооп бериңиз:
Интерактивдүү онлайн досканы кандай максаттарда сабактарда колдонсо болот?
Сабактын бардык этаптарында колдонсо болот: жаңы теманы түшүндүрүүдө, бышыктоодо, жыйынтыктоодо ж.б. Окуучуга маалымат эсинде калуу, таанып билүүсүн, логикасын, сөз байлыктарын, өз алдынча иштей алуу максатында иштетсе болот.
1. Сиз кандай онлайн такталарды билесиз?
(тизме)_
Тапшырма 4. Практикалык бөлүк.
Онлайн Padlet тактасынын мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүңүз. Өзүңүздүн интерактивдүү доскаңызды түзүңүз: https://padlet.com, ага Google Классыңызда шилтеме бериңиз жана төмөнкү суроолор боюнча өзүңүздү коргоого даяр болуңуз:
padlet-f4hr8e8c1plheeqt
- Бул тактаны кандай максатта даярдадың? Окуучу теманы эсинде сактоо, түшүнүү үчүн.
- Анын жардамы менен иштин кандай формасын (топтук же жекече) караштырдыңыз эле? теманы слайд катары топто иштөө маанисинде карагам
- Сиз түзгөн доскада окуучу өз ишин доскага жайгаштырып, мугалим комментарий бере алабы? Бере алат
2. https://learningapps.org дарегин карап көрүңүз. Учурдагы калыптардын бирин колдонуп, интерактивдүү колдонмолоруңуздун каалаганын түзүңүз жана төмөнкү маселелер боюнча өзүңүздү коргоого даяр болуңуз:
https://learningapps.org/watch?v=p3p59djuj23
- Бул көнүгүү сабакты кандай максатта даярдадың? - Анын жардамы менен иштин кандай формасын (топтук же жекече) караштырдыңыз эле?
Бул көнүгүүнү окуучулардын ойлоосун, сөз байлыктарын өнүктүрүү максатында колдонгом.
3. Pixton (https://www.pixton.com) менен StoryboardThat (https://www.storyboardthat.com/blog/e/comic-creation) менен карап көрөлү. Белгилүү бир сюжет менен каалаган комикстерди жаратыңыз жана төмөнкү маселелер боюнча коргоого даяр болуңуз:- Кайсы ресурс сизге көбүрөөк жакты жана эмне үчүн?
Мага Комикс көбүрөөк жакты. Окуучуларга теманы түшүндүрүүдө бардык ресурстарды колдонсо болот экен . Каармандарды сүйлөтүү, кыймылдоо, отуруу, боёктор ж.б. баары.
- Комикстерди жаратууда кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңуз (балким, сюжет ойлоп табуу, каармандарды тандоо, же татаал инструменттер топтому барбы)? - Бул материалды сабактын кандай максаты үчүн даярдадың?
Эки адамдын ортосундагы баарлашуусу деген теманы түшүндүрүү мага оңой болду. Каармандарды бири-бири менен сылык сүйлөшүүгө, мамиле түзүү билүүгө ж.б. табуу жеңил болду.
4. https://genially.com ресурсунун мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүңүз. Интерактивдүү тапшырмалар жана башка ресурстарга шилтемелер менен өз квестиңизди түзүңүз жана бул тапшырма менен ишке ашырган максаттарыңызды жана милдеттериңизди көрсөтүү менен аны көрсөтүүгө даяр болуңуз.
5. Ресурс (https://www.liveworksheets.com/worksheets/ru) иш барактарын түзөп, аларды топко көрсөтүңүз.
6. PowerPoint аркылуу оюн иштеп чыгуу (даяр шаблондорду колдонуу же өзүңүздүн оюңузду түзүү) жана аны топко көрсөтүңүз.
Power point менен сабак өтүү, слайд түзүү сабак өтүүдө, теманы түшүндүрүү жеткиликтүү болот деп ойлойм.
3-мод
https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSceq_HX5VEsz3jPbTgMFnHpBKW8zbAhL8OrmsB5RtpbuQw_XA/viewform?usp=share_link
https://forms.gle/ATXGnpdXQQ3izxHz5
Бүгүнкү сабакта эмнени үйрөндүм?
Бүгүнкү сабакта эмнелерге үйрөндүм?
Жашоомдо жана окутуучулук практикада муну эмне кылам?
Мен бүгүнкү сабакта сабакта колдоно турган көптөгөн маалыматтарды үйрөндүм. Айрыкча азыркы заман талап кылган; билим берүү процессинде социалдык медиа тармактарды колдонуу керектигин билдим. Сабакта:Санариптик сабаттуулук, МТКнын пайдасы, актуалдуулугу тууралуу маалымат алуу менен онлайн тесттерди түзүү, интерактивдүү доскалар менен иштөө, сабактарга презентацияларды түзүү, презентациялардын түрлөрү, ар түрдүү ресурстарды кыймылга келтирүү, сабак учурунда колдонуучу оюн (викторина, ребурс, чайнворд ж.б) Onlain TestPad, Word wall, Jpdchat, learning app, Coogle form, Coogle Диск терди иштөөнү, түзүүнү үйрөндүм.
Бүгүнкү сабакта комикс, Canva ж.б программаларында слайд, жана тапшырма түзүүнү, аларды сабакта колдонсо окуучуларга жеткиликтүү болорун, онлайн тесттерди түзүү (ворд волл менен случайно колесо, викторина, мультиурок, инфоурок, яндекс урок) менен кайра жыйынтыктарын тез эле убакта чыгаруу, окуучулар өздөрү билип алуу экенин билип, үйрөндүм.
Жашоо жаңылануу талап кылып жаткандай эле, бул курстан үйрөнгөн маалыматтарды практикада, албетте колдоном. Себеби азыркы муундарды Z муун деп коет эмеспи. Окуучуларды сабакка кызыктырууда, телефондорду пайдалуу жактарга колдонуу үчүн, сабактарда оюндарды (полечудес, миллионер, викторина ж.б.) ойнотуу, сабакты жыйынтыктаган, өтүлгөн темаларды кайтоо үчүн онлайн тестпад, ворд волл, мультиурок, сооgle диск, биоурок, урок ж.б. тесттерди түзүп, убакытты үнөмдүү пайдалануу же жыйынтыгы окуучунун өзүнө көрүнүп, ынана турган жыйынтыктары белгилүү болушу, адабий китептерди окуй албай жаткан окуучуларды онлайн же аудио китептерди окутууда, окуучуларды менин сабагыма болгон кызыгуусун жогорулатуу, кызыгып катышуу үчүн алган билимдеримди колдоном.
Билим берүү процессинде социалдык медиа тармактарды колдонуу менен предметиңиз үчүн МКТ инструменттерин колдонуп өз алдынча иш аткарыңыз.
Мен кыргыз тили жана адабияты мугалим болгондуктан сабакта МКтнын инструменттерин айрыкча, онлайн тесттерди түзүп, окуучулардын билимдерин аныктап жүрөм.
Мисалы: Онлайн Тест Пад: https://onlinetestpad.com/cexcptsluj77o
https://onlinetestpad.com/4idu52aey7wie
https://onlinetestpad.com/4knzkvjthqcrc
WordWall: https://wordwall.net/ru/resource/54993311
https://wordwall.net/resource/36184938/%d1%81%d0%ba%d0%b0%d1%80%d0%b0%d1%87%d0%b5%d0%b2-9-%d0%ba%d0%bb
https://wordwall.net/resource/36187206/6-%d0%ba%d0%bb-%d1%8d%d0%bc%d0%b3%d0%b5%d0%ba-%d1%8b%d1%80%d0%bb%d0%b0%d1%80%d1%8b
https://wordwall.net/resource/36295202
Гуглдиск https://docs.google.com/presentation/d/1UFmxznHl2aFZpE4gH5xyo4dUQUX3xWYaXXnUjSpoUio/edit?usp=sharing
Баалоо.
Баалоо боюнча мугалим учун санариптик ресурстар бар.Аларды ынгайына жараша сабакта колдоно билуу мугалимдин чеберчилигине байланыштуу.Окуучуларды баалоо ото жоопкерчиликтуу процесс.Ар бир окучуу алган баасына ынануу керек. Ошондуктан баалоодо оозеки же жазуу жузундо комментарий бергенди адатка айландырганмын.
Балдардын жазуу иштерин булутка сактоо мугалим учун ынгайлуу.Бул мумкунчулукторду билгенден кийин мен да сабактарымдын пландарын, документтеримди булутка сактап баштадым.
Балдардан тест иштериин алганда Онлайн теспат, гугл форма менен алып баштадым.Бул мумкунчулук онлайн сабак отуудо ынгайлуу экен.Окуучулардын ата- энелери менен байланышууда, анкета алууда ынгайлуулугун корсотту.
4-мод
https://wordwall.net/resource/54686231
https://wordwall.net/ru/resource/56215410 ....
https://wordwall.net/resource/54295571
5-мод
Үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү
Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү — бул педагогдун кесип тандаган убагынан баштап кесиптик өнүгүүдөгү эң жогорку деңгээлге жетишине чейинки, педагогикалык билим алуу, дайыма кесиптик чеберчилигин жогорулатып туруу аркылуу, ошондой эле конкреттүү инсандын билим алуудагы муктаждыктарын канааттандыруу максатында өсүү жолун ырааты менен басып өтүшү.
Ү- ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ. Окуу, окутуу үзгүлтүксүз жүрөт, анткени бул кесипте биз окутуунун абалын талдап, натыйжалуулугун арттыруу ыкмаларын издешибиз, жаңы билимдерди колдонушубуз, анан алынган жыйынтыктарды баалашыбыз керек. Анткени окуп-үйрөнүү муктаждыктарын талдоо кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстарынын мазмунун өзгөртүүгө өбөлгө түзөт.
К- КЕСИПТИК окутуу – бул жөн эле башкалардын кылган кара жумушу эмес, өзгөчө кесип. Бул кесип дайыма ой жүгүртүп, ишибиздин учурдагы жүрүшүн дайыма талдап турууну жана аны өркүндөтүүгө умтулууну талап кылат.
Ө- ӨНҮГҮҮ – бул коомдогу өзгөрүүлөргө шайкеш келүү, өнүмдүү жашоо үчүн ишибизди жакшыртуу. Өнүгүү – бул бир абалдан экинчи, кыйла өркүндөгөн абалга өтүү процесси. Эски сапаттык абалдан жаңы сапаттык абалга өтүү.
Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү – бул өз кесибибизде кадам артынан кадам коюп, өнүмдүү жашоо үчүн өзүбүздү өзгөртүү процесси. Бул жалпы дүйнөлүк тенденция экендигин белгилей кетишибиз керек. ҮКӨ процесси мектеп кызматкерлеринин жетекчи менен бирге өзүнүн педагогикалык компетенттүүлүк деңгээлин аныкташына, алдыда окуп-үйрөнүү үчүн кандай муктаждыктары барлыгын билишине түрткү берет. Биз ҮКӨнү суроо-талапты көздөгөн процесс деп эсептейбиз, анткени окуп-үйрөнүү курстарынан өткөн кишилер гана ал кандай болушу керек экендигин билет. Ошентип, кызматкерлер өздөрүнүн кесиптик өнүгүүсүнө чоң жоопкерчилик менен мамиле кыла башташат. Бул өкмөт мугалимдерди окутканды же колдоо көрсөткөндү токтотот дегенди билдирбейт. Ал муну жаңы жана инновациялык ыкмалар менен улантат. Бирок кесипкөй катары сиз окутуунун майнаптуулугун жакшыртуу үчүн маалыматты кесиптештериңизден жана башка булактардан (мисалы, адабияттардан же интернеттен) издешиңиз керек. Сиздердин көпчүлүгүңүздөр муну жасап жатасыздар. Көп мектептерде жыл сайын мектептердин усулдук бирикмелеринин отуруму уюштурулуп, анда окутуунун жаңы ыкмалары менен усулдары талкууланып, жаңычыл ачык сабактар, устат сабактар өткөрүлүп турат. Негизи, үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү идеясы жаңы деле эмес. Мындагы жаңылык – окуп-үйрөнүүнү улантуу муктаждыгын максаттуу аныктоо жана белгилүү педагогикалык 7 компетенцияларды жакшыртуу үчүн иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү куралдары иштелип чыккан ырааттуу кадамдар үлгүсү. Биздин билим берүү тутумубуз тез өзгөрүп баратканын эске алганда, баардык кызматкерлер окуудан, айрыкча өздөрүнө зарыл нерселерди үйрөнүүдөн пайда таба алат. Педагогикалык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн арттыруучу институттар өздөрүнүн окутуу курстарынын программаларын мугалимдердин жана мектептин башка кызматкерлеринин муктаждыктарына жараша өзгөртүшү үчүн убакыт талап кылынары анык. Кесиптик өсүү - мугалимдин кесиптик өсүшүнүн ажырагыс элементи. Көпчүлүк учурларда билим берүү уюмдары кызматкерлерденмугалимдерден алар аяктаган курстар боюнча отчет берүүнү талап кылышат. Бирок, сиз онлайн курстан өтүп, тренингге катышууга же окуу марафонуна катышууга өзүңүздүн демилгеңиз менен барсаңыз болот - өзгөчө кантип бюджеттүү окууну билсеңиз. бул материал- квалификацияны жогорулатуу үчүн заманбап жолдор жөнүндө камтылган. Квалификацияны жогорулатуу — теориялык жана практикалык билимдерин жаңылоо, квалификацияга улам барган сайын өсүп жаткан талаптарга байланыштуу адистердин квалификациясын жогорулатуу. Башка курстардан айырмаланып, мисалы, онлайн окутуу курстары, квалификацияны жогорулатуу курстары квалификациясы барлар үчүн гана жеткиликтүү. Демек, мындай курстарга профилдик билим жөнүндө диплому барлар гана, жогорку, орто атайын же кесиптик, ошондой эле иштеп жаткан жеринде практикалык тажрыйба алгандар гана кире алышат.
Мультиурокко катталып окуу курстарына катышып өз билимин өркүндөтүү