Просмотр содержимого документа
«Сергек жашоо,витаминдер,туура тамактануу»
Жер жемиштерди к өп жеш керек !
Ар бир жер жемиштин өзүнүн өзгөчө пайдасы бар,андыктан баарын туура пайдаланууга үйрөн.
Туура тамктануу
Бир күндө 4 маал тамактаныш керек. Өз убагында тамактануу ден-соолука пайдалуу.
Витамин - латын сөзүнүн vita ( өмүр) деген сөзүнөн келип чыккан. Витаминдер тамак-аш азыктарында өтө аз өлчөмдө болушат жана ошон үчүн кичи азык заттарына кирет. Алар организмге аз өлчөмдө талап кылынат жана организм тарабынан иштелип чыкпагандыктан тамак-аш менен гана барышы керек. Азыркы кезде жалпы таанылган 13 витамин бар. Анда эмесе, алардын айрымдарына токтолуп өтөлү.
Витамин А
Ретинолдун функцияларынын эң белгилүүсү көздүн көрүүсүн сактоо менен байланышкан. Мындан тышкары ал тери, былжырлуу оболочка үчүн керек жана иммунитеттин иштелип чыгышына катышат.
А витамини боор, жумуртканын сарысында, сүт жана сүт продукцияларында көп кездешет. А витамининин мурункусу ( провитаминдер) - бул каротиндер. Анын ичинен эң белгилүүсү ..... каротини. Ал сабизде, шпинатта, ашкабакта, абрикосто жана коондо бар.
А витамининин жетишсиздиги эмне үчүн коркунучтуу жана анын жетишсиздиги эмнеге таасирин тийгизет?
Анын жетишсиздиги түнкү сокурлукка (тоокко окшоп), көздүн мүйүз оболочкасын кургатып жана жумшарууга алып келет. Балдардын жакшы көрбөөсүнүн бирден-бир себеби ушул А витамининин жетишсиздиги болуп саналат.
Эт, жумуртка, нан, жаңгак, буурчак,кофе,шокалада бар.
Витамин «С» - апельсин,алма, жүзүм, капустда болот.
Көбүнчө –лимон,карагат,итмурунда болот.
Апельсин жана башка мөмө жемиштерде витамин С көп болгондуктан алар бизге көп оорубай бат айыгып кетишибизге жардам берет.
.
Витамин «Д» быштакта, боордо, жумурткада, сырда болот.
Ал биздин организмибизди чыңдайт.
Витамин D балдардын тиштеринин чыгышына жардам берет .
Сүттөн жасалган тамак-аштарды,кашаларды жешибиз керек.Себеби сүт мене жасалган тамактарда балдарга керектүү «Е» витамини бар.
Таттууларды көп жебеш керек.