СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сиз учун пайдасы тиет.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сиз учун пайдасы тиет.»

ЖАНЫБАРЛАРДЫН АТАЛЫШТАРЫ

Жылкынын аталыштары

Кулун – аттын баласынын жалпы аты

Жабагы – беш-алты айга чейин

Тай – бир жашка чыкканы

Кунан – эки жашар

Бышты – үчтөн ашканы

Бир асый – беш жаша

Эки асый – сегиз жашар

Бээ - ургаачысы

Байтал – кулундай элек бээ

Айгырак – кичирээк эркек жылкы

Айгыр – тукум улай турган эркеги

Азоо – тапталбаган ат

Жорго – эки бутун бирдей таштап тез баса алган ат

Буудан – эң күлүк

Койдун аталыштары

Козу – кой баласы

Күрпөң – бир жашар козу

Токту – эки жашка чыккан ургаачысы

Тубар – төлдөй турган кой

Соолук – төрт жаштан ашкан ургаачы кой

Ирик – бычылган, союу үчүн багылган кой

Кочкор – тукум улай турган эркеги

Уйдун аталыштар

Музоо – жаңы туулганы

Торпок – бир жашка чыкканы

Кунаажын – бир жаштан ашкан ургаачы уй

Инек – үч жаштан өткөн музоологон уй

Бука – тукум улаган эркеги

Өгүз – бычылган, согумга багылган эркек уй

Ноопаз – төрт жашка чыккан, бычылган уй

Эчкинин аталыштар

Улак-баласы

Чыбыт – ургаачысы

Теке – эркеги

Серке – бычылган, союуга багылганы

Төөнүн аталыштары

Бото же тайлак – баласы

Иңген – төлдөгөн ургаачы төө

Каймал – беш жашар ургаачы

Буура – тукум улоочу эркеги

Атан – бычылганы эркеги

Нар – бир өркөчтүүсү

Желмаян – күлүгү

 Ит баласы — күчүк

 Мышык баласы — мыймый

 Эшек баласы — такай, коделек

 Эшек менен жылкынын аргындашканы – качыр 

 Чочко баласы — торопой

 Эликтин баласы — чаарчык, эркеги куран, ургаачысы телки аталат.

 Топоздун баласы — мамалак

 Аркар баласы — козу, аркардын эркеги — кулжа

 Бугу баласы — музоо

 Суур баласы — чөндөлөй

 Чычкан баласы — мөндөлөй

 Карышкыр, бөрү баласы — бөлтүрүк

 Коёндун баласы — бөжөк

 Аюунун баласы — мамалак 

 Түлкүнүн баласы — бачики

 Чөө баласы да — бөлтүрүк (күчүк да дешет)

Пил баласы – бото

Пирлерди үйрөнөбүз

Адамзаттын пири – Адам ата
Наристенин пири – Умай эне.
Күүнүн пири – Камбаркан
Устанын пири – Дөөтү ата
Суунун пири – Сулайман
Сууктун пири – Аяз ата
Малдын пири – Малабай
Койдун пири – Чолпон ата
Жылкынын пири – Камбар ата
Күлүктүн пири – Дулдул
Уйдун пири – Заңги баба
Иттин пири – Кумайык
Төөнүн пири – Ойсул ата
Кийиктин пири – Кайберен
Алгыркуштун пири – Алпкаракуш
Курттун пири – Кара чаян
Суурдун пири – Чие ата
Кумурсканын пири – Кумпа баян
Жылдыздын пири – Үркөр ата
Бакыттын пири – Дөөлөткуш
Сүйүүнүн пири – Зулайка-Жусуп
Табыпчылыктын пири – Улукман
Эр азаматтын пири – Кырк чилтен
Тоонун пири – Тастар ата
Акылдын пири – Шайык баба.