Просмотр содержимого документа
«Сыдыковдун өмүр баяны»
Сыдыков Батырали 1939-жылдын 27-октябрында айылдык мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1968-жылы Москвадагы Ветеринардык академиясын аяктагандан кийин Ош областындагы мамлекеттик асыл тукумдаштыруу станциясында катардагы, башкы адис, андан кийин анын директору болуп эмгектенген.
1976-жылы партиянын Борбордук Комитети аны көп тармактуу Сузак районуна жиберет, анда ал айыл чарба башкармасынын начальниги, андан кийин 1978-жылга чейин партиянын райондук комитетинин экинчи секретары болуп иштеген.
1976-жылдан тартып 1982-жылга чейин төрт жыл бою Кыргызстан компартиясынын Ош областтык комитетинин Айыл чарба бөлүмүн жетектеген.
1983-жылы Батырали Сыдыков дагы бир абройлуу эл аралык класстагы жогорку окуу жайды-КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясын (КИА) бүтүргөндөн кийин Кара-Суу райаткомунун төрагасы болуп дайындалган.
Өткөн кылымдын 90-жылдарында улуттар аралык кырдаал курчуп, каргашалуу Ош окуяларынын жалыны жанган. Ошондо областтык Кеңештин депутаттары Батырали Сыдыковду бир добуштан колдошуп, Кыргыз Республикасынын Президенти аны Ош областынын акими-губернатору болуп дайындоо жөнүндөгү Жарлыкка кол койгон.
Эгемендүү Өзбекстандын Президенти И. Каримовдун 1992-жылдын 15-мартындагы биринчи визити Ош областында өттү, бул окуя областтагы улуттук аралык кырдаалды турукташтырууга кыйла даражада көмөк берди. Андан мурда Ош областында Курманжан Датканын 180 жылдыгы жана Алишер Навоинин 550 жылдыгы сыяктуу ири иш чаралар өткөрүлгөн. Бул максаттуу чаралар белгилүү Ош окуяларынан кийинки абалды толугу менен турукташтырууга мүмкүндүк берди.
1995-жылы Батырали Сыдыков Кыргызстандын Өзбекстандагы Толук ыйгарым укуктуу элчиси катары дипломатиялык кызматка жиберилген. Ташкентте ал тарабынан Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын Достук коому уюштурулган. 1996-жылдын декабрь айында Ташкентте Элчиликтин расмий ачылышы өткөрүлүп, ага эки боордош мамлекеттердин президенттери катышкан. Эки тараптуу дипломатиянын тарыхында биринчи жолу “Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы түбөлүк достук жөнүндөгү Келишимге” кол коюлган.
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп иштеген жылдарда Ташкент шаарында Кыргызстандын элчилигинин жаңы имараты чарбалык ыкма менен курулган. Азыркы кезде кыргыз элчилигинин респектабелдүү имараты мурдагы Саматова атындагы көчөдө жайгашып, ал көчөнүн көркүнө көрк кошуп турат. Кийин Элчиликтин демилгеси менен ал көчө улуу эпостун 1000 жылдыгынын урматына Манас көчөсү болуп кайрадан аталган.
Дипломатиялык жана илимий иштерди айкалыштырып, Б.Сыдыков 2000-жылы “Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн социомаданияттык модели” деген темадагы доктордук диссертациясын коргогон.
2001-жылы декабрь айында жети жылдык дипломатиялык иштен кийин Б. Сыдыков К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин ректору болуп дайындалат. Бул окуу жайында 7-жыл жетекчилик кызматты аркалаган.
Батырали Сыдыков “Ардак белгиси” ордени, “За доблестный труд” медалы, Бүткүлсоюздук айыл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн Алтын медалы, “Кыргыз тилин өнүктүргөндүгү үчүн”, “Эмгеги сиңген инсан”, “КРдын 10 жылдыгы”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 70 жыл”, “КР ТИМдин 70 жылдыгы” деген төш белгилери менен сыйланган.
Ал легендарлуу парламенттин депутаты болгон. Б.Сыдыков “Экосан” эл аралык фондусунун, Ташкенттеги Рим клубунун филиалынын мүчөсү, Өзбекстан Республикасынын философтор коомунун ардактуу мүчөсү, Каз УАУнун, Кыргыз УАУнун ардактуу профессору, Кыргызстан улуттук академиясынын философия жана укук таануу институтунун окмуштуулар кеңешинин мүчөсү болуп эсептелет. Ал КРдын инженердик академиясынын чыныгы мүчөсү, ал 3 монографиянын жана 35 илимий эмгектердин автору. 2010-жылы октябрь айында Ош областтык мамлекеттик администрациясы тарабынан “Ош областынын Даткасы” деген Ардактуу белги менен сыйланган.
Батырали Сыдыков 2014-жылдын декабр айында бул дүйнө менен кош айтышты.