СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Түрк дүйнөсүнүн улуу ойчулу

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Түрк дүйнөсүнүн улуу ойчулу»


ЖУСУП БАЛАСАГЫН ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН УЛУУ ОЙЧУЛУ.

«Куттуу билим» деп аталган классикалык чыгарманы жараткан баласагындык Жусуп түрк элдеринин орто кылымдык маданиятынын баш тобунда турат. Бул чыгарма – дүйнөлүк руханий мурастын, түрк адабиятынын, маданиятынын жана илиминин залкар эстелиги. Кыргыздар жана башка түрк элдери “Куттуу билим” эмгегин өздөрүнүн жазма адабиятынын алгачкы түрк-мусулмандык шедеври деп эсептешет. Жусуп Баласагындын инсан катары улуу аалымдыгын, анын түрк-мусулман маданиятын калыптандырууга кошкон чоң салымын эске алып, ошондой эле кыргыз мамлекеттүүлүгүн жана элдин ынтымагын бекемдөө, кыргызстандыктардын жаңы муунун патриоттуулукка жана адеп-ахлакка тарбиялоодо ойчулдун идеяларын жайылтуу максаты баба мурасынын бүгүнкү күндө өтө актуалдуулугунан кабар берет.

«Куттуу билим» дастанынын мазмуну, андагы идеялар, ой-кыялдар ошол мезгилдеги тарыхый кырдаал шарттаган рухий дөөлөттөрдү туюнтуу менен адам турмушунун түпкүлүктүү маани-манызын ачып турат. Жыйынтыктап айтканда, мындан он кылым мурда жаралган залкар чыгармасы менен баласагындык Жусуптун ысмы тарых барактарына өчпөс болуп жазылып калды. Анын бизге калтырган мурасы улуу рухий дөөлөт. Андагы ойлор бүгүнкү күн менен үндөшүп, кийинки урпактар үчүн улуу сабак.

Түрк цивилизациясынын калыптануу мезгили Борбор Азия аймагында Түрк каганатынын пайда болгон учуруна туш келет. Кубаттуулугу күчөп турган чакта Түрк каганаты евразиялык ири өлкөгө айланып, Чыгышта Корея, түштүктө Кытай , Индия, Иран, батышта болсо Византия жана Чыгыш Европа менен чектешип турганы белгилүү.

Түрк цивилизациясы менен маданиятынын андан-ары өнүгүшү орто кылымдардагы Түрк, Уйгур, Кыргыз, Түргөш, карахандар мамлекеттеринин, Монгол империясы жана Тимуриддер династиясынын тарыхы менен байланыштуу. Аталган аймакта цивилизацияга тиешелүү бардык белгилер камтылган эле. 1. Аймактын жалпылыгы жана жашоо шартынын бирдиктүүлүгү. Түрктөрдүн байыркы мекени Алтайдын катаал шарты жаны цивилизациянын жаралышына өбөлгө болгон. Талаа түрктөрдүн жашоо ареалы гана болбостон, табигый партнеру да болгон. Башкача айтканда, түрк мамлекеттери “Жер мамлекеттин негизи” деген принциптин негизинде калыптанышкан. 2. Мамлекеттеги бийлик системасы аскердик- башкаруу болгон. Мындай башкаруу мамлекеттин ички коопсуздугун гана камсыз кылбастан, жаны аймактарды басып алууга да ынгайлашкан. 3. Руникалык жазууга негизделген орток түрк тили б.з.ч. биринчи мин жылдыкта Алтай жана Азиянын талаа чөйрөсүндө калыптанган. 4. Мифологиялык диний ишеними – тенирчилик да түрк цивилизациясынын пайда болуп, өнүгүшүнүн бир шарты катары каралат. 5. Экономикалык байланыштары турмуш-тиричилигине ынгайлуу болгон көчмөн мал чарбасына негизделген жана темир өндүрүү, иштетүү, дыйканчылык, соода да өнүккөн. 6.Түркт өр өзгөчө, кайталангыс маданияттын жаратуучулары. Алардын дүйнө таанымы, диний ишеними, каада салты космос менен тыгыз байланышта болуп, “жогоруга” багытталган.

VI кылымда түрктөрдүн батышка жылуусу менен тарыхта “Элдердин улуу көчүүсү” деп аталган процесстин экинчи этабында түрктөр перс, араб элдеринин жетишкендиктерин өздөрүнө алуу менен синкреттик маданиятты түзгөн. Натыйжада дүйнөлүк маданият жана илимдин алдынкы өкүлдөрүн тарбиялап чыккан.

X кылымдын 40-жылдарында Ирандыктардын Саманид династиясын кулатышкан караханийлер Тенир- Тоодогу көчмөн түрк элдеринин алгачкы феодалдык мамлекетин орнотушкан. Анын аталышы бийлик кылган кагандардын титулу менен байланыштуу. Ө.К.Караев мусулман авторлорунун эмгектерин жана чыгыш таануучулардын илимий пикирлерин талдап, бул каганатты башкарган династия чигил төбөлдөрү деген тыянакка келген. [8, 76-б.]

Караханийлер династиясынын негиздөөчүсү Сатух Буура хан ислам динин кабыл алуу менен маданий жактан бир катар утуштарды жүзөгө ашырган. Ислам динин мамлекеттик идеологияга айландыруунун натыйжасынщда Теңир Тоодогу түркий калктар шарттуу түрдө башка элдер илимий жана маданий өнүгүүнү башынан өткөрүп жаткан “ Мусулмандык ренессанс” жүрүп жаткан чөлкөмгө баш кошушкан. Исламдын оң таасири астында Ортоңку Чыгышта илим- билим, маданият дүркүрөп өскөн. Окумуштуу А.И. Нарынбаевдин пикири боюнча “Чыгыш Ренессансынын” негизги маңызы маданияттын, коомдук- философиялык ойлоонун өнүгүшүндөгү гуманисттик багыт, илимдин таасири менен дүйнөнү рационалдуу таанып- билүү болуп саналат [12, 11-б.]. Дал ушул тарыхый кырдаал жана исламдын оң таасирлери Ала-Тоо аймагында араб, фарси тилдеринде эркин окуп жаза билген жердештерибиз Махмуд Кашгари менен Жусуп Баласагынды тарбиялап чыкты.

Дүйнөлүк маданиятта “Такывалык жыйнак”, “Мамлекет түркүгү” , “Өкүмдарлар зыйнаты”, “Шах китеби”, “Кут алчу билим” деген наамдарга ээ классикалык чыгарманы жараткан баласагындык Жусуп түрк элдеринин орт о кылымдык маданиятынын баш тобунда турат. Бул чыгарма – дүйнөлүк руханий мурастын, түрк адабиятынын, маданиятынын жана илиминин залкар эстелиги. Кыргыздар жана башка түрк элдери “Куттуу билим” эмгегин өздөрүнүн жазма адабиятынын алгачкы түрк-мусулмандык шедеври деп эсептешет. Жусуп Баласагындын инсан катары зор тарыхый маанисин, анын түрк-мусулман маданиятын калыптандырууга кошкон чоң салымын, карахандар доорунун Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын тарыхындагы маанисин эске алып, ошондой эле кыргыз мамлекеттүүлүгүн жана элдин ынтымагын бекемдөө, кыргызстандыктардын жаңы муунун патриоттуулукка жана адеп-ахлакка тарбиялоо үчүн ойчулдун идеяларын жайылтуу максаты баба мурасынын бүгүнкү күндө өтө актуалдуулугунан кабар берет.

Белгилүү тарыхый маалыматтарга караганда, Жусуп XI кылымдын башында (туулган жылы азырынча белгисиз) азыркы Токмок шаарынын түштүк тарабындагы Чүй районуна караштуу Ак-Бешим, Бурана айылдарынын аймагындагы Баласагын шаарында туулган. Ал оокаттуу адамдын үй-бүлөсүнөн чыгып, өз мезгилине ылайык билим алган жана география, философия, тарых жана башка илимдер менен тааныштыгы бар билимдүү адам. А.Н. Кононов Жусуп жөнүндө мындай деп жазат: «Жусуп Баласагын поэмадан дапдайын көрүнүп тургандай улуу акын, чексиз билимдүү, адамдын жан дүйнөсүн мыкты билген философ, илимпоз - энциклопедист, араб-перси поэмасынын, түрк фольклорунун билерманы болгон: астрономия жана математиканы, медицина менен элоквецияны билген, шахматты жана элдик оюндарды мыкты өздөштүргөн» [9, 481-б.].

«Кут алчу билим» поэмасы IX-X кылымдарда Бухарада түзүлгөн адабий топтун таасири астында жазылган. Мында Жети-Суу жана Чыгыш Туркестан – Чүй жана Талас өрөөндөрүнө: Борбордук Тянь-Шань менен Ысык-Көлгө мүнөздүү болгон түрк традициялары чагылдырылган. Е.Э.Бертельс «Түрк элдеринин баатырдык эпосундагы традицияларына карата» деген статьясында: «Кутадгу билиг» караханийлик Кашгарга мүнөздүү болгон көптөгөн жергиликтүү түрк традицияларын камтыйт [4, ]- деп, жазганы жогоруда айтып кеткенибизге күбө болот. Поэманы окуп жатып биз Жусуптун түрк салтын, ырым-жөрөлгөлөрүн, макал-лакаптарын жакшы билгендигине ынанабыз. Ошол байыркыдан оозеки окулган дастандар, накыл сөз, макал-лакаптар акындын шыгын ойнотуп ушундай чыгарманы жаратууга түртсө керек.

Жаңы түптөлгөн көчмөндөр мамлекетинин келечеги аны башкарган - элигден көз каранды экендигин түшүнгөн автор чыгармасында өкүмдардын укук, милдеттерине, иш билгилик жөндөмү жана адамдык сапатына токтолгон. Ал акылдуу, билимдүү, каада-салтты жакшы билген жана адеп- ахлагы таза инсан болушу зарылдыгын белгилеген. Анын башкы милдети өз элинин жыргал турмушу үчүн кам көрүп, адилет бийлик жүргүзүү. Мамлекетти тышкы душмандардан коргоп, өлкө ичиндеги тартипти камсыз кылат. Дастандагы Күнчыкты эликтин башкаруучулук, адамдык сапаттары аркылуу автор Караханийлердин башчысына өлкөнү башкарууга зарыл касиеттерди сүрөттөйт

«Кут алчу билим» дастаны кайсы тилде жазылган деген маселе көпт өгөн окумуштуулардын кызыгуусун туудуруп, түрдүү пикирлерди жараткан. Алсак, айрым окумуштуулар поэманы уйгур, экинчилери түрк маданиятынын эстелиги деп эсептешет. мисалы, В.В. Радлов «Кут алчу билимди» уйгур жазма эстелигине кошкон. Анын мындай жыйынтыкка келүүсүнө XI кылымда Чыгыш Түркстанды жердеген уйгурлар ошол доордогу калктардын ичинен маданияты жакшы өнүккөндүгү, алар жөнүндө маалыматтардын көптүгү себеп болгон. Бирок, орхон- рун жазмаларын иликтегенден кийин, В.В. Радлов мурдагы көз карашынан баш тартып, поэманы түрк тилиндеги чыгарма деп атаган. Академик бул пикирин “Кутадгу билигке акыркы сөз” деген статьясында мындай деп белгилеген: “Менин “Кутадгу билиг” уйгур тилинде эмес деген пикирге келишиме бир нерсе: уйгурлардын маданияты өнүккөн эл деп айтып жан6а автордун бул өз эне тилиндеги биринчи китеп экенин көрсөткөн сөзү негиз болуп отурат”. [13]

Ал эми В.В. Бартольд “Караханийлер өздөрүн уйгур деп атабаганы бизге белгилүү болду. Жусуп Баласагын пгоэмасын жазган тил уйгур тили эмес”, деп көрсөткөн. Чындыгында эле, карахаийлер өздөрүн уйгур деп атаганы эч бир булактан кездешпейт жана окумуштуунун жогорудагы пикири чыгарма уйгур тилинде жазылган эмес деп тыянак чыгарууга негиз болот. [3.]

С.Е. Маловдун пикиринче Жусуптун «Кут алчу билим» дастаны уйгур тилинде адегенде араб, кийинчерээк уйгур тамгасы менен жазылган. Эске салчу жагдай караханийлер доорунда уйгурлар араб алфавитин колдонбогондугу белгилүү. Демек, поэма уйгур тилинде жазылган эмес жана В.В. Радлов жазып кеткендей: “Эгер поэманы Баласагын шаарында жашаган адам жараткан болсо, анда ал уйгур алфавити эмес, араб алфавити. Ал эми поэма Баласагын шаарында колдонулуучу түрк наречиесинде жазылган”. [11]

1970-жылы Ленинград шаарында «Кутадгу билиг» поэмасынын 900 жылдыгына арналган т үркологиялык конференция өткөн. Ага катышкан окумуштуулар чыгарманы адабий жана элдик эстелик катары изилдөөгө алышып, кызуу талкуудан кийин түрк тилиндеги эстелик деген чечимге келишкен. [10]

Ал эми кыргыз илимпоздорунун «Кут алчу билим» дастанынын тилдик өзгөчөлүгүн изилдөөдөгү көз караштары кызыктуу. тарых илимдеринин доктору Ө. Караев Жусуп Баласагынды Кыргызстандын кулуну, анын чыгармасы Караханийлер мамлекетинин Борбордук Тянь- Шань, Жети –Суу аймагында жашаган түрк урууларынын орток мурасы деп айткан. Б.Ж.Жамгерчинов поэма байыркы кыргыз тилинде деген пикирде. Ушундай эле ойду З.Э.Эралиев да айтып, «Кут алчу билим» дастаны XI кылымдан тартып калыптанган кыргыз тилиндеги алгачкы чыгарма деп эсептейт. А.А. Алтмышбаев “Поэма түрк тилиндеги алгачкы чыгарма экендиги менен баалуу” деген көз карашта. Ушул жерде белгилей кетчү нерсе окумуштуу Нарымбаев дастанды уйгунр жазма эстелигине кошот. [7, 5, 2,15, 12]

Заманыбыздын залкар жазуучусу Ч. Айтматовдун : Жусуп Баласагындын поэзиясы «Манас» эпосу менен бирге биздин ата- бабаларыбыздын рухий турмушунда кылымдардан келаткан бирдиктүү лингвистикалык негиздеги өз ара байланыштуу эки маданияттын: отурукташкан жана оозеки көчмөн түрүндөгү маданиятыбыздын түпкү башатын ырастаган накта улуттук кенчибиз [1] деп жазганын эске алуу менен элибиздин рухий дөөлөт эстеликтери болгон «Манас» эпосу менен «Кут алчу билим» дастанынын дүйнөсү, мүнөзү жакын экендигин билдирип турат.

Чыгарманын тили жөнүндө автордун өзүнүн жана анын замандашы Махмуд Кашгаринин маалыматтарына көнүл бөлсөк X-XI-кылымдарда жашаган кыргыз, кыпчак, огуз, чигил, ягма уруулары накта түрк тилинде сүйлөшкөн. Аталган элдерден азыркы күндө кыргыздардан башкасы өздүк атын жоюп, башка элдерге синип кеткен. Улуу аалым, түрколог Махмуд Кашгари Караханийлер мамлекетинин тилин “хакандык” деп атаса, уул эле тилди автор “буура хан” тили деп берген.

Китеп сөзү- Буурахан зан зили, Манызы да, өзөгү да хан тили. караханийлер башкаруучулары адатта “кара хакан”, “буура хакан” сыяктуу наамдарды алып жүргөндүгүн эске алып, Жусуп жана Махмуд өздөрүнүн тилин башкаруучулардын титулу менен атагандыгын көрүп турабыз. [14, 15]Жогоруда айтылгандарды жана Жусуптун: Китеп көп араб, перси тилдеринде Бул китеп эн биринчи биздин тилде [15,73-бейт]деп жазгандарын көнүлгө түйүп, бабабыздын улуу мурасын түрк элдеринин мусулман маданиятына аралашкандан кийин жазылган түрк тилиндеги алгачкы чыгарма деп атоого толук негиз бар.


АДАБИЯТТАР ТИЗМЕСИ:

1. Айтматов Ч.Т. Рухий дөөлөттүн башаты // Кыргызстан маданияты.- 1986

2. Алтмышбаев А.А. Очерки истории развития общественно-философской мысли в дореволюционной мысли.- Ф.,1985

3. Бартольд В.В. Богра хан упомянутый в «Кутадгу билиг».// соч.,т.5.-М.,1968

4. Бертельс Е.Э. К вопросу о традиции героическом эпосе тюркских народов // Советское Востоковедение.- 1958, №5

5. Джамгерчинов Б.Дж. История Киргизии.-Ф., 1970

6. Жусуп Баласагын. Куттуу билим. – М., 1983

7. Караев О.К. Жусуп Баласагын жана анын доору.// Кыргызстан маданияты.-1986-ж., 15-май

8.Караев Ө.К. История Караханидского каганата.- Ф.,1983

9. Кононов А.И. Поэма Юсуфа Баласагунского «Кутадгу билиг» // Юсуф Баласагунский Благодатное знание. – М.,1984

10. Материалы конференции, посвященая 00-летию поэмы «Кутадгу билиг».// Советская тюркология, 1970,№4

11. Малов С.Е. Памятники древнетюркской письменности.- М., 1956

12. Нарымбаев А.И. Из истории общественной мысли древних уйгуров. – Б., 1994

13. Радлов В.В. «Кутадгу билигке» акыркы сөз.//Кыргызстан маданияты.-1969-ж., 25-январь

14. Чоротегин К.Махмуд Кашгари жана анын «Түрк сөздөрүнүн жыйнагы» -Б.,1997

15. Эралиев Закирбек. Жусуп Баласагын. - Бишкек, 2000