Тынчсыздануу
Биздин жашоо турмушубуздагы саясий ,экономикалык,маданий өзгөрүүлөр,эски жана жаңы өзгөргөн жүрүш-туруш нормалары,ал жүрүш-турушка талаптар бардык кишилерге таасирин тийгизип,алардын өздөрүн коргоосуз сезүүсүнө себеп болуп оор абалга дуушар кылууда.Бара-бара татаалдашкан коомдо кишинин өз жолун таап ,өз максатына жетиши үчүн айлана чөйрөсүндө болуп жаткан терс көрүнүштөргө адамдык сезими менен кандайдыр бир денгээлде күрөшүп жатат.Анткени күнүмдүк турмушубузда болуп жаткан кыйынчылыктар биздин психикабызга да олуттуу таасирин тийгизүүдө.Көптөгөн терс эмоционалдык абалдар анын ичинде кыжырдануу менен тынчсыздануу,агрессия,көнүлсүз абал,стресс,депрессия биздин замандаштарыбызды,улуу –кичүүнү,нервтик,психикалык жактан ашыкча кайгыртып,өздүк ишеничин алсыз абалга алып келип жатканы баарыбызга эле белгилүү.Бирок баары бир биз адамбыз, бул дүйнөдө өмүрүбүздүн акырына чейин жашоого укугубуз бар. Ошол адамдык сезимдер,терс эмоционалдык абалдардын автору өзүбүз болуп эсептелебиз.Ар бир адам өзүнүн ички-сезим туюмдарын,эмоциясын башкарууну жана терең түшүнүүгө аракеттенип көрүүсү зарыл.Болор-болбос нерсеге айландырып жиберүү да өзүбүздөн көз каранды.Күнүмдүк жашообузда болуп жаткан көрүнүштөр бизди тынчсыздандырбай койбойт.Ар бирибиз күнүмдүк жашообузда тынчсызданууну башыбыздан өткөрөбүз.Бул сезим көбүнчө коркунучту алдын ала сезүүдөн келип чыгат.Ал эми коркунуч – адам өмурүндөгү көп проблемалардын булагы болуучу негативдүү эмоция.Бүлдүрүүчү эмоциялардын эң кубаттуусу –коркуу эмоциясы. Корккон мезгилде адамда жүрөк тез согуп, дем алуу оорлойт, нерв клеткалары козголот. Коркуу сезиминин энергиясы бөйрөккө зыян келтирет.Адистердин ырастоолоруна караганда коркуу заара-жыныс мүчөлөрүнүн системасынын функциясына терс таасирин тийгизет.Ошондуктан элдик уламыш, жомоктордо өтө коркунучтуу нерселерге туш болгондо аты кан сийип жиберди деген сөз тизмектерин учуратабыз.Ошондой эле жаш балдар да катуу коркуудан заарасын кармай албай калган учурларга күбө болуп жүрөбүз.Табарсык бези адамдарда да коркуудан жабыр тартуучулук бар. Корккон адамдын башы,мойну,ийини,жүрөгү оорушу мүмкүн.Коркуу сезими деле биздин денебиз сыяктуу эле бизге таандык терс эмоция болуп эсептелет. Коркуу сезими менен бирге адам башынан тынчсызданууну өткөрөт.Коркууга анчалык себеп болбосо деле, азыр бир нерсе болуп кеткидей, бүдөмүк ойлордон кутула албай, ойлор чаржайыт болуп адамдын көңүлү эч нерсени каалабай калат. Коркунучту алдын ала сезүүчү эмоционалдык реакция-тынчсыздануу болуп эсептелет.Бирок кээде тынчсыздануу сезими аша чаап, ооруга чалдыктырат.Тынчсыздануу жөндүү да жөнү жок да болот.Тынчсызданууга бушайман болуу,кыжаалат болуу,сарсаана болуу сыяктуу сезимдер кирет.Азыркы оомалу-төкмөлүү дүйнөдө тынчсызданбаган бир да киши жок.Эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла, анткени ал эртеңки күн,эртең сиз ойлогон нерсе болбой калышы мүмкүн. Ал эми сиз эртең болгонго чейин ден соолугуңузга көп зыян келтирип алууңуз мүмкүн.Атайын изилдөөлөргө караганда кимде көп тынчсыздануу, көңүл чөгүү болсо, ошол кишилер ар кандай оорууларга бат чалдыгарын байкашкан.Адам дайыма тынчсыздануу абалында жүрсө жашоого, иштөөгө тоскоол болуп ал-акыбалы начарлап, уйкусу качат.Бул өзүнөн-өзү токтоп калбайт, узак убакытка чейин коштоп жүрө берет. Азыркы мезгилде ар бир бешинчи адамга таандык сезим болуп калды жана ошондой эле тынчсыздануунун таасиринде пайда болгон өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатышат. Психологдор, физиологдор невроз, инфаркт, миокард, гипертония, аш казандын оорусу, он эки эли ичегинин жарааты, кант диабети сыяктуу оорулар көп тынчсыздануунун натыйжасы экендигин айтышат. Көпчүлүк мезгилде тынчсызданууну жөн гана эмоционалдык абал деп түшүнөбүз. Бул татаал биологиялык жана психологиялык көрүнүш, ал дайыма эле коркунуч сезиминен гана келип чыкпайт. Дайыма тынчсыздануунун натыйжасында психологиялык абал, физиологиялык абалга өтөт.Бул мезгилдеден соолуктун начарлашы байкалат. Ошондуктан тынчсыздануунун психологиялык жана физиологиялык негизин карап көрсөк. Психологиялык көрүнүштөр алдын-ала билинбеген коркунуч, жагымсыз окуяларды күтүү, ички дискомфорт, кыжырдануу, ишенбестик сезими,көңүл бурбоо, байкабоочулук, чарчоо, уйку качуу. Физиологиялык көрүнүштөр жүрөктүн кагышынын бузулуусу, тердөө, ооздун кургашы, дем алуу кыйынчылыгы муунтуп жаткандай сезим, жүрөк айлануу, ички калтырак, алсыздык, баш оору, чоочуу, тамакка бир нерсе тыгылып тургандай сезим.Мына ушундай физиологиялык жагымсыз көрүнүштөрдөн улам врачтарга кайрылууга аргасыз болобуз. Көпчүлүк мезгилдерде терапевтке, кардиологко кайрылабыз.Ал эми врач даттанууңуз денеде болгондугуна байланыштуу, кандайдыр бир ооруну издей баштайт. Натыйжадф көптөгөн укол-дарылар тизмектелип, дарыланууну баштайсыз. Денедеги оору убактысынча токтогону менен кайрадан башка жериңиз тынчыңызды алат. Денедеги көпчулук ооруулардын башаты психикалык абал экендигин билишибиз керек. Эгер өзүбүздөгү психикалык аблыбызды терең түшүнүп, аны оңдоого аракет кылсак денедеги оорулар өзүнөн-өзү жок болот.Сиздеги тынчсыздануудан келип чыккан өзгорүулөр барбы же жокбу- кантип аныктаса болот.Төмөнкү жөнөкөй тестик суроолорго, жооптордун вариантын тандап алып белгилегиле.
1Мен чыңалууну сезип турам, өзүмдөй эесмин
Дайыма 3 Анда-санда, кееде 1
Көпчүлук учурда 2 Такыр сезбейм 0
2Мен азыр өтө жаман нерсе болуп кеткидей коркунуч сезип турам.
Коркунуч өтө күчтүү 3 Кээде бирок менин тынчымды албайт 1
Ооба ушундай, бирок өтөкүчтүү эмес 2 Такыр сезбейм 0
3 Менин башымды тынчы жок ойлорайландырат.
Дайыма 3 Анда-санда 1
Көпчүлүк учурда 2 Кээде гана 0
4 Мен өтө жеңил отурам жана өзүмдү жеңил сезем.
Анык ушундай 0 Анда-санда ушундай 2
Балким ушундай 1 Такыр анте албайм 3
5 Мен ичимден калтыроону сезем
Биздинжашоотурмушубуздагысаясий ,экономикалык,маданийөзгөрүүлөр,эскижанажаңыөзгөргөнжүрүш-турушнормалары,алжүрүш-турушкаталаптарбардыккишилергетаасиринтийгизип,алардынөздөрүнкоргоосузсезүүсүнөсебепболупоорабалгадуушаркылууда.Бара-бара татаалдашкан коомдо кишинин өз жолун таап ,өз максатына жетиши үчүн айлана чөйрөсүндө болуп жаткан терс көрүнүштөргө адамдык сезими менен кандайдыр бир денгээлде күрөшүп жатат.Анткени күнүмдүк турмушубузда болуп жаткан кыйынчылыктар биздин психикабызга да олуттуу таасирин тийгизүүдө.Көптөгөн терс эмоционалдык абалдар анын ичинде кыжырдануу менен тынчсыздануу,агрессия,көнүлсүз абал,стресс,депрессия биздин замандаштарыбызды,улуу –кичүүнү,нервтик,психикалык жактан ашыкча кайгыртып,өздүк ишеничин алсыз абалга алып келип жатканы баарыбызга эле белгилүү.Бирок баары бир биз адамбыз, бул дүйнөдө өмүрүбүздүн акырына чейин жашоого укугубуз бар. Ошол адамдык сезимдер,терс эмоционалдык абалдардын автору өзүбүз болуп эсептелебиз.Ар бир адам өзүнүн ички-сезим туюмдарын,эмоциясын башкарууну жана терең түшүнүүгө аракеттенип көрүүсү зарыл.Болор-болбос нерсеге айландырып жиберүү да өзүбүздөн көз каранды.Күнүмдүк жашообузда болуп жаткан көрүнүштөр бизди тынчсыздандырбай койбойт.Ар бирибиз күнүмдүк жашообузда тынчсызданууну башыбыздан өткөрөбүз.Бул сезим көбүнчө коркунучту алдын ала сезүүдөн келип чыгат.Ал эми коркунуч – адам өмурүндөгү көп проблемалардын булагы болуучу негативдүү эмоция.Бүлдүрүүчү эмоциялардын эң кубаттуусу –коркуу эмоциясы. Корккон мезгилде адамда жүрөк тез согуп, дем алуу оорлойт, нерв клеткалары козголот. Коркуу сезиминин энергиясы бөйрөккө зыян келтирет.Адистердин ырастоолоруна караганда коркуу заара-жыныс мүчөлөрүнүн системасынын функциясына терс таасирин тийгизет.Ошондуктан элдик уламыш, жомоктордо өтө коркунучтуу нерселерге туш болгондо аты кан сийип жиберди деген сөз тизмектерин учуратабыз.Ошондой эле жаш балдар да катуу коркуудан заарасын кармай албай калган учурларга күбө болуп жүрөбүз.Табарсык бези адамдарда да коркуудан жабыр тартуучулук бар. Корккон адамдын башы,мойну,ийини,жүрөгү оорушу мүмкүн.Коркуу сезими деле биздин денебиз сыяктуу эле бизге таандык терс эмоция болуп эсептелет. Коркуу сезими менен бирге адам башынан тынчсызданууну өткөрөт.Коркууга анчалык себеп болбосо деле, азыр бир нерсе болуп кеткидей, бүдөмүк ойлордон кутула албай, ойлор чаржайыт болуп адамдын көңүлү эч нерсени каалабай калат.Коркунучту алдын ала сезүүчү эмоционалдык реакция-тынчсыздануу болуп эсептелет.Бирок кээде тынчсыздануу сезими аша чаап, ооруга чалдыктырат.Тынчсыздануу жөндүү да жөнү жок да болот.Тынчсызданууга бушайман болуу,кыжаалат болуу,сарсаана болуу сыяктуу сезимдер кирет.Азыркы оомалу-төкмөлүү дүйнөдө тынчсызданбаган бир да киши жок.Эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла, анткени ал эртеңки күн,эртең сиз ойлогон нерсе болбой калышы мүмкүн.Ал эми сиз эртең болгонго чейин ден соолугуңузга көп зыян келтирип алууңуз мүмкүн.Атайын изилдөөлөргө караганда кимде көп тынчсыздануу, көңүл чөгүү болсо, ошол кишилер ар кандай оорууларга бат чалдыгарын байкашкан.Адам дайыма тынчсыздануу абалында жүрсө жашоого, иштөөгө тоскоол болуп ал-акыбалы начарлап, уйкусу качат.Бул өзүнөн-өзү токтоп калбайт, узак убакытка чейин коштоп жүрө берет. Азыркы мезгилде ар бир бешинчи адамга таандык сезим болуп калды жана ошондой эле тынчсыздануунун таасиринде пайда болгон өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатышат. Психологдор, физиологдор невроз, инфаркт, миокард, гипертония, аш казандын оорусу, он эки эли ичегинин жарааты, кант диабети сыяктуу оорулар көп тынчсыздануунун натыйжасы экендигин айтышат. Көпчүлүк мезгилде тынчсызданууну жөн гана эмоционалдык абал деп түшүнөбүз. Бул татаал биологиялык жана психологиялык көрүнүш, ал дайыма эле коркунуч сезиминен гана келип чыкпайт. Дайыма тынчсыздануунун натыйжасында психологиялык абал, физиологиялык абалга өтөт.Бул мезгилдеден соолуктун начарлашы байкалат. Ошондуктан тынчсыздануунун психологиялык жана физиологиялык негизин карап көрсөк.Психологиялык көрүнүштөр алдын-ала билинбеген коркунуч, жагымсыз окуяларды күтүү, ички дискомфорт, кыжырдануу, ишенбестик сезими,көңүл бурбоо, байкабоочулук, чарчоо, уйку качуу. Физиологиялык көрүнүштөр жүрөктүн кагышынын бузулуусу, тердөө, ооздун кургашы, дем алуу кыйынчылыгы муунтуп жаткандай сезим, жүрөк айлануу, ички калтырак, алсыздык, баш оору, чоочуу, тамакка бир нерсе тыгылып тургандай сезим.Мына ушундай физиологиялык жагымсыз көрүнүштөрдөн улам врачтарга кайрылууга аргасыз болобуз. Көпчүлүк мезгилдерде терапевтке, кардиологко кайрылабыз.Ал эми врач даттанууңуз денеде болгондугуна байланыштуу, кандайдыр бир ооруну издей баштайт. Натыйжадф көптөгөн укол-дарылар тизмектелип, дарыланууну баштайсыз. Денедеги оору убактысынча токтогону менен кайрадан башка жериңиз тынчыңызды алат. Денедеги көпчулук ооруулардын башаты психикалык абал экендигин билишибиз керек. Эгер өзүбүздөгү психикалык аблыбызды терең түшүнүп, аны оңдоого аракет кылсак денедеги оорулар өзүнөн-өзү жок болот.Сиздеги тынчсыздануудан келип чыккан өзгорүулөр барбы же жокбу- кантип аныктаса болот.Төмөнкү жөнөкөй тестик суроолорго, жооптордун вариантын тандап алып белгилегиле.
1Мен чыңалууну сезип турам, өзүмдөй эесмин
Дайыма 3 Анда-санда, кееде 1
Көпчүлук учурда 2 Такыр сезбейм 0
2Мен азыр өтө жаман нерсе болуп кеткидей коркунуч сезип турам.
Коркунуч өтө күчтүү 3 Кээде бирок менин тынчымды албайт 1
Ооба ушундай, бирок өтөкүчтүү эмес 2 Такыр сезбейм 0
3 Менин башымды тынчы жок ойлорайландырат.
Дайыма 3 Анда-санда 1
Көпчүлүк учурда 2 Кээде гана 0
4 Мен өтө жеңил отурам жана өзүмдү жеңил сезем.
Анык ушундай 0 Анда-санда ушундай 2
Балким ушундай 1 Такыр анте албайм 3
5 Мен ичимден калтыроону сезем
Такыр сезбейм 0 Копчулукучурда 2
Кээде 1 Ар дайым 3
6.Мен бир орунда отура албайм,дайыма кыймылдаш керек деп сезем.
Анык эле учурдай 3 Кандайдыр бир денгээлде ушундай 1
Балким ушундай 2 Такыр сезбейм 0
7.Менде капыстан дурболон сезими пайда болду.
Такыр болбойт 0 Акча коп эмес 1
Копчулук учурда 2 Ар дайымм 3
8) Ушултесттин жыйынтыгын белгиниз келсе,анда бардык белгиленген сандарды кошуу керек.
Эгер 0-7ге чейин болсо:Сизде тынчсыздануудан келипчыккан озгоруулор жок.
8-10 тынчсыздануу жогорураак,болор болбоско коп тынчсызданбаныз.
11 жашка андан жогору.-Сизде анык тынчсыздануу бар.Сиз тезинен психологго корунушунуз керек.
Озунун биологиялык табияты боюнча тынчсыздандыруудан келип чыккан озгоруулор,копко созулуп,онокот болуп кетиши мумкун,анда тынчсыздандыруудан жана анын корунушунон кутулуу аябай кыйын болуп калат.
Адамдын мучолорундо терекыялдар пайда болот.Жонокой тамаша создорду,кату кабылалып,ачулуу агрессивдуу адамда айланат.Турмуштагы жонокой окуяларды тура эмес баалайт.Кыйкырып,бакырып,суйлоо адатка айланат.Айланасындагы болуп жаткан корунуштор кызыксыз болуп калат.Ушундай корунуштордун натыйжасында адам позитивдуу ойлоно албай калат. Баш мээде жаланканна негативдуу ойлор уялап калат.Ал эми негативдуу ойлор болгон жерде терс энергия болунуп чыгат.Ал эми терс энергиялуу адамдын эч убакта иши журушпой,коп тоскоолдуктарга учурайт,анткени негативдууойлордун организмди билдируучу кучу гана болбостон,сырткы бизди курчаптурган дуйного да таасири бар.Экендигин билишибиз керек. Негативдуу сезимдер адамды стресске дуушар кылат.Ошондуктан тынчсызды алган окуялар башталаарда ошол окуялардын он чечилерине,аягы бары биржакшылык менен буторуно ишенишин керек.Тынчсызды алган нерселер канчалык кучтуу болбосун , ойду жакшы нерсеге бурууга аракеттениниз .
Кыйынчылык башка тушкондо оптимистикойлорду ойлойтп, андан чыгып кету жолдорун издеп, адам озуно болгон ишеничин жоготпоо керек. Эгер сиз турмушунузду озгортуунуз келсе, анда алган ойунузду озгортушунуз керек болот. Адатта адтка айланган иойлор сиз куткон окуяны ишке ашырат (материязатсаланат). Ошондуктан ойду пазитивдештируу адатка айландырыш керек. Эгер негетивдуу ойлор устомдук кылса, анда кырсыкты проблемаларды адам озуно-озу тартып келет.Ал сезим ойлордун жакшы жашашынтргебейт. Селирдин оюнар-баардыгынын эн биринчи себеби. Ар бир адамдын бактысынын ачкычы озунун колунда.Оз оюнарды ансезимдуу тандап, ошошун негизинде оз турмушунарды озгортуруп баштасанар болот. Умутсуз абал эчкачан болбойт .
Колдонулган адабияттар.
Жумабаева Г.А адептик ан сезимдуулукко тарбиялоонун педагокикалык жана психологиялык аспектилери.Бишкек2009