Үй-бүлөдөгу тарбия жана анын негизги багыттары
Атанын да,эненин да балдар алдында өз милдеттери жоопкерчиликтери бар.Ата балдарын тышкы дүйнөгө ишенимдүүлүгун,ийкемдигин,байланышын калыптандырат.Ал эми эне болсо балдарыны мээримдүүлүккө,сүйүүгө болгон керектөөсун толуктап,ички дүйнөсүнүн тынчтыгы жана тең салмактуулугун камсыздайт.
Көбүнчө ата-эне жумуш,турмуш-тиричиликтен балдарды тарбиялоого колум бошободу деп өзүн актайт.Бирок,балдарынын жанында болуп машыгууга колу бошобосо да алардын руханий керектөөсүн байкоосу зарыл,мына ушул эң маанилүү.Жумушка байланыштуу үй-бүлөдөн алыста болсо да телефон,кат аркылуу үй-бүлө менен байланышып окуусу,жашоосу жана жан дүйнөсунүн абалы менен кызыгып,руханий керектөөсүн билип турса бул балага дем,күч болот.Алар ата-энем алыста же жумуштан колу бошобосо да менин окуум,жашоомо кызыгат,кам көрөт деп сезип,өзүнүн керектигин,баалуулугун түшүнөт.Ал эми бул түшүнүк бала үчүн өтө маанилүү.Бул түшунүк аркылуу ата-эне балдарынын жан дүйнөсүнө жакындай алат.
Көпчулүк ата-энелер Россияда,Америкада ж.б. чет өлкөлөрдө ал эмес айылдан алыс Бишкекте балдарды багуу үчун иштеп жүргөн азыркы күндөрдө мындай өздөрү алыс болсо да жан дүйнөсү жакын болууну тушунүүсү өзгөчө маанилүү.Турмуш-тиричилик,акча байлык деп өз балдарына кайдыгер тарбия берген,сүйүү,мээрим жетишпеген үй-бүлөлөрдө эки түрдүү балдар өсүп чыгат.
Биринчиси: эч кимге жана эч нерсеге кызыкпаган,окугусу келбеген,көздөрүндө балалык учкун байкалбаган тунт балдар.д
Экинчиси: эркелетүү,сүйүу,мээримге тойбогон,башкаларга да аны бере албаган ачуулуу,агрессивдүү балдар.Мындай балдар келекчекте өзүнө,жакындарына өздөрү жашаган коомго зыян келтириши мүмкүн.
Ошол учун бир дагы ата-эне бала тарбиясына жоопкерчиликсиз мамиле кылууга укугу жок.Башкача айтканда бала тарбиясына астейдил,чын дилден көңүл буруп,ал үчүн атайын китептерди окуп,билерман адамдардан консултация алып бала тарбиясына өз алдынча изденип,даярданып,көңүл бөлуп толук арнаса гана келечекте коомго да,ата эненин өзүнө да пайдалуу,бактылуу балдар өсүп чыгат.Демек,бала тарбиясы эптеп төрөп,кийинтирип,тойгузуп,айтканынын баарын алып берүү менен боло турган өзунөн өзу жүрө турган маселе эмес.Бул балдардын алдында,коомдун алдында,кудайдын алдында олуттуу,жоопкерчиликтүү маселе болуп саналат.Аны биз ар бир ата-энелер ар дайым эсте тутуубуз зарыл.
Тарбия дөңгөлөгү.
Ата-энелер үй-бүлөдө балдарынын тарбиясына астейдил көңүл буруп,убакыт ажыратып киришсе,ошондо балдары жаш кезинен ар тараптан төп келишкен адам болуп чоңоёт.Ал үчун эрте жаштан бала тарбиясында төмөнкү багыттарга көңүлбуруусу зарыл:
гоиг
Акыл-эс тарбиясы
Эстетикалык тарбия
Эмгек тарбиясы
Дене тарбиясы
Адептик тарбия
Дене тарбиясы
Чындыгында баланын акыл эси,адеби,жөндөмдуулүгү,жалпы эле адамдык сапаттары алгач анын ден-соолугуна толугу менен көз каранды болот.
Дайыма өз убагында калориялуу,витаминдүү тамактанып,гимнастикалык көнугүулөрдү системалуу жасоо өнөкөткө айланса,спортту сүйүп,өз убагында машыгып турса баланын ден-соолугу чың болуп өсөт.Ата-эне мумкун болсо,бул иште да улгу көрсөтүп,гимнастика,спорт үчун зарыл буюмдарды алып же жасатып берсе жакшы болот.Бирок буга чектен артыкча берилип кетип,билим алуу,кругозорду өстүрүү,адабий китеп окуу учун зарыл убакытты ушуга кетип калуусунан сак болуу зарыл.
Акыл-эс тарбиясы
Мында баланын сезимин өстүруп,акыл-эс тарбиясына маани берүү.Акыл-эс тарбиясынын негизги максаты баланын өй чабытын өстүрүү,сезимталдык,зиректик,тапкычтык,анализдеп,салыштырып айырмалап,окшоштуруп корутунду чыгара билүүгө үйрөтүу.Балада эрте жаштан баштап өзун айлана-чөйрөнү,табигатты байкоо,баалоо,таң калуу,эстеп калуу ж.б. сапаттарды өстүрүүгө маани берүү,бул багытта атайын машыгуу жүргузүү максатка ылайыктуу болот.Балдардын мектепте ийгиликтүү окуусу,келечекте ишмердүүлүктун бардык чөйрөсундө акыл-эс чечүүчу мааниге ээ болгондуктан,акыл-эс тарбиясы,мектеп,китепке,билимге кызыктыруу маселеси көбүрөөк алдынкы орунда турат.
Эмгек тарбиясы.
Бул турмуш-тиричиликке машыктырып тарбиялоо.Эмгек балдардын ден-соолугун бекемдеп,чыгармачылык сезимдерин козгоп,адамды калыптандыруучу чоң ролду ойнойт.Мектепке чейинки жаштан баштап эле балдарды үй-тиричилигинде эң жөнөкөй жумуштарды аткарууга үйрөтүүнүн мааниси чоң.
Ф.Энгельстин “Эмгек адамды жаратты” – деп айтканын эске алсак,ата-энелер бул маселеге көңүл буруусу зарылдыгы келип чыгат.
Бизде айылда жеринде албетте балдар талаа жумуштарына аралашып өсөт.Ата-энеси УчУн чоң жардамчы күч.Бирок,ошондой болсо да үй-бүлөдө өзүн-өзү тейлөө,бөлмө,короону,бакты жыйнаштыруу,иретке келтирүү,жууп-тазалоо жана башка жумуштарды жасап үйрөнүү,ошол жасаган ишинен ырахат алууга тарбиялоо баардык эле ата-эне маани бербейт.
Эстетикалык тарбия
Ар бир ата-эне үй-бүлөдө балдарга улгү көрсөтүп,кийингенде,иштегенде,башкалар менен мамиле тузүудө улуу касиеттерин сакташса балага жакшы таасир калтырышат.
Эстетикалык тарбия берүүдө баланын туюу,кабыл алуу,сулуулукка суктануу,сулуулукту жаратуу,коргоо маданиятын өркүндөтүүдөн баштоо керек.Бул жумуш оюн,эс алуу,саякат,у-тиричилик жумушу мезгилинде эң сонун ишке ашат.Оюнчуктарын,эмгек куралдарын,китебин асиеттеп сактай башташса,бул демек балада туура түшүнүк тарбиялана баштаганы. Жарашыктуу,таза кийинип,дене-боюн сымбаттуу алып жүрүүгө үйрөтүүнүн да мааниси чоң.
Эстетикалык тарбия туура багытталса балдардын жан дүйнөсүн байытып,дилгирлентип,өсүп өнүгүүгө шыктандырат.Бул багытта ыр-музыка угуу,музыкалык аспаптарда ойноого үйрөнүү,кооз бийлөө,сүрөт тартуу ж.б. да ролу чоң.
Адептик тарбия
Ата-эне балдарды саламдашуудан баштап,бардык адамдык жакшы сапатка,ыймандуулукка,кайрымдуу,мээримдүүлүккө,берешен-марттыкка ж.б. асыл сапаттарга тарбиялап,машыктырып баруусу зарыл .Себеби,балдарды уялуу,ийменүү,ыраазы болуу,ыразы кылуу,рахмат айтуу,кечирим суроо,өзүн,башкаларды сыйлоо,түшунүү жана башка асыл сапаттарга эрте жаштан жаштан тарбиялабасаккийинчерээк кеч болуп калаарын педагогикалык тажрыйбалардан байкалган.
Ал эми көңүл коюп карасак адеп тарбиясы бул бир топ терең жана кең түшунүк.Анын негизги өзөгун-баланы адамгерчиликке,ар-намыска,мээримдүүлүккө,чынчыл-адилеттүүлүккө,маданияттуулукка тарбиялоо түзөт.