СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улууга урмат-сый

Нажмите, чтобы узнать подробности

Улуу адамга урмат-сый көрсөтүү жөнүндө.

Просмотр содержимого документа
«Улууга урмат-сый»

УЛУУГА УРМАТ-СЫЙ

Өзүңдөн улууга дайым урмат-сый көрсөтүү ылаазым. Бир жерде отурасыңбы, же унаада кетип баратасыңбы (транспортто дегеним), улууга орун бошот, анын сөзсүз эле сакал-мурутчан, же карыган адам болушу зарыл эмес.

Улуу адамды жөөлөп кетүү, көрмөксөнгө салуу, салам айтпоо, какшык сөз айтуу, күлүп шылдыңдоо – адамгерчиликсиздик белгиси. Аларга, керек болсо, үн көтөрүп сүйлөө оор тиерин бил.

Алтүгүл, алдына түшүп алып басуу ыңгайсыз. Шашсаң, уруксат сурап, чет жагы менен ыйбаа кылып өтүп кетүү зарыл.

Киргенде да, чыкканда да босогону улуунун соңунан атта. Озунуп отурба, улуу козголо электе тура калам дебе. Талашып, же сөзүн жыра сүйлөбө.

Колуңа алып, жүгүн көтөрүш. Кандай жардам керегин сурап, мүмкүн болсо, жардам кыл.

«Карынын сөзүн капка сал» деп бекер айтылбаган, сөзүн ук, тыңда, жыйынтык чыгар.

Нарынбек Өскөналиев

Улууну урматтоону үйрөнөлү.

«…Кыргыз карыясынын жашы өйдөлөп калган кезинде ага башкалар эмес, өз үй-бүлөсү, бала-бакыралары, жакын туугандары негизги жөлөк-таяк боло келген. Алардан айрылган күндө да ара жолдо калган эмес. Намысты сактаган айыл бар, урук бар, уруу бар. Карыялар ар дайым кыргыз үйүнүн төрүнөн орун алган. Балдарына, неберелерине, ал тургай чөбүрөлөрүнө чейин эркелетип, акыл-насаатын айта отурган.

Аксакалдар сүйлөп жаткан кезде кичүүлөр анын сөзүн бөлмөк тургай, добушун бийик чыгаруудан ыйбаа кылган. Бул – чочулоо эмес, ызаат сактоо белгиси. …Карылардын көзүнчө кер-мур айтышып калуу же чайпалып басуу, ишсиз карап отуруу осолдук катары эсептелген. Өзүнөн улуу адамды көргөндө жаштар ийилип салам айтып, жол бошотуп турганы муундар ортосундагы карым-катышка шоола сепкен.

Байыркы Спартада карыяларын кандай сыйлаганы жөнүндө макала окуп калдым жакында. Алгачкы олимпиадалык оюндар өтүп жаткан учурда көрүүчүлөр арасынан бир аксакал орун издеп калыптыр. Отургучтарды аралай басса да, бош орун көрүнбөйт. Ал спарталык өспүрүмдөр отурган тушка жеткен кезде бардыгы жабыла жапырт тура калып, орун бошотушуптур. Стадион дүркүрөгөн кол чабууларга бөлөндү дейт. Ошондо абышка минтип тил каткан имиш: «Жакшы деген эмне экенин гректердин бардыгы билет, бирок спарталыктар гана жакшылык жасай алат». Дагы бири аны кубаттап калды дейт: «Карысак, спартада карыйлы».

Бул байыркы уламыш турбайбы деп ойлоор, балким, кайсы бир окурман. Ооба, байыркы уламыш. Бирок, ошол окуя азыркы убакта болсо, кыргыз жаштары бардыгы орундарынан бир адамдай жапырт тура каларына ишенгим келет. Анткени, бизде ардактуу орун байыркы кездерде дагы, азыркы учурда дагы аксакалдарга таандык.

Кыргыздарга жат, кечиримсиз эң жаман сапат – карыган ата-энесине кайрымсыз болуу. Улууларды, карыларды урматтабоо – түркөйлүк менен маданиятсыздыктын жеткен чеги. Калкыбызда «жакшы карыйлы» деген накыл кеп бар. Бул кептин түпкү мааниси кары-картаңдарга тиешелүү сезилгени менен, баарыдан мурда алардын балдарына багышталган. Анткени, улан-урпактарынан урмат көргөн ата-эне гана ардактуу аксакал аталып, өздөрү тилеген «жакшы карылыкка» жете алат. Ооба, «уулдун урматы, кыздын кызматы» кымбат баарыдан.» («Үмүттүн шооласыү үзүлбөйт», I китеп, 240-241-беттер)

Нарынбек Өскөналиев