СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жумалыкта отулгон ачык сабактардын анализи

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жумалыкта отулгон ачык сабактардын анализи»

Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернаты

Физика-математика кафедрасы

Токтом №4 30.01.2020

Каралуучу маселелер:

1. Физика-математика жумалыгында өтүлгөн интерграцияланган ачык сабактардын анализи

Катышуучулар:

Жапаров А.Д.-мектеп директору

Убайдылдаева Ж.У.- окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Озубекова Ж.Р.Мырзалиева Н.А., Мамбетова К., Куланбаев С.Өмүрбеков У., Садиев А., Сырдыбаева А.С., Мусуралиев Р. Усенова А, Касенов Т.

Угулду:

Сырдыбаева А.С.-Каникул убагында өтүлгөн кафедранын кеңешмесинде физика-математика жумалыгында ачык сабактарды традициялык эмес, башкача өтөлү деп макулдашканбыз. Эки мугалим биригип: бирөө сөзсүз математик, экинчиси физик же информатика мугалими биригип интерграцияланган сабак өтөбүз деп, графигин тактаганбы. Ошондо 29.01. Сырдыбаева А.С жана Ордобаев А. “Геометриялык прогрессиялар турмушта” темасында 9б классы, 30.01 Мырзалиева Н.А. менен Мамбетова К. “Геометриялык прогрессиялар” 9в классына, 30.01. Өмүрбеков Ү, Мүсүралиев Р. “Ааламдын тили математика. Туундунун геометриялык жана физикалык мааниси” 10г классында, Куланбаев С., Усенова А. “Уч бурчтуктардын ички бурчтарынын суммасы.. Басым” 7а классына өтүштү. Усулдук максатыбыз: “Окуучулардын илимий-жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү”.

Сырдыбаева А.С.- биздин сабагыбыздын темасы “Геометриялык прогрессия турмушта”. Биз бул сабактан геометриялык прогрессияга мисал чыгарып, аны компьютерде программа түзүп жыйынтыгын көрүп, математика менен информатиканын байланышын көрсөтөлү дегенбиз. Биздин оюбузча сабак максатты жетти.

Озубекова Ж.Р. Сабак абдан жакшы болду. Геометриялык прогрессияга алынган маселелер да актуалдуу болду мисалы коронавирус боюнча. Эки мугалим тн бири бирин толуктап турду да

Жанышева Т.Э. : ооба сабак кызыктуу болду. Жакшынакай эпиграф менен башталды. Видео көрсөтүлдү, тыгыздуулугу жогору болду.Балдар формуланы түшүнүп маселе чыгарышты. Бирок бул сабак информатика сабагына көбүрөөк басым жасалды. Аваз, математика болбосо, формула болбосо программа кайдан чыгат эле деп айтып койсоң жакшы болмок. Жанакы мисалдарда грипп боюнча: 1 адам 4 адамды жуктурат, 6 күндө канча адамга грипп жугат? Болуптур 1 жумада бир нече адам грипп болот экен, компьютерде программа менен чыгарып жатканда 30 күндө канча адам ооруп калышы мүмкүн деп эмне деген чон сан чыкты., ушундай чон сан чыкканына сүйүнүп отурабыз, бирөөнөр жок дегенде бул чынжырчаны кантип токтотууга болот деп маселенин тарбиялык маанисине да көнүл буруу керек эле

Озубекова Ж.Р.- Өмүрбеков У, Мусуралиев Р. интеграцияланган сабагы боюнча сабактын биринчи бөлүгүндө Ринат “Туундунун геометриялык маанисин” өтүп баштадын, балдарды тартты, бул темага мисал иштединер.Бирок ушундай тема алынгандан кийин геометриялык маанисин көрсөттүн, бирок ошого басым жасаган жоксуң. Сунушум: Темага басым жасап койсоң жакшы болмок. андан кийин Үсөн сабакты акырын улантып кетти. Туундунун физикалык мааниси деп кирпик каккыча ылдамдык дегенди айтты, термелүүнү практика жүзүндө көрсөттү. Ошол туунудунун физикалык маанисине басым жасаганы абдан жакшы болду. Үсөндүн дагы бир жакшы жери математикалык расчетту аябай жакшы жасайт, уникалдуу жүргүздү, жогорку математикалык деңгээлде көрсөттү, экспериментти балдарга көрсөтө баштаганда окуучулардын көзү күйүп, жанданып кетишти. Өзүнүн да кызыгуусу, эмоциясын да көрсөтүп турду. Көп математикалык аппратты колдонду. Өзгөрүү, кыймыл туундуга алып келе турганын көрсөттү. Сабак уникалдуу болду, экөө тең жакшы даярданганы көрүнүп турат, логикалык ички байланыш күчтүү болду. Жыйынтыктагыңар жакшы болду, бирөөн да четке калган жоксуңар. анан бир ой пайда болду, математиктер отурат, кыймыл туундууга алып келет, бул адамдын иш аракети болуп атат. Адамдын организмде, мээсинде ушул эле бурчтук коэфициентти, туундуну тапса болобу дегенде, балдар ойлонуп калышты. Менимче жакшы болду окшойт. Адам эгерде көп ой жүгүртсө, акыл иш аракет кылса туунду болот, эгерде ой жүгүртпөсө анда эч кандай өзгөрүу болбойт, маңкурт болобуз да э. Балдарга да бул, логикалык ой жүгүртүү, мотивация. Жакшы план конспект жазып койгула. Дагы эмнени кошсо болот эле? Эмнени өзгөртсө болот эле? 45 минутка абдан жакшы жетишти. Кандайдыр бир айкалышуу болду. Балдар иштеп жатышты. 30 жылдан бери абдан жакшы сабак болду.

Убайдылдаева Ж. –Интегралдашкан сабактарды өтүү абдан жакшы идея болду. Эки мугалим бир темага келгени да жакшы болду.

Куланбаев С.- Ушул эле сабакты экономика сабагын кошуп өтсөн жакшы болот. Туундунун колдонушу чындыгында чачтан көп.

Озубекова Ж.Р. Сабак өзмаксатына жетти. Жыйынтыктоосу жакшы болот. Баары бир өткөндө Сырдыбаева А. менен Ордобаев А. өткөндө Айзада лидерлик кылган, бул сабакта болсо Усөн лидерлик кылды. Анткени туундунун физикалык маанисине кечке басым жасап атты да, макулсунбу Ринат. Тең салмактуулук өтө деле бузулган жок, көбүрөөк Усондун ролу чон болду. Эгерде Ринат сен у=у0 формуласына басым жасап, геомеометриялык мааниси балдар ушул, туунду озүнөн өзү пайда болбойт деп, туунду кантип пайда болду? деп тактап койсоң жакшы болмок. Ошо, ийгилик каалайм. Үсөндүн тажрыйбасы көп. Өткөндө эмнеге Айзада лидер болду, анткени “Жыл мугалим” конкурстарына катышып жатат, анда башка көптөгөн проект, конкурстарга катышып жатат, семинар өтүп жатат, мына өзүн-өзү өнүктүрүүнүн артынан лидер болуп жатат. Кийинки сабактарда тең салмактуулукту көрө алсак, устаттан шакирт өтүптүр дегенди көрө алсак абдан жакшы болот.

Сырдыбаева А.С. Кийинки сабак Куланбаев Сапар агай менен Усенова Айнагуль эженин сабагы

Куланбаев С.: Мен сабакты баштап бердим. 7а классына экообуз тен берет экенбиз. Менин темам программа боюнча “Басым”, Айнагүл эженики “Уч бурчтук”. Башында эле басымга 2 эксперимент жасадык. Бирөөнү газдагы басым, 2) бөтөлкөдөгү басым боюнча. Натыйжасын жасышты, ошондо экинчи эксперименнте үч бурчтук пайда болду. Анан дагы бир деме, жашоо турмуштагы мисал бердим, уй, жылкынын баткакка кирген туяктары боюнча. Басым аянттын формуласы боюнча. Айнагуль менен сүйлөшкөндө мен 20 эле минут алмакмын, 17 эле минутада бүтүрдүм, окуучулар топто иштеди, бааладым. 70% окуучу катышты. Жыйынтыктадым, үй тапшырма бердим.

Усенова А.: Физикадан да, геометриядан да темаларыбыз жаңы башталып. Темаларыбыз келишпей калды. Менин өтө турган темам “Үч бурчтуктардын ички бурчтары” болчу. Агай үч бурчтукка алып келип басым жасады. Менин максатым үч бурчтуктардын ички бурчтарын түшүндүрүп берүү жана көнүгүүлөрдү иштөө. Теоремасын караган жокпуз, убакыттын тардыгына байланыштуу. Жыйынтыкталды.

Өмүрбеков Ү. менин оюмча интегрированный сабак болгондуктан экөө түн үч бурчтук, же экөө тең басымга өтсө туура болбой калды, айкалышпай калды. Экөө эки башка болуп калды. Сапар агай үч бүрчтүкту алсаңар жакшы болмок.

Мүсүралиев Р. :Сапар агай теманы өтүү менен жакшы эле үч бурчтукка алып келди.

Сырдыбаева А. Айнагуль эже теманы Уч бурчтуктар темасын өтүп маселерди чыгарууда Сапар агайдын шыйрактар боюнча эксперименттин улап кеткенде сонун болмокко деп ойлойм. Сапар агай жактарын айтты, Айнагүль эже бурчтарына өтүп байланышы болбой калды.

Касенов Т. Интегрированный сабак дегенден кийин экөө байланышат деп ойлогом. Сапар 2 экспериментте тик бурчтуу үч бурчтукту көрсөттү, үч бурчтуктун бурчтарын айтпай туруп, периметрин эсептеп ушул жерден башталып кетсе жакшы болмок. Жибек эже мени “түшүндүнөрбү” деп балдардан көп сураба, Айнагүль эже “тушундүнөрбу” деген сөздү көп колдондуңар.

Убайдылдаева Ж.У.: Сапар агайдын сабагын улантып кетет деп күтүп жаткам. Бирок силер градустарды өттүнөр. Кечөөгү Айзада, Аваздын сабагы, Үсөн агай менен Ринаттын сабагы теманын ичинде байланыш кетишти да, бул жерде 2 ажырым болуп калды. Сабакты 20 минутан бөлуп алгандай болуп калды да.

Куланбаев С. Мен азыр мындай деп ойлоп атам, биринчи математиканы биринчи кое берип, анан мен улантсам башкача болот беле.

Озубекова Ж.Р. Сапардыкы жакшы эле болду, эмоционально, эксперименттерди көрсөтүп, у бурчтуктарга алып келип басым жасадың. Басымды аныктоодо үч бурчтуктардын пайдасы бар экен, аянты, жактары деп айттың. Үч бурчтук геометриялык фигура, басымды аныктоодо чоң роль ойнойт экен, анда эмесе, деп Саламатсыңарбы дебей эле, басымды анкытаганда үч бурчтукту биз жакшы билебиз, уч бурчтук деген теманы тереңдетип карайлык деп айтканда сонун болмок да. Анан майда чүйдөнү айтпай туруп эле, теманы айтпадыңбы ушул факт, закон, эң сонун дагы бир касиетти бар деп туруп, теореманы далилдеп койсоң, эң негигизи теоремада. Улам-улам Сапар агайдын мисалдарына байлап туруу керек болчу. У.Б түрлөрүн да көрсөтүп, кандай үч бурчтук болсо да алардын чики бурчтары 180 градус болот деп айтуу керек болчу да. Сен такыр ажырап калдың, ички логикалыкбайланыш болгон жок. Сапарды унуттуң, ал жөн эле бир жакта калып калды. Кээ бир так эмес жерлер бар, речьке көнүл буруу керек

Куланбаев С. Айнагуль эже сонун эпиграф менен баштаган : “Математика, физика жана информатика арабага чегилген үч аттай, чогуу жүрсө күчтүү болот “ Д. Лобачевскийдин сөзү.

Озубекова Ж.Р. Бул деле сабак болду. Айзада менен Аваздын сабагы проникновение болду, ал эси Усөн менен Ринаттын сабагы Ринат идеяны баштады Усөн прикладык мааниде физикада көрсөттү. ОИК ке да интеграцияланган иштерди көрсөтүү керек. Жөн эле бир класска өткөн интегрированный сабак эмес, бул жерде бир идеяны алып кетиш керек жана майын чыгаруу керек. Силер жакшы сүйлөшүп, жакшы даярданган эмессинерго

Жапаров А.Д.: Эжей, агай мурда мындай сабактарды өтүп көрдүнөр беле? Эми кандай өтүунү билдеңер да

Сырдыбаева А.С.: кийнки анализ бере турган сабагыбыз Мырзалиева Н. Мамбетова К. “Геометриялык прогрессия математика жана физика сабагында”



Сырдыбаева А.: Садиев А. менен Касенов Т. агайлардын сабагы. Темасы: “Туунду”

Садиев А. Сабактын башында Сүрөттөр көрсөтүлдү. Туундунун байланышы барбы? деген суроо берилди. Көмүр, батерейка жылуулукка өтүп жатат, Велосипетчен- пункт. Андан кийин Тынчтык агай “Туунду” темасына бир маселе чыгарды, окуучулар Питон тилинде программа түзүштү. Прикладык маселе

Жапаров А. : Тынчтык агай сиз сабакты бузуп салдыңыз, 4-5 жолу айттыңыз “Бугүн башкача сабак өтөбүз” ж.б. деп. Жөнөкөй эле информатика менен байланыштуу сабак болотдеп айтып койсоңор болмок. Бүгүн өтө турган темабыз “туунда” деп, өзүнүз эле доскага чыгара бердиңиз. Окуучуларга да, бизге кызыксыз болду да. Азиз агай анан маанайды көтөрдү, ошондо балдар жандана түшүштү. Сиз кайра фломастерди алдыңыз, кайра жаса баштадыңыз. Анан Азиз программист балдарды алып программа түздүртү. Эсеп чыкты, доскага Жибек эжей да барды, анан Азиз агай барды. Сабактын аягында эсеп чыкты, программага түштү. Программалоого болгон кызыгуусу бар экен. Сабактын аягында берилген 7 суроо абдан жакшы экен.

1) Бүгүн мен билдим...

2) Мага кызыктуу болду...

3) Мен түшүндүм...

4) мен аткардым...

5) Мен эми иштей алам...

6) Мен таң калтырды...

7) Жашоомдо колдоном....

Озубекова Ж.Р. Балдарга ашык нерселерди айтуунун кереги жок жөн эле, Туундуга карата прикладдык маселерди чыгарабыз деп айтып коюш керек. Сенин кемчилигиң ашык сүйлөгөнүн жана формуланы ката жазып алууңда болду. Ошол катадан программа чыкпай атты. Азиз переживать этип доскага барып атты, мен да барып жаттым. Туунду бул өзгөрүү, туундуга байланыштуу сүрөттөрү кызыктуу болду. Мисалы, буудай---- ун. Сабак максатында жетти, Айзада менен Аваздыкындай эле ансабль болду, бирок Азиз Тынчтыкка переживать этип, убакытты көрсөтүп атты, Тынчтыкка класска көнүптүр, рабочая обстановка болду, балдар иштеп атышты, үй тапшырма жакшы болду. Досканы тазалап, ирети менен жазуу керек. Сабакка даярданышыптыр, Тынчтык толтура барак алып алыптыр, бул жоопкерчилик, бир жыйынтыкка келишти.

Озубекова Ж.Р.Мен мотодист катары, Эл мугалими катары Айзада, жумалык абдан жакшы болду. Баардыгы активдүү катышышты. Конференция өттүм. Ден соолугума байланыштуу мен сабак өтө алган жокмун. Интегрированный сабак өттүнөр, баары жакшы, кемчиликтер болот, бирок алады жоюу керек.Баардыгыңарга ийгилик каалайм! Жана бул анализди шашып бергенде, билимибизге билим кошулбайт эле. Калипада, Айнагүль да түшүндү. Мында Айзада өсүп жатат. Өсүү керек. Биз математиктер эсеп чыгарып жатабыз, альнертивный олимпиаданын эсептерин бешинчи күн сайын карап жатабыз. Баардыңыздар жоопкерчиликтүүсүн.

Сырдыбаева А.С. Рахмат, Жибек эже. Биз башында ушундай сабактарды өтүүдө пландап жатканда оңой сезилген, бирок ишке келгенде абдан баардыгыбыз ойлондук кандай кылып байланыштырабыз деп.

Озубекова Ж.Р. Качан адам ийгиликке жетет, эгерде бир проблеманы чечсе.

Жапаров А.Д. Лицей физика-математика профили болуп аткандыктан статуска жараша жүрөлүк, алдыңкы, негизги профильсиңерда жакшы иштеп бергиле. Физ-матка эч кандай коркунуч деле жок, өсүү керек. Аваз жоопкерчиликтүү иштебесе, коштошобуз го, жаш да үйрөнүш керек, иштеш керек. Кийинки жумада физика боюнча областтык мугалимдерге семинар өтүлөт. Ушундай сабактарды өтсөнөр болот.

Өмүрбеков Ү. 4.02. 2020 семинар өтөбүз. Куланбаев С. агай бир сабак өтөт, мен болсо 2 сабак өтөм. Китептин презентациясын жасайбыз.

Жапаров А.Д. Программа жасап койгула. Документтештирип койгула, чоң иш болуп калат

Озубекова Ж.Р. Мугалимдер 9.00 келсе, лицей жөнүндө презентацияны, лицейдин сайтын көрсөтөлүк сабактар башталганга чейин. Анан сөзсүз түрдө 4-5 суроодон анкета түзүп алып койгула. Кафедра биз агайларды колдоп коелук. Программага 1. чыгармачылык сабактар 2. колдонмону презентациялоо деп жазгыла. Буклетке ошол колдонмону сүрөткө тартып, авторлор боюнча маалыматты кошуп койгула