СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Литосфера жана анын тузулушу.

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Литосфера жана анын тузулушу.»

Тема: Литосферанын түзүлүшү.

Сабактын максаты:Литосферанын түзүлүшү,жер кыртышы,тоо тектери жана минералдар боюнча окуучулардын билимдерин калыптандыруу.

Окуучулардын тоо тектеринин пайда болуу өзгөчөлүктөрү,типтери,түрлөрү,адамдардын чарбада колдонушу боюнча түшүнүктөрүн өнүктүрүү.

Окуучулар кен байлыктарга бай өз өлкөсү менен сыймыктана алышат.

Күтүлүүчү натыйжа: Окуучулар тоо тектерин типтерин,түрлөрүн айрымалап,чарбачылыкта колдонушу боюнча өз ойлорун айтып бере алышат.

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүүрүү.

Сабактын жабдылышы: карточка, тоо тектеринин коллекциясы,проектор,сүрөттөр.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.

Мугалим: Окуу түндө алдыңдагы шам чырак,

Билим алсаң маңдай ачык жаркырап.

Окуу, билим көп нерсеге жеткирет,

Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт.демекчи билим алууга дайынбызбы?

Үй тапшырма.Жердин ички түзүлүшү.

3 топко тапшырма берилет.

1-топ сүрөт менен иштейт.

2- топ сандар менен иштейт.

3- топ текст менен иштейт.



Жаңы тема

Мугалим: Балдар айткылачы жер кыртышынын курамы,түзүлүшү,кыймылы,кен байлыктары жөнүндөгү илим кандай аталат? Геология.

Демек биз сабакта жер кыртышын изилдеген геолог болобуз.

Таштарда бар улуулук,

Таштарда бар сулуулук.

Кармасаң,көрсөң,суктансаң,

Берип турат жылуулук деп силерди баалуу таштар менен баалайм.

Сабактын планы: 1 Литосферанын түзүлүшү.

2 Жер кыртышы.

3 Тоо тектери жана минералдар.

4 Адамдардын чарбачылыгында тоо тектери жана минералдардын колдонушу.

1 Литосферанын түзүлүшү.

Литосфера- жер кыртышынын катуу,таш кабыгы.Лит- таш,сфера кабык.Литосфера мантиянын үстүңкү бөлүгүн, жер кыртышын камтып жатат. Калыңдыгы 50-200км.Литосфера татаал түзүлүштөгү блоктордон турат,аларды литосфералык плиталар дейбиз.

2 Жер кыртышы.

Жердин катуу катмары.Жер кыртышында температура 100м тереңдеген сайын 3 С жогорулайт.Жер кыртышы материктик жана океандык кыртыш болуп бөлүнөт,материктик кыртыштын калыңдыгы 35-70 км,океандык кыртыш 5-15 км түзөт.

3 Тоо тектери жана минералдар.

Тоо тектери жана минералдар бизди курчап турат,табигый иштетилбеген түрүн кен байлыктар деп аташып, адамдар чарбачылыгында, иштетилген түрүн колдонушат.Мисалы: вазелин, парафин,резина,туз,суу. Тоо тектери минералдардын бирикмеси.Минерал латынча – металлдын кени.

Тоо тектери пайда болушу боюнча 3 топко бөлүнөт.

1 Магмалык.(“магма”-“грекче коюу илешкек”)Эрип балкыган масса магма муздаганда п б минералдар менен тоо тектери магмалык тектер деп аталат,мисалы:базальт,гранит.

2 Чөкмө тоо тектери. Ар түрдүү заттардын жер бетинин чуңкурларына чөгүп топтолушунан жана ныкталышынан пайда болот.Эмнеден пайда болгонуна жараша аларды:

1 Талкаланган кесектерден пайда болгон тектер;чопо, кум,шагыл.

2 Химиялык түрдө пайда болгон чөкмө тектер;суу эритиндилеринен түшкөн ар түрдүү заттан турат; кайнатма жана калий тузу,гипс.

3 Органикалык өсүмдүктөр менен жаныбарлардын калдыктарынын миллиондогон жылдар ичинде топтолушунун натыйжасында пайда болот: бор,аки таш,чым көң,таш көмүр,нефть.

3 Метаморфоздук.грекче башкага айлануу.Кээде тектер балкыган магманын таасирине дуушар болушат,мындай учурда граниттен,о.э чөкмө тектерден гнейс пайда болот,ал эми анча ката элек кумдак таштан эңкатуу кварцит түзүлөт.Акиташ тектин кайрадан кристаллданышы мрамордун пайда болушуна алып келет.

4 Адамдардын чарбачылыгында тоо тектердин жана минералдардын колдонушу.

Балдар айтсаңар биз күнүмдүк жашообузда дайым колдонгон минералдар кайсылар? ( суу жана туз)

Кен байлыктардын түрлөрү:

Күйүүчү кен байлыктар; нефть,газ,чым көң, таш көмүр.

Металлдар; темир, хром,марганец.

Түстүү металдар; жез,цинк,алюминий.

Баалуу металдар: алтын,платина,кумуш.

Металл эместер.

Химиялык таш тузу,калий тузу,фосфорит, күкүрт.

Курулуш материалдары; акиташ,бор,гранит,кум,чопо.

Демек эң баалуу кайсы минерал деп ойлойсуңар?

Кыргызстан кен байлыктардын кайсы түрүнө бай деп ойлойсуңар?

Бышыктоо:

1-топ Карточка толтурушат.

2-топ Тоо тектерин түрлөрүн аныкташат.

3-топ Үчүнчү ашыкты табышат.

Баалоо

Үй тапшырма.