Жаңы билимди калыптандыруу этабы: Жаңы теманы үйрөнүүдө окуучуларды эки-экиден жана кичи топтордо иштөө ишмердүүлүгүн уюштуруу, материалды көрсөтүү, угуу, структуралык текстти окуу
Логикалык маселелерди чыгаруу менен биз логикалык айтымдардын негизинде жыйынтык чыгарабыз. Логикалык айтымдар – бул чын же жалган деген эки маанини гана алган
ырастоо.
«Жеңүүчүлөр» деген маселе.
Беш классташ – Аида, Саадат, Саша, Таня жана Тагай – мектеп олимпиадасында физика, математика, информатика, адабият жана география боюнча жеңүүчүлөр болушту. Бизге белгилүү болгондой:
1) Информатика боюнча олимпиаданын жеңүүчүсү компьютерде
иштегенге Аида менен Сашаны үйрөтөт;
2) Таня жана Саадат да информатикага кызыгып калышты;
3) Саша ар дайым физикадан коркуп турчу;
4) Таня, Саша жана адабият боюнча олимпиаданын жеңүүчүсү суу-
да сүзүү менен машыгышат;
5) Саша жана Таня математика боюнча олимпиаданын жеңүүчүсүн
куттукташты;
6) Аида адабиятка убактысы өтө эле аз калганы үчүн өкүнөт.
Эгерде алардын эч кимиси бир убакта эки олимпиаданын жеңүүчүсү болбосо, алардын ар бири олимпиадада кайсы предметтер боюнча жеңүүчү
болушту?
Чыгаруу:
Таблица түзөлү: сапчаларга олимпиададагы сабактардын, мамычага бал-
дардын аттарын жазалы. Сабак менен окуучунун ортосунда байланыш
болсо, торчого «1» белгисин жок болсо «0» белгисин коёлу.
1-кадам. Маселенин шартына жараша тиешелүү торчолорго «0» белгисин
коюп чыгалы.
2-кадам. «Информатика» сапчасында төрт нөл белгиси турат. Демек, бешинчи
торчого «1» белгисин коёбуз. Бул болсо информатика боюнча олимпиаданын
жеңүүчүсү Тагай экендигин билдирди.
3-кадам. Тагай мамычасынын калган торчолоруна «0» белгисин жазабыз, маселенин шарты боюнча ал бир убакта эки сабактан жеңүүчү боло
албайт.
4-кадам. Адабият сапчасында бир торчо бош калды, ага «1» белгисин жазалы. Демек, Саадат адабият боюнча олимпиаданын жеңүүчүсү экен.
5-кадам. Саадат мамычасындагы бош торчолорго нөлдү жазабыз.
6-кадам. Саша мамычасында 4 нөл турат, демек, 5-торчого «1» белгисин
жазабыз. Мындан Саша география сабагы боюнча жеңүүчү экендигин
аныктайбыз.
7-кадам. География сапчасында бош торчолорго нөл жазабыз.
|