Просмотр содержимого документа
«Логопедиялык укалоо көнүгүүлөрү»
Логопедиялык укалоо көнүгүүлөрү
картотека
Комплекс 1. «Күн чыкты».
Көнүгүү 1.
Оң колдун сөөмөйү менен сол алаканды сааттын жебесинин багытында айландыруу .
Кезек менен манжаларды сылоо.
КЫЙМЫЛДЫН БАГЫТЫ
(КБ ) - манжанын учунан алаканга карай
Манжаларды бириктирип, баш бармакка туташтыруу (тумшук жабылды), кайра ачуу (тумшук ачык).
Алаканым - күн болсо,
Манжаларым – нурлары.
Таандар таңдан сайрашып
Күн жөнүндө ырдады
Комплекс 1. «Күн чыкты».
Көнүгүү 2.
Сол колдун сөөмөйү менен оң алаканды сааттын жебесинин багытында сылоо. Кезек менен манжаларды сылоо.
КЫЙМЫЛДЫН БАГЫТЫ
- манжалардын учунан баштап түбүнө чейин.
Күнүм, күнүм, алтын күн
Күчүң менен бөлүшкүн!
Үшүбөсүн колдорум
Алтын нурлар төгүлсүн!
Комплекс 1. «Күн чыкты».
Көнүгүү 3.
Муштумду түйүү, кайра ачуу. Кезеги менен манжаларды сылоо жана ар бирин атоо.
КБ - манжалардын учунан баштап түбүнө чейин.
Манжа-нурлар ойгонуп,
Катарларга тез туруп,
Жасайт азыр көнүгүү
Керилишип, кол сунуп.
Комплекс 1. «Күн чыкты».
Көнүгүү 4 .
Муштумду түйүү, кайра ачуу. Эки кол менен чекени сылоо.
КБ – маңдайдын дал ортосунан кулакка карай.
Комплекс 1. «Күн чыкты».
Көнүгүү 5 .
Муштумду түйүү, кайра ачуу. Эки кол менен бетти сылоо.
КБ – мурундан кулакка карай.
Күндүн тийип шооласы
Терезеден жылмайды,
«Тур, тура гой, бөбөк» - деп
Сылап жатты нурлары.
Жылуу, жылуу, жылуураак.
Күн денемди жылытат.
Күнгө карап жылмайып,
Колдорубуз сунулат.
Комплекс 1. «Күн чыкты».
Көнүгүү 6.
КБ - Эки кол менен чекени сылоо, маңдайдын дал ортосунан кулакка карай. Эки кол менен бетти сылоо,
мурундан кулакка карай.
Колдорду жогору көтөрүү,
жылмаюу.
Комплекс 2. «Жыл мезгилдери».
Көнүгүү 7 .
Эки кол менен чекени, бетти, ээкти сылоо.
КБ - маңдайдын дал ортосунан кулакка карай. Мурундан кулакка карай. Ээктен жаакка карай.
Эгерде күн ысыса.
Чабалекей кайкыса,
Кургак болсо жер бети -
О шол жайдын келгени.
Комплекс 2. «Жыл мезгилдери».
Көнүгүү 8 .
Эки колдун манжалары менен чекени, бетти, ээкти черткилөө.
КБ - маңдайдын дал ортосунан кулакка карай. Мурундан кулакка карай. Ээктен жаакка карай.
Күндүн көзү ачылбай Жамгыр жаайт себелеп. Сары, кызыл жалбырак
Бутактарда термелет. Кырман толгон түшүмгө Күз ушундай керемет.
Комплекс 2. «Жыл мезгилдери».
Көнүгүү 9 .
Эки колдун манжалары менен чекени, бетти, ээкти спираль түрүндө укалоо.
КБ - маңдайдын дал ортосунан кулакка карай. Мурундан кулакка карай. Ээктен жаакка карай.
Күмүш карын айлантып
Борошолойт бурганак.
Үйлөр менен көчөлөр
Аппак карга чулганат.
Комплекс 2. «Жыл мезгилдери».
Көнүгүү 10 .
Эки колдун манжалары менен чекени, бетти, ээкти зигзаг түрүндө укалоо.
КБ - маңдайдын дал ортосунан кулакка карай;
- мурундан кулакка карай;
- ээктен жаакка карай.
Карды жарып байчечек
Гүлүн ачса жердеги,
Аюу чыкса чээндеги
Ошол жаздын келгени.
Орусчадан которгон Сыйдалиева Б.Т.