СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

М.Кылыч "Чүй" поэмасы

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«М.Кылыч "Чүй" поэмасы»

Кыргыз адабият\7-класс\______________________________ I чейрек, 11-сабак

Тема:Поэманын бүгүнкү экологиялык маселелер менен үндөштүгү

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар

Когнитивдик: окуучулар “Чүй баяны” поэмасындагы экологиялык маселелер жөнүндө кабардар болушат.

-чыгармадагы экологиялык проблемаларды аныкташат.

Социо-маданий: Табиятты кордобоого, табиятка аяр мамиледе болууга тарбияланышат.

-табият менен таттуу мамиледе болууга аракеттенишет:

-алтын эрежени сактап бири-биринин пикирин сыйлоого тарбияланышат.

Кептик: Чыгармадагы ар бир жаныбар, өсүмдүк, канаттуулар менен кеңири таанышат.

-ар бир окуучу өз пикирин башкаларга таңуулабай айтууга үйрөнөт.

Лингвистикалык минимундар:

Сабактын тиби: өтүлгөн материалды анализдөө

Колдонулуучу методдор: аңгемелешүү, суроо-жооп, дискуссия

Окуу иш-аракетин уюштуруунун формалары: жекече, топтор менен иштөө

Сабактын жабдылышы: проектор, экран

Дидактикалык материалдар: слайд, окуу китеби, таркатмалар

Сабактын жүрүшү:

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

1)Уюштуруу

(5 мүнөт)

Бар болгула!

Урматтуу окуучулар, ар бирибиз бирден жаныбар же канаттуу айтабыз, экинчибиз чынчырча оюну аркылуу улантып биринчи айтылган канаттуунун же жаныбардын баласын айтабыз.

Үчүнчүбүз кайра канатуу же жаныбар, төртүнчүбүз үчүнчү айтылгандын баласын айтып уланта беребиз.

Арыбаңыз!

Маеселен:

  1. Түлкү,

  2. Бачики,

  3. Карышкыр,

  4. Бөлтүрүк,

  5. Тоок,

  6. Жөжө,

  7. Мышык,

  8. Мый-мый,

  9. Чочко,

  10. Торомпой ж.б

2)Үй тапшыр-масын суроо

(5-мүнөт)

Мугалим жекече текшерип баа коёт.

3)Жаңы тема.

(10 мүнөт)


Урматуу окуучулар бүгүнкү экологиялык айрым маселелер кайсылар.

  1. Абанын булганышы,

  2. Тез-тез сел көчкүлөрдүн жүрүшү,

  3. Суунун булганышы,

  4. Буудай, арпанын эгилбей жатышы,

  5. Дыйканчылык менен иш алып барбай калышы,

  6. Мөмө-жемиштердин дарылар менен бышуусу,

  7. Айрым жаныбарлардын азайып кетиши.

1)Окуучулар менен иштөө

(12 мүнөт)








Мугалим окуучуларды беш топко бөлөт.

1-топ «Канаттуулар» тобу,

2-топ «Жаныбарлар» тобу,

3-топ «Мөмө-жемиштер» тобу,

4-топ «Дан өсүмдүктөр, чөп-чарлар» тобу,

5-топ «Жырткыч жаныбарлар» тобу.


1-кадам.

Окуучулар топторго бөлүнгөн соң, партанын үстүндөгү бир канча сүрөттөрдү көргөзүп, ар бир топ өз камандасына ылайык сүрөттөрдү алып кетишет.


2-кадам. 5 мүнөт убакыт берилет. Ар бир топ командага алып барылган сүрөттөр жөнүндө 3төн кем эмес маалымат айтышат.


3-кадам. Окуучулар бул жаныбар, өсүмдүктөрдүн экологияга тийгизген оң-терс сапаттары боюнча ар бир топтон бирден окуучу сүйлөйт.


(Жаныбарлардын, канаттуулардын сүрөттөрү)

4)Бышыктоо

(5 мүнөт)


  1. Акын жашаган доордогу жаныбарлар азыркы доордо кандай жашоо кечирүүдө?

  2. Чүй баянын окугандан кийин акынга кандай баа бересиңер?

  3. Чүй облусу жөнүндө кимде кандай маалымат бар. Башка облустардан айырмачылыгы эмнеде?

5) Рефлексия

(2 мүнөт)

Чыгарманы окуганда силерге эмнелер кызыктуу болду?

Сабак учурунда кайсы жерде кыйналдыңар?

Келерки сабакта дагы кандай маалыматтарды күтөсүңөр.

6)Үйгө тапшырма

(3мүнөт)

Жаныбарларга, канаттууларга, өсүмдүктөргө, мөмө-жемиштерге байланышкан

2 ден аналогиялык суроо түзүп келүү.

7)Бааолоо

(3мүнөт)

Окуучулардын аракетине жараша.

«5», «4», «3», «2»