“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
1. Максаты жана милдеттери
.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин (мындан ары – КР АПК) жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин (мындан ары текст боюнча – КР ЖПК) ченемдерин бир түрдүү колдонуу максатында, алар Кыргыз Республикасынын сотторундагы доогердин (арыз берүүчүнүн) өкүлү тарабынан административдик доо же доо арызын берүү эрежелеринде айырмаланбашы керек.
Жалпысынан киргизилип жаткан өзгөртүүлөр сот өндүрүшүн оптималдаштырууга, жарандардын укуктарын жана милдеттерин кыйла толук кепилдикти, коргоону камсыз кылууга, убаракерчилик иштерди азайтууга жана сот процесстерин жүргүзүүдө убактылуу жана материалдык чыгымдарды кыскартууга багытталган.
2. Баяндоо бөлүгү
Бул өзгөртүү киргизилгенден кийин КР ЖПКнын 62-беренесинин ченемдеринин мазмуну КР ЖПКнын 135-беренесинин ченемин толуктайт жана “ишеним кат боюнча өкүл” категориясын бир түрдүү чечмелөөгө мүмкүндүк берет. Азыркы учурда бул ченемди Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамы тарабынан өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин сөзмө-сөз чечмелөө мыйзам чыгаруучу сотко кайрылган адамдын гана өкүлүн, тактап айтканда доогердин өкүлүн билдирет деген ойго алып келет. Ошол эле учурда жарандык процесске башка процесстик статусу бар башка жактар да катышат, мисалга жоопкер (жоопкерлер), үчүнчү жактар жана жарандык процесске өздөрүнүн өкүлү аркылуу катышууга укугу бар башка жактар да катышат (КР ЖПКнын 57-беренесинин 1-бөлүгү). Бирок процесстин мындай катышуучулары Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин
62-беренесинин колдонуудагы редакциясы боюнча негизсиз алынып салынган. Көрсөтүлгөн өзгөртүүнү киргизүү ар кандай жеке же юридикалык жактын өкүлдөрүнүн процесстик статусуна карабастан катышуусу үчүн бирдей шарттарды түзөт.
КР ЖПКнын 135-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр менен бирге КР ЖПКнын 62-беренесине киргизилген өзгөртүүлөрдүн жыйындысында өкүл тарабынан сотко өз ыйгарым укуктарын ырастоо үчүн кайсы документ жана кандай формада берилүүгө тийиш экендигин туура чечмелөөгө жана түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
Азыркы учурда судьялар тарабынан доо арыздарын КР ЖПКнын 135- беренесинин 3-пунктуна шилтеме кылуу менен жана кайтарып берүү жөнүндө аныктамада жеке жактын кызыкчылыгында берилген доо арызына ишеним каттын түп нускасы же анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелбегенин көрсөтүү менен кайтарып берген учурлар көп кездешет. Айрыкча, жаңы дайындалган судьялар жана тажрыйбасы аз судьялар муну кыянаттык менен колдонушат. Буга чейин мындай терс практика байкалган эмес.
Ошол эле учурда, жарандык процесстин бул стадиясында судьянын милдети болуп, сотко доо же башка арыз менен кайрылган адамдын ыйгарым укуктарын расмий түрдө өкүлгө ыйгарым укук берүүчү тиркелген документ боюнча, мисалы, ишеним кат боюнча текшерүү болуп саналат. Судья өкүлдүн ыйгарым укуктарын (укуктарын), биринчиден, доогердин (арыз ээсинин) кызыкчылыгын коргоо, экинчиден, арызга (анын ичинде доо арызына) кол коюу жана доогердин (арыз ээсинин) атынан сотко арыз берүү мүмкүнчүлүгүн текшерет. Процесстин бул этабында ишеним каттын түп нускасын изилдөөнүн же болбосо судьяны ишеним каттын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен тааныштыруунун милдеттүү зарылчылыгы жок жана бул талап кылынбайт. Бул милдет судьяга жарандык процесстин кийинки этаптарында, мисалы, ишти соттук териштирүүгө даярдоо стадиясында коюлат. Бул тууралуу КР ЖПКнын 151-беренесинин 3-пунктунда түздөн-түз айтылат. КР ЖПКнын аталган беренесинин ченеми төмөнкүдөй баяндалган «ишти соттук териштирүүгө даярдоонун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: 3) ишке катышкан жактардын курамы жөнүндө маселени чечүү;».
Башкача айтканда, судья ишти соттук териштирүүгө даярдоо этабында доо арызын берүү учурунда берилген өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтин көчүрмөсүн (мисалы, ишеним каттын көчүрмөсүн) алдын ала соттук отурумда доогердин өкүлү тарабынан берилген документтин түп нускасы менен милдеттүү түрдө текшерет жана салыштырат. Өкүлдө ишеним каттын түп нускасы же болбосо анын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жок болгон учурда, сот арызды КР ЖПКнын 222-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн негиз боюнча кароосуз калтырат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин
222-беренесинин 3-пунктундагы ченем доогер үчүн анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтин түп нускасы же болбосо бул документтин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жок болгон учурда юридикалык натыйжа каралган.
Эгерде арыздардын басымдуу көпчүлүгү, анын ичинде доо арыздары азыркы учурда жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгында өкүлдөр тарабынан берилээрин эске алсак, анда ишеним каттын түп нускасын же ишеним каттын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн бербөө жүйөсү боюнча доо арызын (арызды) кайтарып берүү укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголууга тийиш болгон кызыкдар жактардын сотко кайрылуу укугун олуттуу кыйындатат.
Өз кезегинде айрым судьялар кээ бир учурларда ишеним каттын түп нускасын же ишеним каттын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн берилбегенине
“көз жумуп”, башка учурларда доо арызын КР ЖПКнын 135-беренесинин
3-пунктуна ишеним каттын түп нускасы берилбегенине шилтеме жасоо менен доогерге кайтарып берип, бул учурдан пайдаланышат.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан нотариустар тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн мамлекеттик алымдын ставкаларын жогорулагандыгын белгилей кетүү керек, бул автоматтык түрдө нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын өсүшүнө алып келди. Алсак, Бишкек шаарынын жеке нотариустары ишеним каттарды тариздөө үчүн орточо эсеп менен төлөм өлчөмүн 1 000 сомдон 1 200 сомго чейин белгилешкен, ал эми бир ишеним каттын көчүрмөсүнүн тууралыгын күбөлөндүрүү – 400-500 сом. Бул жеке жактар үчүн абдан оор, анын өкүлү мындай жарандын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө бул ишеним катты башка мамлекеттик жана укук коргоо органдарына көп жолу көрсөтүшү керек болот. Ошол эле учурда судья КР ЖПК тарабынан ага берилген ыйгарым укуктарга ылайык ишеним каттын көчүрмөсүн жарандык процесстин өзүндө нотариустун кызматын колдонбостон күбөлөндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Ишеним каттын түп нускасын же болбосо анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тиркөө сотко доо арызын берүү учурунда экономикалык гана эмес, практикалык көз караштан да максатка ылайыксыз. Анткени ишеним кат кандай гана формада болбосун ишке тиркелген бойдон калат жана соттун архивине сактоого тапшырылат. Демек, эгерде кийин бул ишеним кат жеке жактын өкүлүнүн башка мамлекеттик, укук коргоо жана башка органдар, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана юридикалык жактар менен болгон өз ара мамилелеринде зарыл болсо, ишеним каттын түп нускасын жарандык иште калтыруунун мааниси жок. Жарандык иш үчүн судья тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү жетиштүү. Ошону менен бирге, КР ЖПКнын 135-беренесинин ченемдерине мындай толуктоолорду киргизүү доогердин тандоосу боюнча ишеним каттын түп нускасын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн доо арызына тиркөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору
Мыйзам долбоорун кабыл алуу кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык бул Мыйзам долбоору
2024-жылдын 20-декабрынан тартып коомдук талкуулоо жол-жоболорунан өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жана долбоорлорду коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылган.
Коомдук талкуулоо мезгилинде сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок. 5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо
Сунушталган долбоор колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
6. Каржылоонун зарылдыгы жөнүндө маалыматтар
Ушул Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.
7. Жөнгө салуучу таасирди талдоо жөнүндө маалыматтар
Сунушталган долбоор жөнгө салуучу таасирди талдоону талап кылбайт, анткени ал ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес.
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаты М.К. Алиев
2