СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Маалымат кылмыштуулугу.

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

 "Маалымат кылмыштуулугу" деген темасы сабак өтүлду. Окуучулар кичи топто иштешти

Просмотр содержимого документа
«Маалымат кылмыштуулугу.»

Класс:11

Сабактын темасы: Маалымат кылмыштуулугу.

Сабактын максаты:

  • Билим-берүүчүлүк- окуучулардын маалымат кылмыштуулугу, кылмыштуулуктун түрлөрү, пайда болуу себептери боюнча маалымат алуусуна көмөктөшүү

  • Тарбия-берүүчүлүк- окуучулардын жаңы теманы өздөштүрүүгө карата аң-сезимдүү кабыл алуусуна, топто иштей алуу ыкмаларына ээ болуусуна көмөктөшүү

  • Өнүктүрүүчүлүк- окуучулардын предметтик маалымдуулугун, ээ болгон билимдерин турмушта колдоно алууга багыттоо.

Сабактын милдети:

Окуучу төмөнкүлөрдү билиши керек:

  1. Маалымат кылмыштуулугу деген эмне, анын пайда болуу себептери

  2. Маалымат кылмыштуулуктун түрлөрүн

  3. Интеллектуалдык чөйрөдөгү информациялык кылмыштардын пайда болуусу

  4. Компьютердик кылмыштуулук деген эмне, негизги типтерин жана максатын

  5. Маалымат кылмыштуулук менен күрөшүүнүн негизги ыкмаларын

Окуучу төмөнкүлөрдү аткара алышы керек:

  1. Маалымат кылмыштуулуктун түрлөрүн айырмалай алат

  2. Маалымат кылмыштуулугуна мисал, фактыларды келтире алат

  3. Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы маалымат коопсуздукка байланышкан беренелерди турмушта пайдаланат

Окуутунун усулу: кичи топттордо иштөө

Сабактын тиби: жаңы билимдерди өздөштүрүү сабагы

Сабактын жабдылышы:

  • Программалык жабдылыш: РР программасында даярдалган презентация, видео

  • Аппараттык жабдылыш: компьютер, интерактивдүү доска

  • Флипчарт, маркер

  • Колдонулган адабиттар:

  1. Т.Р. Орускулов “Базалык курс”

  2. Макарова Н.В. “Информатика И ИКТ” 10 класс Базовый уровень

  3. КР Контитуциясынын 16 статья (2п,5п,6п,7п,39п),

  4. Интернет материалдары – www. youtube. com















Сабактын жүрүшү



Мазмуну

Мугалимдин иш-аракети

Окуучунун иш аракети

  1. Сабактын максатын жана милдетин окуучуларга билдирүү



  1. Үй ташпырманы кайталоо

(Убакыт 3 мин)

Тема “Маалыматтык маданият”

(Слайд1)

Кичи топтордо презентацияларын уюштурат

  1. Жаңы тема

(убакыт 2 мин)

www.youtube.com сайтынанан “Маалымат кылмыштуулукка” байланышкан видеоролик көрсөтүлөт


(Убакыт 30 мин)

1 тапшырма: Мугалим тарабынан маалымат кылмыштуулугу деген эмне экендигин түшүндүрөт. Окуучуларды 3 кичи топко бөлүү.

1 топ: Депутат, адвокат, юристтер

2 топ: банкир, экономисттер

3 топ: фирма, ишканалардын ээлери

Ар бир топ өзүнөрдүн ээлеген ишиңерге, ордуңарга жараша маалымат кылмыштуулуктун түрлөрүн, пайда болуу себептерин аныктап көргүлөчү?

Кичи топто иштешет, суроону талкуулашат. Флипчартка жазып,жакташат

Даярдалган слайд боюнча окуучулардын жооптору жыйынтыкталат (Слайд 2- Слайд3)


1 топко тапшырма: Мыйзам менен иштөөчү депутат, адвокат, юристтер эмне себептен Кыргызстанда “каракчылык” (пиратство) кылмыштуулгу абдан кеңири тараган?

2 топко тапшырма: банкир, экономисттер бул кылмыштуулук бизге пайдалуубу?

3 топко тапшырма: фирма, ишкана ээлери бул кылмыштуулуктун оң жана терс жактарын айта аласыңарбы?

(Слайд4-Слайд5)

Кичи топто суроолорду талкуулап, жоопторун негиздешет

3 тапшырма: Инсандын укуктары кайсы учурда бузулат? Силердин күнүмдүк жашооңордо укуктарыңар бузулабы?

Суроого жооп беришет

Окуучулардын жообунан кийин КР Конституциясынан беренелер айтылат. (слайд 6-слайд7)

Топто талкууланат

Компьютердик кылмыштуулуктун дүйнодөгү статистикалык маалыматтарды көрсөтүп, айтып берилет. (слайд 8)


4 тапшырма: Маалымат кылмыштуулугу менен күрөшүүнүн методдорун сунуш кылгыла.

Ар бир кичи топ өзүлөрдүн иштөө сферасы боюнча талкуулап, сунуштарын айтышат.


Окуучулардын жообунан кийин кошумча маалымат берилет.

(слайд 9)


  1. Сабакты жыйынтыктоо

(убакыт 3 мин)

-Бүгүнкү сабактан кандай маалымат алдыңар?

-Келечекте жогоруда айтылган кесипке ээ болуп калсаң маалымат кылмыштуулукка каршы кантип күрөшөт белең?

Суроолорго жооп беришет

  1. Үй тапшырма

(убакты 1 мин)

  1. [1] §6 330 бет

  2. Интернет тармагынан “Что умеет хакеры?”, “Последнее преступление хакеров”

(Слайд 10)


  1. Баалоо. Баа коюу

(убакыт 1 мин)



П резентация





Б.а. ар бир топ өзүнөрдүн ээлеген ишиңерге, ордуңарга жараша маалымат кылмыштуулуктун пайда болуу себептерин аныктап көргүлө? Эмне себептен азыркы учурда маалымат кылмыштуулугу өнүгүп жатат?

У бакыт 5 мин Кичи топто, топто талкуулайлык. Кичи топтордун жоопторун угуп, тыянак чыгаралы Демек,



Ошентип, маалымат кылмыштуулуктун

пайда болуусу жана өнүгүүсү үчүн социалдык-

экономикалык база 1) жагынан

коомдун маалымат чөйрөсүнүн

кеңейиши менен, 2) жагынанкоомдун укуктук

базасынын жана укуктук маданиятынын

илимий-техникалык прогресстин бул тармак

тагы онүгүү темпинен артта калышы менен

түзүлөт.

















Кичи топторго суроо:

  1. Мыйзам менен иштөөчү депутат, адвокат, юристтер Эмне себептенКыргызстанда “каракчылык” кылмыштуулугу абдан кеңири тараган?

  2. Банкирлер, экономистер бул кылмыштуулук бизге балким пайдалуу?

  3. Фирма, ишкана ээлери бул кылмыштуулуктун оң жана терс жагын айта аласыңарбы?

Окуучулардын жообунан кийинки суроо:

Кичи топторго суроо: Инсандын укуктары кайсы учурда бузулат?Силердин күнүмдүк ишиңерде укуктарыңар бузулабы?Демек,


Бул жоболор азыркы коомдо

өзгөчө мааниге ээ болот. Анткени\

бүгүнкү күндө миллиондогон

биздин замандаштардынишмер-

дүүлүктөрү жана жеке турмушу

маалымат системаларында

жана маалымдар базаларында

өздөрүнүн “электрондук изин”

калтырууда. Телефондук сүйлөшүү-

лөр да, бажы декларациялары да,

кредиттик карточкалар аркылуу

төлөнгөн дүкөндөгү жасалган

соода маалыматтары да

катталат.



С татискалык маалыматтарга таянсак дүйнөдөгү компьютердик ири кылмыштардын 2/3 болүгүнө жакыны өз таламын көздөгөн кылмыштар, 20% чукулу саясий себептерге байланыштуу (шпионаж, терроризм ж.б.), калган бөлүгү- өч алуу үчүн, кээде таанып билүү максатында жасалат. Мындай кылмыштарды жасаган адамдар шарттуу түрдө төмөнкүдөй 3 категорияга бөлүнүшү мүмкүн.

  1. Фирмалардын же тейлөө мекемелеринин маалымат техникасы менен иштеп, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган кызматкерлер.


  1. Уюмдардын жооптуу кызмат орундарын ээлегендиктен, эсептөө системаларынын маалымат ресурстарын пайдаланууга кеңири укуктары бар кызматкерлер.

  2. Маалымат коммуникация системаларынын иштеп четтетилген колдонуучулары.

Компьютердик кылмыштуулуктун эң кеңири тараган түрлөрү:

  1. Ар түрдүү тыңшоочу, жазуучу ж.б. системалардын жардамы аркылуу маалымат уурдоо

  2. Автоматташтырылган маалымат системаларынын маалымат ресурстарына кодонуучунун же кошулган терминалдардын жана бул системада кабыл алынган паролдордун жардамы менен түздөн-түз санкциясыз кирүү


Компьютердик кылмыштар 20 кылымдын 70-жылдарында пайда боло баштаган. Анда алдыңкы орунда АКШ турган. Мыйзам боюнча мындай кылмыш үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.


Кийинки тапшырма:

Маалымат кылмыштуулугу менен күрөшүнүн методдорун сунуш кылгыла. Ар бир кичи топ өзүнөрдүн иштөө сфераңар боюнча талкуулагыла. (Ватман, маркер берүү) 3 мин убакыт.

Демек,