СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Маалыматтык технологиялардын азыркы мезгилдеги орду

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Маалыматтык технологиялардын азыркы мезгилдеги орду

Маалыматтык технологиялар биздин өлкөдө гана эмес дүйнөгө жана күндөлүк турмушка үзгүлтүксүз таасирин тийгизүүчү кызыктыруучу,  татаал жана кулач жайып өнүгүп бараткан тармак болуп эсептелет. Учурда жазуу жана окуу көндүмдөрү сыяктуу эле, компьютерди билүү да ушулардын ажырагыс бир бөлүгү болуп калды. Маалыматтык технологияларды талдоодо биз биринчи кезекте “маалымат” өзү эмне экенин талдап өтөлү. «Маалымат» латындын «informatio» деген сөзүнөн келип чыгып, маалымат, түшүндүрүү, билдирүү дегенди туюнтат. Бул терминдин кеӊири тарагандыгына карабай, маалымат илимде абдан бир талаш – тартышты жараткан түшүнүктөрдүн бири. Мисалы, кимдир бирөөнү кызыктырган каалагандай берилиштерди же түшүнүктөрдү маалымат деп аташат. Өз учурунда, техникада, мисалы, маалымат деп белгилер же шарттуу берилиштер формасында берилген жаӊылыктарды түшүнөт. Кибернетикада анын негиздөөчүсү Н.Винер тарабынан берилген аныктама колдонулат: маалымат башкаруунун активдүү иш аракеттерин багыттоо үчүн б.а. системаны сактоо, жетилтүү, өнүктүрүү максатында колдонулуучу билимдин бөлүгүн түшүндүрөт. Маалымат теориясында (илимде, маалыматтарды берүү, кабыл алуу, өзгөртүү жана сактоо менен байланышкан процесстерди изилдөөчү) анын негиздөөчүлөрүнүн бири К.Шеннондун аныктамасы колдонулат: маалымат – бул бир нерсе жөнүндө биздин билимибиздеги аныксыздыкты жоюу. Кеӊири таралган аныктамасы төмөндөгүдөй: маалымат – бул биздин сырткы дүйнөдөн алынган мазмунундун белгилерине ылайыкташуу процесси жана аларга биздин сезимдердин ылайыкташуусу. Берилиштерди компьютердик иштетүүдө, маалымат деп мааниге ээ жана компьютерге түшүнүктүү түрдө берилген символдук белгилердин кандайдыр бир удаалаштыгын түшүнөбүз (тамгалар, цифралар, кадировкаланган графикалык элестер жана үндөр ж.б.у.с.).

Биз белгилеп кеткендей маалыматтык ресурстар абдан баалуу байлыктардын катарына кирет. Өз учурунда, маалыматтык ресурсту колдонуу процессинде маалыматтык технологиялар орчундуу роль ойнойт. Маалыматты кайра иштеп чыгуу процесси маалыматтык технологияларды түзөт. Маалыматтык технологиянын кеӊири тараган аныктамасына токтололу: Маалыматтык технология (МТ) – бул кубулуштун, процесстин, объекттин абалы жөнүндө жаӊы сапаттагы маалыматтарды алуу максатында берилиштерди чогултуу, кайра иштетүү, жаӊы түрдө берүү каражаттарынын жана ыкмаларынын көптүгүнүн жыйындысын колдонуу процесси. Материалдык өндүрүш чөйрөсүндө технологиялык процесстер ар түрдүү техникалык каражаттардын жардамы менен ишке ашырылат: автоматташтырылган жана роботтоштурулган жүк ташуулар, станоктор, курал-жабдыктар ж.б.у.с. колдонулат. Ушул сыяктуу эле, маалыматтык технологиялар үчүн да техникалык каражаттардын көптүгүн кароого болот. Мисалы, программалык, аппараттык, математикалык каржылоолор, булардын жардамы менен маалыматты кайра иштеп чыгуу процессинин технологиялык жагы ишке ашат. Бүгүнкү күндө маалыматтык технологиянын негизги техникалык каражаты катары жекече компьютер саналат.

Келтирилген техникалык каражаттардын ичинен программалык продукттарды маалыматтык технологиялардын курал - жабдыктары катары кароого болот. Маалыматтык технологиянын жабдыктары – бул алдыга коюлган максаттарды жана маселелерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген атайын бир типтеги компьютерлер үчүн өз ара байланышкан программалык продукт. Маалыматтык технологиялар негизги кызмат кылуучу чөйрө катары, маалыматтык системалар менен тыгыз байланышта болоору түшүнүктүү. Компьютерлер, компьютердик желелер, программалык продукттар, ар түрдүү телекоммуникациялык каражаттар жана башка негизги компоненттерден турган чөйрө маалыматтык система болуп эсептелет. Демек, маалыматтык системалардын функцияларын ишке ашыруу маалыматтык технологияларга негизделет жана анын жардамы менен гана ишке ашырылат. Ал эми, маалыматтык технология маалыматтык системасынын чөйрөсүнөн көз карандысыз эле ишке ашырыла берет. Ошондуктан маалыматтык технологиянын максаты - коюлган максатка жетүүгө жана колдонуучу тарабынан колдонуу жана анализдөө үчүн маалыматты иштеп чыгуу эсептелет. Маалыматтык системанын максаты маалыматтарды сактоону жана кайра берүүнү уюштурууга негизделген. Бирдей эле маалыматтарды киргизип, ар кандай маалыматтык технологияларды колдонуу менен жыйынтыгында ар түрдүү маалыматтык продукттарды алаарыбызды белгилей кетүү керек (2- сүрөттө маалыматтык технологиялардын схемасы көрсөтүлгөн).

Сүрөт 1. Маалыматтык технологиялардын схемасы

Материалдык өндүрүштүн технологиясы сыяктуу эле маалыматтык технологияны да бир нече бөлүктөргө бөлүп кароого болот. Маалыматтык технология үчүн төмөнкү технологиялык компоненттерди бөлүп көргөзүүгө болот: этап (же фаза), операция, иш аракет жана элементардык (жөнөкөй) амалдар (чычканды же клавиатураны башкаруу үчүн жөнөкөй амалдар). Төмөнкү сүрөттө маалыматтык технологиялардын түзүлүшү көрсөтүлгөн.

Эсептөө техникасынын өнүгүү тарыхында маалыматтык технологиялардын негизги эки методологиясын белгилей кетүүгө болот, алар: борборлошкон жана борборлошкон эмес. Тарыхый эӊ алгачкы түзүлгөн технология катары электрондук эсептөөчү машиналардын чоӊ жана орточо классын коллективдүү колдонуу менен эсептөө борборлорунда борборлоштурулган (биригип) маалыматты иштеп чыгаруу болгон. Экинчи түзүлгөн технологиялык ыкма катары маалыматты иштеп чыгаруунун борборлошкон эмес методологиясы каралат. Бул ыкма жекече 73 компьютерлердин жана телекоммуникация каражаттарынын пайда болушунун негизинде келип чыккан жана колдонуучуга кеӊири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен борборлоштурулган технологияны колдонуудан сүрүп чыгарган. Азыркы убакта өзүндө маалыматтарды иштетүүнүн борборлошкон жана борборлошкон эмес технологияларынын жакшы жактарын өзүнө камтыган жаӊы технологиялар иштелип чыгууда.

Маалыматтык технологияларды төмөнкүдөй негизги типтерге бөлүшөт:  

  1. Берилиштерди иштеп чыгаруу маалыматтык технологиясы;
  2. Чечимдерди кабыл алууга жардам берүүчү маалыматтык технология;
  3. Башкаруучу маалыматтык технология;
  4. Эксперттик системалардын малыматтык технологиясы;
  5. Автоматташтырылган кеӊсенин маалыматтык технологиясы.

Жыйынтыгында маалыматтык технологиялардын негизги принциптерине токтололу:

  • компьютер менен иштөөнүн диалогтук жана интерактивдик тартиби;
  • башка программалык өндүрүмдөр (продукттар) менен болгон биримдүүлүгү;
  • маселенин шарттарынын жана берилиштердин өзгөрүү процессинин ийкемдүүлүгү жана жаӊы шартка тез көнүүсү.

Жогорудагыларды эске алуу менен маалыматтык технология – бул эсептөө техникалары жана өндүрүштүк жабдыктар менен адамдардын өз ара  аракеттенишүүсүн уюштуруу методдору, алардын практикалык тиркемелери, ошондой эле бардык социалдык, экономикалык жана маданияттык көйгөйлөр менен байланышкан, маалыматтарды сактоо жана кайра иштетүү менен алектенген адамдардын ишин эффективдүү уюштуруу методдорун изилдөөчү илимий, технологиялык, инженердик сабактардын өз ара байланыштуу комплекси. Маалыматтык технологиялар өзүлөрү татаал даярдыкты, баштапкы чоӊ чыгымдарды жана илимий сыйымдуу техниканы талап кылат. Аларды ишке киргизүү математикалык камсыздоо, адистерди даярдоо системасында маалыматтык агымдарды калыптандыруу менен башталышы керек.

Колдонулган адабияттардын тизмеси

1. Бийбосунов Б. И. Ведомственные информационные системы: электронное учебное пособие. - Бишкек, ПРООН, 2009 г. 2. Бийбосунова С. К. и др. Базовые понятия информатики для начинающих пользователей: учебно-методическое пособие. - Бишкек, 2006 г. 3. Информатика: Учебник / под ред. проф. Н. В. Макаровой. - М.: Финансы и статистика, 1997 г. 4. Основы современных компьютерных технологий: Учебник / под ред. проф. А. Д. Хомоненко. - СПб.: Корона принт, 2009 г. 5. Пащенко И. Г. Интернет.- М.: Эксмо, 2009 г. 6. Симонович С. В. и др. Информатика: базовый курс.- СПб.: Питер, 2009 г. 7. Степанов А. Н. Информатика: Учебник для ВУЗов.  

8. Б. И. Бийбосунов, Ж. Т. Бексултанов, Курманбек уулу Т. Маалыматтык системалар жана технологиялар Жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу – методикалык курал Бишкек 2015

Просмотр содержимого документа
«Маалыматтык технологиялардын азыркы мезгилдеги орду»

Маалыматтык технологиялардын азыркы мезгилдеги орду

Маалыматтык технологиялар биздин өлкөдө гана эмес дүйнөгө жана күндөлүк турмушка үзгүлтүксүз таасирин тийгизүүчү кызыктыруучу,  татаал жана кулач жайып өнүгүп бараткан тармак болуп эсептелет. Учурда жазуу жана окуу көндүмдөрү сыяктуу эле, компьютерди билүү да ушулардын ажырагыс бир бөлүгү болуп калды. Маалыматтык технологияларды талдоодо биз биринчи кезекте “маалымат” өзү эмне экенин талдап өтөлү. «Маалымат» латындын «informatio» деген сөзүнөн келип чыгып, маалымат, түшүндүрүү, билдирүү дегенди туюнтат. Бул терминдин кеӊири тарагандыгына карабай, маалымат илимде абдан бир талаш – тартышты жараткан түшүнүктөрдүн бири. Мисалы, кимдир бирөөнү кызыктырган каалагандай берилиштерди же түшүнүктөрдү маалымат деп аташат. Өз учурунда, техникада, мисалы, маалымат деп белгилер же шарттуу берилиштер формасында берилген жаӊылыктарды түшүнөт. Кибернетикада анын негиздөөчүсү Н.Винер тарабынан берилген аныктама колдонулат: маалымат башкаруунун активдүү иш аракеттерин багыттоо үчүн б.а. системаны сактоо, жетилтүү, өнүктүрүү максатында колдонулуучу билимдин бөлүгүн түшүндүрөт. Маалымат теориясында (илимде, маалыматтарды берүү, кабыл алуу, өзгөртүү жана сактоо менен байланышкан процесстерди изилдөөчү) анын негиздөөчүлөрүнүн бири К.Шеннондун аныктамасы колдонулат: маалымат – бул бир нерсе жөнүндө биздин билимибиздеги аныксыздыкты жоюу. Кеӊири таралган аныктамасы төмөндөгүдөй: маалымат – бул биздин сырткы дүйнөдөн алынган мазмунундун белгилерине ылайыкташуу процесси жана аларга биздин сезимдердин ылайыкташуусу. Берилиштерди компьютердик иштетүүдө, маалымат деп мааниге ээ жана компьютерге түшүнүктүү түрдө берилген символдук белгилердин кандайдыр бир удаалаштыгын түшүнөбүз (тамгалар, цифралар, кадировкаланган графикалык элестер жана үндөр ж.б.у.с.).

Биз белгилеп кеткендей маалыматтык ресурстар абдан баалуу байлыктардын катарына кирет. Өз учурунда, маалыматтык ресурсту колдонуу процессинде маалыматтык технологиялар орчундуу роль ойнойт. Маалыматты кайра иштеп чыгуу процесси маалыматтык технологияларды түзөт. Маалыматтык технологиянын кеӊири тараган аныктамасына токтололу: Маалыматтык технология (МТ) – бул кубулуштун, процесстин, объекттин абалы жөнүндө жаӊы сапаттагы маалыматтарды алуу максатында берилиштерди чогултуу, кайра иштетүү, жаӊы түрдө берүү каражаттарынын жана ыкмаларынын көптүгүнүн жыйындысын колдонуу процесси. Материалдык өндүрүш чөйрөсүндө технологиялык процесстер ар түрдүү техникалык каражаттардын жардамы менен ишке ашырылат: автоматташтырылган жана роботтоштурулган жүк ташуулар, станоктор, курал-жабдыктар ж.б.у.с. колдонулат. Ушул сыяктуу эле, маалыматтык технологиялар үчүн да техникалык каражаттардын көптүгүн кароого болот. Мисалы, программалык, аппараттык, математикалык каржылоолор, булардын жардамы менен маалыматты кайра иштеп чыгуу процессинин технологиялык жагы ишке ашат. Бүгүнкү күндө маалыматтык технологиянын негизги техникалык каражаты катары жекече компьютер саналат.

Келтирилген техникалык каражаттардын ичинен программалык продукттарды маалыматтык технологиялардын курал - жабдыктары катары кароого болот. Маалыматтык технологиянын жабдыктары – бул алдыга коюлган максаттарды жана маселелерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген атайын бир типтеги компьютерлер үчүн өз ара байланышкан программалык продукт. Маалыматтык технологиялар негизги кызмат кылуучу чөйрө катары, маалыматтык системалар менен тыгыз байланышта болоору түшүнүктүү. Компьютерлер, компьютердик желелер, программалык продукттар, ар түрдүү телекоммуникациялык каражаттар жана башка негизги компоненттерден турган чөйрө маалыматтык система болуп эсептелет. Демек, маалыматтык системалардын функцияларын ишке ашыруу маалыматтык технологияларга негизделет жана анын жардамы менен гана ишке ашырылат. Ал эми, маалыматтык технология маалыматтык системасынын чөйрөсүнөн көз карандысыз эле ишке ашырыла берет. Ошондуктан маалыматтык технологиянын максаты - коюлган максатка жетүүгө жана колдонуучу тарабынан колдонуу жана анализдөө үчүн маалыматты иштеп чыгуу эсептелет. Маалыматтык системанын максаты маалыматтарды сактоону жана кайра берүүнү уюштурууга негизделген. Бирдей эле маалыматтарды киргизип, ар кандай маалыматтык технологияларды колдонуу менен жыйынтыгында ар түрдүү маалыматтык продукттарды алаарыбызды белгилей кетүү керек (2- сүрөттө маалыматтык технологиялардын схемасы көрсөтүлгөн).

Сүрөт 1. Маалыматтык технологиялардын схемасы

Материалдык өндүрүштүн технологиясы сыяктуу эле маалыматтык технологияны да бир нече бөлүктөргө бөлүп кароого болот. Маалыматтык технология үчүн төмөнкү технологиялык компоненттерди бөлүп көргөзүүгө болот: этап (же фаза), операция, иш аракет жана элементардык (жөнөкөй) амалдар (чычканды же клавиатураны башкаруу үчүн жөнөкөй амалдар). Төмөнкү сүрөттө маалыматтык технологиялардын түзүлүшү көрсөтүлгөн.

Эсептөө техникасынын өнүгүү тарыхында маалыматтык технологиялардын негизги эки методологиясын белгилей кетүүгө болот, алар: борборлошкон жана борборлошкон эмес. Тарыхый эӊ алгачкы түзүлгөн технология катары электрондук эсептөөчү машиналардын чоӊ жана орточо классын коллективдүү колдонуу менен эсептөө борборлорунда борборлоштурулган (биригип) маалыматты иштеп чыгаруу болгон. Экинчи түзүлгөн технологиялык ыкма катары маалыматты иштеп чыгаруунун борборлошкон эмес методологиясы каралат. Бул ыкма жекече 73 компьютерлердин жана телекоммуникация каражаттарынын пайда болушунун негизинде келип чыккан жана колдонуучуга кеӊири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен борборлоштурулган технологияны колдонуудан сүрүп чыгарган. Азыркы убакта өзүндө маалыматтарды иштетүүнүн борборлошкон жана борборлошкон эмес технологияларынын жакшы жактарын өзүнө камтыган жаӊы технологиялар иштелип чыгууда.

Маалыматтык технологияларды төмөнкүдөй негизги типтерге бөлүшөт:

  1. Берилиштерди иштеп чыгаруу маалыматтык технологиясы;

  2. Чечимдерди кабыл алууга жардам берүүчү маалыматтык технология;

  3. Башкаруучу маалыматтык технология;

  4. Эксперттик системалардын малыматтык технологиясы;

  5. Автоматташтырылган кеӊсенин маалыматтык технологиясы.

Жыйынтыгында маалыматтык технологиялардын негизги принциптерине токтололу:

  • компьютер менен иштөөнүн диалогтук жана интерактивдик тартиби;

  • башка программалык өндүрүмдөр (продукттар) менен болгон биримдүүлүгү;

  • маселенин шарттарынын жана берилиштердин өзгөрүү процессинин ийкемдүүлүгү жана жаӊы шартка тез көнүүсү.

Жогорудагыларды эске алуу менен маалыматтык технология – бул эсептөө техникалары жана өндүрүштүк жабдыктар менен адамдардын өз ара аракеттенишүүсүн уюштуруу методдору, алардын практикалык тиркемелери, ошондой эле бардык социалдык, экономикалык жана маданияттык көйгөйлөр менен байланышкан, маалыматтарды сактоо жана кайра иштетүү менен алектенген адамдардын ишин эффективдүү уюштуруу методдорун изилдөөчү илимий, технологиялык, инженердик сабактардын өз ара байланыштуу комплекси. Маалыматтык технологиялар өзүлөрү татаал даярдыкты, баштапкы чоӊ чыгымдарды жана илимий сыйымдуу техниканы талап кылат. Аларды ишке киргизүү математикалык камсыздоо, адистерди даярдоо системасында маалыматтык агымдарды калыптандыруу менен башталышы керек.

Колдонулган адабияттардын тизмеси

1. Бийбосунов Б. И. Ведомственные информационные системы: электронное
учебное пособие. - Бишкек, ПРООН, 2009 г.
2. Бийбосунова С. К. и др. Базовые понятия информатики для начинающих
пользователей: учебно-методическое пособие. - Бишкек, 2006 г.
3. Информатика: Учебник / под ред. проф. Н. В. Макаровой. - М.: Финансы и
статистика, 1997 г.
4. Основы современных компьютерных технологий: Учебник / под ред. проф.
А. Д. Хомоненко. - СПб.: Корона принт, 2009 г.
5. Пащенко И. Г. Интернет.- М.: Эксмо, 2009 г.
6. Симонович С. В. и др. Информатика: базовый курс.- СПб.: Питер, 2009 г.
7. Степанов А. Н. Информатика: Учебник для ВУЗов.