Балыкчы шаарындагы билим берүү бөлүмүнүн алдындагы №7 « Келечек» бала бакчасында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу.
МААЛЫМДАМА
Негизи:Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн
2017-2018-окуу жылна карата түзүлгөн Коллегиянын иш планынын негизинде жүргүзүлдү.
Текшерүү мөөнөтү_________2018-жыл.
Максаты: Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамын жетекчиликке алуу менен №7«Келечек» бала бакчасында мектепке чейинки билим берүү,инсанга өнүктүрүү чөйрөсүнүн түзүлүшү жана усулдук жардам берүүгө багытталган.
Балыкчы шаарындагы №7 «Келечек» бала бакчасы 1994жылы курулган, 2006-жылы бала бакча болуп ишке берилген. Бала бакча 4 имараттан турат. Бүгүнкү күндө 215 бала 5 тайпада тарбияланууда. Бала бакча мамлекеттик тил багытындагы бала бакча болуп эсептелет. Бала бакчанын башчысы Сариева Майрам, билими жогорку,стажысы 20 жыл, «Билим берүүнүн мыктысы» 2008 жылдан бери иштейт. Бала бакчада 8 тарбиячы , 16тейлөөчү кызматкерлер иштейт.2 тарбиячы жогорку билимдүү, 2 тарбиячы атайын орто билимдүү. 2тарбиячы Кыргыз Республикасынын Билим жана илим берүү министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.Бала бакча балдарды окутуу жылдык пландын негизинде иш алып барат.Тайпанын бөлмөсү жана уктоочу бөлмөлөрү өз-өзүнчө бөлүнгөн.Ар бир тайпа өзүнчө кирет.Бардык тайпаларда жарык бар жана керектүү жабдыктар менен жабдылган.
Ашкана өзүнчө бөлмөдө жайгашкан,керектүү шаймандар менен камсыз болгон.(муздаткыч-2,газплита ,электр плитасы.жб)
Кир жуучу жайда 1 жарым автомат жана 1 автомат иштейт
Жаңы окуу жылында 2 тайпага ата-энелердин жардамы менен ортоңку жана мектепке даярдоочу тайпага чаң соргуч алынды . Ошондой эле мектепке даярдоочу тайпанын унитазы алмашылды., жаңы килемдер салынды, пардолору алмашылды Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2-кенже тайпага 2 кабаттуу 15 керебеттер алынды.. Директордун кабинети толугу менен евро ремонт жасалды. Ортонку тайпага идиш жуучу жай орнотулду.Азык-түлүк сактоочу жай толугу менен жасалып ,атайын азык-түлүк коюлучу текчелер. коюлуп,азык-түлүк салуучу контейнерлер алынды Музыкалык зал заман талабына ылайык еворемонт жасалды ,мектепке даярдоочу тайпа менен ортонку тайпанын участоктору атайын темир тосмо менен тосулду.
Баланын ден соолугун чыңдоо жана өмүрүн коргоо ,сергек жашоого үгүттөө бала бакчанын биринчи милдеттери болуп саналат.Дене тарбия иштерин уюштуруу жана күн тартибинде денени чыңдоо.Ар бир тайпага денени чыңдоочу программаларды киргизүү.балдардын толук кандуу тамагын уюштуруу,бала бакчанын тазалыгы,балдардын өздүк гигиеналык эрежелеринин аткаруусу..Ден соолкукка кам көрүүдө дарыгердин терең көзөмөлү.Бала бакчада прафилактикалык иш чаралар иштелип чыккан Мисалы : аба ырайына жана мезгилге жараша балдарды кийиндирүү, колдорун жуундуруу,тайпаларды желдетүү,нымдуу тазалоо.Ошондой эле аш тизмеге чеснок,сок жана жер жемиштерди жашылчаларды киргизүү менен балдардын ден соолугуна кам көрүп келебиз..Балдардын ден соолугуна мониторинг жүргүзүү атайын медициналык көзөмөлдөн өткөрүү менен ата-энелерге кеп –кеңештерди берип турабыз.Ата-энелер бурчу жана ден соолук бурчтарын түзүү менен тарбиячылар мед.айым менен бирдикте маалымат берип турушат.Жугуш туу ооруларды алдын алуу максатында мед.айым атайын тарбиячыларга жана ата-энелерге маалы менен докладдарды даярдап,тегерек стол, маек өтүп турат
Бала бакчага эксперменталдык аянтча киргизилди.
Эксперментин мазмуну:
Дүйнөлүк атандааш алдыңкы Вальдорф педагогикасынын программаларын окутуп-тарбиялоо процессине колдонуу
Вальдорф педагогикасынын ыкмаларын ортонку –жогорку тайпаларга киргизүү
Вальдорф педагогикасынын өзгөчөлүктөрүн пайдалануу жана жайылтуу
Бул багыт боюнча методикалык иштерди иштеп чыгуу
Эксперменттин негизинде жыйынтык чыгаруу
Баланын ден соолгун жана өмүрүн коргоо,сактоо боюнча атайын ата-энелерге жана эмгек жааматына көрсөтмөлөр берилип турат.
Баланын ден соолугун коргоо боюнча жыл ичинде дене тарбия сабагына да өзгөчө көңүл бурулду.Дене тарбия сабагында гигиеналык талаптардын аткарылышына,ар кандай эстафета,спорттук оюндар мелдеште р уюштурулду. Ата- энелер менен бирдикте конкурстар өткөрүлдү. Вальдорф педагогикасынын программасынынын колдонуунун негизинде оюндун түрлөрү ойнотулду.Эртең мененки гимнастика,уктап тургандан кийинки көнүгүүлөр, сабак учурундагы физикалык минута,көз үчүн гимнатика,сейилдөө учурунда балдарга кызыктуу кыймылдуу оюндар,беш манжа оюндары өтүлүп түрдү.»Ден соолук» күнү ата-энелер мед айым менен бирдикте өтүлүп турду.Ошондой эле кызыктуу көңүлдүү эс алуулар «Нооруз», «Балдарды коргоо күнү» карата иш чаралар болду.Балдар май тамандуу болбош үчүн атайын көнүгүүлөр үчүнкөрсөтмө куралдар жасалды М: массаж жасоочу килемчелер,ден соолук жолчолору ж.б
Окуу жылынын башында балдардын топтук курактык курамын эске алуу менен алардын өнүгүү деңгээлин өнүктүрүү максатында иш чаралар,оюн сабактары стандарттык программанын негизинде пландаштырылды.Жыл ичинде санитардык нормаларды жана гигиеналык эрежелерди сактоо менен туура тамак берүү, балдардын организмин чыңдоо негизги милдеттердин бири болуп калды.Ошондой эле балдардын билим алуусуна,эс алуусуна жетиштүү шарттар түзүлүп бакчанын жамааты тиешелүү өз милдеттерин аткарышты. «Келечек» бала бакчасынын окуу тарбия берүүдөгү проблемасы:
1.Айлана-чөйрөнү сактай билүүгө жана жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо.
2.Мекенчил сезимди жана мекенди сүйүүнү калыптандыруу,кыргыз элинин каада салттары менен тааныштыруу.
3. «Сөз өстүрүү», «Математика», «Чаптоо», «Жабыштырып жасоо», «Сүрөт», «Дене тарбия», «Музыка», «Оюн», «Кыргыз тили» сабактарында балдарга экологиялык,эстетикалык,нравалык, патриоттук билим берүү жагы камтылды.Сөз өстүрүү жана айлана-чөйрө менен тааныштыруу сабагында тарбиячылар жаныбарлар,өсүмдүктөр жана жаратылышка байланышкан ыр,табышмактарды,жаңылмачтарды, үйрөтүп,мекенди сүйүүгө,жаратылышка аяр мамиле жасоого,кам көрүүгө үйрөтүп келишти.
Мамлкеттик тилди өнүктүрүү менен Манас эпосун калк арасында жайылтуу максатында «Бир айлык » жарыя боюнча ортонку-мектепке даярдоочу тайпаларда тарбиялык сааттар өтүлүп,анда кыргыздын каада-салты,үрп адаты,жаратылыш,оюндары,макал-лакаптары камтылды.Кыргыз тил бурчуна улуттук буюмдар,сүрөт,буклеттер коюлду.
«Адеп , ыйман жана маданият» жылына карата жылына фотоэтюд жана альбомдор жасалып, «»Достук жакшы нерсе», «Үй-бүлөө жана үй бүлөөлүк мамилелер» деген темада тарбиялык сабактар жана «Нравалык тарбия берүүдө улуттук оюндардын мааниси» кеп-кеңештер «Кыргы эл жомоктору» жүндөн курчактарды жасоо менен конкурстар уюштурулду.Шаардык деңгээлде «Вальдорф педагогикасынын ыкмаларын пайдалануу жана жайылтуу» деген темада семинар өтүлдү.Семинардын максаты дүйнөлүк алдыңкы педагогиканын ыкмаларын окутуп-тарбиялоо иштеринде колдонуу.жакшы жактарын практика жүзүндө ишке ашыруу.Тарбиячылар жана тарбиячылардын жардамчылары жыл ичинде ар кандай табигый материалдардан куралдарды кызыгуу менен жасашты ,сабактарда ар түрдүү оюндар үйрөтүлдү,мисалы :жаңсоо оюну,райген,эркин ,күтүү оюндары.,Эртең мененки чогулуу жана саламдашуу учурунда балдарга ырлар үйрөтүлдү жана балдар кызыгуу менен кабыл алышты,вальдорф педагогикасынын дагы бир өзгөчөлүгү 4 мезгилди мезгилге жараша майрамдашат,ата-энелер менен бирдикте чогуу өткөрүшөт.Балдардын эркин алып жүрүшү жана өз алдынча болушу үчүн эркин оюнга өзгөчө көңүл бурулат,балага байкоо жэүргүзүлөт.Вальдорф педагогикаысынын ыкмаларын пайдалануу менен тарбиячылардын кесиптик жактан өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү,тажрыйба алмашуу , балдарга экологиялык тарбия берүү максатында ачык сабактар өткөрүлдү.
№1 буйрук китеби жумушчуларды кабыл алуу жана бошотуу боюнча.
№2 Балдар бакчасынын ички иштери жөнүндө буйрук китеби өз убагында толтурулуп турат.Бардык жардамчы тарбиячылардын жана тех. персоналдардын эмгек китепчеси бар.Кызматчы жумушчулардын жумуш убактысын учёт жүргүзүү журналы күн сайын толтурулуп турат.Өрт коопсуздугу боюнча тиешелүү инвентарлар иш кагаздары талапка жооп берет.Балдар жөнүндө маалыматтар ДП -2 балдардын балдар бакчасына келүү журналы күнүнө жазылып турат.
Тарбиячылардын иш кагаздары, көрсөтмө куралдар, атрибуттар, дубал газеталар, балдардын жаштык өзгөчөлүктөрүнө карата программанын негизинде иштер жүргүзүлүп ,өз убагында анализ жасалып,кемчиликтер айтылат.
Бакчанын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет
1 Балдарга ар тараптан өнүгүүсүнө зарыл шарт түзүү үчүн алардын жаш өзгөчөлүктөрүн жана жеке өзчөлүктөрүн эске алуу менен иш алып баруу.
2.Вальдорф педагогикасынын ыкмаларын пайдалануу жана жайылтууну улантуу
3.Ден соолукту чыңдоочү иш чараларды уюштуруу
4 Балдарды кабыл алуунун ,көңүл бурууну ,эс тутумду,курчап турган чөйрө туралуу түшүнүктөрүн калыптандыруу.
5.Балдарды мектепке даярдоо менен окууга кызыгуусун калыптандыруу.