Просмотр содержимого документа
«Магниттик талаа»
Физика сабагы Тест №1
Класс « 9 »
Окуучунун аты-жөнү______________________________________________________________
1. Магнит грек сөзүнөн бизче кандай маанини берет?
a) тоо ташы б) белгисиз таш в) Магнесиянын ташы г) куюндуу талаа
2. Табигый магнит көбүнчө кайсы металлдын курамында кездешет?
а) алтын б) күмүш в) болот г) темир
3. Магниттик заттар алышыны боюнча канчага бөлүнөт?
a) 1 6) 2 B) 3 г) 4
4. Жасалма магнит кандай жол менен алынат?
а) металлдарды ширетүү аркылуу б) электр тогу аркылуу
в) химиялык кошулмаларды пайдалануу аркылуу г) кен казуу учурунда
5. Така түрүндөгү магниттердин түндүк уюлу кандай тамга менен белгиленет?
a) R 6) S B) N Г ) P
6. Тилке түрүндөгү магниттин «көк» боёлгон бөлүгү кайсы уюлду көрсөтөт?
a) тундук б) түштүк в) батыш г) чыгыш
7. Магниттин магниттик күчү кайсы бөлүгүндө күчтүү болот?
a) учтарында б) ортоңку бөлүгүндө в) түндүк уюлунда г) түштүк уюлунда
8. Заттардын магниттик касиеттерин түшүндүрүү аракетин алгач кайсы окумуштуу жүргүздү эле?
а) Фарадей б) Ньютон в) Герц г) Ампер
9. Жаратылыштагы заттар магниттик касиети боюнча канчага бөлүнөт?
а) 4 6) 3 B) 2 г) 1
10. Төмөнкүлөрдүн ичинен парамагниттерге мисал келтиргиле.
а) литий б) германий в) платина г) сурьма
11. Берилген заттардын ичинен диамагниттерге кирбегенин тапкыла.
а) жез б) алюминий в) күмүш г) марганец
12. Эмне үчүн магнит жебеси белгилүү бир багытты гана көрсөтүп турат?
а) Жердин атмосферасы бар б) Жер шар формасында
в) Жердин айлануу кыймылынын таасири г) Жердин магнит талаасынын аракети
13. Компас куралы кандай кызматты аткарат?
а) Жердин түндүк-түштүгүн көрсөтөт б) Жердин магнит талаасын аныктайт
в) океандарда саякаттоо үчүн пайдаланылат г) магнит талаасынын чоңдугун өлчөйт
14. Жердин магнит талаасынын түндүк уюлу Жердин кайсы бөлүгүнөн орун алган.
а) түндүк б) батыш в) түштүк г) чыгыш