I. Өткөн сабакта окуп-үйрөнүлгөндөрдү текшерүүнү уюштуруу Комментарий берет, жыйынтыктайт. II. Жаңы материалды окуп-үйрөнүү иш-аракеттерин уюштуруу 1. Айтып берүү 1) Липиддер – бирдиктүү химиялык мүнөздөмөгө ээ болбогон органикалык бирикмелердин курама группасы. Аларды төмөнкүлөр бириктирип турат: алар баары сууда эрибейт, бирок органикалык эриткичтерде жакшы эришет (эфир, хлороформ, бензин). Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн бардыгынын клеткаларында бар (кургак массанын 5% тен 90% ине чейин). Молекулаларынын түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүнө карай жөнөкөй жана татаал липиддер болуп бөлүнүшөт. Жөнөкөй липиддерге майлар, воска, фосфолипиддер, гликолипиддер, стериндер, мисалы холестерин кирет. 2) Майлар – бул жогорку майлуу кислоталардан жана глицериндин үч атомдуу спиртинен турган татаал эфирлер. Майлуу кислоталар баары үчүн бирдей болгон СООН карбоксилдик группага жана радикалга ээ. Ошонусу менен бири-биринен айрымаланышат. Карбоксилдик группа майлуу кислотанын бөркүн (головкасын) түзөт. Ал полярдуу, ошондуктан гидрофилдүү. Углеводороддук куйрук (хвост) радикал болуп эсептелет, ал полярдуу, гидрофобен. 2. Этап-этабы менен бышыктоону уюштуруу: 1) Сууда жана абада тамчыны пайда кылуучу майдын молекуласынын сүрөтүн чийгиле. Липиддердин молекулаларынын түрдүү чөйрөдөгү абалдарынын абалдары эмне менен түшүндүрүлөт? 2) Таблица түзүү: Липиддердин функциялары Функциялары | Мисал | Энергетикалык | | Курулуштук | | Коргоочу | | Регулятордук | | III. Окуп-үйрөнүлгөндөрдү бышыктоо Майлар – клеткалык мембрананын негизги структуралык компоненти жана энергиянын булагы темасын окуп-үйрөнүү планын түзөт. |