СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Майыптар күнү 3- декабрь

Нажмите, чтобы узнать подробности

3- декабрь майыптар күнүнө карата түзүлгөн тарбиялык саатын иштелмелери

Просмотр содержимого документа
«Майыптар күнү 3- декабрь»

«Боорукерлик»

4.12.2020-жыл Мугалими: Исаева Г.А



Негизги компотенттүүлүктөр:

  1. Маалыматтык

  2. Социалдык коммуникативдик:

  3. Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү:

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы:

Колдонулуучу ыкмалар: Түшүндүрүү, айтып берүү, аңгемелешүү, суроо-жооп ж.б

Керектүү каражаттар: Темага байланыштуу таркатмалар, сүрөттөр көргөзмө куралдар

Предмет аралык байланыш: Адабий окуу, адеп, сүрөт,

Сабактын максаттары (Окуучулар үчүн күтүлүүчү натыйжалар)


1

Билим берүүчүлүк:

Окуучулар майып адамдардын укугу жана аларга жардам көрсөтүү керек экендигин билишет.Ошондой эле дени сак балдардын мүмкүнчүлүгү чектелген, майыптуулугу бар балдар, алардын өзгөчөлүктөү, кыйынчылыктары тууралуу билимдерин кеңейтишет

Окуучулар майып,жана мүмеүнчүлүгү чектелген адамдардын өзгөчөлүктөрүн кыйынчылыктарын жана аларга жардам көрсөтө билишсе.

2

Өнүктүрүүчүлүк:

Алган билимдеринин негиздерин турмушта пайдаланууга кайрымдуулук кылууга үйрөнүшөт.

Алган билимдерин турмушта пайдалана алышса. Угуу, изилдөө билгичтиги өссө.

3

Тарбиялык:

Кайрымдуулукка,боорукерликке, адилетүүлүккө үйөнүшөт. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга болгон көз караштары, аларга аяр мамиле кылууга тарбияланышат

Кайрымдуулукка,боорукерликке, адилетүүлүккө үйөнүшсө. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга болгон көз караштары, аларга аяр мамиле кылууга тарбияланышса.

Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары

Убактысы

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Компетент

түүлүгү


  1. Уюштүруу

3мин

Мугалим окуучуларды сабакка катышуусун көзөмөлдөйт

Окуучулар сабакка даяр экендиктерин билгизишет.



  1. Өтүлгөн теманы кайталоо.

3мин

Жалпы класска төмөндөгүдөй суроо менен кайрылат: Кана балдар өтүлгөн тема боюнча сүрөт тартып келдиңерби?

Окуучулар тапшырмаларын көргөзүшөт.



  1. Жаңы теманы түшүндүрүү.

5-7мин

Бүгүн биздин сабагыбыз “Боорукерлик” сабагы болмокчу. Мен силерди “Боорукерлик сабагынан көрүп отурганыма кубанычтамын. Бул сабак өзгөчө ат менен өзгөчө сабак болмокчу. Балдар бүгүн силер менен таңкалыштуу саякаттка чыгабыз. Ошентип силер менен жомоктор өлкөсүнө карай аттанабыз. Бирок бул өлкө өзгөчө өлкө, анткени таң калыштуу жана ажайып кооз. Бул өлкөдө сыйкырчылар мене аралашабыз өзүбүз да сыйкырлоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Элестетип көргүлөчү, боорукер сыйкырчы болуп, адамга кубаныч тартуулоо кандай гана жагымдуу экенин.

Боорукер адам дүйнөгө,биз силер менен жашаган планетабызга, адамдарга ар дайым керек. Билебиз жакшылык баардык жакшы нерселер, оң сапаттар, кайрымдуулук-боорукердик, жардамын аябагандык, жакшылык жасоого умтулуу,көңүл калтырбагандык.

Боорукер адам –адамдарды жакшы көрүп,аларга жардам берген адам.

Боорукер адамды жаратылыш жан- жаныбар баардыгы сүйөт. Силер мене мүмкүнкүнчүлүгү чектелген адамдар жөнүндө сөз кылгым келип жата. Алар кимдер?

_Силер көзү көрбөгөн адамдарды көрдүңөр беле? Кулагы укпаганчы? Алардын көрбөйт укпайт экендигин кантип билдиңер? Аларды ким деп коюшат?

Мындай адамдар кайсы бир жерге барууда кыйналышабы? Силер менен оюн ойнойлу.

Көзүңөрдү таңгыла, андан соң терезеде эмне болуп жата айтып бергиле? Демек ,көзүңөр байлангандан кийин силер алсыздыгыңарды,эмне кылууну билбей калганыңарды сездиңер.




  1. Жаңы теманы бышыктоо

2мин

Кандай адамдарга башка адамдар жардам берүү керек деп ойлойсуңар? Мындай адамдарга жардам жана колдоо көрсөтүү үчүн- биз-дени сак адамдарда кандай саппаттар болуу керек деп ойлойсуңар?

Окуучулар өз ойлорун айтышат



  1. Талкулоо үчүн суроолор


2мин

Майып адамдардын арсында атагы чыккан адамдар бар деп ойлойсуңарбы?

Окуучулар суроолорго жооп беришет.



  1. Тема боюнча тыныгуу


2мин

Келгиле эми силер менен оюн ойнойлу. Биз баарыбыз жомокторду сүйөбүз. Жомоктордо адилетүү жана адилетсиз каармандар болот билебиз мен силерге адилетүү каармандарды атаганда кол чабабыз, адилетсиз каармандарды айтканда бетибизди колубуз менен жабабыз? (Каармандарды атап оюн ойнолот)




  1. Сабакты жыйынтыктоо


Жети түстүү гул мультфилимин көрүү менен жыйынтыктайбыз.




  1. Үйгө тапшырма.

2мин

Гүлдүн алты таажысын женя кандай каалоолору үчүн жумшады,

Анын акыркы каалоосу кандай болду? Женянын акыркы каалоосу силерге да жактыбы? Эми атактуу майып адамдары жөнүндө маалымат алып келгиле.