СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Макал бар жерде,акыл бар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Макал бар жерде,акыл бар»

3-класс. Адабий окуу. 4-декабрь.2019-жыл. Текшерген: ________________Абдиева.Г.Ю.

Мугалим:_________________Хажимаматова.Б.

Сабактын темасы: Макал бар жерде- акыл бар.

Сабактын тиби:Талкуу жана таймаш сабагы,жаңы материалды өздөштүрүү.

Сабактын формасы: Жеке,жупта,топто иштөө.

Сабакттын жабдылышы: Окуу китеби,макал-лакаптар жазылган сүрөттүү китептер,сүрөттөр,карточкалар.

Сабакта колдонулуучу ыкмалар:Түшүндүрүү,суроо-жооп,интерактивдүү усулдар.

Негизги компотенттүүлүктөр

Предметтик компотенттүүлүктөр

1.Маалыматтык (Н.К1)

1.Маалыматты түшүнө билүү(П.К1)

2.Социалдык-коммуникативдик(Н.К2)

2.Окуй алуу компотенттүүлүгү(П.К2)

3.Өз ишин уюштуруу жана көйгөйдү чечүү(Н.К3)

3.Сөз байлыгы менен иштей алууу(П.К3)


4. Анализ жүргүзө алуу компотенттүүлүгү(П.К4)

Сабактын максаттары:

1.Билим берүүчүлүк

2.Өнүктүрүүчүлүк

3.Тарбия берүүчүлүк

Макал-лакаптардын маанисине ылайык так,таасирдүү айта алышат.

Макалдын маанисин талдап,түшүнө алышат.

Ой жүгүртүүгө,так сүйлөөгө калыптанышат.Сөз байлыктары өнүгөт.

Ата-энени сыйлоого,элин,жерин коргоого,улууну урматтоого,адептүүлүккө,достукка,

ынтымактуулукка,эмгекчилдикке табияланышат.

Сабактын жүрүшү:

Сабактын баскычтары,

убагы

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Ком-лүк.НК

Ком-лүкПК

Баалоо

1.

Уюштуруу

Классты жана клаас окуучуларын сабакка даярдоо.

Сабакка даярданышат.




2.

Саламдашуу

Саламдашат.

-Саламатсыңарбы?

Маанайыңар кандай.

-Саламатсызбы!

-Маанайыбыз мындай.




3.

Шыктандыруу

Бир-бирибизге жагымдуу сөз сүйлөйбүз.


Окуучулар бир-бирине жагымдууу сөз айтышат.




4.

Топторго бөлүү

-Балдар мен силерге мына мындай карточкаларды таркатам.

--Колунда ырыскы деген жазуусу барлар

1-топко отурат.

--Ал эми колунда дөөлөт деген жазуусу барлар

2-топко отурат.

--Колунда кут деген жазуусу барлар

3-топко отурат.

-Балдар, бугун ким дежур?Кимдер жок?



--Эми балдар силерге суроо.

1.Ырыскы деген эмне?

2.Дөөлөт деген эмне?

3.Кут деген эмне?

Ойлонуп жооп беребиз.

Балдар өз ордуларын тааап отурушат.











Дежур окуучу мугалимге кимдер жок экенин айтат


Ар бир топ өз ойлорун айтышат.

Ырыскы- бул жараткандан берилүүчү жемиш.Ар бир адам өз ырыскысы менен төрөлөт.Эртең мененки ырыскыдан калба деп бекеринен айтылбайт.

Дөөлөт –бул байлык. Көп адам дөөлөткө жетет.Бирок аны кармап калган адам аз.Эр жигитке дөөлөт үч жолу келет деп айтылган.

Кут-бул адамга, элге,жерге келген чоң касиет.Үйдүн куту-аял.

Куттуу үйдөн куру чыкпа деп бекеринен айтылбайт.





НК3

ПК3


5

Үй тапшрма суроо


--Үйгө кайсы тапшырма берилген?


--Анда бизге 1-топтон ким өз түшүнүгүн айтат?

2-топтон,3-топтон ким өз түшүнүгүн айтат?



-Ырыскы жомогун окуп, тушунуп келүү.



Окуучулар өз түшүнүктөрүн айтышат.



Упай топтоо

6

Үй тапшырманы бышыктоо.

-Эми балдар алма дарагынан алмаларды үзүп,артындагы суролорго жооп беребиз.


Окуучулар өз дараметине жараша жооп беришет.



Алкоо создор

менен

7

Жаңы темага өбөлгө

Жакшы атка бир камчы,

Жаман атка миң камчы.

Бул эмне? Анда ушул макалды чечмелейбиз.





Макал экенин айтышат.

Окуучулар өз ойлорун айтышат.







8

Жаңы теманы түшүндүрүү

--Балдар,бүгүн силер менен “Макал бар жерде акыл бар”деген теманы өтөбүз.Бул сабакта макал жөнүндө түшунүк алабыз.

Ар кандай макалдардын маанисини түшүнөбүз.


Макал-лакаптар жөнүндө маалымат берилет.


-Биздин ата-бабаларыбыз илгертеден бери сөздү кадырлап, аздектеп сындап келген.


Макал-адам баласына акыл үйрөтөт,тарбия берет,оюбузду байытат.


Макал-лакаптар кыска,так айтылган ой туюмдары.


Макалда жакшы,эмгекчил,чынчыл адмдар даңкталат.Жалкоо адепсиз адамдар шылдыңга алынат.

Ким макал-лакаптарды көп билсе,сөзгө чечен болот.












Окуучулар мугалимди кунт коюп угат. Өз оюн айтышат.









НК1











ПК2




ПК4


9

Китеп менен иштөө.

1-тапшырма

-Эми балдар, силер бул макалдарды окуп, маанисин чечмелегиле.

1-топко

1.Өзүңдү эр ойлосоң,өзгөнү шер ойло.

2-топко.

Атаны сыйласаң-акылын ук, энени сыйласан-эмгегин баала.

3-топко.

Ат сыйлаган жөө баспайт.

Окуучулар топто талкуулашып,өз ойлорун класс алдында чечелеп беришет.Башка топтун мүчөлөрү кошумча ойлорун айтышса болот.

НК2









ПК2




ПК3





ПК4






Упай топтоо



Алкоо создор менен

10

Дене көнүгүүү

Дене көнүгүусүн аткаралы.Макалдардан түзүлгөн ырды айтышат.

Баатыр кол баштайт,

Чечен жол баштайт.

Акыл айга жеткирет

Өнөр көккө жеткирет.

Улуу сөзүн угуп ал.

Кары сөзүн капка сал.





2-тапшырма

-Эми балдар,сөз дубалына макалдардын маанисине карата туура жайгаштыруу керек.




1-топ. Жатпайт кыздуу үйдө кыл.

Болбо кекчил бол эпчил


Алды ынтымак ырыс.


2-топ.Тээп эшикти ачпа.


Түгөнгүс байлык билим.


Сыйласаң акылын атаны ук


3-топ.Таштан акыл баштан асыл.

Сөзү ата булак,сөзү эне чырак.

Билим булагы окуу.

Өнөр чырагы билим








Кыздуу үйдө кыл жатпайт.

Кекчил болбо,эпчил бол.

Ырыс- алды ынтымак.


Эшикти тээп ачпа.

Билим-түгөнгүс байлык.

Атаны сыйласаң акылын ук.

Акыл баштан,асыл таштан.


Ат сөзү булак,

Эне сөзү чырак.

Окуу билим булагы,

Өнор билим чырагы.














НК2


НК3










ПК2


ПК3












Алкоо создор менен


3-тапшырма

Макалдарды толуктап жазуу керек.

1-топ. Мына бул тапшырманы

2-топ. Мына бул тапшырманы

3-топ. Мына бул тапшырманы



Окууучулар толуктап жазып ,жактап беришет.

НК3

НК2

ПК3

Упай топтоо


4-тапшырма




Макалдардын экинчи бөлүгүн жебе аркылуу көрсөт.


Окуучулар жебе аркылуу көрсөтүшөт.



НК3

ПК3

Алкоо создор менен


11





Жыйынтыктоо

-Балдар,бүгүнкү сабакта ,силерге эмнелер жакты? Дагы эмнелерди билгиңер келет?

Жооп айтуу менен сабак жыйынтыкталат.

НК3

ПК3


12

Билимдерин баалоо

Окуучулардын топтогон упайларын эсептөө менен алардын билимдери бааланат.





13

Үйгө тапшырма

Өз алдынча макалдарды таап, жаттап келүү


















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!