Кыргыз макал-лакаптары жана алардын орус тилине котормолору менен аналогдору
Кыргыз макал-лакаптары (жыйнаган Качкын Нускаев)
Кыргыз макал (Фейсбуктагы бет)
1001 макал-лакап
Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көөнүн сөз ачат.
* *
Абийир тапса баласы, атасына бак конот.
* *
Абийирди жашыңдан сакта.
* *
Абийирлүү жигитке-ажалдуу кийик жолугат.
* *
Адам баласы үйгө киргенден мурда үйдөн чыгып бара жатканын ойлошу керек.
* *
Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жат болот.
* *
Агасын көрүп ини өсөт, эжесин көрүп сиңди өсөт.
* *
Агынан тийишсең бирөөгө, айланып келет кезеги.
* *
Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон.
* *
Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат.
* *
Адам көркү адеп.
* *
Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.
* *
Адам тилинен табат.
* *
Адам ашка тойсо да, жашка тойбойт.
* *
Адам болмок аста-аста, айбан болмок бир паста.
* *
Адам - акылы менен адам.
* *
Адам ачтан өлбөйт, ардан өлөт.
* *
Адам өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят.
* *
Адам эли менен, каз өрдөк көлү менен.
* *
Адамдан айла качып кутулбайт.
* *
Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.
* *
Адамды бузган - байлык менен бийлик.
* *
Адамдын өзү карыса да сөзү карыбайт.
* *
Адамдын көркү баш болот, кабактын көркү каш болот.
* *
Адамдын кийимине караба, сөзүнө кара.
* *
Адамдын кыйноосу - санаа, өлүмү оору.
* *
Адамдын ойлогону миң, аткарганы бир.
* *
Адамкерчиликтин өлчөм-чени: өз абийиринин үнүн өчүрбөө.
* *
Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң.
* *
Адепсиз жигит – жүгөнү жок аттай,
Адеби жок аял — кабанаак иттей.
* *
Адептүү алкыш алат, адепсиз каргышка калат.
* *
Адилет соттун кылычында кын жок.
* *
Адилет сөз — ачуу сөз.
Айтсаң — тилиң күйөт,
айтпасаң — дилиң күйөт.
* *
Аз ашка жасоол болбо.
* *
Аз сүйлөп, көп тыңша.
* *
Азды жок дебе, барды көп дебе.
* *
Айбанга — келтек, адамга — ишарат.
* *
Айдаганы 5 эчки, ышкырыгы таш жарат.
* *
Айкөл адам: дыңылдаганды, ырылдаганды көтөрүмдүүлүктө кабыл алат.
* *
Айкөлдө — жок болсо да бар.
Акмакта — бар болсо да жок.
* *
Айран ичкен качып кутулду,
Чаканы жалаган колдон тутулду.
* *
Айтыла элек сөз – сенин кулуң,
Айтылып кетсе – сен анын кулусуң.
* * *
Учу бирге жазылат, түбү бирге кошулат.
* *
Айтылган сөз, атылган ок.
* *
Айыл ити ала болсо да, бөрү көрсө — чогулат.
* *
Акылдуу бир сөздөн түшүнөт,
Акылман айттырбай билет.
* *
Акылдуу миң азаптан кутулат,
Акылсыз бир азапка тутулат.
* *
Акылдуу отко карайт, акмак казанга карайт.
* *
Акылдууга – насаат, акылсызга таяк.
* *
Акылдуунун сөзү – кыска,
Айта салса – нуска.
* *
Акылмандык бар жерде, акыйкат болуп, жалган жок.
* *
Акылсызга арачы болсоң, ар кай жериң томуйт.
* *
Акылсыздын белгиси – кургак кайрат, жел өпкө,
эч убакта жарабайт кургак создөн бөлөккө.
* *
Акын болбойт талантсыз,
Молдо болбойт сабатсыз.
* *
Аларманга алтоо — аз,
Берерманга бешөө — көп.
* *
Алган эри жарашса, кара катын ак болот.
Баккан ээси жарашса, куйпул күчүк сак болот.
* *
Алгандын бермейи бар.
* *
Алдыга өбөк, аркага жөлөк.
* *
Алжеке кызга — жалжеке күйөө.
* *
Алты аял кошокко баратып өз-арманын айтат.
* *
Алтын – жерден, баатыр – элден.
* *
Алтынды дат баспайт, акыл бузулбайт.
* *
Алы жетпеген – акыйкатчыл.
* *
Алыс жерге куда болсоң — артынчактап аш келер,
Жакын жерге куда болсоң — түрдүү ушак кеп келер.
* *
Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык.
* *
Аңдышкан — айыл конбойт,
Эсептешкен — дос болбойт.
* *
Аныраңдак аялга, шаныраңдак күйөө.
* *
Ар бир жылкы жорго эмес,
Ар бир куш кулаалы эмес.
* *
Ар бир кечтин эртеси бар.
* *
Ар бир өз дартын билет.
* *
Ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө.
* *
Аргымак аттын куйругу — бирде жибек, бирде кыл.
Эр жигиттин белгиси – сыртта — мырза, үйдө — кул.
* *
Артык кылам деп, тыртык кылба!
* *
Арык атка куйругу жүк.
* *
Асыл ой, адал иш, ак сөз — турмушка баш, көз.
* *
Асыл таштан,
Акыл баштан.
* *
Ат айланып казыгын табат.
* *
Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт,
эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт.
* *
Ата сыйлаган абийир табат,
Эне сыйлаган элге жагат.
* *
Ата энеңди урматтасаң, өз балаңдан сый көрөсүң.
* *
Атадан алтоо болсо да,
Ар башта бар жалгыздык.
* *
Атадан каргыш алган оңбойт.
* *
Атадан таяк жеген балдар жакшы, энеден тил укпаган кыздар жакшы.
* *
Атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн.
* *
Атан төө мас болсо, тайлагы менен дос болот.
* *
Атаңды өлтүргөнгө энеңди бер.