Сабактын баскычтары | Мугалимдин ишмердиги | Окуучунун ишмердиги |
1)Уюштуруу (1 мүнөт) | Саламатсыңарбы, балдар! Баарыңарды мамлекттик тил майрамы менен куттуктайм! | Саламдашат. Суроолорго жооп берүүгө даярданышат |
2)Акыл чабуулу (4-мүнөт) | Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат: -2017-жылдын өзгөчөлүгү эмнеде? Эегерде окууучлар 2017-жыл “Ыйман, адептүүлүк жана маданият”- жылы деп жарыялангандыгы жөнүндө айтышпаса, мугалим багыттоочу суроолорду берүүсү керек: -Адептүүлүккө байланыштуу эмнелерди айта аласыңар? -Ыймандуу болуш үчүн кандай адам болуусу керек. -Эмне үчүн ыймандуу, адептүү болуубуз керек? | Окуучулар 2017-жылдын өзгөчөлүктөрү жөнүндө билдирүү менен, өз ойлорун айтышат. |
3)Окуучулардын пикирлерин жыйынтыктоо (1мүнөт) | Мугалим: “Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев 2017-жылды “Ыйман, адеп жана маданият жылы ” – деп жарыялоо боюнча жарлыкка кол койду. Бүгүнкү сабакта адамдагы мына ушул билимдүүлүк, адептүүлүк жана маданияттуулук сыяктуу мыкты сапаттар жөнүндө пикир алышып, талкуулап, ар кимимбиз өзүбүз үчүн жыйынтыкка келели, ошондой эле адептүүлүккө, ыймандуулукка чакырган макал лакаптарды айталы”. |
4)Топтор менен иштөө №1 тапшырма Атыбыздын маанисин-маңызын биз кандайча түшүнөбүз (10 мүнөт) | Мугалим класстын ар жерине үч макалды илип, окуучуларга жаккан макалын тандап алуусун суранат. -
“Билеги күчтүү бирди жыгат, Билими күчтүү миңди жыгат.” -
“Абийириңди жашыңдан сакта.” -
“Акылдуу жигит азыраак сүйлөп, көп тыңшайт.” Мугалим “билмдүү”, “адептүү” жана “маданияттуу” деген үч сөздү доскага илип тандалган макалын ушул сөздөр менен байланыштырууну сунуштайт. Андан соң бул сөздү кандай түшүнөрүн ар түрдүү каражаттар менен түшүндүрүүнү топтордон суранат. | Окуучулар өзүнө жаккан макалдын жанына топтолушат. Окуучулар сунушталган сөздөрдү макал менен байланыштырат, бул сөздөр командалардын аты болуп калат. Окуучулар өздөрүнүн командаларынын аттарын сцена, оюн, инсценировка, сүрөт, ыр ж.б аркылуу түшүндүрүп беришет. Андан соң сөздөрдүн иш – араке тин “Күндүн желеси” “Кластер” жана “Ромашка гүлү” аркылуу презентациялашат. |
1-топ: Макал тобу | “Эл ичи алтын бешик”, “Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы”, “Айдаганың беш эчки ышкырыгың таш жарат”, “Мурун чыккан кулактан кийин чыккан мүйүз озуптур”. |
2-топ: Лакап тобу | “Жүрө жүрө көч түзөлөт”, “Бай союуга козу таппай, жардынын жалгыз улагын сураптыр”, “Эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада” |
1-топ: Макал тобу - көп чекиттин башында турган тамгадан кеткен макал табуу. Кайсы команда биргеликте тезинен жазып дароо айтышат | -
А................................................................. -
Т.................................................................. -
А................................................................ -
-
М................................................................. -
Е................................................................. -
К................................................................ -
Е.............................................................. -
Н................................................................. |
| 2-топ: Лакап тобу- көп чекиттин башында турган тамгадан кеткен макал табуу. Кайсы команда биргеликте тезинен жазып дароо айтышат |
5)Рефлексия жана башкалардын оюна кошумчалоо (5 мүнөт) | Мугалим окуучуларга ойлорун кошумчалаганга жана топтордун презентацияларына карата ойлорун айтканга мүмкүнчүлүк берет | Окуучулар өздөрүнүн ойлорун жана мүмкүнчүлүккө жараша топтордун презентацияларына кошумча ойлорун айтышат. |
6)Жаңы теманы түшүндүрүү (12мүнөт) | -
Макалдар - фольклордук чыгармалардын ичинен эң көрүнүктүү орунду ээлейт. Макал деп-турмуштук тажрыйбаны жыйынтыктоонун негизинде акыл- насыят катарында айтылган кыска, элестүү, көркөм сүйлөмдөрдү айтабыз. Кыргыз эли ар бир сөзүн макал менен аралаштырып сүйлөгөн эл. Макалдар ар түрдүү темада айтылат: | Окуучулар тапшырмаларды чогу аткарышат. Жоопторун презентациялашат. |
Акыл, мээнет, акыбет жөнүндө айтылган макалдар: | -
Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат. -
Акыл – тозбогон тон, билим – түгөнбөгөн кен. -
Окусаң озорсуң, окубасаң – тозорсуң. -
Билимсиз бирди көрсө, билимдүү миңди көрөт. -
Күч кетет, билим кетпейт. |
Өмүр, өлүм пендечилик жөнүндө айтылган макалдар: | -
Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар. -
Тоону, ташты сел бузат, адамзатты сөз бузат. -
Адам ашка тойсо да, жашка тойбойт. -
Отту козгосоң өчөт, кошунаны козгосоң көчөт. |
Достук, эрдик, ар намыс жөнүндө айтылган макалдар. | -
Аңдышкан айыл болбойт, эсептешкен дос болбойт. -
Азамат эрдин жакшысы, азыраак сүйлөп, көп тыңшайт. -
Акмак достон, акылдуу душман артык. |
| Мугалим акылдуу доскадан ар түрдүүтемадагы макалдарды слайд түрүндө көрсөтөт. | Окуучулардын так дааны, туура окуусуна шарт түзулөт |
7)Топтордо иштөө Пазл түзүү (8 мүнөт) | 1-топ. Макал тобу. Дептерлерине көп чекиттин ордуна тиешелүү сөздөрдү коюп макалдарды толукташат. | -
1. Энени көөнү............, баланын көөнү талаада. -
2. Ата аскар............ -
3. Акылдуу бала ....................шашат, -
Акылсыз .................. мектептен качат. -
4. Жакшы деген бир .......кууса жеткис, -
.......бир ат бар жууса кеткис. -
5. Билимдүүгө ..............жарык. -
6. Ырыс алды..................... |
| 2-топ. Лакап тобу. Дептерлерине көп чекиттин ордуна тиешелүү сөздөрдү коюп макалдарды толукташат. |
| | |
8) Рефлексич жана жыйынтыктоо (4 мүнөт) | Мугалим окуучуларга өздөрүнүн оюн айтууга мүмкүнчүлүк берет жана сабакты жыйынтыктайт. -
Макал эмне үчүн турмушубузда керек? -
2. Лакап макалдан кандай айырмаланат? -
3. Эне жөнүндө макал айткылачы? -
4. Билим жөнүндө макал эстеп калдыңарбы? -
5. Ата Мекен жөнүндө кандай макалдар айтылды? -
6.Атаандашкан топко акыл-насаат иретинде макал айткылачы? | Окуучулар аргумент келтирүү менен, сабактагы кайсы учурлар жакканы же жакпаганы тууралуу өз ойлорун айтышат. |