СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Макала математиканы окутууда стимулдаштыруу жана мотивациялоо

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Макала математиканы окутууда стимулдаштыруу жана мотивациялоо»

МАТЕМАТИКА САБАГЫН ОКУТУУДА ОЮН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ АРКЫЛУУ МОТИВАЦИЯЛОО


Талантбек кызы Малийкабү, магистрант

E-mail: talantbekkyzymalika@gmail.com

Сооронбаева Каухар Акылбековна, окутуучу

E-mail: kau_aktilek@mail.ru

Ош мамлекеттик университети

Ош, Кыргыз Республикасы

Аннотация: Макалада 5-7 –класстарындагы математика сабагын окутууда мотивациялоо жана стимулдаштырууда оюн технологияларын пайдаланып сабак өтүү окуучуларга кызыктуу, түшүнүктүү өтүлгөн сабак жугумдуу болушу сунушталат.

Азыркы мезгилде орто билим берүү системасына ылайыкташтырылган көптөгөн педагогикалык технологиялар даярдалып билим сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.Алардын негезги түрлөрү төмөнкүлөр:

  • Коллективдик окуу технологиясы;

  • Активдүү окуу технологиясы;

  • Модулдук технология;

  • Проблемалуу окуу технологиясы;

  • Оюн технологиясы жана башка технология.

Байыркы доордон бери адамдын иш-аракетин стимулдаштыруунун дем берүү жана жазалоо ыкмалары белгилүү. Көңүл буруу – бул окуучуулардын аракетине оң баа берүүнүн көрүнүшү. Оюн технологияларын колдонуп сабак өтүү менен жагымдуу маанай жаралып, окуучулардын жоопкерчилиги жогорулайт. Көңүл буруу менен шыктандыруу окуучулардын ийгиликтерине жана кемчилигине кунт коюп мамиле кылуу менен, алар менен бирге кайгы жана кубанычты башынан өткөрүү мумкун болот. Сыйлоо, өзүнө болгон ишенимди, өзүн–өзү сыйлоону шыктандырат.

Ачкыч сөз: математика сабагы, инновациялык технология, оюн технологиясы, логикалык баш катырма, мотивация.

МОТИВАЦИЯ ЧЕРЕЗ ИГРОВЫЕ ТЕХНОЛОГИИ В ОБУЧЕНИИ МАТЕМАТИКИ



Талантбек кызы Малийкабу, магистрант

E-mail: talantbekkyzymalika@gmail.com

Сооронбаева Каухар Акылбековна, преподаватель

E-mail: kau_aktilek@mail.ru

Ошского государственного университета

Ош, Кыргызкая Республика

Аннотация: В статье рекомендуется использовать игровые технологии для мотивации и стимулирования при проведении уроков математики в 5-7 классах, чтобы уроки были интересными и понятными для учащихся.

В настоящее время подготовлено множество педагогических технологий, адаптированных к системе среднего образования и способствующих повышению качества образования, основные их виды:

технология коллективного обучения;

технология активного обучения;

Модульная технология;

Проблемная технология обучения;

Игровая техника и другая техника.

Методы поощрения и наказания человеческой деятельности известны с древних времен. Внимание – это форма положительной оценки усилий учащихся. При проведении уроков с использованием игровых технологий создается приятная атмосфера, повышается ответственность учащихся. Внимание и поощрение Внимательно относясь к успехам и неудачам учащихся, можно переживать вместе с ними горести и радости. Уважение внушает уверенность в себе и самоуважение.

Ключевые слова: урок математики, инновационные технологии, игровые технологии, логическая задачка, мотивация.



MOTIVATION THROUGH GAME TECHNOLOGIES IN TEACHING MATHEMATICS


Talantbek kyzy Maliikabu, master

E-mail: talantbekkyzymalika@gmail.com

Sooronbayeva Kaukhar Akylbekovna, lector

E-mail: kau_aktilek@mail.ru

Osh State University, Osh, Kyrgyz Republic



Abstract: In the article, it is recommended to use game technologies for motivation and stimulation when conducting mathematics lessons in grades 5-7, so that the lessons are interesting and understandable for students.

At present, many pedagogical technologies adapted to the system of secondary education and contributing to the improvement of the quality of education have been prepared, the main types of which are:

technology collective training;

technology of active learning;

Modular technology;

Problem learning technology;

Game equipment and other equipment.

The method of rewarding and punishing human activity has been known since ancient times. Attention is a form of positive evaluation of the efforts of students. When conducting lessons using game technologies, a pleasant atmosphere is created, and students' responsibility increases. Attention and encouragement By paying attention to the successes and failures of students, you can experience sorrow and joy with them. Respect instills self-confidence and self-respect.

Keywords: lesson mathematics, innovative technologies, game technologies, logical problem, motivation..







1.Киришуу

Мотивация: Мотивация (латын тилинен movere )- адамдын кайсы бир мүдөсүн канааттандырууга түрткөн нерселер. Мотивдер термини адамдын активдүүлүгүн көргөзгөн ар түрдүү абалды туюнтуу үчүн айтылат. Мотивдерге мүдөө, талап, инстинк (сокур сезим), кызыгуу, эмоция кирет.

Шыктандыруу – окуучуларды жемиштүү таанып-билүү ишмердүүлүгүнө багыттоочу, билим берүүнүн мазмунун активдүү өздөштүрүүсүн ойготуучу формалардын усулдардын, каражаттардын жыйындысы.

Байыркы доорлордон бери адамдардын иш-аракетине стимулдаштыруунун дем беруу жана жазалоо сыяктуу ыкмалары белгилуу. Көнүл буруу – бул окуучулардын иш-аракетине оң баа берүүнүн көрүнүшү. Бул талап кылынган адаттарды бекемдейт. Көңүл ачуу аракети позитивдүү эмоцияларды козгоого негизделген. Көңүл ачуунун түрлөрү жагымдуу маанай жаратат, жоопкерчиликти жогорулатат. Мугалим аны ишарат, мимика, окуучулардын жүрүм – турумуна же ишине оң баа берүү, тапшырма түрүндө ишеним көрсөтүү, класстын, мугалимдердин, ата-энелердин алдында дем берүү менен билдирет. Көңүл буруу менен шыктандыруу окуучулардын ийгиликтерине жана кемчиликтерине кунт коюп мамиле кылуу менен, өзүнө болгон ишенимди, өзүн-өзү сыйлоону шыктандырат. Жогорку деңгээлдеги сыйлыктар, ыраазычылыктар жана башкалар баардык окуучулардын, мугалимдердин, ата-энелердин алдында салтанаттуу түрдө сыйлоо керек – бул стимулдун жана ага байланыштуу сезимдерди абдан жакшыртат. Көрүнүп турган жөнөкөйлүгүнө карабастан, мотивациялоо жана дем берүү методду коп жылдык тажрыйбасы көрсөткөндөй, жөндөмсүздүк же ашыкча кубаттоо билимге пайда гана эмес, зыян да алып келиши мумкун. Биринчи кезекте дем берүүнүн психологиялык жагы , анын кесепеттери эске алынат. Мугалимдер окуучулардын жүрүм-турумун мактоо же сыйлык алуу каалоосу менен эмес, ички ишеними, моралдык мотивдери менен шыктандырылышына жана багытталышына умтулушу керек.

Оюн окуу технологиясы: Оюн адамдын негезги ишмерүдүүлугүнүн бири болуп саналат. Атайын түзүлгөн шартта коомдук тажрыйбаны түзүү жана өздөштүрүү мене коомдо өзүн-өзү алып жүрүүнү далилдүү көрсөтүүнү оюн, же оюнду ойноо деп аташат. Оюнду ойноо төмөнкү бөлүктөрдөн турат:

  • Максатты аныктоо;

  • Планды түзүү;

  • Максатты ишке ашыруу(ойноо);

  • Жыйынтыктын анализи;

Окуу процессинде оюн технологиясы дидактикалык максаттары, уюштуруу өзгөчөлүктөрү, жаш курактык мүмкүнчүлүктөрү жана мазмуну боюнча бири-биринен айырмаланышат. Адатта дене тарбиясын өнүктүрүү боюнча, интеллектуалдык, эмгектик жана психологиялык окуу оюндары коюлат. Оюн технологиясынын негизги функцияларын төмөнкүлөр түзөт:

  • Социалдаттыруу – коомдук тажрыйбаны жогорку деңгээлде тез жана сапаттуу өздөштүрүү;

  • Дискуссия – бири-бирине байланышкан үч этаптан турат;

1. Багыт берүү этабы. Дискуссиянын маселесин, анын максатын катышуучуларга жеткизүү, катышуучулардын бири-бирине тааныштыруу жана дискуссиянын эрежелерин, жүрүү убактыларын , талкулоонун иретин жана дискуссияда колдонулуучу негезги терминдердин, түшүнүктөрдүн аныктамаларын ар бир катышуучуга берүү. Дискуссия натыйжалуу өтүү үчүн тиешелүү туура, жагымдуу абалды пайда кылуу керек.

2. Баалоо этабы. Дискуссиянын маселеси боюнча ар түрдүү пикирлерди ортого салуу, маселенин чечилиши боюнча сунуштарды, идеяларды топтоо жана аларды ар тараптан талкулоо. Дискуссияда коюлган маселелерден четтебей, мүмкүн болушунча баардык катышуучулардын чыгып сүйлөөсү менен жүрүшү зарыл.

3. Жыйынтыктоо этабы. Дискусиянын маселесинин чечилиши боюнча ар тараптуу пакирлердин жана сунуштардын негизинде бир багыттуу чечимге жетүүгө аракет кылуу.Бул учурда мүмкүн болушунча бардык каршы пикирлерди дагы эске алуу зарыл болуп саналат.

Иштиктүү оюн. Активдүү окуу технологиясынын кеңири таралган түрлөрүнүн бири болуп саналат. Иштиктүү оюндун негизи болуп эрежелер саналат.

Окуучулар арасында анкетирлөө жүргүздүм. Анкетирлөөгө 6-10-класстын жалпы 40 окуучусу катышты . Анкетирлөө 3 суроодон туруп “1- математика сабагына кызыгасынбы?” - деген суроого 25 окуучу ооба, 11 окуучу жок, 4 окуучу анча эмес деп жооп берди. Көпчүлүк окуучулар предметтин татаалдыгына токтолуп, жаны теманы оюн технологиясын колдонуп өтүү аларга женил, көргөзмөлүү, кызыктуу болушун айтышты. “2- суроо математика боюнча билимиңер турмушта керекпи?” - деген суроого жалпы керек деп жооп беришти. Себеби бизди курчап турган дүйнө математика, жеген, ичкен, кийгенибиз математика экенине токтолушту . “3- суроо силердин оюнар боюнча математика сабагын кантип окутса кызыктуу болот?” - деген суроого биринчи мугалим сабакты кандай өтүүсүнөн, сабакты уюштура билүүсүнөн, окуучулар менен тил табыша алуусунан жана окуучулардын предметке болгон кызыгуусунан көз карандылыгын айтышты .

Анкетирлөөнүн жыйынтыгы

Бул менен мен өзүмө мугалим бир эле убакта окуучуга дос да, колдоо көрсөтүп, туура жолго багыттоочу инсан, чебер уста , талыкпай, издене билгич болуусу керек экенин түшүндүм.

Оюн технологиясы аркылуу жаны теманы өтүп, байкоо жүрзүмдүм. Бул учурда окуучулардын активдүүлүгү жакшы болду. Математика сабагына кызыкпаган окуучуларда да кызыгуу болуп жандануу пайда болду. Оюн технологиясын колдоноордон мурун окуучулардан текшерүү алдым .

Текшерүү иштердин жыйынтыгы

1.04 15.04 20.04 30.04

Анда жыйынтык орто болду. Жаңы теманы түшүндүрүп, сабакты бышыктоого оюн технологиясын колдонуп баштаганымда окуучуларда жандануу пайда болуп , 3 алган окуучулар азая баштады, окуучулардын активдүүлүгү көбөйдү.



2. Материалдык жана меттодук изилдөө

Кыдыралиев жана Урдавлетов 6-класстар үчүн 2019-жылы чыккан математика окуу китебинде окуучулардын таанып билүү муктаждыктарын математикалык тилде чечүүгө машыктырып көнүктүрүүчү мисалдарга басым жасалгандыктан, өзүм иштеген К.Ормокеев мектебинин 6- классында өтүлгөн теманы бышыктоодо оюн технологияларын пайдаландым.

Берилген катышта бөлүү” темасын аналитикалык ыкмалар менен гана чыгарбастан, маселени оюн технологияларын пайдаланып да чыгарсак болоору көрсөтүлгөн .

Мисалы: 1) К[133] Жаныбек, Айбийке жана Данияр 32 мандарин 104 : 65 : 39 катышында болуп алышты . Алардын ар бири канчадан мандарин алышты ?

Чыгарылышы: 104 саны удаасы менен үч жолу 2 ге бөлүнөт, анда

104 = 2 2 2 13, 65 саны 5ке бөлүнөт жана 65 = 13 5 болот.

Демек : ЭЧЖБ (104; 65 ) = 13

104, 65 жана 39ду 13кө бөлсөк 104 : 65 : 39 = 8 : 5 : 3 болот.

Мындан, мандариндердин ар бири 32 : 16 = 2ден болгон 8 + 5 + 3 = 16 бөлүккө бөлүнгөнүн аныктайбыз. Жаныбекке 8 2 = 16 , Айбийкеге 5 2 = 10, ал эми Даниярга 3 2 = 6 мандарин тийген болот.

8 * = 16

+ = 10

3 * 2 =

Жүнөкөй эле көбөйтүүнүн жадыбалын да оюн технологиясын колдонуп сурасак окуучулардын логикасы да өнугүп, эстеп калуусу да жакшырат.

Бекбоев И 5- класстын математика китеби [185] “ Үч бурчтукттар “ темасы:

Бышыктоо:



3. Корутунду

Мугалимдер бир гана доска, китеп менен гана чектелбестен, изденүү менен интерактивдүү методду, оюн технологиясын колдонуп, окуучуларды сабакка активдүү катыштыра алса, окуучуларга да сабак кызыктуу болуп мугалим максатына жетет.

Бир канча практикалык сабактардын негизинде окуучулардын сабакка болгон кызыгуусунун жана аракеттеринин жогорулаганын байкадым. Окуучуларды көрсөтмөлүү жана оюн сабактары аркылуу стимулдаштырып жана мотивация берип сабактын максатына жеткире алабыз.

Өзүмдүн окуучулар менен биргеликте жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы жогорку көрсөткүчтү көрсөткөндүгү себептүү, “Математика сабагын окутууда оюн технологиялары аркылуу мотивациялоо” методун колдонууну бардык мугалимдерге сунуштап кетемин.

Адабияттар :

1.Валеева Л. учитель математики Филиала МАОУ Червишевской СОШ, “Акияровская СОШ” // Методы мотивации и стимулирования деятельности учащихся на уроках математики. atmr.ru

2.Бекбоев И // Сабак жана окутуунун методдору.-2020. 106-115-119.

3.Кыдыралиев С, Урдавлетова Б // Математика окуу китеби 6 - класс.- 2019. 133.

4.www.okuma.kg – электрондук китепканасы. 372.

5. М.Алтыбаева, А.Аттокурова, К.Сооронбаева ж.б //Компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалар. Ош – 2021. 118.

6. М.Алтыбаева, Ш.Оморов, Ж.Мисиралиева // Математика боюнча класстан тышкаркы иштерди уюштуруу жана өткөрүү. Ош - 2021. 130.

7. Рахман кызы Жаркынбү // Оюн окуу технологиясы. multiurok.ru