" Мактым сулуу" уламышы- коп варианттуу жана коп катмарлуу чыгарма.Анын ондон ашуун варианты Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан ,копчулугу туштуктон алынып жазылган болсо,алыскы Хакасиядан " Абахай Пахта", жакынкы уйгурлардан " Махтум-сула" деген версиялары да басма жузундо жарык коруптур.
Аталган кыргыз уламышы тутумдаш уч болуктон турат : биринчи болугундо он беш жаштагы Мактымдын тынч кундордогу бейкапар турмушу ," мейиз жутса ,сыртынан корунуп туруучу айдаркын сулуулугу ,кырк кулач чачын шар аккан сууга агызып жууганы ,анчылыкты жакшы коргон эки агасы жана секелек синдиси бар экени жайынча баяндалат да ,анан Мактымдын коркунучтуу туш коргону жонундо соз болот.
Уламыштын экинчи болугундо Бегарстан- тайчы кырк кун той берип,Мактымды алганы ,анан эки кыз, эки уулду эгиздеп тороп бергенине карабай ,кундур- тундур кайтартканы суроттолот.Бир жолу мас болуп келген куйоосу Мактымды мазактап:
"Олжодон келген олжоке,Мактым,
Олжондобой тошок сал Мактым !
Тошок салбай ,талпак сал ,Мактым!"- деген болот.Арданган Мактым куйоосуно балдарын олтуртуп, куйоосунун кылыч менен кыя чабат.
Учунчу болугундо жол жургон Мактым оз айылындагы тойдун устунон чыгат.Ал той Мактымдын кичинесинен кудалашып койгон жигити менен синдисинин тою экен.Мактым торт бала торогонуно карабай жигити аны алат.Бир куну Мактым озонго барып ,суу алып жатканда ,суудан куу баш калкып чыгат да ,томолонуп ээрчип алат.Ал Бегарстан-тайчынын куу башы экенин дароо тааныйт.Туну да куну да ээрчип алган баштан кутулайын деп куу башты тээп жиберсе ,таманын куу баштын курч тиши тилип кетет.Ошону менен Мактым кара сан оорусунан каза табат.Аны комуп жатканда ,корустонго куу баш томолонуп кире бергендиктен ,аны менен кошо Мактымдын соогу коюлат.