Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 токтому менен бекитилген
Документ 4 бөлүмдөн турат:
- 1-бап. Жалпы жоболор
- 2-бап. Жалпы мектептик билим берүүнүн максаттары, милдеттери жана натыйжалары
- 3-бап. Окутуу түзүмүнө жана процессине карата талаптар
- 4-бап. Баа берүү тутуму
1 глава
Мамлекеттик стандарт төмөнкүлөрдү камсыз кылат
- мектептик билим берүүнүн бардык деңгээлинде бардык билим берүү тармагында белгиленген максаттарды жүзөгө ашырууну;
- окуу жүгүн ылайыкташтыруу үчүн билим берүү тармагында предметтерди интеграциялоо үчүн методикалык негиздерди.
Мамлекеттик стандарт компетенттик негизде билим берүү тутумун курууну камсыз кылган жана коомдун социалдык тапшырыгы менен мектептик билим берүүнү макулдашкан жөнгө салуу документтеринин (же куррикулум) тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат:
- предметтик стандарттар;
- окуу пландары;
- окуу-методикалык комплекстер.
- компетенттүүлүк – белгилүү бир кырдаалда (окуу, жеке жана кесиптик) билимдин жана ыктын ар кандай элементтерин өз алдынча колдонууга адамдын интеграцияланган жөндөмү;
- компетенция – окуучуну (үйрөнүүчүнү) билим алууга даярдоого карата мурдатан коюлган, анын белгилүү бир чөйрөдөгү натыйжалуу үзүрлүү иши үчүн зарыл болгон социалдык талап (ченем);
- негизги компетенттүүлүк болуп конкреттүү предметтердин мазмуну аркылуу калыптануучу жана ишке ашырылуучу, окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделүүчү билим берүүнүн натыйжасы саналат.
Негизги компетенттүүлүктөр
Маалыматтык компетенттүүлүк
2) Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк
- өз ишин пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу, негиздүү тыянактарды калыптандыруу үчүн маалыматтарды пайдаланууга даярдык. Маалымат менен иштей билүүнү талап кылат: жетишпеген маалыматты максатка умтулуу менен издөө, айрым фрагменттерди салыштыруу, гипотезаларды бирдиктүү талдоо жана коюу ыкмаларына ээ болуу. Адамга сын көз менен ой жүгүртүлгөн маалыматтын негизинде акылга сыярлык чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.
3) "Өз алдынча уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү" компетенттүүлүгү
- өз умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун таламдары менен айкалыштырууга даярдык, өз көз карашын позициялардын ар түрдүүлүгүн таануунун жана башка адамдардын (диний, этностук, кесиптик, инсандык) баалуулуктарына урмат менен мамиле кылуунун негизинде цивилизациялуу коргоп калуу. Маектешүүдө зарыл маалымат алууга даярдык жана аны жеке, социалдык жана кесиптик маселелерди чечүү үчүн оозеки жана жазуу жүзүндө билдирүү. Милдеттерди чечүү үчүн башка адамдардын ресурстарын жана социалдык институттарды пайдаланууга мүмкүндүк берет.
- маалыматта, окуу жана турмуштук жагдайларда карама-каршылыктарды табууга жана ар кандай ыкмаларды пайдалануу менен аларды өз алдынча же башка адамдар менен өз ара аракеттенүү менен чечүүгө, ошондой эле андан аркы аракеттер жөнүндө чечимдерди кабыл алууга болгон даярдык.
19 ст. Негизги компетенттүүлүктүн калыптанышынын үч деңгээлин бөлүп көрсөтүүгө болот:
- биринчи деңгээл (репродукциялык) окуучулардын үлгүлөрдү (аракеттерди аткаруунун дайындалган алгоритми) жолдой билиши менен мүнөздөлөт;
- экинчи деңгээл (продукциялык) курамы боюнча жөнөкөй иштерди аткаруу, ишмердиктин өздөштүрүлгөн алгоритмин башка кырдаалдарда колдонуу жөндөмү менен мүнөздөлөт;
- үчүнчү деңгээл (креативдик) өз алдынча конструкциялоо жана негиздөө элементтери менен татаал курамдагы ишмердикти жүзөгө ашырууну түшүндүрөт.
Мамлекеттик стандартта төмөнкүдөй билим берүү чөйрөлөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот, алардын ар бири базистик окуу планында бекемделген бир катар предметтерден турат.
- тилдик;
- социалдык;
- математикалык;
- табигый илим;
- технологиялык;
- искусство;
- ден соолук маданияты.
Билим берүү чөйрөлөрү
Тилдик
Социал-дык
(эне тил, кыргыз, орус жана чет тилдери)
Математикалык
(тарых, «Адам жана коом», укук таануу)
Табигый илимдер
(математика, алгебра, геометрия)
Техноло-гиялык
(химия, биология, физика, география, астроно-мия)
Искусс-тво
(техноло-гия, чийме жана дизайн, компью-тердик сабат-туулук)
Ден соо-лук мада-нияты
(адабият, музыка, көркөм сүрөт чыгармачылыгы)
(дене тар-бия, тур-муш-тири-чилик кооп-сузду-гунун негиз-дери)
Бардык билим берүү чөйрөлөрү жана билим берүүнүн бардык баскычтары үчүн Мамлекеттик стандарттын жана окуу планын негизинде иштелип чыккан предметтик түзүмдөр белгиленет, алар төмөнкүдөй түзүмдөргө ээ болот:
1) Жалпы жоболор.
- документтин статусу жана түзүмү;
- жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн негизги ченемдик документтердин тутуму;
- негизги түшүнүктөр жана терминдер;
2) предметтин концепциясы.
- окутуунун максаттары жана милдеттери;
- предметтик түзүүнүн методологиясы;
- предметтик компетенттүүлүк;
- негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы;
- мазмундуу тилкелер. Окуу материалдарын мазмундуу тилкелер боюнча бөлүштүрүү.
- предметтер аралык байланыштар. Тепчиме тематикалык тилкелер;
3) билим берүүнүн натыйжалары жана баа берүү.
- окуучулардын окуусунун күтүлгөн натыйжалары (баскычтар жана класстар боюнча);
- окуучулардын жетишкендиктерине баа берүүнүн негизги стратегиялары.
4) билим берүү процессин уюштурууга карата талаптар.
- ресурстук камсыз кылууга талаптар;
- жүйөлүү окутуу чөйрөсүн түзүү.
- 37 ст. Окуучулардын класстар боюнча окуу жүгүнүн чеги алардын физиологиялык жана психологиялык мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле окуу материалдарын өздөштүрүү үчүн коюлган талаптарды жана ишмердиктин түрлөрүн эске алуу менен класстар боюнча төмөнкүдөн ашпаган көлөмдө (1-4-класс – беш күндүк окуу жумасында, калган класстар – беш күндүк окуу жумасында, жумалык окуу жүктөмү 30 сааттан ашкан учурда – жалпы билим берүү уюму 6 күндүк окуу жумасын аныктайт) бекемделет:
Класстар
1
Окуу жүктөмүнүн чеги
20
2
Бир жумалык окуу жүктөмүнүн чеги
3
20
23
25
4
22
5
24
26
30
25
6
7
31
29
33
8
29
30
34
9
35
30
10
30
11
32
33
29
30
40 ст. Бир жумалык окуу жүктөмүнүн алкагында убакытты мамлекеттик, мектептик жана элективдик (тандоо боюнча предметтер) үлүштөргө болжолдуу бөлүштүрүү төмөнкү схема боюнча жүргүзүлөт:
Класстар
Мамлекеттик компонент (%)
1-7-класстар
95
Мектептик компонент (%)
8-9-класстар
10-11-класстар
Элективдик компонент (тандоо боюнча предметтер) (%)
5
90
85
-
10
-
10
5
Окутуу түзүмүнө жана процессине карата талаптар
- Мамлекеттик компонент окутуунун бардык баскычында бардык окуучуларга окутуунун бүткүл мезгилинде ар бир билим берүү чөйрөсүнө тиешелүү предметтерди камтыган тең салмактуу окуу планына жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.
- Мектептик компонент билим берүү уюмдары тарабынан өз алдынча иштелип чыгат жана окуп жаткандардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугу менен ишке ашырылат.
- Бир жумалык окуу жүктөмүнүн алкагында мамлекеттик, мектептик жана элективдик (тандоо боюнча предметтер) компоненттер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат
71 ст. 5-11-класстарда баа берүү окуучунун ички туюмуна дем берүү, өзүнө-өзү баа берүү, өзүнө-өзү талдоо жана өз ара баа берүү, өз ишине жана башка окуучулардын ишине сын көз менен баа берүү жөндөмүн калыптандырууга багытталган. Ушул максатта белгилер, ошондой эле сапаттык жана сыпаттоо ыкмалары колдонулат.
Баа берүү максаттарына жетишүү үчүн негизги жана жогорку мектептин мугалими:
- бааны окутуунун натыйжасына жетишүү даражасынын көрсөткүчү катары карайт;
- натыйжаларга жетишүүгө жана инсандык өнүгүшүнө тиешелүү окуучунун прогрессине көз салат;
- сапаттык жана сандык баа берүүнүн (окуучунун портфолиосу, байкоо жүргүзүү, тесттер, контролдук иштер ж.б.) ар кандай формаларын (жеке жана топтук, оозеки жана жазуу жүзүндө ж.б.), усулдарды, ыкмаларды жана аспаптарды пайдаланат;
- маселени биргелешип чечүү үчүн окуучунун прогресси жана окутуу процессиндеги кыйынчылыктар жөнүндө ата-энелерге маалымдайт;
- ким, качан жана кайда, ага баа бергендигине карабастан окуучуларга коюлган талаптардын биримдигин камсыз кылат.
Баа берүү тутуму
- 58. Мектептик билимдин сапатына баа берүү тутуму төмөнкүлөрдү камтыйт:
- 1) окуучунун жеке натыйжаларын коррекциялоо, окутуунун, аттестациялоонун кийинки баскычына өтүү үчүн окуучунун билимдик жетишкендиктерине баа берүүнү (билимдин белгилүү деңгээлине жетүүнү ырастоону);
- 2) окутуу жана окуу процесстерин өркүндөтүү үчүн мектептердин жетишкендиктерине баа берүүнү (мугалимдердин же мектептин ишмердигине баа берүүнү);
- 3) билим берүү тутумуна мониторинг жүргүзүүнү жана баа берүүнү.
Баа берүү тутуму
- 59. Билим берүү тутумуна баа берүү жетишкендиктердин стандартташтырылган тесттерин, мониторинг, жыйынтыктоочу аттестациялоонун жана улуттук изилдөө жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат.
- 60. Билим берүү уюмуна баа берүү тутуму тышкы жана ички мониторинг жана контроль жүргүзүүнү айкалыштырууга негизделет. Мектептик билимдин сапатына мониторинг жүргүзүү жана контролдук кылуу түздөн-түз билим берүү уюмунда (өзүнө-өзү баа берүү, ички мониторинг) же билим берүү уюмуна карата тышкы баа берүү ишмердиги аркылуу жүргүзүлөт.
Баалуулуктар
- Өз Ата Мекенин - Кыргызстанды урматтоо жана сүйүү
- Демократиялык жана жарандык укуктар, эркиндиктер жана социалдык жоопкерчилик
- Көп түрдүүлүк баалуулуктарды таануу
- Өзүн-өзү урматтоо жана жеке потенциалды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрү
- Ден соолук жана курчап турган чөйрөнүн коопсуздугу
Максат
Инсандын улам өзгөрүп жаткан көп түрдүү дүйнөдө жеке жана коомдук бакубаттуулукту камсыз кылган жарандык жана кесиптик ишке даяр болуу