7-г класс
Линейканын темасы: Мамлекеттик тилге-30 жыл.
Линейканын максаты:
1. Улуттук тилибиздин 30 жылдык тарыхы тууралуу билишет.
2. Эне тилибиздеги ырларды, китептерди, чыгармаларды окууга далалаттанышат.
3. Патриоттуулукка, Ата-Мекенди сүйүүгө тарбияланышат
Доклад: -Ализа
Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил. Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан сон кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.
Кыргыз тили Мамлекеттик тил статусун алуу менен, Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын тилдеринин өнүгүшүнө кам көрүү конституцияда, тил мыйзамында баса көрсөтүлгөн. Ошондуктан мектептерде орус, өзбек, казак, дуңган жана башка тилдерде окутуу жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары кабыл алган мыйзамдар мамлекеттик тилде жана расмий тилдерде жарыяланат. Иш кагаздары, сот иштери мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт. Эгерде айыпкер сот иши жүрүп жаткан тилди билбесе, анда ага эне тилде сүйлөө же тилмечтен пайдалануу укугу берилет. Кыргыз тилине Мамлекеттик тил статусунун берилиши – адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө болгон зор кадам, ошону менен бирге коомдун руханий жаңыланууга, жаңыча ой жүгүртүүгө багыт алуусу. Тил – улуттун баа жеткис зор байлыгы. Тил – улуттук руханий курал, ал улуттун мүнөзүн, өз алдынчалыгын айкындайт.Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил – кыргыз тили бардык мекеме-ишканаларында, уюмдарда, билим берүүдө, маданият, массалык маалымат каражаттарында, байланыш тармактарында, илимде, мамлекетте, өкмөттүк башкаруу органдарында, коомдук уюмдарда жана жеке менчик тармактарында, жыйындарында, транспортто, соода-сатык, саламаттыкты сактоо, тейлөө ишканаларында колдонулат. Мамлекеттик тил – бул мамлекеттеги улуттардын ортосундагы байланыштын, пикир алышуунун куралы.
23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү. Ар бир элди улут катары тааныткан анын тили. ЭНЕ ТИЛ! Кандай жөнөкөй, кандай терең, кандай улук сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, сезимибизди ойготуп, акылыбызды арыштатып турат. Акындардын ыр сабында кыргыз тили укмуш даңазаланып келет.
Шайлообек Дүйшеев
Э
НЕ ТИЛИН УНУТКАНДАР көркөм окуу-Азиз
Чырмалышкан иштин да чатышы бар,
Чындыктын да чыгышы, батышы бар.
Чытырмандын Кудайы пил эле эмес,
Чымындын да жашоого акысы бар.
Сайдын дагы башталган башаты бар,
Саяпкердин сактаган такасы бар.
Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да,
Өз тилинде чардаган бакасы бар.
"Кыргызмын" дейсиң мага,
Кыйшактап бийлеп туруп,
"Кыргызмын" дейсиң мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп.
Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхын унуткандар,
Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,
Кадыр-баркын калкынын куруткандар!
Тил жоголбойт,
Жоголсо, жоголот дил,
Уулуң дагы, кызың да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!
Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес.
Мен азыр мисал кылып, -Айдана
М
урат деген жигит жөнүн айткым келет,
Мурат минтчү:
Эч кимге пайдасы жок түтүндөймүн,
Эч кимге пайдасы жок
Өсүп турган жүзүмдөймүн.
Тууган эл, эмне кылам?
Энемди түшүнсөм да,
Эне тил дегенге мен түшүнбөймүн!
Тууган эл,
Туз-наныңа түкүрбөймүн,
А бирок түшүнбөймүн,
Ырыңды, комузуңду, чапаныңды, макалыңды.
Түшүнбөймүн
Кошоюңду, Бакайыңды!
Тилим бар болгон менен,
Тил катып үндөй албай.
Тилим бар болгон менен,
Дудук болдум,
Өз тилимди тилмечсиз сүйлөй албай!
Сыздатып жүлүнүңдү,
Сындырып кабыргаңды,
Жулдуруп канатыңды,
Келатамын!
Сен кимсиң?
Сен дагы күнөөлүүсүң.
Чоңсуңбу,
Кичүүсүңбү,
Баласыңбы?
Башка калктын тарыхын билген менен, -Тансулуу
Билбейсиң карыш турган
Ат-Башы, Таласыңды!
Билбейсиң сен Манасыңды!
А мени тааныгандар Мурат дешет.
Паспортумда да
Өмүралиев Муратмын мен.
Ал эми досторум:
Умуралиев Мурик дешет.
Мурик эмес,
Муратмын мен,
Мен ошомун,
Орустардын арасында «дуракмын» мен,
Кыргыздардын арасында «келесоомун»!
Т
илим бар болгон менен,
Тил катып үндөй албай.
Тилим бар болгон менен,
Дудук болдум,
Өз тилимди тилмечсиз сүйлөй албай!
Тууган эл, кечир мени,
Туз-наныңа түкүрбөймүн,
Энемди түшүнсөм да,
Эне тил дегенге мен түшүнбөймүн!
А бирок моюнума
Алгым келбейт мен күнөөнү,
Ал үчүн жалгыз гана мен эле эмес,
Сен күнөөлүү,
Сен күнөөлүү!
Ысыгыңа,
Суугуңа тоңбогондор,
Ыйманын жеп, ырыңды кордогондор,
Кыргыз эмес кыргызды төрткө бөлүп
Кылтыңдашып түлкүдөй жойлогондор!
Бөрк ал десе башыңдан кан алышкан,
Бөдөнөдөй бөжөңдөп жан багышкан,
Эне тилин унутуп мансап үчүн
Эх, канчалар маңкуртка айланышкан.
Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
«Жылт» эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан менен
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!
Тил жоголбойт,
Жоголсо, жоголот дил.
Тукумуң да, тууруң да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!
Жеңишбек Жумакадыр
КЫРГЫЗ ТИЛИМ МИНИП КАЛДЫ АРАБА көркөм окуу- Тахмина
Буга чейин айтты далай акындар,
Антсе дагы айта турган акым бар
Кыргыз болуп төрөлгөндөр,
Кыргыз тилин унутууга айтчы кандай акың бар?
Кыргыз туруп орусчалап сүйлөгөн,
Өз баласын орусчалап тилдеген,
Кыргыз туруп кыргыз тилин сүйбөгөн,
Арабызда кыз-уландар жок бекен,
Салам менен "приветтин" айырмасын билбеген.
Казактарды карагыла казакча го ырлары,
Өзбектерди карагыла өзбекче ырдады.
Орусчалап бийлегин деп,
Орусчалап сүйлөгүн деп силерди ким кыйнады?
Чет тилди да үйрөнөлү, бирок анын сүйлөй турган жери бар,
Ата-бабам айтып келген ар нерсенин чеги бар.
Айткылачы, кыргыздарым,
Кыргыз тилдин башка тилден кай жеринен кеми бар?
Таза туруп баттык окшойт санаага,
Ак нерсени алмаштырдык карага.
Ата дешти алмаштырып "папага",
Эне дешти алмаштырдык "мамага",
Башка тилдер минип жүрсө Мерседес,
Кыргыз тилим минип калды араба.
Кыргыз дебейм, кыргыз үчүн көксөбөгөн максатты,
Кыргыз дебейм, элди бөлгөн жерди бөлгөн аймакты.
Кыргыз дебейм, сатып жүргөн өз мекенин там-ташты,
Кыргыз дебейм, өз тилинде сүйлөбөгөн акмакты.
Алтынбек Исмаилов
КАНТИП АЙТАМ? Көркөм окуу-Нурай
Эх, кыргызым, ойлончу, эсти жебе,
Эне-атаңдын айтканын эски дебе.
Тарыхты сен тарс атып салган менен,
Таңдайыңа сайылат эски жебе!
Какшап келем: доо кетип балдарыңа,
Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.
Бурмаладык тилди деп кантип айтам,
Бабалардын байыркы арбагына?!
Уу чалканды мойнума артам дагы,
Улутумдун азабын тартам дагы.
Унуттук деп тилимди кантип айтам,
Урпактарга уялбай аркамдагы?!
Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон!
Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!!!
Кубат Жакыпов
КЫРГЫЗ ТИЛИМ көркөм окуу-Саадат
Кылымдын кыяларын ашкан тилим,
Кыргыз деп карт тарыхка жазган тилим,
Кыйкырып, кыйрын бузуп душман келсе,
Кылычтай кыя кесип чапкан тилим.
Алп Манас, бабам Бакай сүйгөн тилим,
Алоолоп Ала-Тоодо күйгөн тилим.
Ак калпак Ата Журттун насибине,
Асмандан энчи болуп тийген тилим.
Кыраңда кызыл гүлдөй өскөн тилим,
Кыяндап, жамгыр болуп төккөн тилим.
Улуттун оргуп чыккан башатына,
Уюган алтын сымал чөккөн тилим.
Мезгилди мерт болбостон жеңген тилим,
Мейкинде канат кагып келген тилим.
Эң ыйык, жашоомдогу теңдеши жок,
Эненин ак сүтүндөй эмген тилим.
Мөндүрдөй сабалаган акын тилим,
Мөңгүдөй ай-асманга жакын тилим.
Мөңкүгөн мөл булактай аруулантып,
Мөөрөйгө сүрөп турган асыл тилим.
Манастай дастан айткан улуу тилим,
Махабат жалын чачкан сулуу тилим.
Машакат, мүшкүл тарткан заманда да,
Майдалап бөлүнбөгөн чулу тилим.
Эгемен күнгө жеткен азат тилим,
Эзелтен ынтымакка башат тилим.
Эртеңки келечеги айдан ачык,
Эл менен алга карай басат тилим.
Асмандан балбыл жанган жылдыз тилим,
Ааламга аты чыккан Чыңгыз тилим.
Арыбай кылымдарды багынта бер,
Ардагым ата мурас Кыргыз тилим!
Накыл кептер:
Эне тилим-намысым,
Эне тилим-арым да. -Жакшылык
Билбейм жолдун алысын,
Эне тилим барында.
Эне тилим-карегим,
Сенде менин дарегим. -Мухаммед
Сен турганда мен бармын,
Сен турганда бар элим.
Эне тилинде сүйлобөгөн адам, Ата Журтта жүрбөгөндөн кандай айырмасы бар? -Адилет
Адамдын данкын чыгарган да тил, -Адис
Тарпын чыгарган да тил.
Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун. -Улан
Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун. -Гүлина
Уккан сайын көшүгөн, -Нурзада
Эне тилим-эгизим.
Жалпы:- Эне тилин эсирип чангандарды, эне тилде ашатып сөккүм келет!
Кыргыз бийи – Тахмина, Айдай, Саадат, Гүлина
Кызыктуу оюн:- Айдай, Айдана
Класс жетекчиси: Рахман кызы Ч