СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мамлекеттик тил - жалпы улуттук кенч

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мамлекеттик тил күнүнө карата тегерек стол

Просмотр содержимого документа
«Мамлекеттик тил - жалпы улуттук кенч»

Тегерек столдун стенограммасы: «Мамлекеттик тил-жалпы улуттук кенч»

29.09.2020

29-сентябрда К.Иманалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде «Мамлекеттик тил – жалпы улуттук кенч» деген аталыштагы Тегерек стол болуп өттү.

Модераторлор:

Касымбаева Роза Шаршеевна, К.Иманалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин социалдык педагогу, кыргыз тил жана адабият мугалими.

Койлубаева Гүлнура Сейтековна, К.Иманалиев атындагы жалпы орто билим бер мектебинин кыргыз тил жана адабият мугалими.

Спикерлер:

Токтоев Догдурбек Адисович, К.Иманалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебингин директору, сүрөт мугалими.

Жапарова Гүлмира Жылкычиевна, К.Иманалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары, кыргыз тил жана адабият мугалими.

Саалиева Адила Жумашовна, К.Иманалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары, геогрфия мугалими.

Зикиралиева Загира Спартаковна, кыргыз тил жана адабияты мугалими.

Насирдинов Кабыл Акималиевич, тарых мугалими.

Акунова Айзада Базаркуловна, башталгыч класстын мугалими.

Катышуучулар:

Абдраева Гүлнар Муканбетшеровна, математика мугалими.

Акбаева Динар, башталгыч класстар мугалими.

Түмөнбаева Гүлиза, орс тил жана адабият мугалими.

Тумаева Нуриза Төлөсүновна, география мугалими.

Байзакова Шахида, химия мугалими.

Сыртбай кызы Бермет, башталгыч класстын мугалими.

Темиркул кызы Наргиза, орус тил жана адабияты мугалими.

Турсуниязова перизат, тарых мугалими.

Майрамбек уулу Илгиз, 11-класстын окуучусу.

Турусбек кызы Алина 11-класстын окуучусу.

Бактыбек кызы Айгерим, 10-класстын окуучусу.

Таалайбек кызы Айжаркын, 9-класстын окуучусу.

Мөңгүбек уулу Эрбол, 9-класстын окуучусу.

Мыктыбек уулу Бекжан, 8-класстын окуучусу.

Конушбек уулу Автандил 8-класстын окуучусу.

Эсенбек кызы Каныкей 7-класстын окуучусу.

Марсел кызы Сабрина, 7-класстын окуучусу.

Койлубаева Гүлнура: Тегерек столдун темасын белгилеп, спикерлерди тааныштырды.

Касымбаева Роза: Урматтуу Тегерек столдун катышуучулары, бүгүн Кыргызстандагы эң маанилүү маселелердин бирине кайрылып отурабыз. Тил – ар бир улуттун каны-жаны, кайталангыс, көөнөрбөс мурасы. Ар бир эл өз тили, өз дили менен гана улут боло алат. Аварлардын улуу акыны Расул Гамзатовдун “Эртең тилим жок болоору чын болсо, анда мен бүгүн жан кыюга даярмын”-дегенинде калет жок шекилдүү. Бул сөздөрдүн түпкүрүндө эмне деген касиеттүү күч, эмне деген терең маани жаткандыгын талдап билүү зарыл. Арийне наристе көз ачып, ата тарбиясын, эне таалимин ала баштаганда “аа” деп ооз ачып, өз эне тилинде сүйлөйт. Болгондо да түпкүрүндөгү тунук, таза, назик сезими менен сүйлөйт. А бирок азыркы учурду алып карайлычы, кандай гана кейиштүү... Ыплас, жаман сөздөр эл арасына толуп кеткен. Ал гана эмес өз эне тилин билбеген, өз эне тилин сүйбөгөн жаштарыбыз арбын. Ыйык эне тилибиз көмүскөдө калып бара жатканы эч бир жанга сыр эмес. Ошол аялуу, наристе сезимдер менен сүйлөп баштаган кыргыз тилибиз унутулуп бара жатат дегим бар. Эртең тилибиздин жок болуп кетпешине кимдер кепилдик бере алат? Тилибиздин өнүгүшүнө кимдер салым кошо алат? деген проблемалуу суроонун айланасында Тегерек столдо сиздер менен биздин тартыша турган, бир пикирге келе турган ойлор аркылуу пикир алышсак. Анда сөздү Д.Токтоев агайыбызга берсек.

Токтоев Догдурбек Адисович:

Кыргыз эли кылымдарды карыткан улуу эл

Эне тилим, кымбат тилим, таалайым,

Сени менен сыймактанам ар дайым.

Өзүң менен жашайм өмүр өткөнчө,

Бул багыттан мен эч качан танбаймын.

Адам баласы жарык жашоого жаңыдан жаралып, келген күндөн тартып чоң жоопкерчилик менен жашайт. Чындыгында ушундай жооперчиликтүү турмушка тутка катары “тил” эң негизги кызматты аткарат. Элди түбөлүк эл кылып турган анын тили. Ар бир тил өз элине улуу. Демек тил биздин түбөлүктүү куралыбыз, коомдо кол жеткис бийиктикте турган түгөнгүс, берекелүү казына. Бизди ар бирибизди бул жарык дүйнөгө алып келип, эбегейсиз зор байлыкты-өз тилин тартуулаган элибизге түбөлүк милдеткербиз. Анын тазалыгын сактап, байлыгына байлык кошуубуз керек. “Тил тагдыры-эл тагдыры” деп бекеринен элибизде айтылбаса керек. Ушул сүйлөмдө өтө чоң маани-маңыз жатат.

“Ар бир элдин, улуттун элдүүлүгүн сактап келген, башка элдерге да өз алдынча эл экенин аныктаган, мамлекеттүүлүгүнө кызмат кылган белгиси, байланыш куралы-анын тили”, - деген белгилүү илимпоз Болот Юнусалиевдин тилдин касиеттүүлүгүнө, улууулугуна, ыйыктыгына берген аныктамасы бүгүнкү күндө да актуалдуу. Ыйык эне тилибизди канчалык сүйүп, кадырлаарыбызды сөз менен жеткире алчудай эмеспиз. Кыргыздын бардык жаштарын, улан-кыздарын ата-бабаларыбыздан көөнөрбөс мурас катары калтырылган эне тилибизди ар бирибиз аздектеп, кийинки муунга жеткирүүгө милдетибизди чоң жоопкерчилик менен аткарууга чакырып кетейин. Кыргызстанда жашап жана эмгектенип жаткан жапон илимпозу Ито Хиронори: “Кайсы жерде жашасаң, ошол элдин тилин билүү керек. Тилге болгон урмат ошол элге көрсөткөн сыйың болуп эсептелет” деп таамай белгилейт. Демек, өз элибизге караганда башка элдин өкүлдөрү тилибизди баалап, барктап тургандыгын байкасак да болот. Тилибиздин өнүгүшүнө албетте, кыргыз эли салым кошо алат. Себеби, ар бир нерсени көпчүлүк менен биргеликте иш алып барса натыйжалуу болот. Муну менен эмне айткым келет. “Тамчыдан көл куралат” демекчи кичинеден башташыбыз керек. Бул албетте үй-бүлө жана ар бир мен кыргызмын деген адам дегим келет. Ар бирибиздин жүрөгүбүзгө бул маселени киргизгенге аркеттерди жасашыбыз керек.

Жапарова Гүлмира Жылкычиевна:

Мамлекеттик тил боюнча негизинен биздин өлкөдө жеткиликтүү эле иштер жасалып жатат деген ойдомун. Бирок аны менен катар эле алешемдиктер да арбын. Муну моюнга алышыбыз керек. Менимче биз бардыгын бала бакчадан, үй-бүлөнүн өзүнөн башташыбыз ылайык. Анткени Кыргызстанда жашап жаткан этностордун көпчүлүгү түрк тилдүү калк, бири-бирибизди түшүнөбүз. Эрк болсо эле кыргыз тилин өздөштүрүп кетиш татаал эмес. Ал үчүн кыргызча окуу китептерин, мультфильмдерди арбын чыгарыш керек. Бизде, өзгөчө Түштүк тарапта бир маселе бар экенин билебиз. Ал жакта көптөгөн өзбек, тажик мектептер бар. Бирок кыргыз тилин окута турган адистер жетишпейт деген сыяктуу маселелер. Мындан сырткары кээ бир мекемелерде бир да орус жок, жалаң кыргыздар отуруп алып жыйын болобу, коллегия болобу расмий тилде алып барылат. Андыктан, мамлекеттик тилди колго алууну дал ушул мамлекеттик мекемелерден башташыбыз керек. Кудай Таала бизди бейиштей болгон жерде, кыргыз эли менен чогуу жаша деп буюрган соң биз кыргыз тиилин билишибиз керек, үйрөнүшүбүз керек. Биз бир мамлекеттин жарандарыбыз деп сыймыктанып, мамлекеттик тилдин тегерегинде баш кошконубуз дурус. Жогорудагыдай маселелерди жеринде чечүүгө ашыгышыбыз керек, патриоттук сезимди күчөтүшүбүз керек.

Саалиева Адила Жумашовна:

Кыргыз тилим бар болсун,

Ар адамдын көркү эне тил менен,

Адам эмес, эне тилин билбеген.

Эне тилин ыйык тутуп, кадырлап,

Эчендеген инсан өткөн дүйнөдөн.

Эне тилим-алп турмуштун чырагы,

Эне тилим-кут билимдин булагы.

Акыйкаттын ак жолунан чыгарбас,

Ар адамдын жандан ардак ынагы.

Мындай таамай ыр саптарын кайдыгер гана окуп койгон болбос, ар бирибизди ойлондурган кандай гана көп ыр саптары чыгып жатат. Бирок эң өкүнүчтүүсү азыркы жаштардын ошол ыр саптарын окуп, ойлонбогондугунда болуп жатпайбы. Бугүнкү күндө техниканын жетишкендиги менен өз маданиятыбызды, каада-салт, үрп-адатыбызды да тилибиз сыяктуу унутта калтыруудабыз. Өнүгүүнүн терс жагы деп ушуну белгилегим келет. Себеби, чет мамлекеттин жакшы гана жактарын албастан терс жактарын көбүрөөк алган сыяктанат биздин жаштарыбыз. Мындай көйгөйдү чечүүдө мамлекетти гана карап отурбастан ар биибиз жапа тырмак аркеттерди жасашыбыз керек. Мисалы, ата-эне баласын орус бала бакчага бергенден кийин уйдөн оздөрү кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын,маданиятын, тилин,дилин урөтүп тарбиялаш керек. Мунун бардыгын кылганга керек болсо ата-эненин көр турмуштан убактысы да жетпейт деген шылтоолорубуз да чыгат. Жок, мен андай шылтоолорго кошула албайм. Ар бир ата-эне баласы үчүн аракет кылып жашап жаткандан кийин баласынын келечеги, анын келечектеги оз мамлекетинде жашашы үчүн баардыгына жетишүүгө болот. Эң эле жөнөкөйү үйдө таза кыргызча сүйлөшүп, балага кыргыздын тарбиясын берсе. Патриоттук сезимин ойготкон түшүнүктөрдү айтып турса, ошол эле кыргыз тилине салым кошкон болуп жатпайбы. Менин оюмча азыр бизде эң эле өкүнүчтүү “кайдыгерлик” аябай өкүм сүргөн. Кайдыгерликтен бошонушубуз керек.

Зикиралиева Загира Спартаковна:

Ушул айтылгандардын бардыгы барып-барып эле эне тилибизге такалат. “Эне тилим-эне сүтүм” деп бекеринен айтылбаган. Байыртадан кылым карытып ата-бабабыз сүйлөп келген тилибизди барктабай, башка тилге алмаштырып, өзгөнүн тилинде сүйлөп өзүбүзгө жаман сапаттарды алуудабыз. Тил улуттун көөнөрүс, түгөнгүс байлыгы. Өз эне тилибиздин унутта кылып баратышы ачуу чындык, чоң көйгөй. Улуу дили, тили, каада-салт, үрп-адаты, тарыхы менен улут боло алат. Ушулар гана кыргыздын кыргыз экендигин айгинелейт. Эртең тилибиз жок болсо анда биздин кыргыз экендигибиз кайсы? Улутту жок кылуу үчүн биринчи тилин, анан дилин алган соң ал улут эмес. Демек, улуттук тил мамлекеттин ыйык символу катары баалануу керек. Кыргыз тили тээ байыркы доордон бери эле эчен-эчен жол басып, кылымдарды карытып жашап келген. Эгерде тилибиз байыркы доордо эле өсүп-өнүгүп, керемет, түгөнгүс касиетке ээ болсо, анда бул тилде теңдеши жок гениалдуу “Манас” эпопеясы, адамдын учкул оюнун, чексиз фантазиянын таң калаарлык улгүсү болгон “Эр Төштүк” жана башка залкар эпостор, дастандар, поэмалар жаралмак эмес. Тарых жазмаларында,маданий булактарда, илимий эмгектерде көргөзүлгөндөй 5-6 миң жыл мурда болуп өткөн баатырдык мдоордогу кыраан кыргыз элинин эркиндик, боштондук үчүн улуу күрөшүн ай-ааламга даңазалаган “Манас” эпопеясы жаралганга чейин эле кыргыз тили андан миңдеген жылдар мурда калыптанып, көөнөрбөс касиетке, түгөнгүс байлыкка жеткен окшойт. А эгер андай болбосо мындай деңгээлде чыгарма жаралат беле? Чындыгында терең ой жүгүртүп көрсөк «Манас» доорунда эле кыргыз тили жаралып калганбы? Жок, андай эмес, “Манас”, “Эр Төштүк”, “Кожожаш” жана башка эң байыркыы мифологиялык баатырдык замандарда жаралган улуу чыгармаларга чейин эле кыргыз тили өтө бийик деңгээлге өсүп-өнүгүп жеткен. Мисал катары алыпкарап көрсөк, гениалдуу алгачкы манасчы, манастын кыраан баатырларынын бири Ырамандын Ырчы уулу Манасты:

“Айың менен күнүңдүн,

Бир өзүнөн бүткөндөй.

Асман менен жериңдин,

Тирөөсүнөн бүткөндөй,

Алтын менен күмүштүн ,

Ширөөсүнөн бүткөндөй” – деп теңдеши жок улуу баатыр, үлгүлүү, мекенчил, айкөл, залкар саясий ишмер, алп бабабызды кыргыз тилинин каухары, бермет, керемет сөздөрү менен мүнөздөгөнү адамды байыртадан ушул күнгө чейин таң калтырат. Бул дүйнө эпосторунда өтө сейрек кездешкен мунөздөмө, тилдин керемети. Эне тилибиздин алтын казынасы, сөз жеткис байлыгы, түгөнгүс асыл бермети “Манас” эпопеясында. Улуу манасчы Жусуп мамай кыргыз тилинин кереметин мындайча баяндайт

Бабабыздан калган кеп,

Баарын жеңгн балбан кеп.

Баары жоктон улуу кеп,

Байчечекей сулуу кеп.

Уламадан уккан кеп,

Улам бирге жуккан кеп.

Айта берсе түгөнгүс

Ат жарышып калган сөз.

Аскар тоодон ашкан сөз,

Артынан кууп жете албай,

Асманда булут шашкан сөз

Ыр деңизин кечкен сөз,

Ырдын бермет шурусун

Акындар андан терген сөз.

Мына ушундай улуу саптар тилибиздин бай тил экендигинин далили. Бүгүнкү күндө сөз байлыгыбыз начарлап тилибиздинт жардыланып бара жатканында акылыбыз айран болуп, аргабызды таппай турганда. Билбегенибизди билдирип, жамсан күндө жакшылыкка үндөп, көзүбүздү ачаар, жаңылганды туура жолго багыттап, жаңы максаттарга угүттөөр – бул “Манас” эпопеясы. Эпос чагылдырылган доорлордун мүнөздөрүнө ылайык элдин жашоо турмушун, үмүт - тилегин, жек көрүүсү менен кайратын кенен сүрөттөгөн

чыгарма. Эпостун тилинин байыркылык касиетин көркөм сөз каражаттар аркылуу белгилеп чектен тыш апыртып сүрөттөө менен чыгарманын таасирдүүлүгүн, кооздугун жогорку нокаутуна жеткирет. Манастын тилинин поэтикалык формасы да анын иштелип чыккандыгын, жакшыртылгандыгын кандайдырбир деңгээлде белгилейт. Тилибиздин тебелендиде калып калышынан сактоонун бирден бир жолу жана ачкычы бир гшана “Манас” эпосу боло алат. Анткени “Манастын тили-кыргыз тили!”.

Касымбаева Роза: Тегерек столго катышып, өз ойлоруңуздар менен бөлүшкөнүңүздөргө чоң рахмат, ишиңиздерге ийгилик, ар бир Кыргызстандын жаранынын жүрөгүнүн түпкүрүндө эне тилибиз болгон КЫРГЫЗ ТИЛИ турсун.

Койлубаева Гүлнура Тегерек столдун жыйынтыгын чыгарды (материалдар кыскартылып берилди).