Просмотр содержимого документа
«Улутум-кыргыз , Урааным -Манас!»
Классы ; 1-класс
Предмети; Алиппе сабагы
Убактысы ; 40 мүнөт
Стратегиясы; Угам, окуйм, түшүном
Сабактын формасы ; Жеке жана топто иштөө
Керектүү материалдар ; Проектор, Алиппе китеби, сүрөттор, карточкалар
Сабактын темасы; « Манас»
Сабактын максаты; *Текст менен таанышышат. Шар окушат .Түшүнүктөрүн айтып беришет.
*Кабыл алуусу, эске тутуусу, кайтарым байланыш берүү көндүмдөрү калыптанат.
*Патриоттуулукка. элин жерин сүйүүгө, улуттук баалуулуктарыбызды аздектөөгө тарбияланышат.
Күтулүүчү натыйжа; *Тексттин мазмунун түштнүшөт .Манас ким болгон?- деген суроого жооп алышат. Ордо оюнунун негизги эрежелери менен таанышышат.
*Суроолорго толук сүйлөм менен жооп беришет.
*Ата мекенди көздүн карегиндей сактоо милдети экенин билишет, туюшат.
Кубатбек Чокоев атындагы №18 жалпы билим берүүчу орто мектеби 2023-2024-окуу жылы
Классы; 1- класс
Предмети; Алиппе сабагы
Тема; « Манас»
Мугалими: Атыканова З.К.
1-Кадам : Уюштуруу :
*Окуучуларды топко бөлүү
1- топ «Манас» тобу
2-топ « Семетей» тобу
3-топ « Сейтек» тобу
*Алтын эреже менен тааныштыруу
2-кадам ; Үй тапшырмасын суроо.
3-кадам :Сабактын темасын маалымдоо. Манастан үзүндү угузулат.
-Балдар силер эмне уктунар? - Манас эпосунан узунду уктук.
-Азаматсынар!
Биздин бүгүнкү темабыз; « Манас»
Урааныбыз: Улутум-кыргыз,
Урааным –Манас!
4-кадам:
*Силер буга чейин Манас эпосун Манас жөнүндө уктунар беле?
*Сен Манасты кандай элестетесин?
*Манас эпосунан үзүндү билесиңерби?-ар бир топтон бирден окуучу Манас эпосунан үзүндү айтып беришет. 5- кадам :Сүрөттөр менен тааныштыруу
6- кадам: Текст менен тааныштыруу:
Манас тексттин окуп берип окуянын жүрүшү менен таааныштыруу
Манас 1-бөлүм
Манастын чоң атасы Каракан болгон. Ал дүйнөдөн өтүп, уулдары жаш калат. Кытайдын кандары Молто менен Алооке кыргыздарга зордук-зомбулук көрсөтүшөт. Кыргыздар өз жеринен айдалып, ар кимиси ар жакка тарайт. Манастын атасы Жакып туугандары менен Алтай тоосуна качып барат. Жакып балалуу болбой жүрүп, көп жылдан кийин байбичеси Чыйырды уул төрөйт. Уулу баладан башкача төрөлөт. Ага ылайык ат коюш үчүн аксакалдар чогулушат. Бирок ага ылайыктуу ат таппай кыйналышат. Ал аңгыча ак сакалчан дубана пайда болот. -Бул баланын аты Манас болсун!-деп көздөн кайым болот. Баланын атын Манас коюшат .
2 – бөлүм менен да таанышабыз
7- кадам:Лексикалык иш: сөздөрдүн маанисин чечмелеп түшүндүрүү
Кербенчилер
Сыңар тизелеп
Дубана
Ордо
8- кадам: Манастын төрөлүшү мультфильминен үзүндү көрсөтүү
9- кадам Физминутка. Тексттеги Ордо оюнунун негизги эрежеси менен таанышып, ойношот
10-кадам: Бышыктоо – Ар бир топко тапшырма: Суроолорду окуп ,туура жообун таап, чөнтөкчөлөргө тиешелүү карточкаларды салып жайгаштырышат.
Баалоо: Ар бир топтун упайларын эсептеп,орундарын аныктайбыз.
Үйгө тапшырма: Манас эпосунан үзүндү жаттап келгиле!