«Манас» эпосун эл оозунан жыйноо тарыхы
Куну-туну тил безеп, таруудай чубуртуп, кумдай куюлтуп, айлап-жылдап тугонбогон дениздей чалкыган «Манастын» эл оозунан жыйналуу, кагаз бетине тушуу, китеп болуп басылып чыгуу таржымалы озунчо бир чон сабак, улкон тарых. Алгачкылардан болуп конул буруп, «Манас» дастанын манасчылардан жазып алууга, эл оозунан (5)жыйнап алууга демилге которуп, Манас таануу илиминин чыйырын салган окумуштуу инсандарга, атуулдарга кыргыз урпактары таазим этууго милдетуу.
Борбордук Азиянын кеменгер жана чыгаан уулдарынын бири Чокан Валихановдун ХIХ кылымда эл ичинен «Манастын» узундусун жазып алып жатып, «Бул балким, кагаз бетине тушкон биринчи кыргыз созу болуш керек»-деп жазганы бар. (10)Балким, чын эле ошондойдур. Бирок, башкача да ой жорууларды, божомолдорду айтса болот.
Тээ байыртадан биздин Тенир-Тоону, Ала-Тоону аралап, эл аралык Улуу Жибек Жолу откон. Кыргыз эли илгертеден нечен-нечен, далай-далай жазуу-сызуусу бар калктар менен алака катышта жашап келген. Биздин эрага чейинки кылымдардан тарта, андан (15)сон байыркы замандарда, орто кылымдарда, кийинки ХIХ кылымга дейре Орто Азияга далайлаган Византиялык жана араб, перс, кытай, турк, орус, европа саякатчылары, тарыхчылары, окумуштуулары келишип, бул аймакта жашаган туркун турк калктарынын, анын ичинде кыргыздардын да жашоо тиричилиги, жер-суусу, маданияты жонундо факты-материалдарды чогултушуп, коптогон эмгектерди (20)жазышкан, кол жазмаларды калтырышкан. Маселен, Х кылымда Орто Азияда болуп кеткен географ, акын жана саякатчы Абу Дулафтын 1923-жылы Мешхед шаарынан табылган кол жазма китебинде кыргыздардын тамак-ашы, диндик жоролголору жонундо кызыктуу маалыматтар бар. Балким ошондой саякатчы-тарыхчылардын кай бирлери кыргыздын оозеки чыгармаларына конул буруп, маселен «Манастын» (25)саптарынан илим кызыкчылыгы учун кагазга тушуруп жазып алышкандыр, ким билет? Анан калса, оз кезегинде Кыргызстандын аймагынан да билимдуу инсандар, окумуштуулар чыккан эмеспи. Мисалы Токмоктук Жусуп Баласагын бабабызды эле алалы. Балким, оз учурунда чыгаан чыккан кыргыздын же турктун окумал, билимдуу уулдарынын айрымдары илгери-кийин данктуу «Манас» поэмасынан кээ бир (30)узундулорун араб же уйгур жазмасы менен кагазга чиймелеп жазгандыр. Ошондой илгерки кол жазмалар белгисиз бойдон алиге дейре бир жерде катылып же комулуп, же дуйнонун бир бурчунда архивдин тупкурундо саргайп жатышы да ажеп эмес. Балким, бир заманда алгач жолу кагазга тушкон «Манас» созу табылып, сенсацияны жаратар.
«Манас» эпосун эн биринчи кагаз бетине тушургон адам.
А) Чокан Валиханов Б) Жусуп Баласагын
В) Абу Дулаф Г) ким экени азыр белгисиз
Абу Дулаф оз эмгегинде эмне тууралуу жазган?
А) тамак-аш жонундо Б) «Манас» тууралуу
В) кыргыздын тамак-ашы, дини ж-до Г) «Кокотойдун ашы» тууралуу
Орто Азияга келген саякатчылар эмне иштерди жасашыптыр?
А) кыргыздын урп-адатын жазышкан Б) «Манастан» узунду алып кетишкен
В) оозеки чыгармаларды жазышкан Г) Эмне ж-до жазганы эчкимге белгисиз
Жусуп Баласагын «Манас» тууралуу жазганбы? Жазса кайсы тилде?
А) «Манастан» эч нерсе жазган эмес Б) «Манас» поэмасынан уйгур,араб
тамгасы менен кагазга тушургон.
В) перс тилинде «Манастан» узунду Г) элдик оозеки чыгармаларды арабча
«Манас» тууралуу маалыматтарды каяктан табышкан?
А) кайсы бир архивдерден Б) ар кандай булактардан
В) Абу Дулафтан Г) Жусуп Баласагындан
ХVI кылымдагы «Тарыхтар жыйнагы» жана «Манас»
Эмнеси болсо да, улуу «Манас» эпосу жонундо кагаз жузундо 1-маалымат берген тарыхый эмгек, азырынча, ХV-XVI кылымдын чектеринде Кыргызстандын туштугундо жашап откон Сайфаддин Аксыкентинин «Маджму ад-таварих» аттуу кол жазма китеби болуп эсептелет. Фольклорчу жана этнограф Сайффаддин Аксыкентинин ХV кылымдын аяк жагында башталган бул эмгегин уулу Нооруз Мухаммед ХVI кылымдын башында улантып жазган жана бутургон. «Маджму ад-таварих»-фарсы-тажик тилинде жазылган. Ушундан улам «Тарыхтардын жыйындысынын» авторлору боюнча улуту перс же тажик деп божомолдонуп журот. А чындыгында мындай болбошу да мумкун. Себеп дегенде, 1-ден, илгери Аксыкенти шаары Кыргызстандын аймагында, азыркы Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун чегинде жайгашкан. Бул шаардын урандылары азыр да бар. Тарыхчы-илимпоз З. Эралиевдин жазганына караганда, Аксыкенти ХV кылымда чон шаар болуп, негизги калкы кочмондор-кыргыздар болгон экен. 1968-жылы Академиянын кол жазмалар фондуна откоргон Сайфаддин Аксыкентинин жердеши Ала-Букалык Назармат Жайлообай уулунун баласы Ормонбек Сайфаддинди туз эле кыргыз деп жазат: «Сайфаддиндин улуту кыргыз. Аксынын аймагында туулуп, Аксыкент шаарында окуп, ошол жерде кыргыздар жана «Манас» жонундо изилдоо журуп, китептерди жазган». Бул ойду адабиятчы Омор Сооронов колдойт.
2-ден, «Тарыхтардын жыйнагынын» кыйла болугу кыргыздардын тарыхы, урууга болунуштору, Манас жонундо болуп жатат. Мындай китепти оз элинин санжыра-тарыхын мыкты билген кыргыз баласы билиши толук ыктымал. Анда эмне учун китеп фарсы-тажик тилинде жазылган деген суроого мындайча жооп берууго болот. Анткени, орто кылымдарда араб, фарсы тилдери илим-билимдин тилдери болгон. Ошон учун ал кезде башка элдерге белгилуу болуш учун турк тилинде суйлогон Орто Азиялык окумуштуулар, билимдуулор оз эмгектерин коп учурда араб, фарс тилдеринде жазышкан. Мисалы, Орто Азиядан чыккан Аль Фарабини, Аль-Хорезминин, Бирунини эле эске тушуролу. Сайфаддин Аксыкентинин мурдагылардын орногун ээрчиген, фарсы тилинде суйлой жана жаза билген ферганалык (Аксылык) кыргыз болгон деген негиз бар.
Сайфаддин Аксыкенти оз мезгилинин билимдуу адамы болгон. Ал китебинин баш жагында «Тарихи жахан кушан», «Касасул амбиадан», «тарихи Мугулядан», «тарихи зубдатул башардан» аттуу ааламга белгилуу тарых китептирен окуганын жазат.
Манас жонундо баяндаган Сайфаддиндин китеби, анын ички мазмуну торт жарым кылым бою кыргыздарга белгисиз болуп, кабары чыкпай жаткан. Атеизмди туу кылган большевиктер диний китептерди Ферганада орттоп жатышканда жогорудагы Назармат Жайлообай уулу атасы Жайлообайдан мураска калган «Тарыхтардын жыйнагын» оро казып комуп, дубалдын ортосуна бекитип журуп аман-эсен сактап калган да, акыры 1968-жылы Академияга откоруп берген. Бирок айтып коё турган нерсе, тилекке каршы, 1968-жылдан бери чейрек кылымдан ашык убакыт отсо дагы, «Тарыхтардын жыйнагын» фарс-тажик тилинен которуп, кыргыз тилинде китеп кылып чыгарып, калайык-калкка тааныштырууга эч ким чыгынбаган. Фарс тилинде болгондуктан «Маджму ад-таварихти» эч ким деле тиши отуп окубай, фондуга тапшырылган бойдон жата берген. Кыргыз окумуштуулары китептин Ленинграддын архивдеринде сакталып турган башка дагы эки нускасынын тажик окумуштуусу А. Тагиржанов менен иранист жана кыргыз таануучу В.А.Ромодин 1960-жылдары которушкан котормолорунан (бул эки окумуштуу туп нусканы оз создору менен орусча баяндап беришкен) пайдаланып, илимий ой-пикирлерин айтып келишкен.
Акыры 90-жылдары эски кол жазмаларды окуп, жарыкка чыгаруу жагынан чон тажыйырбасы бар акын жана Манас таануучу Омор Сооронов демилге которуп, Молдо Мамасабыр Досбол уулу экоо кыргызчага которуп 1996-жылы Бишкекте китеп кылып чыгарышкан.
Аксыкентинин «Тарыхтар жыйнагы» китеби эмнеси менен баалуу?
А) Сайфаддин Аксыкенти жазганы учун
Б) Манас тууралуу 1-кагаз жузундо маалымат болгон учун
В) Назармат Жайлообай уулу сактап калган учун
Г) китеп фарс-тажик тилинде жазылганы учун
«Маджму ад-таварих» эмне учун фарс-тажик тилинде жазылган.
А) Сайфаддин тажик болгондуктан
Б) автор кыргызча билген эмес
В) ошол кезде фарс тили илимдин тили болгондуктан
Г) так маалымат жок
Сайфаддин Аксыкентинин эмгегин ким улантып жазган?
А) уулу Нооруз Мухаммед
Б) Назармат Жайлообай уулу
В) Омор Сооронов
Г) тарыхчы-З. Эралиев
«Маджму ад-таварих» качан кыргызча китеп болуп чыккан?
А) 1968-жылы
Б) ХVI кылымда
В) 1960-жылы
Г) 1996-жылы
Эмне себептен бул китеп узак убакыттар кыргыз элине сунушталган эмес?
А) тил билген киши жок, эч ким чыгынган эмес
Б) большевиктер диний китептерди орттогон учун
В) мындай китеп бар экенин эч ким билген эмес
Г) бийлик тараптан кысым болгон учун
Чокан Валиханов жана «Манас» эпосу
«Тарыхтардын жыйнагынан» кийин ХIХ кылымдын экинчи жарымына дейре «Манас» жонундо жазма тарыхый булактар азырынча кездешпейт. 1849-жылы орус бийлигинин Жети-Суудагы окулу, жогорку билимдуу адам барон К.Л.Врангелдин(кээ бир окумуштуулар бул кишини майор Франель деп жанылыш жазып журушот) Или суусунун 5.жакасында жашаган кыргыздардан Манас жана анын уулу Семетей жонундо уламыш соз жазып алганы тууралуу жазма кабар бар.
ХIХ кылымдын экинчи жарымында «Манас» эпосун эл оозунан жыйнап алууга олуттуу конул буруп, бул ишке 1-жолу илимий негиз салган, жогоруда ысымы аталган казак окумуштуусу Чокан Валиханов болуп саналат. Сибирдеги Омск шаарында кадет корпусун 10.бутургон, 21 жаштагы жаш офицер Ч. Валиханов орус экспедициясына кошулуп, Ала-Тоого келет. Саякатка келген Ч. Валиханов кыргыздардын арасында эки ай болот. Жаш окумуштуу Ысык-Колдон элдик чыгармачылыктын корком дуйносу менен кездешет.
Несендеген ак тандай акындар, ырчы жомоксулар, жаагын жанган санжырачылар менен жолугушат. Озунун кол жазмаларында ошончо таланттардын ичинен Чокан бизге 15.Телтай деген гана акындын атын атаган. Телтайдын талантына тан калып, ага «феномен» (укмуш) деп бир соз менен гана баа берип кеткен. Чокан ошол кезде элге атак-данкы жайылып, таланты ташкындап турган, атактуу Келдибек манасчыга да жолуккан болуу керек. Бирок Чокан «Манасты» кагазга тушуруп жатса да, эмгектеринде эмнегедир эч бир башка манасчынын атын атаган эмес.
20. Мына ошентип, Ысык-Колдо эки ай жургон кезинде, Ч. Валиханов ото зор кызыгуу менен кыргыздын коптогон уламыш, ангемелерин, ырларын, санжыра-тарыхтарын жана башка коп кыйла фольклордук материалдарды бир нече дептерге жазып алган. Айта кетчу нерсе, ошол дептерлердин бири айтылуу Кененсары Касымовдун 1847-жылы Чуй боорунда кыргыздар менен болгон согушу жонундо эл оозунан уккан материалдарга 25.арналыптыр. Кененсары Касымов Ч. Валихановдун жакын кандаш тууганы болуп (экоо тен казах ханы Абылай-хандын небереси), ошол 1847-жылкы урушта кыргыздардын колунан каза тапкан эле.
Ч. Валиханов жыйнаган фольклордук-тарыхый материалдардын ичинен эн маанилуусу Ысык-Колдун Туп аймагынан белгисиз манасчыдан жазылып алынган «Кокотой хандын 30.ашы» болуп эсептелет. «Манастын» бул узундусу бардыгы 3600 ыр саптарынан туруп, араб тамгасы менен калын кагаздуу 47 беттик озунчо дептерге жазылган.
Чокан Валихановдо «Манаска» болгон кызыгуу кайдан жаралган? Ал Омскиде офицердик кадет корпусунда окуп жургондо эле «Манас» тууралуу эшите баштаган экен. Буга кадет корпусунун окутуучусу Н.Ф.Костылецкийдин лекциялары себеп болгон. Анткени 35.Костылецкий элдик оозеки чыгармаларды студенттери аркылуу жыйнап келген. Экспедициядан кийин Петербургда география коомунда чыгып суйлогон созундо Чокан мындай дейт. «Манас» поэмасынын бир болугу болуп саналган «Кокотой хандын ашы» деген ырды кыргыз акынынын айтуусунда жазып алдым. Бул ырды мен орус тилине которуп жатам. Белгисиз жаткан тил менен чыгышты изилдеген окумуштууларды 40.тааныштыруу учун кыскача создук тузойун деген оюм бар».
Аман-эсен болгондо Чокан «Манас» учун дагы далай илимий-изилдоочулук, жыйноочулук иштерди жасайт эле. Тилекке каршы, оорунун айынан шум ажал аны 1865-жылы 30 жаш курагында жарык дуйнодон алып кетти. Ушинтип, алгачкы Манас таануучунун балбылдап жанып келаткан чырагы мезгилсиз жалп этип очкон.
Чокан Валиханов кыргыз жергесине эмне максат менен келет?
А) фольклор жыйнаганы
Б) элдик оозеки чыгармаларды жыйнаганы
В) турист катары
Г) орус экспедициясы менен кошулуп
Чокан «Манасты» кимден жазып алган?
А) Телтай деген акындан
Б) Келдибек манасчыдан
В) белгисиз манасчыдан
Г) Н.Ф.Костылецкийден
Чокандын Кененсары менен кандай жакындыгы бар?
А) кандаш тууганы
Б) Экоо тен Абылай-хандын чебереси
В) жон гана Кененсары Касымов тууралуу жазган
Г) экоо тен казак болгон
Кандай себептер Валихановду «Манаска» кызыгууну жараткан?
А) кыргыз-казак бир тууган болгон учун
Б) мугалими Костылецкийдин таасири менен
В) озу аябай жомокко кызыккандыктан
Г) атак-данкка ээ болоюн деп
35-40-саптар. Чокан эмне себептен создук тузгусу келген?
А) кийинки чыгыш таануучу окумуштууларга женил болсун учун
Б) кыргыздын тилине тушунбогондуктон
В) кыргызга жан тарткан учун
Г) эч кандай себепсиз эле
В. Радлов жана «Манас» эпосунун Европада таанылышы
«Манасты» эл оозунан жыйноо ишине Ч.Валихановдон кийин эн зор салым кошкон, «Туркологиянын атасы» деген атка конгон, улуту немис, академик Радлов Василий Васильевич (немисче ысымы Фридрих Вильгельм) болуп саналат. ХIХ кылымдын 60-жылдары эле техника жокболуп, негизги унаа ат,тоо болуп, ар кандай азап-тозок менен сапарга чыкканда кыйынчылыктарга туш болушкан. Ошондой жол азабын тартып, куну-туну жер кезип, какыраган чол басып, кар кетпеген бел ашып, алыскы Европадан Ала-Тоого келип, Сары-Озон Чуйдо, Ысык-Колдо, Каркырада болуп, атактуу «Манасты» ак кагаз бетине тушургон Василий Радлов.
В. Радловду алыскы Германиядан Туркстанга кандай тагдыр айдап келген. «Манаска» кызыгуусу эмне себеп болгон? В. Радлов 1837-жылы 5-январда Берлин шаарында туулган. Ал бала кунунон эле филология, тил дегенде жантыгынан жата калчу экен. Берлин университетинде окуп жургондо анын чыгыш тилдерине кызыгып калышына университеттин мугалими, урал-алтай таанунун негиз салуучуларынын бири Вильгельм Шотт чон таасир берген. В. Шоттун лекцияларында жана семинарларында В. Радлов чыгыш тилдери-монгол, турк, кытай тилдери жана урал-алтай таануунун маселелери менен кызуу таанышат. Россиядагы чыгыш элдеринин тили жана маданияты менен кененирээк таанышуу учун озу оюн бекемдейт. 1858-жылы 21 жашында В. Шоттун жолдомо каты менен Россияга келип, ал жактан Сибирь-Алтай крайына илимий иш баштоого уруксат алат. Ал жактан турк элдеринин маданиятын, тилин уйронууго бел байлайт. Жергиликтуу Тонжан деген адамдын жардамы менен алтай тилин уйронот.
В. Радлов 1860-71-жылдар аралыгында он бир жыл бою тынымсыз алтай-турк элдерин туро кыдырып, фольклордук-этнографиялык материалдарды жыйнайт. Мына ушул жылдары ал Кыргызстанга уч ирет келген. Алгач 1862-жылы Каркыра жайлоосунан кара кыргыздар менен 1-жолу кездешет. Алгач жолуккандагы алган таасири тууралуу мындай деп жазат: «Каркыра суусунун боюндагы бугу уруусунун кара кыргыздары менен кездештим. Кара кыргыздардын онун коргондо алтайлык тоолук калмактар менен толонгуттордун жузу дароо коз алдыма элестеди. Казактардан айрымасы ак кийиз калпактары бар экен. Анан ар бир боз уйдун жанында найза жолонуп турат. Казактарда мындай жок».
Кийинки келишинде 1868-жылы Чуйго, андай Балыкчы,Туп анан Сон-Колго барат.
Мына ошол учурларда окумуштуу «Манас» менен кездешет. Бугу, Сарыбагыш, Солто элдери менен болгондо ырчы-чоорчу, санжырачы,акындар, чечендер, кошокчулар, соз баккан адамдар, манасчылар менен кездешип, «Манасты» жакшылап кокурогуно туйот. Илимпоз кыргыздардын «Магасты» озгочо сыйлаарын байкайт. «Оз козум менен кордум, бир жолу акын ырдап жатканда бир манап ордунан тура калып, устундогу чапанын чечип, ырчыга белек катары ыргытты»-деп жазат В. Радлов. Ал кыргыз акындарынын онорун коруп абдан тан калат.
В. Радлов ысымдары белгисиз манасчылардан «Манас», «Семетей», «Сейтек» болумдорун жазып алат. Бардыгы болуп 12454 ыр сабын кагазга тушургон. «Манастан» жазып алган негизги темалар: Манастын торолушу, Алмамбеттин окуясы, Кокчо менен болгон уруш, Каныкейге уйлонушу, Козкамандар окуясы, Манастын олуму мындан сырткары «Жолой-хан», «Эр Тоштук» эпикалык поэмаларын кагазга тушургон.
Илимпоз-турколог озу орус транскрипциясы менен жазып алган «Манас» училтигин орусча кенири илимий баш соз менен жабдып, 1885-жылы Санкт-Петербургда кыргыз тилинде «Тундук турк урууларынын элдик адабиятынын улгулору» деген ат менен жарыкка чыгарган. Ошол эле жылы «Манасты» Германияда Лейпцигде немец тилинде жарыялаган. Китептеринин баш созундо «Манас» эпосуна В. Радлов «элдин буткул турмушунун жана калктын бардык умтулуштарынын поэтикалык чагылышы» деп жогору баа берген жана кыргыздардын кеп чеберчилигин, соз байлыгын жогору баалаган. В. Радлов 1-жолу «Манасты» немец тилине которуп эл аралык аренага алып чыккан. Окумуштуунун кыргыз калкынын, Манас таануунун алдында эмгеги ат которгус, тоо которгус. «Манастан» сырткары окумуштуу коптогон эмгектерди жарыялаган.
Василий Радлов деген ким болгон?
А) турколог-окумуштуу
Б) Манас таануучу
В) Кыргыз таануучу
Г) саякатчы
В. Радлов кайсы жылы Кыргызстанга келген?
А) 1837-жылы
Б) 1858-жылы
В) 1862-жылы
Г) 1860-жылы
Радлов кыргыздарды кимге окшоштурган?
А) монголдорго
Б) казактарга
В) алтайлыктарга
Г) кытайларга
Кыргыз менен казактардын айрымасы эмнеде деп белгилеген?
А) ону-тусундо
Б) кийимдеринде
В) калпагы менен
Г) айрымасы деле жок
Кыргызстандын кайсыл жактарына келген?
А) Ошко,Балыкчыга
Б) Чуйго, Ысык-Колго
В) Балыкчы, Таласка
Г) Сон-Кол, Ошко
Радловдун Манас таануудагы озгочолугу эмнеде деп ойлойсун?
А) «Манасты» кагазга тушургону
Б) училтикти жазганы учун
В) «Манасты» эл аралык денгээлге чыгарганы
Г) «Манасты» китеп кылган учун
Окумуштууну чыгыш таанууга ким туртку болгон?
А) мугалими Вильгельм Шотт
Б) алтайлык Тонжан
В) озу эле келген
Г) эч нерсе себеп болгон эмес