СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Манас эпосу, Манас таану

Нажмите, чтобы узнать подробности

                        Кыргыз көчү чубаган жерлер

   Алтай- Жакып 17 жашынан тартып кырк үйлүү кыргыз журту менен байырлап калат. Эгин эгип, алтын казып байлыкка тунган жер.

     Ала-Тоо- байыртадан Жараткандан мураска алган энчиси.

     Анжыян- Манастын ата-бабаларынын хан ордосу турган жер.

        Кер-Көл- бүгүнкү Ысык-Көлдүн абалкы аталышы. Кыштын кыраан чилдесинде Бакай, Ошпур аксакалдар көлгө колун салышса, тонбой жылуу болот. Кышында тонбогон ысык-көл турбайбы деп ошол күндөн кийин кер-көл аты өчүп, Ысык-көл атка көчүп кеткени айтылат.

     Суншоо- Нарындын баштапкы аталышы. Суншоо деген сөздүн мааниси суунун башы дегенди билдирет. Эпосто майда тууралган этти нарын деп атайт. Мал киндиктүү болгондуктан Суншоо аты калып, Нарын атты алып калганы баяндалат.

        Лаңгү-Таба- Ат-Башы өрөөнүнүн эзелки аталышы.

        Көтөлөк- Таластын баштапкы аталышы. Бакай атанын айтуусу менен Көтөлөк атын жоюп, башынан талаш жер болгондуктан атын Талас болсун, бу Таластын ээси Манас болсун деп батасын берген жайы бар.

            Абанды талаа- Сары-Өзөн, Чүйдүн эски аталышы. Кыргыздар көчмөн эл болгондуктан, Намутка көчүп кайра келсе кытай-калмак ээлеп алган болот. Урушуп жатып 300 жыл дегенде арандан зорго Чуу көтөрүп алган жер үчүн атагы Чуу болот. Кийин аты өзгөрүп олтуруп,  Чүй делип кетет.

         Ала-Жууку, Үч-Таш- Кара-Кулжа аймагынын эски аталышы. Манас кырк чоросу менен ан-уулап жүргөндө Байдын уулу эр Бакай капкара болгон кулжадан 54ү атып алат. Баары тен бул жердин атагы Бакай капкара кулжаны атып алган жер деп жүрүп, кийин атагы Кара-Кулжа болуп кеткен.

           Кочкор- Кырк чорого кошулуп кытайга кире качам деген Манастын аталаш туугандары Абыке, Көбөштүн иниси Кочкорду Семетей оо дүйнөгө жиберген жер. Кийин кайсы жер деп жүрүп, бая Кочкор өлгөн жер үчүн атагы Кочкор аталып калган.

           Көтөрмө- Бүгүнкү өтмөк ашуусунун Манастагы аталышы. Каныкейдин Көтөрмө деп көп жерде айтылып, Таласка аша турган бел, ашуу катары эскерилет.

            Дунша-Бел(Арт-Башы)- Бүгүнкү Эркечтамдын Манастагы аталышы. Алтын-Шаар, Кашкар тарапка аша турган бел катары көп айтылат.

             Сох- Алоокенин ажайыпканасындагы(зоопарк) ажыдаар Манастын айбатынан коркуп, кирээрге жерге таппай асманга учуп чыгып, жерди көздөй согуп кирген тоонун аталышы кийин Сок болгону айтылат. Бүгүнкү Сох анклабынын жалпы аймагы.

Просмотр содержимого документа
"Манас эпосу, Манас таану"


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!