СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 15.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Манас эпосу суроо-жооптор

Нажмите, чтобы узнать подробности

Манас эпосу боюнча суроолор жооптору менен

Просмотр содержимого документа
«Манас эпосу суроо-жооптор»

Манас бөлүмү

  1. Түгөнгөн сайын түтөгөн, түбүнөн бери күчөгөн деген ыр саптарын

чечмелеп бериңиздер?

Жооп: Манасты төрөп турганда,пайда болуп келиптир,ак сакалчан думана,анын айткан кеби мындайча: «Бул төрөгөн балаңыз,6 шердин кенжеси,Алланын сүйгөн пендеси,аты Манас артык шер,эзелде чыкпайт мындай эр,түгөнгөн сайын түтөгөн,түптүү Манас шер ушул,өлгөн сайын өөрчүгөн, өкүм Манас эр ушул» деп айткан.Бул сөз- душманга багынбайт,эч качан жок болбойт,жеңилбейт дегенди билдирет.

2.Манастын ата-бабалары делген Бөйөн, Чаян кандардын ысымы эмне себептен мындай аталып калган?

Жооп: Манастын түпкү ата-бабаларынын ысымы Бөйөн,Чаян аталып калышынын себеби; Атасынан бабасы,арысландын тукуму,ичсе канга тойбогон,душманына келгенде кабылан сындуу жойлогон,Чаяндай чагып жоо кырган,- деп айтылат.Бөйөн,Чаян деген сөз-душманына заардуу,уулуу,айбаттуу дегенди түшүндүрсө,экинчи тарабынан мыкты,курч дегенди да туюнтат.Ошондуктан Бөйөн,Чаян аталып калган.

3.Түнөп өткөн жерине, түптүү мазар орногон деген ыр саптарын чечмелеп бериңиздер?

Жооп: Түнөп өткөн жерине түптүү мазар орногон деп касиеттүү адамдарга карата айтылган сөз,Манастын ата-бабаларынын баары Кыдыр даарыган,Тенир жалгаган,Кудай колдогон,ишин оңдогон касиеттүү адамдар болушкан.Алар башкарган эл жыргалга марып,алар түнөп өткөн жерге мазар орногон,баскан изине гүл өскөн.Ошондуктан бул сөз Манастын ата-бабаларына карата айтылган.

4.Манаста беш жылдыздуу мейманканалар болгонбу?

Жооп: Манаста беш жылдыздуу мейманканалар болгон.Ал мындайча айтылат:Бөйөн кандан Чаян кан, Чаян кандан Огой кан,Огой кандан Балакан,Балакандан Каракан,Каракан ээлеп турганда,мейкана 5 сарай,берендин жайын сураба,белгилүүсү бир далай,кайратынан жан чыккан,кытайга салган чуулган деп айтылган жайы бар.

5.Каракандын эгиз уулдары болгонбу?

Жооп: Каракандын эгиз уулдары болгон.Эпосто мындай айтылган жайы бар: кечээ Каракан атаң өлгөндө,оо дүйнөнү көргөндө,Молто менен Алооке,аргын менен кыргыздын жаккан отун өчүрүп,жан-жабылта көчүрүп,Каракандын 8 уул,кээси жалкы,кээси эгиз,эрдиги журтка тегиз уул,Текечи,Шыгай балдары,Ала-Тоо бойлоп качканы.

6.Алооке билим алганбы?

Жооп: Алооке окуп билим алган.Манастын чоң атасы Каракан өлгөндө Алооке келип,аргын менен кыргызды төбөсүнөн басканда,Акбалтанын айылын такыр талап алганда,Акбалта качып чыгып, Жакыпка келип минтип айткан жайы бар: «аты Алооке чоң пааша,айзакердин ыктуу экен,ажайыптан окуган,акылы жетик кан экен,каарланган капырга,каяша берген оңобу,бизге каран күн мынча болорбу»деп айткан жайы бар.

7.Манастын желеги же туусу кандай өңдө болгон?

Жооп: Манастын туусу кызыл өңдө болгон.ак асаба, кызыл туу, айгайлаган ызы-чуу деп айтылат.Манас чоң казатка аттанганда Кошойго ат чаптырып мындай деген: Он эки кан бусурман,баарын айдап келсин де, кабылан оозун бурсун де,касиеттүү абакем,бусурмандын кызыл туу, калың кытай бетине,кармап берип турсун де деген.

8.Уруштуу күнү музыкалык аспаптын орду канчалык болгон?

Жооп: Уруштуу күнү музыкалык аспаптын орду абдан маанилүү болчу.Музыкалык аспап бул уруштун белгиси катары кагылчу. Чыңыроон тартып жез найдан,барабан жыйып сурнайдан,кыргыздар кытайлардын 95 төөдө алтынын тартып алышканда,уруштун белгиси катары,добулбас катуу кагылып,добулбас үнүн укканда, балбандары жабылып,керинейи тартылып, керней үнүн укканда,күчтүүлөрү жабылып деп айтылган жайы бар.

9.Алооке бирөөдөн буйрук алып анан кыргызга кол салганбы же өзү билип элеби?

Жооп: Алооке кытайдын түпкү кандары Эсенкан менен Карыкандан буйрук алып анан кыргызга кол салган.Эпосто мындай айтылат:Алооке менен Молто кан, Бээжиндин Кары канынан,буйрук алып шаарынан,кан талоосун кылууга,камданган экен каркыбар,кара бурут кыргызды,калтырбай чогуу кырууга,камданган экен каркыбар.

10.Манаста эки каармандын аты айтылганда ыйлаган бала сооронгон деп эскерилет. Ал кайсы баатырлар?

Жооп: Алооке Молто азабы,ажыдаардай толгонду,Алооке келет дегенде, ыйлаган балдар сооронду,каарына тийгенди,кара жердей түз кылат,катуу мүшкүл иш кылат деп айтылган жайы бар.

11.Бир элди басып алууда кытайдын канына сиңген адаты?

Жооп: Алооке менен Молтонун добушунан жан чыгат,бет алдына барганды, бейпай салып жадатат,чындап жини кармаса,калдайларга сабатат,букарасын сабамак,бул кытайдын түбүнөн берки адаты деп айтылат.Басып алган элди аёосуз сабаган адаты болгон.

12.Манаста эң алгачкы жолу кездешкен атты такалоо боюнча айтып берсеңер?

Жооп: Манаста ат такалоо боюнча эң алгач Алооке менен Молто басып киргенде, Каракандын 8 уул кеңешип,Кара-Тоону бет алып, ой беките конолу,кызыталак кытайдын, баласын уурдап соёлу, буларды ушинтип жүрүп оёлу дешип,сай тулпарды токунуп,шашып камаз окунуп,Кең Кашкар ылдый жакалап,сай буудандын баарысын, кайра баштан такалап деп айтылган жайы бар.

13.Манастын тушунда соода жүргүзүүдө алтын куймалары колдонулганбы?

Жооп: Манастын тушунда соода жүргүзүүдө алтын куймалары колдонулган.Алооке менен Молто кан,95 төөгө алтын артып,кытайга жөнөткөндө, аны Акбалта, Жакып баштаган кыргыздын 60 балбаны карактап алышат.Олжого мыктап канышып,ойронду мыктап салышып,ар түтүнгө бир-бирден, муштумдай алтын беришип деп айтылган жайы бар.Демек, муштумдай алтын бул- куйма алтын болгон.

14.Алооке, Молто кан 95 төөдөгү алтынды алгандарды эмне үчүн сот жоопкерчилигине тарткан эмес?

Жооп: Алооке, Молто кан 95 төөдөгү алтынды алгандарды сот жоопкерчилигине тартпаган себеби; калың журттун баары күнөөлүү эмес,арасынан кыңыр иш кылган бирөө бар, булардын баарын кырганда,не муратка жетебиз, андан көрө биздерге, букара болчу эл керек,жан сактоого жер керек,алым алып турууга,казынаны жыюуга,калың кара эл керек,буларды жан-жабылта көчүрүп,туш-туш жакка чачалы.,чогуу койсок бир жерге,эгерде бизди соо кылбайт.

15.Сурап ичсе тойбогон, сугалагын койбогон. Караңгыда жойлосо, кабылан сындуу жойлогон эл?

Жооп: Сурап ичсе тойбогон, сугалагын койбогон.Караңгыда жойлосо, кабылан сындуу жойлогон,кайран кыргыз эл элек,өзөн бойлой конуппуз,эр Каракан өлгөндө, өрт өчкөндөй болуппуз деп айтылат. Бул кыргыздар болгон.

16.Молто географияны мыкты билгенин кантип биле алабыз?

Жооп: Молтонун географияны мыкты билгенин кыргыздарды туш-тушка таратууда айткан кебинен билебиз.Дөңгө кыргызды кырып салалы дегенде, Молто мындай дейт:Жер бербегин конушка, бирөөнү айда оруска,бирөөнү айда ийренге,бирөөсүн түшүрүп жибер тереңге,бирөөнү айда казакка,кайра тарткыс азапка,бирөөнү көчүр Орконго,кайра чыккыс чоң торго,бирөөнү айда Каңгайга,бирөөнү айда Алтайга деп айтат, демек географияны мыкты билген.

17.Манастын тушунда бириккен улуттар уюму болгонбу? Болбосо аз сандуу элдердин же чакан мамлекеттердин укугун ким коргогон?

Жооп: Манастын тушунда БУУ болгон.Мисалы: бириккен улуттар уюмунун башында Нух пайгамбар тушунда,нур төгүлгөн Чоң Бээжин деп кытай турган.Ал эми Тыргоот,Шибе,Манжуу,ж.б чакан мамлекеттер анын курамында болушкан жана алардын укугун Түп Бээжин каны Карыкан коргогон.( бул жакындатылган жооп)

18.Кыргыздарга Алтайга айдалганда басып өткөн жерлер?

Жооп: Артына колу байланып,6 ай мыктап айдалды,толкуган эчен суу кечти,Эчки-Өлбөстөн эңкейди,Кордой менен Маңканды кошо ашып калды эми,Иленин башы Үч-Арал амалсыз кечип барды эми,Өгүз –Ашуу,Тай-Ашуу,Кичи- Жылдыз,Чоң-Жылдыз, тегиз басып алды эми, ары жагы Ак-Талаа,Ак-Талаага барды эми,анын ары жагынан Алтай деген жер тапты деп айтылат.

19.Манаста фантанды кандай атаган?

Жооп: Манаста фантанды оргуган булак суу деп атаган.Кыргыздар Алтайга айдалганда,жолдо баратып Ак-Талаанын кереметине кез болушат.Жаткан экен Ак-Талаа,ортосунда оргуган булак суусу бар,жылтыргандуу шыбагы,жыргалдуу экен убагы,суу боюнда өзөнү,элкин экен жерлери деп айтылат.

20.Киши кийик болобу?

Жооп: Ооба, киши кийик болгон.Кыргыздар Алтайга айдалган жолдо Ак-Талаанын кереметине кез болушат.Ак-Талаа жайы ушундай,түрлүү-түрлүү жаныбар,жан көрбөс жандын баары бар,киши кийик, төө кийик, таң каларлык укмуш бар деп айтылган жайы бар.

21.Манаста питон айтылабы?

Жооп: Манаста питон айтылат.Кыргыздар Алтайга айдалган жолдо Ак-Талаанын кереметине кез болушат.Ак-Талаа жайы ушундай,чырпыктары чынардай,чынарлары мунардай,кескелдирик жыландай,жыландарын карасаң, 9 кулач аркандай,Алда Таала кудурет,жан жараткан ар кандай деп айтылат.

22.Кыргыздар Алтайга барганда кандай жумуш орундарын аркалаган?

Жооп: Кыргыздар Алтайга барганда калмактарга саанчы жана малчы болуп жалданып иштешкен.Эпосто мындай айтылат: 40 үйлүү кыргыз курган журт,саанчы кирип,сүт ичип,минтип жанын бакты эми,жылкы жайып,күч минип,антип жанын бакты эми,эчкинин тоңгон майын жеп,эптеп амал тапты эми.

23.Кыргыздар Алтайга барган соң канча убакыттан кийин алтын, күмүш казып тоо-кен өнөр жайын колго алат?

Жооп: Кыргыздар Алтайга барган соң бир жылдан кийин алтын,күмүш казып,тоо-кен өнөр жайын колго алышат.Эпостон мисал келтирсек:Бул калмакка келгени 12 айга толду эми,акылманы Акбалта,анда туруп кеп айтты,алтындын кенин казалы,капаны минтип ачалы,кайгырган менен болобу,кетмендеп жерди оёлу.

24. Акбалта баштаган 40 үйлүү кыргыз канча жылдык план менен иштөөгө өтөт?

Жооп: Акбалта баштаган 40 үйлүү кыргыз 8-9 жылдык план менен иштөөгө өтөт.Кетмендеп жерди оёлу,кайран жан өлүп кеткиче,кең-кесири тоёлу,8,9 жыл болсун,жан аябай турушуп,кара жер менен урушуп,алтындын кенин казалы,аштыкты мыктап айдайлы,чекеден терди агызып,кара жер менен алышып деп айтылат.

25.Жакыптын жеке бункери болгонбу?

Жооп: Жакыптын жеке бункери болгон.Бул Алтайга келгени, сан кара күтүп бай болуп,4 түлүгү шай болуп,абаң Жакып көкжалдын,алтыны 7 там болуп,бичик чийип, кат алып, бай Жакып деп аталып деп айтылат.Демек,7 там алтынын бункерге сактаган.

26.Кырк үйлүү кыргыз Алтайда турганда ундун наркы канча баа болгон?

Жооп: Алтайдагы калмактар аштык билбес калк экен, кыргыздар барып,буудай айдап, кочушун койго сатышат, табагын тайга алмашат деп айтылган жайы бар.

27.Манаста Гиннес рекорддор китеби сыяктуу китеп болгонбу?

Жооп: Манаста Гиннес рекорддор китеби болгон.Ал даңза деп аталган.Рекорд койгон адамдардын аттары ал китепке жазылчу.Мисалы, Жакып опсуз байыганда даңзага жазылганы мындайча айтылат.Байлыгы журтка билинип,улук экен Эсенкан,анын даңзасына чийилип.

28.Жакып алгач Шаканды алганбы же Чыйырдыныбы?

Жооп: Шакан менен Чыйырды бир эле адам болгон.Өзүнүн аты Шакан.Ал Жакыптын агасы Чыйырдын аялы болгон.Чыйыр өлгөндөн кийин жесир жеңесин салт боюнча Жакыпка нике кыйышат.Чыйырдын аялы деп жүрүп,Шакан аты өчүп,Чыйырды атыгып калган.

29.Малакай калпак деген эмне?

Жооп: Малакай калпак деген кытайлардын сыйкырчы,бал ачуучу төлгөчүсү кийип жүргөн баш кийим.Эпосто мындай айтылат:улук экен Эсенкан,6 жылдык азапты азыр ойлоп билүүчү,сыйкырчысы бар экен, малакай калпак кийүүчү,7 жылдык кекерди, жеткилең ойлоп билүүчү,төлгөчүсү бар экен.

30.Илийи бичик деген эмне?

Жооп: Илийи бичик деген кара кытай, калмактардын дин китеби.

31.Манаста Маамытбек барбы?

Жооп: Манаста Маамытбек бар.Эсенкан Манас төрөлө электе сыйкырчы,балчыларын бал ачтырып,буруттан Манас төрөлөт,ал кытайга кан болот деп бичикке чийилген жазууну окуп,Манасты таап келгиле деп кытай балбандарын кыргызга жөнөткөн кол менен кошо келет.Эпосто мындай айтылат: Кытайлардан чоң Дөөдүр,боз качырчан Маамытбек,атагын көргөн чочуган,ажайыптан окуган, туула элек Манасты, издеп жолго чыкканы.

32.Кытайдын аярлары төрөлө элек Манастын кайсы белгисинен таанып тапмак эле?

Жооп: Манас болсо белгиси,кулак учу тешилүү,сүрүнети кесилүү,оң далынын үсүндө, табактай кызыл калы бар, аркасында баланын, кара көк жал жалы бар,аты Манас коюлган,айлыңда бала барбы деп,жар чакырып сурады,6 күн катар сынады деп айтылган жайы бар.

33.Манас менен Жар Манастын жаш айырмасы?

Жооп: Кытайдын балбандары төрөлө элек Манасты издеп, анын ордуна 17 жаштагы Чоң Эшендин уулу Жарманасты кармап кетет.демек жаш айырмачылыгы 17-18 жаш болгон.Эпосто мындай айтылат:Самаркан журту кайгырды, 17 жашка чыкканда, Жарманастан айрылды.

34.Жакып кайсы учурда күн менен айды чакмактайт?

Жооп: Жакып жуманын кадыр түнүндө,түн ортосу мезгилде,уктап жатып түш көрөт, түшүндө жакшы иш көрөт,оң кол менен бир чапчып, күндү кармап алыпмын,сол кол менен бир чапчып,айды кармап алыпмын,күн менен айга аралаш, мен чакмак уруп алыпмын,бул эмине болучу,бул түшүмдү жоручу деп айткан жайы бар.

35.Манас кайсы мезгилде төрөлгөн?

Жооп: Супа садык чалыптыр,тараза жылдыз бириндеп, бирөө калбай батыптыр,таң кашкайып атыптыр,жерге жарык тийиптир,ырым кылган кула бээ, Торучаарды төрөптүр,ошол кезде карасаң,сүйүнчүгө Акбалта,Жакыпты издеп келиптир деп айтылган жайы бар.

36.Чык деген эмне?

Жооп: Манас төрөлгөндө Ала-Тоодой эт болуп,Ала-Көлдөй чык болуп деп айтылат,чык деген камырды даамына чыгаруу үчүн,майда тууралып, сорпо менен кайнатылган пияз.

37.Жакып уулду болгондо канча чыгым короткон?

Жооп: Жакып уулдуу болгондо көп чыгым короткон.сүйүнчүлөп келген Акбалтага малды абдан арбын берген,андан сырткары эркек бала көрдүм деп, бээ баштаган беш жүздү,уй баштаган үч жүздү,санат жетпес кой союп,кой сойгондо мол союп,кочкор сою той кылып, адам билбес ой кылып,Жакып байдын далай мал, тойго зарып кылынып деп айтылат.

38.Эсенкандын нарктуулугун кантип билсек болот?

Жооп: Эсенкандын нарктуулугун кытай калмактардын Манастын тоюнан кийин Эсенканга барып,Жакып баашалыктай мал сойду,катыны тууса той кылды деп айтып баргандарга: Балалуу кылса той кылмак, баары журттун адаты,баашадай малды сойду деп, бузулуп кантип кетемин,колунда малын сойбойбу,тоюна келген тойбойбу,калайыктар чогулуп, баланын атын койбойбу,тоюна тоюп кутурдуң,бер жакка чаап жутундуң деп айтып келгендерди кууп жибергенинен билсек болот.

39. Манас кол койгонду билчү беле?

Жооп: Манас кол койгонду билген.Ал башка элдер менен алака түзөрдө: согуш же соода же ынтымакка келүүдө келишим тузүп,кол койгон.Мисалы эпосто мындай делет: Эр Эсенкан кан менен,чийишейин сызыкты,оюна койсом бул кытай,айдай качат малымды,тутанып өлгөн бул чочко,койбойт экен жанымды,- дейт.Чийишейин дегени, келишим түзүп, кол коюп анан уруш баштайын дегени.

40.Күүгүм туман көздөнүп деген ыр сабын чечмелеп бериңиздер?

Жооп: Манас сегизге жашы келгенде 40 үйлүүдөн 40 бала,чагултуп оюн салып жатканда, калмактын 80 баласы келип,тентип келген бурут деп бул буруттун балдарын, буркуратып курут деп, 40 баланы кордой башташат.Ошондо Манастын башына да чокмор тийип өтөт.Майлаган буудай жүздөнүп,күүгүм туман көздөнүп, кырааның салды кызыкты деп айтылат.Күүгүм туман көздөнүп деген сөз-абдан сүрдүү,коркунучтуу,карайып жинденген,каарданып,жаалы бетине чыгуу дегенди билдирет.

41.Эркек бала шок болсун, мал багаар уул болгуча, бар болгуча жок болсун деген ыр саптары кайсы окуяга таандык?

Жооп: Эркек бала шок болсун, мал багар уул болгуча, бар болгуча жок болсун деген саптар,Манас Алтайда 40 бала менен оюн куруп жатканда, калмактын 80 баласы, тентип келген бурут деп, жерсиз, элсиз кыргыздар деп,40 баланы кордоп, сабаганда, Манас жинденип, 80 калмактын быт-чытын чыгарып,12 баланы өлтүрүп коет.Ошондо Жакып:эми калмак малымды тартып алат го деп кейийт.Аны уккан Акбалта эркек бала шок болсун,мал багар уул болгуча бар болгуча жок болсун деп айткан жайы бар.

42.Бала үчүн бардыгына даяр болгон Жакып эмне себептен уулунан малды жакын көрүп калат?

Жооп: Анткени Манас абдан шок чыгат,ал калмактын 12 баласын өлтүрүп койгондон баштап, Жакып калмактар малымды суудай чачат го, 4 түлүктү калтырбай, такыр талап алат го деп малынын күйгүлтүгүн тартат,андан тышкары Манас Ошпурда жүргөндө балдарга мени төрө дегиле деп малды эсепсиз союп коротот,Манастын мындай кылыктарынан кийин мал кундүү Жакып уулунан малды жакын көрүп калат.

43.Жылкычы башы Канжаркол эмне себептен ала айгырына кум артынып жүргөн?

Жооп: Жылкычы башы Канжаркол ала айгырына кум артынып жүргөн себеби; салмак бассын, оор болсун үчүн кум артынып алган.антпесе ала айгыр куштай учуп, ала качып кетчү жылкы болгон.Эпосто мындай айтылат:астындагы ала айгыр, жаман күлүк ал айгыр,жайып ийсем оозун, куштай учуп кетет деп, кутургурду карасаң,кум салынып алыптыр.

44.Манаста отту эмне менен күйгүзгөн?

Жооп: Манаста отту оттук таш менен күйгүзгөн,бул окуя Манас Ошпурда жүргөндө 100 козуну союп,от жакканга оттук жок, Жырынтадан сураса бербей койгондо, оттук ташын тартып алганы айтылат.

45.Жырынта оттук сураган Манаска оттугун берип турса болот беле?

Жооп: Жырынта оттук сураган Манаска оттугун берип турса болмок,бирок ал Манасты киши ордуна теңебей: атаа курган бурут,атаа курган кыргыз деп бербей коёт.Бул анын бөлөк эл, тентип келген эл деп кемсинткени болчу,ызаланган Манас аттан оодара тартып, оттугун тартып алган жайы бар.

46. Кочкунун минген аты?

Жооп: Кочкунун минген аты кызыл жээрде ат болгон.Эпосто минтип айтылат: Бай Жакыптын көп малы, жерди жеди деп угуп, Эсенкандан кат алып, каарданып аттанып,Кочку келди короктоп,кызыл жээрде ат минип,балбандары сороктоп.

47.Жакыптын уулунан кенебеген Эсенкан эмне себептен Кочкуну жиберет?

Жооп: Анткени Эсенкан кытайдын даңзасына чийилген Манасты кармап орго салганбыз деп кенеген эмес,бул Чоң Жиндиге Кочкунун алы жетер деп, 700 балбан кошуп жөнөткөн.Кочку да оңой балбан эмес болчу.Кочку жайын сураба, миң балбандык түрү бар,алышканды койбогон, бир чочконун этине, бир жегенде тойбогон деп айтылат.

48.Жолой менен Дөңгө эмне себептен Манасты кармап кете алган эмес?

Жооп: Эсенкан Манасты кармап келгиле деп, Эсенкан Жолой менен Дөңгөнү баш кылып он миң кол аткарат.Бирок алар Манасты кармап кете алышпайт.Манас Дөңгөнү баш кылып, кытай колун бүт кырат.Жолой качып кутулат.Себеби күч жагынан Манаска эч ким тең келе алган эмес.

49.Жолой, Дөнгө эмне себептен түз кирип кол сала албай амал колдонот?

Жооп: Жолой менен Дөңгө түз кирип кол сала албай амал колдонгонунун себеби; биринчиден 40 үйлүү кыргыз деп тоготкон эмес,экинчиден Манастын дайынын уккан соң, алдын-ала сынап, 40 нарга кымбат буюм жүктөтүп,6 сартка айдатып, аркасынан 200 балбан жөнөтүп,Жакыпты ууру туткула деп амал үйрөтүп жөнөтүшөт.

50. Ордо оюнунун мааниси?

Жооп: Ордо оюнунун мааниси-ордо деген бул борбор.Өзүбүздүн ордобузду кантип коргоо керек жана душмандардын ордосун кантип талкалоо керек,мындайча айтканда аскердик тактика,машыгуу оюну болгон.

51. Кырк үйлүү кыргыз эмне себептен Алтайда жатып уруша бербей Ала-Тоого кетүүнү максат кылат?

Жооп: 40 үйлүү кыргыз Алтайда жатып уруша бербегенинин себеби;Алтай бул душмандардын жери болгон,бөлөк эл, бөтөн жерде айласы жок турушкан. Манас баатыр чыгып,аны арка бел кылып,өз конушубузга кетели деген Акбалтанын акылы боюнча,Ала-Тоого көчүп,жолдо ит урушун салып,аман-эсен өз жерине жетип алса, өлсөк анан арман жок деген ниетте Ала-Тоо көздөп көчүп жөнөшкөн.

52.Мадаңшаңды алганда мынчалык таң калбаган Дөөдүр кимге таң берет?

Жооп: Манас Дөңгө менен Жолойдун амал менен жиберген 200 колун кырганда, арасынан Дөөдүр алп аман качып кутулуп,Жолой менен Дөңгөгө Манаска таң калганын айтат:мен Дөөдүр алп болгону, Дөөдүр атка конгону,Мадаңшаң менен салышып,ордолуу шаарын бузганда,мында мындай болбодум,бүт Бээжинди салсак да,манаска алы келе албайт дейт.

53.Кыянгер, Капсаң тоосунун бери жагында жашаган эл?

Жооп: Кыянгер,Капсаң тоосунун бери жагында жашаган эл бул-Шибе эли болгон.Эпосто мындай айтылат.Кыянгер,Капсаң тоосунда,Суук капчыгай оозунда,анын бер жак бетинде,Шибе деген эл экен,жалгызын көрсө карышкыр,алыста койдой жээр экен.

54.Кытай падышалары Каражой уулу Шыпшайдарды эмне үчүн оорудан толук айыктырып алган эмес?

Жооп: Келгендерден кеп угам,Каражой уулу Шыпшайдар,өлбөй-житпей чочко кул,8 жылга толду - дейт,кесик оору, - деп угам.Кесигинен бул өлсө,бизге анык бергени,кесигинен айыкса,бизге кокуй болгону.Кесигинен айыкса,кезиккен канча кан өлөт,келген жандын баары өлөт.Шыпшайдардан башкага,алышкан менен алдырбайм,-деп Алмамбеттин айтканы бар.Кытай падышалары Каражой уулу Шыпшайдарды айыктыра албаган себеби;кесик оорусу бул – айыккыс дарт болгон.(жооп жакындатылып берилди,мүмкүн болсо өзүңүздөр да карап көрүңүздөр)

55.Манас Каман алптын 60 бууданын алган жер?

Жооп: Манас Каман алптын 60 бууданын алган жер Топурак-Тикен жону деп аталган.Эпосто мындай айтылат:Жолойду колдон качырып,Колот жерди май кылып,Каман алпты жай кылып,Топурак-Тикен жонунан 60 буудан тулпарды,айдап Манас келди эми,жанындагы 40 бала, олжо кылып берди эми.

56.Манас эмне себептен кырк чилтен жалгыз жолукпайт?

Жооп: Анткени, Манастын 40 баласы ар дайым жанында арка –жөлөк болуп бирге жүргөн,40 балага 40 чилтен колдоочу болуп келишкен.Алар Алла Таала тарабынан жөнөтүлгөн, максаты:айкашкан жоого киргенде,алдыңа түшүп төтөлөйм,душмандын колун тийгизбей,атыңды өзүм жетелейм деп колдоочу болуп келишкен.Алар Манасты гана эмес,40 баланы кошо даарып кетишкен.Ошон үчүн Манаска 40 чилтен жалгыз жолукпайт.

57.Манаска эмне себептен кырк чилтен шер атагын бере алган эмес?

Жооп: Манаска шер атагын Шай ата берген.Ал эми 40 чилтендин Манаска шер атагын бере албаганын биз мындайча түшүнөбүз.Кадимки адамдардын деле жашы,аксакалы болгондой эле,чилтендерге караганда Шай атанын орду бийик турган.Ошон үчүн Манаска шер атагын Шай ата тапшырган.

58.Шай ата дегенде канча адамды түшүнөбүз?

Жооп: Эпосто мындай айтылат:Белестеги 5 киши,белгилүү Шайдын өзү ушул,беренге жолдош болом деп, бет алып келген кези ушул.Демек Шай ата 5 киши болгон.

59.Үсөн эмне себептен кыргыздан аял алган эмес?

Жооп: Үсөн менен Жакып ага-ининин балдары болгон.Ал кыргыздар туш-тарапка айдалганда,Бээжиндин ары жагында,Сазаңшаң деген жеринде,кара калмак элинде,Үсөн аты жоюлуп, Көзкаман атка коюлуп, калмакча динге кирди дейт,калмактан аял алды дейт.Өзүн берсе мейли эле, дилин берип койду дейт деп айтылат.1-ден Үсөн калмакка барып,кайра эл-жерин,тууганын табам деп ой кылбайт,мындайча айтканда, калмактарга берилип кетет,ошон үчүн калмактан аял алат.2-ден ал жакта кыргыз кыздары жок болушу мүмкүн.Эркектер эле айдалып барышы мүмкүн деп ойлойбуз.

60.Керчөө тон болобу?

Жооп: Эпосто Кошойдун керчөө тон кийип жүргөнү айтылат.Белгилүү Кошой эр ошол,кененче керчөө тон кийген,кер кабылан ат минген, азар түмөн кол чыкса, айгай салып бир тийген делет.Керчөө тон бул –эң мыкты тон дегенди билдирет.Ал эми керчөө деген сөздүн өзүн алсак, ал-койдун төшүн териси менен алынган бөлүгү.Андан тон болбойт.

61.Түгөнгүс алтын бар экен деп Манас атабыз таң берген жер?

Жооп: Кошойду издеп бараткан жолдо Манас атабыз Ысык-Көлгө кез келип мындайча таң бергени айтылат: Жаныбарым Ысык-Көл,жер соорусу турбайбы,муну жердеген адам тунбайбы,2 эли жерин оодарса,түгөнгүс алтын бар экен,мындай бейиш жер болбос,мындай кызык көл болбос деп таң берген жайы бар.

62.Жарды жүрүп байыган, жалгыз жүрүп көбөйгөн деген ыр саптары кимдерге таандык?

Жооп: Бул саптар Кошой атабызга таандык.Эпосто мындай айтылат:Абаң Кошой карыя,адамдан бөлөк олуя,батасы журтту байыткан,пайгамбар чалыш карыя, жарды жүрүп байыган,жалгыз жүрүп көбөйгөн,кулаалы таптап куш кылган, курама жыйнап журт кылган деп айтылган жайы бар.

63.Манаста бажы кызматы болгонбу?

Жооп: Манаста бажы кызматы болгон.Ар бир эл өзүнүн чек арасына кароол каратып койгон.Мисалга алсак Кошойдун бажы кызматы мындай айтылат:Ат-Башыда Чеч-Дөбө,Чеч-Дөбөнү жер кылып,Кайран Кошой абакең,картайган башын эр кылып,туура тарткан Кара-Тоо,мындан кароол каратып,кароол башы Кутунай,Кутунайды жаратып деп айтылган жайы бар.Кароол бул-бажы кызматы болгон.

64.Бөйөнкандын урпактарын санап бергиле?

Жооп: Бөйөн кандан Чаян кан,Чаян кандын Түмөн кан,Түмөн кандан Огой кан,Огой кандан Бала кан, Бала кандан Тара кан,Тара кандан Кара кан,Кара кандан Жакып,Жакыптан Манас деп айтылган жайы бар.

65.Батасы журтту байыткан деп эмне себептен Кошойду айтышкан?

Жооп: Анткени Кошой атабыз касиеттүү адам болгон.Зайыппуруш атанып,Баба кары алдынан, басып кирип бата алган.Мындан тышкары кыргызда улуу адам бата берет,Кошой атабыз дөөлөттүү карылыкта болчу.

66. Кошой эмне себептен Кундуз, Талканды эмес Ат-Башыны жердеген?

Жооп: Катагандын кан Кошой деп бекеринен айтылган эмес.Кошой катаган уруусунан чыккан,түпкү жери Кундуз, Талкан болгон.Бирок Кошой бейиштей жер экен деп,Ат-Башыда Чеч-Төбө,Чеч-Төбөнү жер кылып,кайран Кошой абакең,картайган башын эр кылып,-деп айтылган жайы бар

67.Манас эмне себептен Кошойго барып кеңеш курат?

Жооп: Бул акылды Манаска Акбалта айтат:Пир тутуучу эр ошол,билимдүү Кошой шер ошол,белге таңуу бел ошол,кеңешип алып Кошойго,кажылдаган калмакка,анан катыл сен ошол,абаң Кошой артык кан,арка кылар бу бир жан дейт.

68.Манас эмне себептен Анжыянды эмес Таласты ордо күтүп калат?

Жооп: Эсенкандын 2- жолу жиберген колун жеңип,Манас,Кошой баштаган кыргыздар, Ала-тоого көчүп келатышып,Үйрүлмөнүн сазына 3 күнү өргүү алышат,ошондо абаң Кошой жаркылдап,шумкар куштай баркылдап: Ээ кулунум эр Манас, эки чылбыр, бир тизгин,эми колго алыңыз,Кара-Тоодой кан болгун,40 уруу кыргыз элине,касиеттүү жан болгун,атактуу Талас,Чоң Кең-Кол,жердей көр ушу жериңди,Таласты күтүп,чеп кылгын,күтүп алсаң Таласты, дүнүйөгө чеп ошол,конуш кылгын Таласты, кан көтөрүп биз алдык,Жакыптын уулу Манасты деп бата берет.

69.Манаста канча майрам бар?

Жооп: Манаста 1 майрам бар. Ошол кезде Бээжинге,кытай кайнап толуптур,барганыма Бээжинге,19 күн болуптур,ошол чакта кытайдын,чагаан айы толуптур.Чагаан айы болгондо,40 кулактуу жез казан,көчөгө асып коюптур.ал казандын ичине,40 качыр менен 40 чочко,40 мышык менен 40 итти,союп келип салыптыр.Ар айбандан кырк-кырктан,алып келип туруптур.Алачыктай жез буркан,аса байлап койчу экен, Буркандын айланасына,кайнап кытай толчу экен,- деп айтылат.Чагаан айы бул кытайлардын жаңы жыл майрамы.

70.Кошойдун кушу?

Жооп:Кошойдун кушу куу ылаачын болгон.Эпосто мындай айтылат: курган Кошой тийбеген,элде бүтүн бар бекен,куу ылаачын теппеген,кууда бүтүн бар бекен,керкабылан баспаган, жерде бутүн бар бекен.

71.Жанаалы, Карач кайсы элдин каны?

Жооп: Жанаалы,Карач эки кан,өзү түркмөн бусурман,Чамбыл-Белди жердеген,чабышып пенде жеңбеген деп айтылат.Жанаалы,Карач түркмөн элинин кандары болушкан.

72.Ажыбай менен Жанаалынын кандай жакындыгы бар?

Жооп: Ажыбай менен Жанаалынын жакындыгы экөө тең, Чамбыл-Белди жердеген түркмөн болушкан.

73.Билериктин тулпары?

Жооп: Билериктин тулпары Кылжээрде болгон.Эпосто мындай айтылат:Айкожонун Билерик,минген аты Кылжээрде,ошо согуш ичинде,Кылжээрде жүрөй болкулдап, жүрбөй калган себеби;булчуңун булгай ок тийип деп айтылат.

74.Нескаранын тулпары?

Жооп: Нескаранын тулпары Чоң күрөң болгон.Кызыкты кыйла баштаптыр,кыжылдаган кытайын,Чоң күрөңчөн Нескара, кырып ие таштаптыр деп айтылган жайы бар.

75.Нескара эмне себептен Билерикти туткундап алат?

Жооп: Кытайга элчи барган Айкожо уулу Билерикти Нескара туткундап алат.12де кези экен, өрттөнгүрдүн өзү экен,Билерикти бекитип,Карыкан менен Эсенкан тартуу кылып баралы,зындан орго салалы,кызыталак буруттун,кандыгын сурап алалы,эл баатыры Алооке,Ак үйлүү муну коёлук,алым-салык көп алып,олжосуна тоёлук деген максатта туткундап алган жайы бар.

76.Шибээнин Калдай каны эмне себептен улам каза табат?

Жооп: Айкожо уулу Билерикти Нескара, Жолой баш болгон кытай,калмактар колго түшүрүү үчүн 41 күнү согушат,ошондо Билериктин колунан таш сайынган кытайдын тазалары мерт кетет.Анын ичинде Шибээнин каны Калдай дагы Билериктин колунан каза табат.

77.Жондук менен Жолойдун кандай жакындыгы бар?

Жооп: Жондук менен Жолойдун жакындыгы - булар калмак болушкан.

78.Билерик кайсы жерден колго түшөт?

Жооп: Эсенканга Нескара Билерикти кантип колго түшүргөнүн мындайча баяндайт.Чай алган тоонун кентинен,алтын казчу Чай-Тоонун,түгөнгөн ары четинен,Чоң-Туңшанын четинен,Кулан-Талаа бетинен, жекене белге курчандым, жеке кирип кол салдым,41 күнү согушуп,кадырлуусун кармадым деп айткан жайы бар.

79.Бакай кантип балбан аталган?

Жооп: 80 алп менен 90 алпты Чоюн алптан ажыратып алганда балбан Бакай атанган.Эпосто мындай айтылат: Жер үстүн жеке ээлейм деп,кара тажаал Чоюн алп,кылмыш кимде дебестен,жан бүткөндүн баарысын кыра турган болгондо,80 алп менен 90 алп , беттешкени Чоюн алп, арстан Бакай барыптыр,7 күн тынбай урушуп,80 алп менен 90 алп, Чоюн алптын колунан ажыратып алыптыр.Алптардан тегиз бата алып, балбан Бакай атанып деп айтылат.

80.Манаста жазаларды аткаруу кызматы болгонбу?

Жооп: Манаста жазаларды аткаруу кызматы болгон.Мисалга алсак: Кара тажаал Чоюн алп кылмышсыз элди бөөдө кырган үчүн Бакай анын атын талкалап, өзүн 40 аркан бою зынданга салган.

81.Манаста пулёмет айтылабы? Айтылса кандай аталат?

Жооп: Манаста пулёмет айтылат.Ал кара мылтык, чогоол мылтык деп аталат.Кара мылтык карс этсе, качпай турган эриң бар, чогоол мылтык чорт этсе, чочубай турган эриң бар деп айтылат.

82.Карача кандайлыктан улам Сыргакка чоң ата болушу мүмкүн?

Жооп: Анткени Каракандын 8 уул,кара калмак,кытайлар камчыга ченеп бөлгөндө,Каракандын кенжеси Улакканды Кайып чал ала качып,Нойгуттун каны Карачага алып барып берет.Сыргак Улаккандын баласы,ошондо Карача Сыргакка чоң ата болот.

83.Карачанын жердеген жери?

Жооп: Көөнө-Турпан четинде,куюлган кутпа бетинде,Лоп дарыя бетинде,ары жагы токой четинде,урааны кыргыз улуу журт,атагы Нойгут эл экен,ал Нойгутту сураган,Карача деген кан экен деп айтылат.

84.Кутубий Телкызылга ээ болгон жер?

Жооп: Кутман жолдош Кутубий,алдындагы Телкызыл,анык тулпар казанат, кайыбынан кабылган,Кулан-Талаа,кум чөлдөн,бурак ат болуп Кутуга,как талаадан табылган деп айтылат.

85.Эсенкан эмне себептен улам-улам Алтайга аскер жиберет?

Жооп: Эсенкандын Алтайга улам-улам аскер жибергенин себеби; Манасты кармап келмейин тынч ала албай, Бээжинге келип кан болот деген даңзадагы жазуудан улам чочулап,тирүү кармап келгиле,андан тукум алалы,төрөлгөн баатыр баланы кан көтөрүп алалы дейт.

86.Алымсок, Атойнок булар кимдер?

Жооп: Алымсок менен Атойнок булар Манастын жанындагы 40 баланын ичиндеги жөкөрлөрү болчу.Эпосто мындай айтылат:40 баланын мыктысы,Кутубий менен Көкбөрү,Алымсок менен Атойнок,арслан эрдин жөкөрү.

87.Акбалтанын тулпары?

Жооп: Акбалтанын тулпары Кулагер болгон.Ажал жетсе өлөм деп,амалым болсо Кутуга,караан болуп берем деп,ак селдеси казандай, айкырса үнү азандай,Кулагерге камчы уруп, Акбалта жетти болушуп деп айтылган жайы бар.

88.Тайтору эң алгач айтылган окуя?

Жооп: Тайторунун эң алгач айтылган окуясы-Кошой кытайга барып, Жарманас менен Билерикти туткундан бошотуп алгандагы окуяда айтылат:ордо жаткан балдарын,азат кылып дүйнөгө,алып чыкты эр Кошой,Керкабылан,Тайтору,керишке 2 ат минип,салып чыкты эр Кошой деп айтылган жайы бар.

89.Орго кан Манасты алгач кайсы жерден көрөт?

Жооп: Манастын кытай менен болгон 2-урушунда, Кошойго кеңешке барып келгенде Нескара,Жолой баш болгон Эсенкандын колу кыргыздарга келип катылып жаткан жеринен Манас келет.Орго кан Манасты ошол окуяда,Кара-Сууда көрөт.Оозунан жалын шыркырап,келе жатат эр Орго,кармашары Манас кан,токтолбостон Кара-Суу,тозоку экен мына бу деп айтылат.

90.Кылычтай бычак байланган баатыр?

Жооп:Кылычтай бычак байланган баатыр бул-Буудайык болгон.Кылычтай бычак байланган,ажал жетсе өлөм деп,асыл Манас балага,караан болуп берем деп,кан Буудайык өзу бар деп айтылат.Кошой Жарманас менен Билерикти туткундан бошотуп,Манаска келип кошулган окуяда айтылат.

91.Манас менен Коңурбайдын жаш айырмачылыгы?

Жооп: Манас менен Коңурбайдын жашы тең болгон.Анткени,Манас 12 де кезинде Эсенкандын колун талкалап,Нескара,Жолойлор качып кутулганда,айласыз кытай каны Карыкан кытайдын чебине Коңурбайды жаратып кароолго койгондо Коңурбайдын жашы да 12де болгон.Эпосто мындай айтылат: Алоокенин кенжеси,быйыл 12ге келгендир,Коңурбай аттуу зор уулу.

92.Коңурбайдын атын ким койгон?

Жооп: Коңурбайдын атын кытайдын түпкү каны Карыкан койгон.Эпосто мындай айтылат.7ге жашы келгенде,калдайларды камаган,кызыл чоктуу кытайдын,кыйындарын сабаган,тентегине чыдабай, Чоң-Бээжин журту жадаган,жактырганда Карыкан,эр Коңурбай атаган.

93.Манас Алтайдан Ала-Тоого келгенде Сары-Өзөндү ким жердеп турган?

Жооп: Манас Алтайдан Ала-Тоого келгенде Сары-Өзөндү эч ким жердеген эмес,ээсиз ээн жер болгон.Эпосто мындай айтылат:Жаныбарым Сары-Өзөн,талаада мунар чаңы бар,түзүндө кулан дагы бар,ат баспаган жер болгон,ошондой жер ээн болгон,алмасы бышып көң болгон,жаңгагы кулап сай толгон,ээсиз,ээн жер болгон.

94.Акбалта эмне себептен Сары-Колго кетем дейт?

Жооп: Анткени Акбалта башынан Сары-Колдо жашаган.Ал кытайлар кыргыздарды чапканда,паана издеп Жакыпка келип кошулган.Эми Манаска бел байлап,ишенип,Сары-Колума барып,жай турмуш кечирейин дейт.Балам,Манас өзүңдөн,бир буюм сурап турамын,сагынам Сары-Кол жеримди,көп эстейм нойгут элимди,куп тиленем зор Манас,мурадыма барайын,куп белек кылып,сен берсең,Кутубийди алайын.

95.Манас жеке өзү дыйканчылык кылып буудай айдаганбы? Буудай айдаса кандай түрүн айдаган?

Жооп: Манас Таласка көчүп баргандан кийин,атасына таарынып,тууган издеп чыгып кетет.Жолдо думанага кез келип,анын акылы боюнча орток буудай айдашат.Буудайдын аштык түрүн айдашат.Кабылан Манас кебимди ук,орток аштык айдайлы,ошол аштык бышкыча,Боз-Талааны жайлайлы деп Бабадыйкан айткан жери бар.

96.Манас эмне үчүн Анжыянга буудайдан башка азыктын түрүн айдаган эмес?

Жооп: Манаста буудай айдайм деген ой жок болчу,ал Бабадыйкандын айтуусу боюнча айдайт да жатып,алп уйку салып уктап калат.Буудайдан башка азыктын түрүн айдоону Бабадыйкан сунуштаган эмес,анткени башка азык эмгекти көп талап кылгандыктан, Манас уктап калгандан кийин Бабадыйканга оор болуп калмак.

97.Манас бабадыйкан менен аштык айдаган соң түшүмүн канча убакыттан кийин алат?

Жооп: Манас Бабадыйкан менен аштык айдаган соң түшүмүн 6 айдан кийин алат.Ал соко жиреп,уругун сээп болгондон кийин алп уйку салып уктап калат.Өзүнө чырм этип уйку алгандай болот,бирок 6 ай уктайт.Ал ойгонсо,буудай орулуп,кызылы тоодой үйүлүп калган болот.Эпосто мындай айтылат: Бабадыйкан боломун,кыйшык ишиң оңдодум,орток аштык салыштык,6 ай,7 ай болгуча,жолдош болуп калыштык.

98.Карачанын эли эмне себептен каатчылыкка туш келет?

Жооп: Карачанын калкына каатчылык келгени-жерин чегиртке талап басыптыр, дан өстүрбөй жегенге,чегиртке мойсоп салыптыр,ошондой балээ келгенде,Карача журту мукурап,туш-туш жакка качыптыр деп айтылат.

99.Желкайыптын кулуну атыккан тулпар?

Жооп: Желкайыптын кулуну бул Аккула болгон.Эпосто Карача Манаска Аккуланы сатып жатып мындай деген жайы бар: Аккула жайын айтайын,бекер куйрук жал эмес,кара жылкы дулдулу,Желкайыптын кулуну,Жет-Кайт минсең арыбайт,70 асый болгуча, азуусун өйкөп карыбайт.

100.Манаста бункер айтылабы?

Жооп: Манаста бункер айтылат.Мисалы Манас Аккуланы сатып алып жатканда, Карача мындай дейт: Аккула жайын айтайын, акыры берен минер, - деп,эркелетип бактырдым,мойнуна тумар тактырдым.бирөө душман кылат, - деп,жер чукутуп бекитип,чуңкур сайга бактырдым.бышты болуп келгенде,башына окто каттырып,колдон чыгып кетпеске,ал октонун өзүнө,он эки чылбыр тактырдым,абайы менен жаптырдым,-деген жайы бар.Жер чукутуп,чуңкур сайга бактырдым дегени – бункерге бактырдым деген мааниде.

101.Желпиниште өскөн Бакай тууган издеп убара болбой эле өз тиричилик кыла берсе болбойт беле?

Жооп: Анткени Бакай 17ге чыкканда,ак сакалчан думана кезигип мындай деген: Ой Бакай кулак сал,өзүңө жолдош болучу, берен Манас шериң бар,акыры тапсан Манасты,аркасы бийик бел ошол,айыл консоң Манаска,телегейиң тең ошол,өөдө чыксаң өбөгүң,ылдый түшсөң жөлөгүң,таап алсаң Манасты,мураа болот өзүңө дейт.Ошол күндөн ушул, күн өзүңдү издеп жүрөмүн дейт.

102.Бакай Бээжинге жети сапар барганда кытайлар эмнеге кармап алган эмес?

Жооп:Бакай Бээжинге 7 сапар барганда кытайлардын кармабаган себеби;Бакай жер кезип,Манасты издеп жүрүп абдан арыктап,жүдөгөн,баатырдык сыны калган эмес,атым болду ыргайдай,битим болду торгойдой дейт.Ошондуктан кытайлар жүргөн-турган бирөөдүр деп ойлошкон.

103.Бакай аккелтени карагайга катпай өзү менен кошо ала жүрсө болбойт беле?

Жооп: : Артык мылтык аккелте,көк жалым Манас алса деп,сага арнап жүргөмүн,асылым сени таба албай,жердин баарын кыдырдым,токумдай болгон коо таппай,томуктай болгон тоо таппай,түзгө чыккан карагай,кулундуу бээден сойгомун, как эткенден карга жок, кук эткенден кузгун жок,ээн экен жери деп,касиеттүү Аккелте,салыкка салып койгомун дейт.Өзү менен ала жүрсө болмок,бирок ээн жерден эч ким тийбейт деген ой менен жана качан Манасты тапканча беките турайын деген ой салыкка салып кетет.

104.Ажыбай эмне себептен жерин таштап Манаска келип кошулат?

Жооп: Ажыбай жерин таштап Манаска келип кошулгандыгынын себеби; атасы Аргын кан сан карамдын баарысын,арам ишке чачтың деп,баласына кас чыгат.Эпосто мындай айтылган жайы бар: атасы каарын салганда,малыңды өзүң алгын деп,малын таштап кетиптир, муну менен Аргын кан, балалыктан кечиптир,Ажыбай жалгыз,түрмөн көп,өлбөгөн жерде калышып, атасы менен ал чиркин,тынбастан 6 ай салышып деп айтылат.

105. Манас эмне себептен 40 чоро күткөн?

Жооп: Анткени,капырга казат баштасак,же душмандан элди сактасак,чалгынды бирге чалууга,чатакты бирге салууга,жыйылган көк жал 40 болсун,40 кыраандын ичинде,коркоктору болбосун,журтту бузгуч эң жаман дүмпеки адам болбосун,40 кыраандын ичинде,качырса жоону койбогон,ааламды бузар мыктууну,айзакерден ыктууну,кагыштан кайра тартпаган,кабылан шерден алдууну,жыялы мындай шумкарды.

106.Алооке эмне себептен Анжыяндан качат?

Жооп: Алооке Анжыяндан Бээжинди коздөй качкандыгынын себеби; Алоокенин 6 жылдык болорду азыр айтып берүүчү 80 аяры болгон.Алар бичигин тиктей калышып,Манастын келе жатканын билишип,Алоокеге айтышат:кабарыңда бар бекен,кадимки Манас зор келет,кызыталак бурутка,чабышып чама келе албайт,кечигип туруп нетели,жүр Алооке кетели дейт.Бул сөздү угуп Алооке, ашып-шашып антаңдап,качып калды Бээжин жак.

107.Алооке эмне себептен Бээжинге кире качпай Чоң Ак-Чийге конуп өргүү алат?

Жооп: Алооке Бээжинге кире качпай Чоң Ак-Чийдин боюна өргүү алганынын себеби,1-ден Манастан кутулдук деп ойлошкон. 2-ден көөлүктөрү абдан чарчап жүрбөй калган.Анткени алтын-күмүш, дилдени көп артып,жүктүү кетип жатышкан.Ошондуктан мал өргүтүп,өзүлөрү эс алып,Бээжинге качып келген түр менен эмес,жайбаракат түр менен кирели дешкен.

108.Алооке Анжыянды канча убакыт башкарган?

Жооп: Алооке Анжыянды көп убакыт башкарган.Манас Алоокеге келатканда аярлары мындай дейт: Ак үйлүү турдук канча жыл,кечигип туруп нетели,алдырып салды кытайың,жүр, Алөөкө, кетели!Азыр кетсек жаңжал жок,уламадан уласак,билгичтерден сурасак,ушу Манас канкорго,укурук кайырар калган жок,Маргалаң бизге жер эмес,Манас бизге эл эмес,мында туруп нетели,жүр, Алөөкө, кетели! -деген жайы бар.

109.Алооке башка тамакты эмес эмне үчүн ылаңманды жакшы көргөн?

Жооп: Кулуну бар качырдын, кулунун союп бой кылып,керик, качыр,тулпарды,кержектетип байлатып, момо токоч ылаңман, жан казанга кайнатып, жаткан экен Алооке,көкжал баатыр Манастан, кутулдум деп ой салып деп айтылат. Алоокенин сүйүп жеген тамагы момо токоч ылаңман болгонунун себеби;кытайлардын улуттук тамагы болгон.

110.Жер астында сексен алптан бата алган балбан?

Жооп: Бул- Бакай болгон.Жер астынан 80 алп,жер үстүнөн 90 алп,булардан тегиз бата алып,баатыр Бакай атанып,келген Бакай эмеспи деп айтылган жайы бар.

111.Чоюн алптын тулпары?

Жооп: Чоюн алптын тулпары Кер болгон.Чоюн алптын Кер атын Былчыратып талкалап,Сайган Бакай эмеспи.Каруусу толук капырды,Кан Чоюн алп баатырды,Кырк аркан бою зынданга,Салган Бакай эмеспи.

112.Манас эмне себептен Алоокенин сунушуна көнгөн жок?

Жооп: Жанталашып бул акмак,алдаган турган кези экен,маанисиз кара кытайым, балаңды алып нетейин, кандыгыңды албаймын,7 атамдын өчү бар,кылычтап башың аламын, бул Алооке болбосо,чачылмак эмес тууганым,Каканчындын калкы бар,канчадан бери жоо болуп, кан төгүшкөн салты бар, жоо аяган оңобу, Алоокедей капырды, өлтүрбөй койсо болобу деп,Зулпукор кындан сууруду деп айтылат.

113.Манаста шайлоо системасы кандай нукта жүргүзүлгөн?

Жооп: Манаста шайлоо системасы колго салуу нугу менен жүргүзүлгөн.Манасты кыргызга кан шайлап жатканда Кошой, ар уруу элдин башчыларына Манастын кан болушун сунуштайт.Алар бир добуштан макул болушуп,ак буудай унун чайнашып, келеме шарып кармашып,макул болушат.Ак кийизге отургузуп, алтын такка мингизип, кан деп буйрук чыгарышат.

114.Өзү кытай индиси делген эл?

Жооп: Өзү кытай индиси делген эл бул кытай эли.Бул сөз Шоорукка карата айтылган.Шоорук кытай болгон.Чоң –Котондун боюнда,7 талаа Жеркендин жеткен жерин жердеген,өзү кытай индиси,атактуу Шоорук кан чыгып деп айтылган жайы бар.

115.Манас эмне себептен Шоорук канга казат баштайт?

Жооп: Өзү кытай индиси,белгилүү баатыр Шоорук кан, бусурманга кол салып,Кең кашкардын шаарын,6 жолу чаап чуулатып,Кен Алайдан Нойгутту,катын-кызын олжолоп,келиштире чапты дейт,дүңгүрөтүп нойгутту,түп көтөрө чапты дейт,арбын малын нойгуттун,атаңдын көрү ал Шоорук,олжо кылып кетиптир,кутурган экен ал Шоорук,ошо кандын шаарына казат ачып баралы,кагышты катуу салалы,Нойгутка салган кордукту,так кийгизип өзүнө,тирүү койбой жайлайлы дейт.

116.Шоорук эмне себептен нойгут элине кол салат?

Жооп: Шооруктун кытай элине кол салган себеби; кытай эли эзелден эле нойгут-кыргызга кас болуп келген,анан дагы Нойгутта Шоорукка тең келчү баатыр жок болгонуна байланыштуу 1 жылда 3 жолу чаап, кыздарын олжолоп,мал-мүлкүн тартып алып турган.

117. Баласы канжар тагынган, кыйкырык салып жабылган эл?

Жооп: . Баласы канжар тагынган, кыйкырык салып жабылган эл бул-түркмөн эли болгон.Өзү түркмөн бусурман,Жоо жагына камынган,Жолуң каткан эл экен,Баласы канжар тагынган,Кызыр чалган абаңа,Кыйкырык салып жабылган деп айтылган жайы бар.

118.Көрпөян Бакайды канча жыл күтмөк болот?

Жооп: Көрпаян Бакайды 7 жыл күтмөк болот.Ал Көрпаян байкуштун,бөдөнөдөй кайран көз, бөлөк-бөлөк жаш кетип,ыйлап калган эмеспи,ургаачынын мыктысы,касиеттүү жан эле,7 жыл мени күтүүгө,убадасы бар эле деп айтылат.

119.Карач эмне себептен кызы Көрпөянды Бакайга берген эмес?

Жооп: Карач кызы Көрпаянды Бакайга бербеген себеби;Бакай жалгыз болгон жана кыргыз болгон.Алар Бакайдын кызыр чалган касиеттүү адам экенин билишкен эмес,теңине алышкан эмес. Карачтын кызы Көрпаян,арслан Бакай абаңа,ашык болгон жан эле,бусурмандын шарыят,сөйкө сала баргамын,алтынымды алган жок, азарын мага салган жок,Жанаалы, Карач эки дөө,күнү-түнү 14 күн ,айзалашып урушту,кызыр чалган абаңды,ал акмактар билген жок,жалгыздыктын айынан, ала албай кеткем Көрпаян дейт.

120.Аюудан кайра тартпаган, жолборстон кайра кайтпаган жаныбар?

Жооп: Аюудан кайра тартпаган,Жолборстон кайра качпаган жаныбар бул-Манастын Кумайыгы болгон.Аюудан кайра тартпаган,жолборстон кайра качпаган,Арслан Манас көк жалың,Кумайык таап бакырып,Абакеси Бакайды:«Бачым кел!» - деп чакырып деп айтылган жайы бар.

121.Карачтын Наркызылын ким олжолоп алат?

Жооп: Карачтын Наркызылын Бакай олжолоп алат.Эпосто мындай айтылат: Кыябы келип турганда Наркызыл тартып алалы,Карача кандын Наркызыл,туура тулпар мээси жок, жол жорголуу,жанга тынч,айзага камбыл түрсаяк,алыска минер үкү аяк,мындай жылкы табылбайт, муну ойлоп Бакайың,Бозуулду атка жиберди,сураса бербес Наркызыл,суук укурук салып кел,көрүнөө бербес Наркызыл,көрүнбөй барып алып кел,Бозуул барып сурады,кыйылып турган кандардан,Наркызыл тартып алды эми деп айтылат.

122.Карыкан Коңурбайды эмне үчүн тыйып коет?

Жооп: Коңурбай атасы Алоокени Манас өлтүргөнүн угуп,ардыгып,өч алам деп Карыканга келет.Ошондо Карыкан мындай дейт: Манаска барсаң өлөсүң,40 кандын эли кытайды,кайрылып кантип көрөсүң,кара көк жал Манаска,кармашар чагың боло элек,күн мезгили 6 жыл,6 жылга толгондо,бедөөнүн жалын өрүп ал,беттешер болсоң Манаска, бул Бээжинден көрүп ал,ага чейин аттанбай,эр Коңурбай тилимди ал деп тыйып коёт.

123.Акбалта эмне себептен таап алган уулун ачык айтпай Маркатай төрөдү дейт?

Жооп: Зарлап жүргөн Акбалта Медияндын чөлүнөн бала таап алып,жаныдагыларга: Курдаштарым,досторум,чекемде жалгыз көздөрүм,айтып турган сөздөрүм, бала таап алды деп, бир адамга билгизбе,бир адамга туйгузба,айтпаска куран кармап бер,ук буудай унун чайнап бер, байбичем эркек тууду деп,жар салайын элиме,той кылайын жериме дейт.Анткени эртең уулум чоңойсо,бакма бала дедиртпей,өз баламдай эркелеп,өз баламдай чоңойсун деп ой кылат.

124.Маркатай менен Акбалта качан баш кошкон?

Жооп: Маркатай менен Акбалта баш кошкондо Маркатай 14 жашта болчу.Эпосто мындай айтылат: Баатыр Балтай көк жалга,он төртүндө жолуккан,биттейинде биригип, бармактайда баш кошкон,ак никелүү курбалдаш.

125.Нойгут эли эмне себептен Акбалтанын уулуна ат кое албай жадайт?

Жооп: Анткени, баатыр болчу балага,жөн адам ат коё албайт,Чубак дагы Манаска тете баатыр чыкчу шер болгон үчүн,Нойгут эли ат коё албай жадайт.Эпосто: калайыктын баарысы, ат коё албай жадады,пайда болду ошондо, ак сакалчан думана,думана атын койгону,аты Чубак болгону деп айтылат.

126.Чубак атасына эмне себептен таарынат?

Жооп: Чубакка түшүндө ак сакалчан думана Манаска барып чоро бол, капаңды аччу шер ошол деп айтат,Чубак атасы менен кеңешип,минерине тулпар тандап,атасынын жылкысын чубатууга салышат.Ошондо атасынын жылкыдан Чубакка бир тулпар сыны жакпаптыр:Толуп жаткан жылкыңда, тоорулга минер малың жок,пайдасы жок мал күткөн,сиздей адам болобу,төгөрөктүн 4 бурчун,4 айланта чалайын,төрө атам сизге ишенбей,ылайыктуу тулпарды,өзүм таап алайын деп чыгып кеткен жайы бар.

127.Олуят чал Көгаланы эмне себептен Сарыбайга бербей Чубакка арнайт?

Жооп: Олуят чал Көгаланы Сарыбайга бербей Чубакка берген себеби; Алла Таала аманат кылып,Олуят чалга Чубакка берүүнү табыштайт.Капталында каты бар,кабылан Чубак минет деп,жазылып жүргөн аты бар делет.Көгалага Желмогуз уулу Сарыбай да кызыгып,көп издеген жайы бар.Бирок Олуят чал аманатты ээсине тапшыруу үчүн Көгаланы жашырып,Чубактын 12ге келишин күтүп жүргөнү айтылат.

128.Манас желмаянга кантип ээ болот?

Жооп: Медияндын чөлүнөн, берендерге жолукту,белестен чыгып 5 киши, Шай атамдын өзү экен,караган кара көзү экен,берениме берем деп, белгилүү төө Желмаян,алып келген кези экен,ал Желмаян жарыктык, асыйы кыркка толуптур,Алда Таала Манаска, бурак кылып коюптур,Желмаян жайы ушундай,Желкайыптын баласы,казатка минсең камсыкпайт,кагыш кылар жерде өскөн,кайрыдин менен кагышсаң, душман менен чабышсаң,буттап болот ок артсаң,күлазыкты мол артсаң,моюнун бурап койбогон,айкөлүм сенин өзүңө, ылактуу мал деди, Шай атам төөнү бергени.

129.Шай ата Манаска кандай атак берет?

Жооп: Шай ата Манаска «Шер»атагын берген: Шай атам келип кол берип,талаадан кызыр чалды эми, муну менен эр Манас, «Шер» атагын алды эми деп айтылган жайы бар.

130.Кумайыктын артыкчылыгы?

Жооп: Аюудан кайра тартпаган,жолборстон кайра качпаган,агытса жанды күлдүрөр,тиштегенин Кумайык,тим эле бөөдө бүлдүрөр,азуулуудан артыкча,үйүрү менен бөрүнү,көз алдыңда түгөтөр деп айтылат.

131.Каракандын бардык күйөө балдары кан болгонунун себеби?

Жооп: Каракандын бардык күйөө балдары кан болгон себеби; Каракан өзү Букардын каны болгон.Кыздарын да каалап туруп,кандарга берген.Ошондуктан күйөө балдары баары кан болгон.Эпосто: Букардын каны Каракан,касиеттүү жан экен,эркеги жалгыз кызы арбын,12 кызы бар экен,12 кызы ал кандын,12 канга жар экен деп айтылган жайы бар.

132.Каныкейге куда түшүп кулдук уруп бар дегенге Жакып эмне себептен көнгөн жок?

Жооп: Каныкейге куда түшүп кулдук уруп бар дегенге Жакып көнбөгөн себеби; куда түшүп,мал берип,малымды сарп кыла албайм,ансыз Манас зөөкүр уул,Алтайда малым бир чачкан,кемитип менин малымды,кейиткен ушул жанымды,миң карача мал турсун, чычкак улак бере албайм,Манасыңдын айынан малсыз болуп кеткемин, балакеттүү Манасты, балалыктан кечкемин деп малын аяп, көнбөй койгон жайы бар.

133.Жети кан эмне себептен Манаска каршы чыгат?

Жооп: Үйрүлмөнүн сазына,үйрүлүп жыйын кылышты,жыйын кылган себеби,Манасты басмай болушту,төбөсүнөн басалы,4 түлүгүн чачалы,тийип алып бээсин, чыгаралы Манастын капкайдагы кээсин,Каңгайдан келген чорону кан кылганын көрдүңбү,качып келген бузукту, тең кылганын көрдүңбү,оюна койсок кутуруп, калайыктын баарысын, билемин деген эрки бар,эсебин чындап табалы, канкордун жинин кагалы деп Алмамбетти кан көтөрүп, бийлик бергенине ичтери тарып, каршы чыккан жайы бар.

134.Жети кан Манастын алдына барганда эмне себептен маселесин ачык айта алган эмес?

Жооп: Манасты чаап алам деп, жээлигип келген 7 кан, кан Манасты көргөндө,тилден калды күңкүлдөп,Эштектерден Жамгырчы мындай деди бүжүрөп: байлоочу болсоң кол мына, кыруучу болсоң биз мына, ашуусу аскар белдерден,аркар атып жеп келдик,арслан Манас барында, атактуу Бээжин жер менен, атышалы деп келдик,кызыл чоктуу кытайды кырып берер деп келдик,Чалыяр жетпес Бээжинди, чактап берер деп келдик,алыска кийсе баатырга, тон бололу деп келдик,душманды көздөй жол тартса кол бололу деп келдик.

135.Алманбет Бээжинге канча жыл кан болгон?

Жооп: Алмамбет Бээжинге 21 кан болгон.Эпосто мындай айтылат: Кечээ Азизкандын Алмамбет,салуулу коргон там болуп,сандыргалуу Бээжинге,21 жыл кан болуп,Бээжиндеги алтын так,Алмамбет минип келген эмеспи,ай-ааламдын баарысын, билип келген эмеспи.

136.Сый көрсөткөнгө конок жетпей калган учурда маселени кантип чечишкен?

Жооп: Он эки кан бусурман,Таласка келген жабылып,Бээжинге барар калың кол,80 күнү багылып,Манаска конок болуп калыптыр,Ырамандын Ырчы уулу,Баабединдин Байчоро,буларга конок жетпей калыптыр.Конок жетпей калган соң,эки чоро арданып,тирүү жүрбөй дүйнөгө,өлөлү - деп, ой кылды,кабылан Бакай даанышман,булардын түрүн көрдү алыстан,ар бир коштон жүз конок,салык салып бөлгөнү,өрөпкүгөн экөөнө,өкмөтү чоң кан Бакай,конок таап берди эми деп айтылат.Конок жетпей калганда,ар бир коштон бөлүп алып,жетпей калган кишиге конок таап беришкен.

137.Алманбет Бээжинге чалгын чалаарда эмне үчүн Карткүрөңдү сурайт?

Жооп: Алмамбет Бээжинге чалгын чалаарда Карткүрөңдү сураган себеби;Ажыбайдын Карткүрөң,асыйын санап келгенде,60ка толгон кез.желгенине жел жетпейт,жетик күлүк Карткүрөң,басканына мал жетпейт,малдан күлүк Карткүрөң,чыңдашкан жоого кез келсе,чылбырын тартып талдырбайт,чындап кудай урбаса,мингенин жоого алдырбайт.бетеге чалып кайрылбайт,белгиленген кишидей, бир көргөн жолдон айрылбайт,артык тулпар Карткүрөң деп сураган жайы бар.

138.Чалгын чалган Алманбет менен Сыргак эмне үчүн Тал-Мазарда эс алат?

Жооп: Алмамбет менен Сыргак Бээжинге чалгын чалганда,күндөп-түндөп жол жүрүп,Кең зоңкоктун Тал-Мазар,жетип тыным алды эми,жатып уйку кандырып,тулпарын отко чалдырып,жаныбарым Тал-Мазар,Алмамбет чалгын чалган жер,чалгынга чыгып барган жер.1-ден Тал-Мазар Алмамбет кичинесинен чалгын чалып көнгөн жер болгон.2-ден Кең зоңкоктун Тал-Мазар бийик жер болгон үчүн,душмандын келатканын алыстан көрүүгө болот деп ошол жерге эс алышкан.

139.Алманбет эмне себептен Чубакты чалгынга жолдоштукка албайт?

Жооп: Алмамбет Чубакты чалгынга албаган себеби; көп кол алып нетейин,чыканактап калбаган,чырм этип уйку албаган,сунганын кайта тартпаган,сумсайып жоодон качпаган,Сыргакты берчи кетейин,12 кол бусурман,чубатууга салганда,тандап жолдош алганда,не муратка жетемин,жалгыз башы мин эрлик,Сыргакты берсең кетемин деп,башка чоролорду жолдоштукка алган эмес.

140.Кыргылчал кандай максатта Чубакты Алманбетке каршы көкүтөт?

Жооп: Кырктын башы Кыргылчал,кыркында көпкөн дыңгыл чал,качан да болсо арамдык,ойлогону бузук чал,Алмамбет,Чубак 2 эрди,чабыштырып таштаса, кол экиге бөлүнсө,табасы канып Кыргылдын,көңүлү болот куунак шат.Алмамбетти бөлөксүнтүп,ага каршы Чубакты көкүтүп,экөөнү уруштуруп,колду экиге бөлүү максаты менен көкүтөт.

141.Бөлөкбайдын түпкү теги кайсы жер деп айтылат?

Жооп: Кырымдан келген Бөлөкбай деп айтылат.Бузулган дүрбү айынан,жердин бетин чалдырган,кыйыр-кылым элинен,кыйын уста Бөлөкбай,адейи аны алдырган.Кырымдан келген Бөлөкбай,көөрүк басса козголгон,Дөөтү менен дос болгон деп айтылган жайы бар.

142.Манас Шуйкучуну кытай экенине карабай эмне себептен ашпозчу кылып алат?

Жооп: Анткени Манас Шуйкучуну чын бусурман дилине кирди деп ишенип, ашпозчу кылып алган,а Шуйкучу зилинде душман болчу.Эпосто мындай айтылат:Каканчындын Бээжинге,асртан Манас кан болду,Эсенкандын элинен,эсепсиз журтту жыйды эми, 60 күнү той кылып,Шуйкучу деген кытайды, чын бусурман кылды эми,ашмачы болуп Манаска кире берди Шуйкучу,Манастын кылган жоругун биле берди Шуйкучу, алакөөдөк айкөлүң,чын бусурман дили деп,ишене берди Шуйкучу деп айтылат.

143.Эсенкан эмне себептен Бээжиндин кандыгын Манаска берүүгө макул болот?

Жооп: Эсенкан Бээжиндин кандыгын Манаска берүүгө макул болгон себеби;Чоң казатта Манжуунун каны Нескараны Чубак туткундап алат.Нескара жалынып:Эсенканга барыңар,Чет Бээжиндин кандыгын азыр сурап алыңар дейт.Ажыбай менен Үрбү элчиге келип,Эсенкандан Бээжиндин кандыгын сурап турганда,Шуйкучу баштаган желдеттери Манаска кытайдын алы жетпесин айтып келишет.Эсенкан мунарага чыгып караса,Манас чындап эле,алышса адамдын алы жетпеген,Шай колдогон эр экенин көрүп,Бээжиндин кандыгын берүүгө аргасыз болот.

144.Тору айгырчан Шээрдей деген ким?

Жооп: Тору айгырчан Шээрдей деген бул Карагул болгон.Эпосто Тору айгырчан Шээрдей,айгыр минген Жаңыбай,жылкычы башы Карагул,эки бирдей каны бар деп эки кан жөнүндө кеп болуп жатат.Тору айгыр Карагулдун тулпары болгон.Ал эми тору айгырчан шээрдей деп Карагулдун сыпаты айтылып жатат.

145.Бурулча Алманбетти эмнеге кытайга кармап берген жок?

Жооп: Анткени Бурулча Алмамбеттин келерин көп жылы күтүп, ашык болуп жүргөн жан болот.Ал Алмамбетке мындай деген:Нурдун уулу сен элең,нурдун кызы мен элем,кара динден ак болгун,капырдан качып жат болгун,кара чачым түйөйүн, ислам кеткен Алмамбет,качан аман келет деп,өзүңдү күтүп жүрөйүн деген убадасы бар болчу.Ал ошол күнү Алмамбеттин келерин билип,капканын оозун ачып коёт.

146.Карагул Алманбеттин келгенин билгенби?

Жооп: Карагул Алмамбеттин келгенин билген.Билген себеби; Алмамбет менен бир окуп,адис болуп зыйкырга,бирге келген эмеспи,мурун жоону көп көрүп,көнгөн калмак эмеспи деп айтылат.Сыйкырдын окуусунда окуп, алдын-ала боло турган ишти билген.Ошондуктан жылкыга келип,Алмамбет менен кармашкан жайы бар.

147.Жылкы тийген баатырлардын жайын уккан Коңурбайдын жалгыз арманы?

Жооп: Алмамбеттин жанында Сыргак болбогондо Алмамбеттин башын кесип,Карыкандан Бээжиндин бир кандыгын сурап алмакмын деп арман кылат.Өз башын өзү койгулап,ыйлап жатты Коңурбай:«Кара зоонун башынан,Алмамбетти саярда,башын кесип аларда, каскак болду эр Сыргак.Сыргактын телегейи тең экен,Арбактуу Манас дебесе,Манасынан эр Сыргак,айза сайым эр экен.Алмамбетти өлтүрсөм,албайт белем чоң кандан,сураган сурак кандыгын», - деп, ошондо муну айтып,жаралуу болуп Коңурбай,арманда качып баратты деп айтылат.

148.Жараланып шашып келе жаткан Сыргакты Бакай эмне себептен ал кейпин колго көрсөтпөйт?

Жооп: Жараланып шашып келаткан Сыргакты көрүп Бакай:Кокуй Сыргак тура тур,жаралуу барсаң көп колго,табасы антип канбайбы,12 сан бусурман, баары бизге өз эмес,эркине койбой аларды,айдап келдик Бээжинге,дарылдап сырын айткыдай,12 кан дос эмес,- деп камчы менен Сыргакты как чекеге чаап жиберет.Айбалтанын уусу чыгып,себеп менен медеттен сыйпап,Сыргакты кадимкидей түргө келтирет.Эми баргын көп колго,сүйүнчү айтып кабарла,Манас Бээжинди алды деп айткын, алтын менен күмүштү,жүктөй албай калдык де дейт.

149.Каныкейдин жазган катын Шууту алып келээрин Коңурбай кайдан билген?

Жооп: Манас Бээжинге кан болгондон кийин, Коңурбай күндүзүндө тынч албай, түн ичинде уйку албай,аңдыганы Манас болгон.Ал көзү ачык Каныкейдин Манаска кат жазарын,алдыдагы болор ишти Манаска айтарын,Каныкейдин катын окуп Манас кытайлардан сак-сактап абайлап каларын билип,Каныкейдин катын Манаска жеткирбестин айласын кылып,Шуутунун жолун тосуп жүргөн.

150.Манас Бээжинди алган соң 6 ай сурак кылбай кете берсе болбойт беле?

Жооп: Манас Бээжинди алган соң,6 ай сурак кылбай кете албайт болчу,бул анын маңдайына туула элегинде жазылган буйрук болчу.Анын үстүнө ата-бабасынын өчүн алып,кытайлардын кыргыздарга кылган кордугун дал өзүнө кийгизем деген кекенүүсү бар болчу.Сурак кылбай кетип калса,коркту деген сөз болмок.Манас үчүн өлүмдөн намыс күчтүү болгон.

151.Алманбет Сараланы курмандыкка чалат деп Манас эмне себептен улам ойлонот?

Жооп: Алмамбет Шуутудан Аруукенин ай күнү жетип турганын,Алмамбетти тез келсин деп айттырганын угуп,сүйүнгөндөн ыйлап келаткан болот.Аны Манас алтын тактын үстүнөн ала коюп дүрбүнү,чыгырыгын имерип,чын көзүнө жиберип,Алмамбетти көрүп,чочуп кетип,Ажыбайды чакырат.Сүйүнгөндөн Алмамбет Сараладай бууданды ай туякка чалбасын,бачым барып Алмама,Сараланы сойбо де,- дейт.

152.Бокмурун качан каза табат?

Жооп: Бокмурун Манасты Коңурбай жарадар кылгандан кийинки Чоң-Казаттын согушунда Каражой уулу Кожожаштын огунан каза табат.эпосто мындай айтылат:Каражой уулу Кожожаш,ошо мерген келгенде,Музбурчак,Көкчө кан өлүп,Улаккандын Сыргагы,Көкөтөйдүн Бокмурун,ок жаңылып,ал өлүп.

153.Каныкей эмне себептен улам Семетейди Манаска көрсөтпөйт?

Жооп: Манас жарадар келатып,алдынан тосуп чыккан Каныкейге:Алып келчи бер жакка,өлгөндө көргөн баламды,-дейт.Каныкей ага көнгөн жок,баланы шерге берген жок,көргөзбөгөн себеби; Манастын тиктегени тирүү калчу эмес,караган аман калчу эмес,көзүндө калы бар эле,жүзүндө заары бар эле,сырын билген Каныкей,сырттанга бербейт чуркурап деп айтылат.

154.Каныкей эмне себептен Манастын сөөгүн жан адамга билгизбей көмөт?

Жооп: Асыл энең Каныкей,Манас ооруп жатканда,камбылдыгын мындан көр,ажайып бейиш өңдөнтүп, жай салдырган эмеспи,асылым төрө жатсын деп,кымбаттынын баарысын шай салдырган эмеспи деп айтылат.Манас өлгөн соң,Кошойго келип мындай дейт: Кабылан Манас ининиз,колу жеткен жерине,кордук кылган жери бар,бөлөк элди коюңуз,ага-тууган алтоонун,чалгырты турат көзүндө,чамасы келсе 6 арам,чалганы турат өзүмдү,абаке,көрүнө койсок Манасты,көрдү ачып албасын,өлүктөн өчүн алчудай,даңгыттарга жарбасын.

155.Алманбеттин сөөгү эмне үчүн Чеч-Дөбөгө коюлган?

Жооп: Адамдан эстүү жаныбар,уй куймулчак Сарала,Алманбеттин сөөгүн,аман-эсен жеткирди, Бакай төрө колуна,Алманбеттин сөөгүн, алып жүрүп кайран шер, төгөрөктүн 4 бурчун чалып жүрүп кайран эр, Ат-Башыга келгенде,ылайык деп ушу жер,Чеч-Дөбө жолун ойду дейт,Азизкандын жалгызын, Чеч-Дөбөгө койду дейт,Сараласын сойду дейт,муну менен Чеч-Дөбө үлкөн мазар болду дейт деп айтылат.

156.Сайкалдын сөөгү кайсы жерге коюлат?

Жооп: Кабылан Манас өлгөндө, оо дүйнөнү көргөндө,Карача кызы Кыз Сайкал,акыреттик зайыбы,журтуна жетип жан берип, сөөгү кайып болуп кетиптир,көрсө,а дүйнөлүк адал жар,Манасына барыптыр,кошулушуп эки ашык, бир күмбөздө жатыптыр деп айтылган жайы бар.Кыз Сайкалдын сөөгү кайып болуп кеткен.

157.Манаста жол куруу, же жаңы жол салуу иштери кандай нукта жүргүзүлгөн?

Жооп: Талынын баарын сулаттык,тамын түртүп кулаттык.Байгамбар баспас Бээжинди,башынан кирип жол салдык деп айтылат.Казат ачып бараткан жерлерине жол керек болгон.Ошондо токоюн кыйып сулаттык,ташынын баарын ураттык,бет алган жерге жол салдык деп айтылган жайы бар.

158.Эсенкан эмне себептен 40 чоро күткөн эмес?

Жооп: Эсенкандын 40 чоро күтпөгөн себеби; ал согушка чыккан эмес,кол алдындагы кандарга буйрук берүү менен башкарган.

159.Карыкан эмне үчүн согуштарда кол баштап өзү барган эмес?

Жооп: Карыкан согуштарда өзү баштап барбаган себеби; ал согуш жайын билген эмес жана Бээжиндин түпкү каны болгондуктан, ал кытай кандарын буйрук менен башкарып турган.

160.Чубактын уулу Канчоро эмне себептен кыргызга душман чыгып калат?

Жооп: Чубактын уулу Канчоронун кыргызга душман чыгары Каныкей эмизгенде эле билинген.Анын ичиндеги арам ойлору акыры жүрүп чыккынчылыкка алып келди.Мисалы: Чынкожо менен Толтойду жеңип,аттарын олжолоп алганда,Чынкожонун тулпарын береби деп кааласам,атасына багыштап,ай туякка чалды эле,Толтойдон калган Суркоён, Суркоёндун чылбырын,Күлчорого жакка ыргытты, деп Кыязга кошулуп кетет да Семетейге каршы аттанат.



Семетей бөлүмү

1.Каныкейдин Букарга качуусуна эмне себеп болгон?

Жооп: Каныкейдин Букарга качуусуна Манастын өлгөнүнө 40 күн толбой туруп,6 арамдын Каныкейге кол салышы,6 арамдын бирөөнө тийбесе,жыртык кара үй берип,жырык кара уй берип,алкымдагы бадачыга саанчы кылып кордойлу бул долуну деп убадалашкан. Манастын керээзи боюнча Каныкей өзү деле Букарга кетмек, бирок,ага жеткирбей 6 арам качууга мажбур кылышат.

2.Манас эмне себептен Каныкейге Букарга кач деп керээз айтат?

Жоп: Манас Каныкейди Букарга кач деген себеби;Менин көзүм өткөн соң,Кең Талас сага жер болбойт,жердигинде башка өскөн 40 чоро,жалынсаң сага журт болбойт,6 арамдын кай кылыгын айтайын,чалгырты турат көзүндө,чамасы келсе ал иттер,чалганы турат өзүңдү,эри өлгөндө катынга,төркүнү жакын болучу,жыйылуу мүлкүң чачып кет,Букарды көздөй качып кет деп керээзин айткан.Бул Семетейди жана өзүңдү душмандардан сактап,төркүнүңө баш калакала дегени болчу.

3.Алманбет каза тапкан соң Бурулча эмне себептен Бээжинге качкан эмес?

Жооп: Алмамбет каза тапкан соң,Бурулча Бээжинге качпаган себеби; 3 күнгө толбой Күлчоро,энесинен айрылып,жетим болуп калыптыр,байкуш энең Бурулча,мойнуна тумар тагыптыр ,Алмамдан калган туяк деп,алдейлеп жакшы багыптыр,өлгөндөн калган баланы,медер кылып алыптыр,Бээжинге кетпейт бул шордуу,Алмадан туяк барынан,-деп айтылат.Демек,Алмамбеттин баласын таштап кете алган эмес жана кытайга да Күлчорону алып бара алган эмес.

4.Жакып эмне себептен Кыргылчалдын бузук тилине ишенип кетет?

Жооп: Жакып калыс караганды билбеген,кара ниет, бузуку адам болот.Ал башынан эле Манаска каршы болчу.Жумурткадан кыр издеп араң турган Жакыпка Кыргылчалдын ушагы майдай жагып,шылтоо табылат.Бул шылтоону пайдаланып,6 арамды Каныкейге каршы тукурат.

5.Манас эмне себептен Бакайга топ жыйынга аралашпа дейт?

Жооп: Манас өлөөрүндө Бакайга:куу сакалың чубалтып, кузгундай көзүң кызартып,топ көрүнсө барба деп,жыйынтак-жыйын эл болсо, жолобогун аба деп,төрөсү өлсө карыга, төөсү жакын болуучу,жетимимдин төөсүн кайтарып бергин аба деп керээз кебин айткан.Анткени баркыңды билбес жаманга жакындашып не пайда,акылы жок кемпайга,акыл айтып не пайда,сөз билбеген жамандан,бир күнү шагың сынбасын,андан көрө абаке,топ жыйынга барбагын дейт.

6.Манастан калган 40 чоро эмне себептен Көбөш тарапка өтүп кетет?

Жооп:Манастан калган 40 чоро,кыркы 40 жерден келген ит чоро деп айтылат.Аларды былк эттирбей кармап турган бул-Манас болчу.Манастын көзү өткөн соң, алардын анык жүзү ачылат.убада-шертти унутуп,бат эле Көбөш тарапка өтүп кетишет.Булардын ичинен адамгерчиликти сактаган,Шууту менен Ырчуул гана буларга кошулбай коёт.

7.Акылай эмне себептен Көбөшкө тийип кетет?

Жооп: Акылай Көбөшкө тийип кеткен себеби; Айкөлдүн зайыбы Акылай ,акылы жок капыр ай,сүйлөсө кеби далай бар,үтүрөң тентек, орой жан,- деп айтылат.Ал Манастын өлгөнүнө көп кайгырып отурбайт.Айкөлдүн 40 кыркы боло электе Көбөшкө тийип алган жайы бар.

8.Каныкейге арачыга эмне себептен башка чоро эмес Кыргылчал баштап барат?

Жооп: Кыргылчал Манас тирүү кезинде эле,көп ушакты таратып,баатырларды уруштуруп койгонго маш болчу.Бул жолу да Каныкейди Текечинин Ормонбеги алган жатыптыр деп жалган кеп айтып келет.Ошондо Жакып кан буйрук берет:Кыргылчал менен Тазбаймат,азыр экөөң барасың,бейжай долу немени, алтооңдун бирин аласың дейт.Каны буйрук кылганда,кайран Кыргыл канетсин,жанына жолдош алды эми,кан Манастын ордого,салып жетип барды эми деп айтылат.

9.Каныкей Абыке, Көбөшкө тийип кетсе болбойт беле?

Жооп: Каныкей Абыке,Көбөшкө тийип кеткидей жөн адам эмес болчу.Ал Манасты Манас кылган,Манастан калган тукумду эр жеттирип,эл-жерине кошо турган эл ишениминдеги эне болгон.Абыке,Көбөшкө тийгенден көрө ага өлүм артык болгон.Кумпайдан туулган падышам,каргадан туулган иттерге,буюмун кантип бастырам, бу көрөкчө өлөйүн, туулбай туна чөгөйүн деп 6 арам менен чабыша кеткен жайы бар.

10.Букарга качкан Каныкей, Чыйырдыны Бакай эмненин жардамы менен табат?

Жооп: Букарга качкан Каныкей менен Чыйырдыны Бакай Манастан калган Кумайыктын жардамы менен табат.Каныкейден кабар алмакка ордого келсе,таланып-чабылганын көрүп,көзүнүн жашын тарта албай ыйлайт.Бирок,отко салса күл болбос, олжого түшсө күң болбос,Каныкей балам качкандыр,аман болсо артынан,издеп таап барайын деп,Кумайыкты чакырып,касиетиң билгизчи,жетим менен жесирдин, изин таап сен берчи дейт.

11.Каныкей эмне себептен Кайыпчынын Кара-Үңкүргө түнөйт?

Жооп: Анткени,Бакай 3 мискинди,Сыр-Дайрадан аман-эсен өткөргөндөн кийин,мындай дейт: Кара-Кырдын Кара-Үңкүр,бусурманга даана үңкүр,олуя атам жаткан жер,карып-мискин качканга,медет кылчу кутман жер,мунарык түшкөн бел ошол,муңдуулар жаткан жер ошол,балам ошол үңкүр ичинде 7 күн тыным алгыла,мен артка барып силерге,бирдеме таап келейин деп Кара-Кырдын Кара-Үңкүрүнө жайгарып кеткен жайы бар.

12.Букарга барган Каныкей эмне себептен Семетейди өзү багып өстүргөн эмес?

Жооп: Анткени, бул 1-ден Манастын керээзи болчу.Колуңдагы баланы,Ысмайылга бере көр,жетимдигин билбесин,аталуудай тайраңдап,өксүк билбей чоңойсун,жашы 12ге келгенде,ата жайын туйгузгун,кайра Талас көздөгүн деген.2-ден бул Манастын уулу экенин душмандар билип калса, баланы мертинтип койбосун деген Каныкейдин сак-сактоосу болгон.Ошондуктан Ысмайылга берген.

13.Бакай сууда сүзгөндү кайдан үйрөнгөн?

Жооп:Бакай бала кезинен агын дайра көп кечип,адис болгон.Эпосто минтип айтылат: Бала күндөн Бакайың агын дайра көп кечип, адис болгон эмеспи,өзү суучул кургуруң,Сыр-Дайрага келгенде,3 мискинди абайлап,суудан аман өткөрдү деп айтылат.

14.Каныкей Букарга качканда эмне себептен Чыйырдыны ала кетет?

Жооп: Каныкей Букарга качканда Чыйырдыны ала кеткен себеби; Букарга тентип барганда, кимди меке кыламын,айзага таккан желек деп,асылдан калган белек деп,касиеттүү кыргыздан кармай чыккан белек деп, көрүп койсом көөнүм ток,энеке сенден бөлөк мекем жок,баана кылар урмекем, батасын берер энекем деп ала кеткен жайы бар.

15.Өкүл ата Карымбай эмне себептен Каныкейге жардам көрсөтпөйт?

Жооп: Букарга качкандагы жолдо Каныкей Семетей,Чыйырды абдан ачка болушат.Ошондо Каныкей талаадан торпок көрүп,кармап ызык кылалы деп кууп кармап алат.Көрсө ал торпок Карымбайдыкы болот.Каныкей ага жалынат, өкүл ата,торпогуң берчи соёюн,- деп.Бирок Карымбай кишичилиги жок,наадан адам болгон.Ал Каныкейге ачуу тилин тийгизип,камчы менен чаап жиберип, торпогун алып кетип калат.

16.Каныкей Жамгырчынын тулпары?

Жооп: Эштектердин Жамгырчы,темирден тонду кийиптир,Телкызылды миниптир деп айтылат.Тулпары Телкызыл болгон.

17.Жамгырчы эмне себептен өзгөрүп кетет?

Жооп: Манас каза тапкан соң,Эштектердин Жамгырчы,темирден тонду кийиптир,Телкызылды миниптир,6 арамга кошулуп,Манастын атын кетирип,”Көбөштөп” ураан чакырып,байкап көрсө Жамгырчы,байы өлгөн кулдай барбайып,ээлик болуп жылкыга, чаначтай мурду дардайып,кашатка Бакай барганда,таанымаксан түр салып,сен кимсиң деп бакырат.

18.Жамгырчы эмне себептен Бакайга Телкызымды ал дейт?

Жооп: Баатырдардын атын тартуу кылганы бул –кечирим суроо маанисинде болгон.Бакай Манастын жылкыларын издеп Жамгырчынын ордого барса,Жамгырчы өзгөрүлүп,таанымаксан болуп кыйкырат.Ошондо жиндеген Бакай,Жамгырчыны аттан көмө сайып, башын кесип аларда,абакелеп жалынып,кайната көрбө шорумду,калтыр аба жанымды,Манас кандын сан жылкы,астыңа салып берейин, сан жылкы жакпай баратса, Телкызыл тулпар берейин дейт.

19.Карымбай Жамгырчыга эмне деп кордук көрсөтөт?

Жооп: Карымбай Жамгырчыга Манастын Акборчугун бер деп кордук көрсөтөт.Эпосто Жамгырчы Бакайга минтип айткан жайы бар: Кара ниет Карымбай,ошондон көрдүм кордукту,канкор Манас барында,сураса бербес Акборчук,суук укурук салам деп,жалынса бербес жоргосун, талаадан тартып алам деп,айламды жаман кетирди,Манастан калган Акборчук,Чыйырдыдай энеге, энчиленген Акборчук,аманат бердим ала кет дейт.

20.Бакайга Тайтору менен Акборчукту ким берет?

Жооп: Бакай Тайторуну Эштектердин Жамгырчысынан алат, Тайторуну Манастын көзү өткөндө, Катагандын кан Кошой,азалап алып келген аманат калган мал болот, Акборчук жайын сурасаң,Мекенин каны Калыйпа,Манаска тартуу берди, алып келип эр Манас,Чыйырдыдай энеге, берген эле энчилеп,ойронуң Манас өлгөндө,октосун үзүп Акборчук, кайып болгон ошондо,Бакайга азыр кезикти, желкайып мал Акборчук.

21.Алманбет уста болгонбу?

Жооп: Алмамбет уста болгон,өзгөчө ээр жасаган,Алмамбет кылгын Аккаңкы,Аккулага чак каңкы,алдыңкы кашы ак алтын,арткы кашы чылк күмүш,эки каптал эн темир,усталыгын мындан бил,адамга жайлуу, атка ыктуу, ширетилген эң мыкты деп айтылган жайы бар.

22.Ысмайыл Каныкей тапшырган Семетейди эмне себептен багып алат?

Жооп: Ысмайыл Каныкей тапшырган Семетейди багып алган себеби;кан тукуму жетим өсүп кордолбосун,кандын баласын канзаададай багайын,төбөсүн бийик кармайын,өз баладай карайын деп багып алган жайы бар.

23.Каныкей маданият адамдарына кандай маани берген?

Жооп: Каныкей маданият адамдарына 14 жашында кыз падыша болгон кезден тарта абдан чоң маани берип,өз жанына алып,алардын өнөрлөрүнө чоң маани берген жайы бар.Эпосто Ысмайылдын мындай дегени бар: «Эжекем Каныкейдин жанында,30 келин,30 кыз, салымына салчу эле,өң шайырдын баарысын, эжекем бек чогултуп алчу эле,90 келин,90 кыз,эжекемдин жанында,толукшуп ойноп турчу эле.Шайырлар булар- маданият адамдары болгон.

24.Кең-Көлчүк эмне себептен соолуп калат?

Жооп: Каныкей менен Чыйырды Букарга качып келатып,Кең-Көлчүктүн соолуп калганын көрүшөт.Ошондо Чыйырды мындайча жоруйт:Кең-Көлчүк соолуп калганы-көкжалың Манас өлгөнү,терегиң куурап калганы-кордук салып өзүңө, 6 арам малды бөлгөнү,чынарың куурап калганы- тайган иттей желгениң,Таластан качып келгениң дейт.

25. Сексен жыл сууга чыласа, серпилип чети койбогон буюм?

Жооп: Бул буюм кандар колдонгон зор килем болгон.40 жылы сууга таштаса,кылайып чети оңбогон,80 жыл сууга чыласа,серпилип чети оңбогон,аркагы жибек алтындан,эриши майда кымбаттан,токулган жакут кымкаптан деп айтканы бар.

26.Темиркан эмне себептен Каныкейди Букардын бир бурчуна башчы кылат?

Жооп: Темиркан Каныкейди Букардын бир бурчуна башчы кылганынын эки жуйөсү бар.Биринчиден, Каныкей кыз кезинде эле такка минип,эл бийлеген баатыр кыз болгон,экинчиден, кандын зайыбы болуп, канынан ажырап,башына күн түшүп турган чакта, төбөсүн бийик кармайлы, жер каратып албайлы деп,Букар журтун чогултуп, 900 түтүн элине кан көтөргөн жайы бар.

27.Эсенкан эмне себептен Алманбетке тартуу берет?

Жооп: Эр Алмамбет көкжалың, 40 уруу кытай Бээжиндин, бир кандыгын бергин деп, камап барган кезинде,ошондо так кайтарган Сырбараң, казыналык зор мылтык, тартуу кылып Эсенкан,Алакеңдин өзүнө, берип салган эмеспи деп айтылган жайы бар.

28.Семетей эмне себептен тентек чыгат?

Жооп: Баатыр болчу бала тентек чыгат.Анткени атасы Манас дагы кичинесинде,7ге жашы келгенде,күйүп турган от болду, күлдүү кыргыз ичинде мындай тентек жок болду деп абдан тентек чыгат.Семетей да атасын тартып,кожону көрсө сабады,эшенди көрсө байлады,тентегинен Семеңдин,Букардын эли жадады деп айтылат.

29.Букардагы кожолор Караканга эмне себептен арызданып барат?

Жооп: Анткени,Семетей абдан тентек чыгып,кожо менен молдолорду мечитке камап,баарын бирдей сабайт,ошондо кожолор Караканга келип: Кожолорду,молдону, кокуйлатып сабады,таксыр, жаман көрсөң,жаман көр,береги жетимиңди тыйып ал,бу жетимди тыйбасаң,капкалуу Букар калың шаар,калаасына конбойбуз деп Семетейдин тентегин арызданып келишет.

30.Каныкей соолуп калган Кең-Көлчүктү эмненин жардамы менен сууга толтурат?

Жооп: Каныкей соолуп калган Кең-Көлчүгүн кудуреттин күчү,Манастын арбагынын колдоосу менен сууга толтурат.Чыйырды мындай кеп айтат:Оо,кагылайын Каныкей,колуңду сууга малып ал,Олуятка жалынып,кол дааратың алып ал,кара чымды каңтарчы, Кабылан Манас колдо деп,кутпаны карап аңтарчы,-дейт.Каныкей кара чымды каңтарса,чындап Манастын арбагы колдоп Кең-Көлчүккө суу толот.

31.Каракан эмне үчүн Манастын ашын берет?

Жооп: Каракан Манастын ашын берген себеби; Манастын өлгөнүнө 12 жыл болсо да, кара ашы өтө элек болот.6 арам арбакты унутуп,аш бергенди ойлошпойт.Ошон үчүн наркты билген Каракан,Манастын арбагы ыраазы болсун үчүн, билгенге Манастын ашы, билбегенге Семетейдин тою,-деп калктын баарын жыйдырып, аш өткөргөн жайы бар.

32.Каракан эмне үчүн билбеске Семетейдин тоюн өткөрөт?

Жоп: Семетей 12ге келгенде тентегинен Букардын элин жадатат.Караканга даттанып келген кожо,молдонун изи суубайт.Ошондо Каракан ойлонуп,дилинде арбагы ыраазы болсун деп,Манастын ашын берейин дейт.Акылсыз чабал адамга,баламдын тоюн берейин,алтын таажым кийгизип,алтын такка мингизип,кан көтөрүп алайын,калайык ээси болгондо коёр бекен тентегин,журт атасы болгондо,коёр бекен кордугун,- деп той өткөргөн жайы бар.

33.Каракан эмне себептен Семетейди Букарга кан шайлайт?

Жооп: Букарга кан кылгандыгынын 2 жүйөсү бар.Биринчиден, ай-ааламды башкарган асыл кандын тукумун,көп катары колдонуп,тегин кордоп койбоюн,арбагын сыйлап Манастын,журт атасы кылайын дейт.Экинчиден Семетей 12ге келгенде,күйүп турган от болду,мындай тентек жок болду,тентегин тый деп балаңдын,калың Букар топтолду,журт атасы болгондо,коер бекен тентегин,калайык ээси болгондо,жоер бекен кордугун,таажы кийсе башына таштаар бекен зордугун деп Семетейди кан көтөргөн жайы бар.

34.Куюшканы жок ат минген журт?

Жооп: Куюшканы жок ат минген журт бул-Кокон эли болгон.Эпосто мындай айтылат:Көк кепичин тепейтип,аргымагын чекейтип,Ал Кокондун ак каңкы,куюшканы такыр жок,аттарынын баары айгыр,кызырлуу шерге катылган, бул сарттарда акыл жок,- деп айтылат.

35.Каныкей Акборчукту эмес эмне үчүн Тайторуну чабат?

Жооп: Каныкей Акборчукту эмес Тайторуну чапкан себеби; Тайтору 60 асый болгуча,азуусу өйкөп карыбас,жарышка салса камсыкпас,кайып сындуу буудан болгон.Ал эми Чыйырдыга энчиленген Акборчук,жол жорголуу, жанга тынч,койчо чурап жорголойт деп айтылат.Акборчук жорго болгон.Ошондуктан Каныкей кайсы тулпарды чабууну жакшы билген.

36.Каныкей саяпкер болгонбу?

Жооп: Каныкей анык саяпкер болгон.Анткени,төлгөгө чапчу тулпарын,күн мезгили келгиче,күрүчтөн күрмөп жем берип, күндө терин алды, арпадан аса жем берип, айда терин алды эми,түнүчүндө тынч албай,сасык терин алды эми,таң ашырып бууданды,10 бетеге,80 чөп,эби менен жедирип,суутуусун чыңдады,чырм этип уйку албады деп айтылган жайы бар.

37.Букарлыктын Каныкейди тааныбай калуусуна эмне себеп болгон?

Жооп: Букарлыктардын Каныкейди тааныбай калган себеби; Тайторусун чапмакка,эркек киймин кийди эми,көк темирден туулга,көтөрүп башка кийди эми,Манастан калган боз кисе,кынай белге чалды эми,Алмамбеттин сырбараң, айдалыга салды эми,кыпкызыл болот Сыр найза,кыя тартып алды эми, бөксөрбөгөн ок-дары,Акборчукка салды эми,зың-зың этип кенебей,Тайторусун жетелеп,касабасы калкылдап, жабдыгынын баарысы,бой –боюнда жаркылдап, муну көргөн Букарлык ким экенин тааныбай, аң-таң болуп калды эми деп айтылат.

38.Каныкей чет өлкөдө окуганбы?

Жооп: Каныкей чет өлкөдө окуган.Темиркандын мындай деген жайы бар:Ушу турган Каныкей,12 кыздын кенжеси,кудайдын сүйгөн пендеси,Калыйпа кирип кат алды,канзаададан бата алды, ургаачы жолборс атанды,14 жашка келгенде,Багдад менен Мисирден, сегиз ай мындан окуду,мунун атагын уккан чочуду.

39.Темиркан эмне себептен Каныкейди ат чаппа деп тыйып коет?

Жооп: Темиркан Каныкейдин ат чабарын билип,кейип-кепчип ардыгат: Оо,Каныкей кулунум,бел байлаган белиң жок, бегирек атың чабуучу, белесте турчу кыйкырып, белгилүү Манас шериң жок,жесир жүрүп кулунум, жээликпегин жөнү жок,байгесине кызыгып, жок азарын тарттыңбы,кан башым менен мен өзүм 4 тулпар чаптым, көздөп ал, байгеге чыгып келишсе,баш байгесин өзүң ал, кулунум менин тилимди ал,- деп тыйып койгон жайы бар.

40.Молдосан деген ким?

Жооп: Молдосан Букардагы катчы бала болгон.Ал Семетейдин тоюнда ат чабышта аттардын эсебин алган.Эпосто мындай айтылат: Букардагы Молдосан,артык катчы бала экен,ат каттаган ал болду,катын окуп караса,643 ат болду.

41.Эшенчал Каныкейдин айтканын укпай койсо болот беле?

Жооп: Эшенчал Каныкейдин айтканын укпай койсо болмок.Бирок Каныкей ага Кара-Деңиз дарыя,Тайторуга жер ошол,бул сөзүмө конбосоң,жолуңан кармап аламын,жол үстүнө сүйрөтүп,даңгыттарга жарамын, кашайта көзүң оёмун,Эшен чал сени соёмун,- деп көкүтөт.Муну уккан Эшен чал, бул долу айтканынан кайтчу эмес,айткан кебин албасам, кашайта көздү ойбосун,тындым кылып койбосун деп коркконунан аттарды Кара-Денизден коё берет.

42.Тайтору 300 аттын соңуна кайсы жерден жеткен?

Жооп: Тайтору Кең-Мойноктун жонунда,башын жерге сала албай,аркардай арыш ала албай,келе жатат бууданың,Кең Кырымдын жонунда,санап көрсө ошондо, 300 аттын соңунда деп айтылат.

43.Тайтору 60 аттын соңуна кайсы жерден жеткен?

Жооп: Сүйүнгөндөн чыркырап,ыйлап ийип буркурап,дүрбү салып караса,Ит-Торпунун жонунда,Кезең-Кырдын боюнда, санап көрсөм Тайтору, келе жатат бууданың,60 аттын соңунда деп айтылат.

44.Алманбет сырбараңга кантип ээ болгон?

Жооп: эр Алмамбет көкжалың, 40 уруу кытай Бээжиндин, бир кандыгын бергин деп, камап барган кезинде,ошондо так кайтарган Сырбараң, казыналык зор мылтык, тартуу кылып Эсенкан,Алакеңдин өзүнө, берип салган эмеспи деп айтылган жайы бар.

45.Ысмайыл эмне үчүн Семетейдин күрөшкө түшүүсүнө каршы болот?

Жооп: Семетей Букарлыктын Акбалбаны Кокондуктун Төөбалбанынан күрөштө жеңилип калганына арданып,Төөбалбанга каршы күрөшкө чыкмак болот.Ошондо атакеси Ысмайыл мындай дейт: Кокуй жалгыз, канетет, кан күрөшпөйт балбанга,Төөбалбан менен күрөшүп, уят болуп каласың,- деп кан башыңды пас кылба, кан каадасын сакта деп каршы чыккан жайы бар.

46.Семетей айхайлаткан балбан ким?

Жооп: Семетей Букарлыктын намысын талашып,Кокондук Төөбалбанга каршы күрөшкө түшөт.Чап билектен алышып,багалактан чалышып,төрөнүн уулу Семетей, Бардыгер күчүн салды эми,Төөбалбандын билегин , такыр сууруп алды,булкамын деп булка албай, тыбырады Төөбалбан,ай-хай,ай-хай,ай-хайлап,чыркырады Төөбалбан деп айтылат.

47.Сегиз кандын элчиси Семетейди эмне үчүн ак үйлүү кылууга сурайт?

Жооп: Семетейдин атасынан артык баатыр болгонун 8 сегиз кан көрүп,өлөңдүү жерге өрт койгон, өрттөнгүрдүн тукуму, акыры бизди соо кылбайт, кармашкан менен ал жетпейт, андан көрө жетимди, амал менен акырын, жер соорусу Маргалаң,Ак үйлүү сурап алалы,күпчөккө салган бозону, күйдүргөн уу ошону, алдап берип балага, башын кесип алалы,Абыке менен Көбөшкө, сүйүнчүлөп баралы деп, антты бекем кылышып,Темиркандын астында,сүттөн таза көрүнүп,Ак үйлүү сурап Семетей,келип турат көрдүңбү деп айтылат.

48.Сары таз эмне үчүн Семетейге ата-тегин эрте айткан эмес?

Жооп: Сары таз Семетейге ата-тегин эрте айтпаган себеби; 12ге келишин күтүп жүргөн.12ге келди деп,тилегим кудай берди деп,Семетейге жолугуп,ата-тегин айтканы,күтүп жүрөт Сары таз деп айтылган жайы бар.

49.Чыйырды Букарга барганы Семетейди канча ирет көрдү эле?

Жооп: Байкуш энең Чыйырды,айкөлү Манас өлгөнү,Букарга тентип келгени,Семетейин көрө элек,6 ай болгон табында,Ысмайылга бергени,12ге чыккыча,небересин көрө элек,кулунум деп көп ыйлап, болбой калды энекең.Ошондо Каныкей,Семетейге “иничек” деп кайрылып,Чыйырдыга көрсөтүү үчүн ордосуна чакырып,батасын алган жайы бар.

50.Үмөтөйдүн Семетейге болгон таарынычы?

Жооп: : Көкчөнүн уулу Үмөтөй, чоң казатта Манас менен барып окко учкан атасынын кунун Семетей төлөбөй жүрөт деп таарынган.

51.Коңурбай Каныкейдин кайсы буюмуна өтө таң калган?

Жооп: Жебенин огу жетпеген,жеткилең кымбат боз чепкен,кызыл чоктуу кыргында,кынап берген боз чепкен,теңкерип чети оңбогон,түк жыртылып койбогон.Кыйын ыртык Коңурбай,ушул турган боз чепкен, боз чепкенге таң калган: «Күлазык ичкен дарысын, алда күмүрөй катын Каныкей,жасап берген экен ээ,ок өтпөстүн баарысын».

52.Каныкей Семетейге арнап тиккен өтүк?

Жооп: Кайран энең Каныкей, Семетейим киет деп, жасап жүргөн соору өтүк, бил териси булгаары, бадышадан өөдөрөк,көрсө кишинин мээрин кандырган,кызыл алтын, жакуттан,такасына салдырган,ашагандан машаган, кош ойдуруп жиберип, кыргызча кылып жасаган, Каныкей кылган бут кийим,Семетейге кут кийим деп айтылган жайы бар.

53.Семетей бала курагынан кийген өтүк?

Жооп: Семетейдин бутунда, кийип алган кең өтүк,тумшугу өөдө чүйрүйүп,кой тойгондой шору бар, буудан жеңең Каныкей, Букарлыктын өтүгүн бутунан сууруп ыргытты, Семетейге деп жасаган,кызыл алтын, жакуттан,такасына салдырган, кош ойдуруп жиберип, кыргызча кылып жасаган, бил териси соору өтүк,аны бутка кийгизди, мына ошентип Каныкей, эжелигин билгизди деп айтылган жайы бар.

54.Боз кисе деген эмне?

Жооп: Боз кисе деген белге курчап ала турган,ичине керектүү дары,дармек сала турган буюм.Манастын боз кисеси асмандан түшкөн. Эпосто мындай айтылат: Асмандан түшкөн боз кисе, кан атам көкжал эр менен,кадимкидей дос кисе,кыйкырып белге чалганда,40 чилтен жолдош бир болгон,айкырып белге чалганда,арстан сындуу күч толгон.

55.Темиркан эмне үчүн Сары таздан чоочулаган?

Жооп: Сары Таз Темиркандын иниси болгон, бирок алар так талашып 7 жыл согушуп,бири-бирине кас болуп калышкан.Сары таз Күлешендин Күл-Токоюнда көмүргө ээлик кылып, жалгыз токойдо калган.Токойго Семетей, куш агытып, ит салып,бат-бат бара турган.Темиркан чочуган себеби; Сары таздын мага бузукусу бар эле,балага ата-тегин айтып,көөнүн бузуп койбосун,-деп,Семетейге, Күл-Токойго барбай жүр,күлүп шумкар салбай жүр деп тыят.

56. Букарды ким көмүр менен камсыздаган?

Жооп: Букарды көмүр менен Темиркандын иниси Сары таз камсыз кылып турган.Темиркан ай сайын 80 төөнүн көмүрүн алып турган.80ден бирөө кемисе,Сары таз байкуш куруучу деп айтылат

57.Сары таз эмне үчүн көмүр казган?

Жооп: Сары Таз Темиркандын иниси болгон, бирок алар так талашып 7 жыл согушуп,бири-бирине кас болуп калышкан.Кандыкты Темиркан.алган соң,Сары тазды журтка жолотпой,атынан айрып жөө кылып,Күлешендин Күл-Токой,көмүр өчүртүп көө кылып,ай сайын 80 төөнүн көмүрүн, алым берип туруучу, антпесе,Сары таз байкуш куруучу деп айтылат.

58.Алтынай эмне себептен Темирканга ыйлап сабылат?

Жооп: , Семетей Таласка аттанып жатканда, таенеси Алтынай, Темирканга жалынып: Айланайын Темиркан, малга кароо жан элең,ушу турган Актулпар, жетимиңе мингизгин,ата экениң билгизгин, таарынып бала кетпесин дейт.Муну укканда Темиркан мунара чыкты эми, Семетейдин караанын азыр чындап көрдү эми, сөлөкөтү-сөөлөтү атасындай көрүндү,кыйылып ичтен турса да,ордодогу Актулпар, тартуу кылып балага, Темирканың берди эми деп айтылат.

59.Бакай эмне үчүн кайынжуртуна барган эмес?

Жооп: Анткени, Бакай Көрпаянды Жаналы, Карачтан күч менен тартып алган,ал турсун,Наркызыл тулпарын да олжолоп алып,кордук көрсөткөн.Ошол себептүү ал кайын журтуна барган эмес.Анын барбаганын Семетейге жолуккандагы окуядан билебиз.Семетей, Бакайды сынап, Жаналы,Карач уулумун десе,ишенип калат.

60.Манаста Иерусалим кайсы окуяда айтылат?

Жооп: Манаста Иерусалим Семетей Таласка келип,атасынын күмбөзүнө келгендеги окуяда айтылат.Ал атасынын күмбөзүнө Каныкей тарттырган «Чон казатты» чагылдырган сүрөттөрүн көрүп,энесинин айткандарын элестетип мындай дейт: «Самоору алтын, чайы арзан,Ысламдын шаарында,кечээ алакандай дин ыстан,чубатууга салганда,аяш атам Алмамбет,Сыргакты тандап алганда,буларды тарткан сүрөткө»,- деп айтылат.Ыслам шаары бул-Иерусалим болгон.

61.Куу кумпай канча күндө балапан басып чыгарат?

Жооп: Куу кумпай 32 күндө балапан басып чыгарат.Каныкей Семетейди Таласка узатып жатып мындай дейт: Нарындын башы Чатыр-Көл,ошондо жүргөн куу кумпай,келериң быйыл билгендир,атандан калган Акшумкар,баласын сага бермекке,32 күн басып,жумурткасын ачкандыр деп айтылган жайы бар.

62.Текөөрү темир, тээги кез, тегереги эки кез, көзү кара көк шал бут. Сөз эмне жөнүндө болуп жатат?

Жооп: Атаңдан калган мураапы,Акшумкар сынын айтайын,текөөрү темир,тээги жез,тегереги эки кез,көзү кара көк шал бут,көргөндөн кайра тартпаган,кууну көлдөн учурбайт,канатын жыйып шукшурбайт деп айтылган жайы бар.Бул- Манастын Акшумкары.

63.Үч кан эмне себептен Бакайга доо кылат?

Жооп: Текечи,Шыгай,Жамгырчы ушул үч кан чогулуп, Бакайга доо арткан себеби;Жоргонун –Бели үч бөксө,ашырган Бакай экен го,жоболоңдуу бейбакты,качырган Бакай экен го,- деп Каныкейди Букарга Бакай качырды деп доо артышат.

64.Орунбордун кайсы буюму артыкча атакка ээ болгон?

Жооп: Орунбордун буласы артыкча атакка ээ болгон.Эпосто мындай айтылат: Орунбор менен Маргалаң,орто жерин чалдардым,ошондон бери буланы,баатырларга алдырдым,-деп айтылган жайы бар.

65.Кыргылчал эмне себептен Манастын ордуна кан болууну самабайт?

Жооп: Кыргылчал Манастын ордуна кан болууну самабаган себеби;Ал өзүн кандыкка ылайыксыз экенин билчү. Ар дайым бузук сөз сүйлөп,ушакка жакын болчу,ал эми ушак сөз көбүнчө аялдарга мүнөздүү көрүнүш.Ошондуктан ал кан болом деген күнү деле,эч ким колдомок эмес.(бул жооп 100% туура экенине кепилдик жок)

66.Бодокандын баласы?

Жооп: Бодокандын баласы Бозуул болгон.Эпосто мындай айтылат: Бодокандын Бозуулга,болбой Сайкал жетиптир,жеткен жерден жетөөнү,көмө коюп өтүптүр.

67.Маңкүштүн уулу?

Жооп: Маңкүштүн уулу Чоңтикен болгон.Эпосто: Маңкүштүн уулу Чоңтикен,ким көрүнсө жайлаган,он эки батман чоюнбаш, белге кынай байлаган,- деп айтылган жайы бар.

68.Манаска таарынган Чубакка Акбалта эмне деп акыл айтат?

Жооп: Манаска таарынган Чубакка Акбалта мындай деп акыл айтат: Ушакка кирген оңобу,убара сөзгө ишенген,дин бусурман болобу,каймана сөзгө ишенип,качып келген оңобу,баатыр да сендей болобу,ошол Манас барында, силерге укурук кайрар калган жок,Кырктын башы Кыргыл чал,ойлогону бузук чал,бузуку сөзгө ишенип,бурулуп кетиш болобу,балам, тилимди угуп, Манаска, кечикпестен кайра бар,-дейт.

69.Көзкаман тууралуу айткан Каныкейге Манас эмне үчүн ишенбей коет?

Жооп: Көзкамандарды зили душман деп айткан Каныкейге Манас абдан ачууланып:Бузук кеп айтып турасың,тууганым келсе душман деп,өсөк ишти кыласың,сөзүңө кирсем ой, катын,куу башты жалгыз кыласың, түбүбүз бирге тууганды,сен душмансынтып турасың,- деп булдурсун менен чаап жиберет.

70.Байчоро канча жашында Манаска келип кошулат?

Жооп: Байчоро Манаска он төртүндө келип кошулат.Манас Көзкамандардан ууланганда 40 чоросу жанында жок экенине арман кылып, баарын атап чыгат.Ошондо Байчорону мындай дейт:Колу күчтүү Байчором,эрдигинен оолуккан, он төртүндө жолуккан,качырып найза сунсачы,Байчором келип турсачы деген жайы бар.

71.Көзкамандардан ууланган Манаска Акаяр эмне үчүн дароо жардамга келген эмес?

Жооп: Көзкамандардан ууланган Манаска Акаяр дароо жардамга келбеген себеби; Акаяр келген кезде Манас коңгуранып,40 чоронун эрдигин айтып жаткан болот.Аны уккан Акаяр кымбатым Манас мени эсепке алса,кыйкырып уруш салайын,ушу турган калмактан ажыратып алайын деп күтүп калат,качан Акаяр деп атаганда,кыдырата карабай,кылча жанын аябай,ажыратып Айкөлдү,алып кетти Акаяр деп айтылган жайы бар.

72.Көзкаман көтөргөн Очогор мылтык канча октуу эле?

Жооп: Көзкаман көтөргөн Очогор мылтык 12 октуу болгон.Эпосто мындай айтылат: Көзкамандын мылтыгы,12 дүрмөт Очогор,ойрон энең долуну,он эки катар дагы атып,ок тийгенде шор катып,чаначтай кызыл кан болуп, Көзкамандын кордугу,көкүрөктө зак болуп деп айтылган жайы бар.

73.Көзкамандын тулпары?

Жооп: Көзкамандын тулпары,жылкыдан артык Коңкулбоз,ээрин алып жайдактап,алтын бурма чидерди,алып келип баймактап деп айтылат.Көзкманадын тулпары-Коңкулбоз болгон.

74.Көзкамандар Манастын сыйына ыраазы болуп тынч жашаса болбойт беле?

Жооп: Көзкамандар Манастын сыйына ыраазы болуп жашай берсе болмок.Бирок алар ошол сыйды түшүнгөн жок.Алар бүт дитин калмакка буруп кетишкен.Тууганга ырайым кылуу деген сапат такыр калган эмес. Карыкандан буйрук алып, Манасты өлтүрүп, башын алып келүүгө кылычтын мизин жалашып,антташып,шерттешип келишкен.Ошон үчүн алар кыңыр ишин жасашты.

75.Акаярдын тулпары?

Жооп: Акаярдын минген тулпары Кертору болгон.Эпосто мындай айтылат: Көкчөкөз менен Көзкаман кылганын айтат Акаяр,кан Манаска кордукту салганын айтат Акаяр,канзааданы өңөрүп Каныкейдин качканын, баарын айтат Акаяр,минген тулпар Кертору, Керторудан айрылып калганын айтат Акаяр.

76.Куугун түшүп Бакайдын келгенин Көзкамандарга ким айтып барат?

Жооп: Куугун түшүп,Бакайдын келе жатканын кароолдо турган Желдейбоз айтып барат. « Кан Бакайдын киргенин, кароолдо турган Желдейбоз, катуу көрүп калыптыр,алдындагы тулпарга,камчы басып бакырып,Көзкаман,Көкчөкөзүнө,ураанын айтып чакырып,уруучу буркан уруптур, артыңдан куугун кууптур» деп айткан жайы бар.

77.Манаста бий өнөрү кайсы учурларда бийленген?

Жооп: Манаста бий өнөрү салтанаттарда,жеңиштерде,тойлордо бийленген.Мисалы: Көзкамандар Манасты өлтүрдүк деп ойлошуп,сүйүнгөндөн салтанат уюштуруп,бийлешет: Манасты сойгон ойну деп,калмактары былкылдап,катуу бийлеп алыптыр,- деп айтылат.

78.Кырк чоро Манасты ууландырган Көкчөкөздөрдү кайсы жерден кууп жетет?

Жооп: Кырк чоро Көкчөкөздөрдү Кара-Кырдан кууп жетишет.40 чоро менен кан Бакай,төбөсүнөн Кара-Кыр,Кара-Кырды ашты эле,баякы качкын Көзкаман, төбөсүнөн басты эле деп айтылат.

79.Сыргактын өзүн көрсөткөн алгачкы эрдиги?

Жооп: Сыргак Көзкамандар окуясында,Көкчөкөзгө жеке сайыш кылганда алгачкы эрдиги көрүнөт. 7 күн тынбай сайышып,тирелишип турушуп,тиктешип минтип урушуп деп айтылат.

80.Букардан Таласка чыккан Семетейге Кокондуктун кол салуусуна эмне себеп болгон?

Жооп: Анткени Манас тирүү кезинде,Коконго кордук салчу экен,алты миң жамбы, миң кундуз, алым алып турчу экен,ал алымын бербесе,айтканына көнбөсө,билгенин Манас кылчу экен. Ошондуктан Кокондуктун Кушбеги Манаста өчү бар болгон.Семетей Таласка келе жатып Кокондуктарды аралап өтөт.Ошондо Семетейди көрүшүп,Манастын жетимин кармап алып жайлайлы деп кол салышкан жайы бар.

81. Кумайык Семетейди Ач-Маралдан канча жолу издейт?

Жооп: Кумайык Семетейди Ач-Маралдан 6 жолу издейт.эпосто минтип айтылат: Ошол кезде Кумайык,барса-барса үрүптүр,Семетейди күтүптүр,Манастан калган жетимим,12ге толду деп,келер чагы болду деп,Ак эрмендүү Ач-Марал,6 жолу караптыр.

82.Семетей кумайыкты кайсы белгисинен дароо тааныйт?

Жооп: Семетей Кумайыкты алгач көргөндө, мойнундагы алтын каргыдан улам тааныйт. « Энекем айткан кеп эле, келип калса Кумайык,алтындан таккан мойнунда, каргысы болот деди эле.Кумайыктын өзү экен,жолумдан тосуп жаныбар, жолуккан жүргөн кези экен дейт.

83.Семетей атасынын касиети колдоорун кайсы белгисинен билген?

Жооп:Семетей атасынын касиети колдоорун атасынын күмбөзүнө келгенде күмбөздүн ичи күңгүрөнүп сүйлөнгөндө билген.Анткени энекеси Каныкей мындай деген:Чындап кудай береде,азарын сага саларда,атаң анык колдоп аларда,күмбөздүн ичи күңгүрөйт, белгилери дүңгүрөйт.Бул белгилерди Семетей көрүп,атасынын арбагына ыраазы болот.

84.Бакай Африкага барганбы?

Жооп: Бакай Африкага барган.Ал Манасты издеп 12 жыл жер кезет.Манаска жолугуп мындай деген жайы бар: Айкөлүм сени таба албай,12 жыл жер кездим,Жердин түбү - Желпиниш,жетик атың укканда,7 жыл мындан карадым,Медияндын беш бурчун,5 айланта чалгамын.Кургагы жок көл көрдүм,бир тамчы суу табылбас, Ит-Өлбөстүн Кызыл-Кум, 40 күнчүлүк чөл көрдүм.Ат бороюн сыдырдым,ааламдын баарысын,шерим, сени таба албай,издеп жүрүп кыдырдым.Атым болду ыргайдай,битим болду торгойдой,-дейт.Ит-Өлбөстүн Кызыл-Кум,40 күнчүлүк чөл бул – Сахара чөлү.(бул жооп 100% туура экенине кепилдик жок)

85.Манас Таластын кайсы жеринде каза табат?

Жооп: Кечээ кең Таластын оюнда, жылгындуу Кең-Кол боюнда,Кең-Шордо Манас өлгөндө деп айтылат.Таластын Кең-Шорунда каза табат.

86.Семетей эмне себептен Бакайды сынамакка алат?

Жооп: : Энем Каныкей айткан кеп эле,атаң Манас көкжалдан Бакай баатырыраак деди эле,бөлөкчө кептен салайын,мунун ичинде сырын алайын,атамдан артык шер болсо, паана кылып алайын,маанисиз бир чал болсо, тындым кылып салайын, көп кейитпей кедейди,курмандыкка чалайын,өзсырымды жашырып,ушу турган Бакайга бөлөксүнүп барайын деп ойлрнуп Семетей,Жанаалы, Карач уулумун, өткөн өчту кууймун, коз тийип өлгөн Семетей, кошо өлгөн Чыйырды деп сынап турган жери бар.

87.Бакай эмне үчүн Семетейге катуу сөз айтат?

Жооп: Анткени,Семетей Бакайды сынап Семетейди өлдү деп айтат,бул кабарды укканда,үндөн кетти кан Бакай,эки көзү алайып,тилден кетти кан Бакай,эт бышымдай убакыт, өзүнө келбей шалдырап, сүлдөн кетти кан Бакай: кара оозуңа кан толуп,кайрылгысыз күнгө кел,кудай демин суутуп,өзүң Семетей өңдүү түргө кел, күйөрүңдөн айрылып,өзүң мендей түргө кел деп каргаган жайы бар.

88.Семетей атасы Манастын сөөгүн өз көзү менен көрөбү?

Жооп: Семетей атасы Манастын сөөгүн өз көзү менен көргөн.Ал Бакайга жолуккандан кийин атасынын күмбөзүнө барып,ичине кирет.Ал мындай сүрөттөлөт: Айкөл атам султанга,аныктап көзүм салганда,күлүмсүрөп көз жуумп,жаткан экен кан атам,көп майирван жолдошко,баткан экен кан атам,атам жалгыз ал эмес,жалгыз жатар кан эмес,көп кызыкка батыптыр,жанында 6 адам бар,катарлашып жатыптыр экен делет.

89.Сыргактын сөөгү коюлган мазар?

Жооп: Атка жеңил,тайга чак,уйкусу жок,жолго сак, Улаккандын эр Сыргак,Кожожаштай мергенге,Чон-Казатта аттырып,күн күнүндө күбүлгөн,жаш чагында жайраган,казатта шейит болду деп, Шыйкоо деген мазарга,ал Сыргакты койду эле,муну менен ал Шыйкоо,үлкөн мазар болду эле деп айтылат.

90.Карачанын башка адамдан өзгөчө артыкчылыгы?

Жооп: Карачанын башка адамдан өзгөчө артыкчылыгы; Баатырлар минген айтылуу тулпарлар Карачанын жылкысынан чыккан.Аккула,Алгара,Чалкуйрук,Куу казык,Көкчебич,Мааникер,Карткүрөң,Телкызыл,Тайбуурул –баары байтал бээнин кулуну делген жылкынын балдары.Демек,Карача артыкча саяпкер болгон.

91.Коёнаалы эмне үчүн өлөөрүн билип айкөл Манаска кезигет?

Жооп: Манас өлөөр алдында жатканда, баатырлардын баары келип, Манас менен көрүшөт.Ошондо атасын ээрчий келген Коёналы жашайдар да: «Мен да кирип аяш атама, бир көрүшүп калайын» деп кирип баратканда,Каныкей кармап калып: «Кагылайын кулунум,аяш атаң Манастын,көзүндө заары бар,көзүнүн нуру кайта элек, карап койсо кулунум,эгерде эки болбойсуң,койгун уулум кирбегин» десе, болбой: « Аяш атам жанынан, менин жаным өөдөбү,алчу болсо атама, оо дүйнө бирге барайын» деп кирип кеткен жайы бар.

92.Манас өлөөр алдында Каныкейге кадырлуу сырым билчү элең деп нени эскертет?

Жооп: Коёнаалы Манаска киргенде,Манас ага көз артып, баатыр болот деп айтат.Ошондо Каныкей Коёнаалыга Манастын көзү тийгенин билип: «Оңбогон көкжал оңбодуң,Коёнаалы чунакты, ала кетет окшодуң» дегенде, Манас мындай дейт: « Каныкей,сен менин кадырлуу сырым билесиң,эки көзүм жумулуп,кутпага мойнум кыйшайып,акка моюн сунганда,киргизсең болмок баланы,алда берен балам ай,7 күндөн калбайт го» дейт. Кадырлуу сырым билесиң дегени- көзүмдө заарым бар экенин билесиң дегени.

93.Коёнаалы каза тапкан жер?

Жооп: Көкбөрү менен Коёнаалы,Таластан чыгып бул экөө,Анжыянды басыптыр,Кара-Кумду ашыптыр,ар жагында Чамбыл-Бел,Чамбыл-Белге барганда,Жанаалы,Карач эки кан,Көкбөрүгө жоо экен,түркмөн каптап жетиптир, болжолсуз уруш болуптур,Коёнаалы жашайдар,урушта каза болуптур деп айтылат.Коёнаалы Чамбыл-Белде каза болот.

94.Бөлөкбайдын жолдошу куюн көтөн Энтери качан казат табат?

Жооп: Энтери Манас өлгөндө,6 арамдын чапкынында каза табат. Манас өлгөндө Абыке менен Көбөш анын курал-жарак каткан казынасын талашат.Казына башы Бөлөкбай,көп дүйнөсүн алдырып,жолдошторун ээрчитип тоо аралап бекинип күн өткөрүшөт.Кароолго Куюн көтөн Энтерини коёт.Чыканактап уктап калган Энтерини, Абыке,Көбөш башын жара чаап каза кылып коюшат.

95.Семетейдин Таласка келгенин Баймырза кандай кабылдайт?

Жооп: Семетей Таласка келгенин Баймырза абдан кубануу менен кабылдайт. «Тоодой көкжал Манастан,тозорго калган Семетей,белестей көкжал Манастан,белекке калган Семетей,бозала кыраан болпоңум,боздотуп келген чолпонум» деп көзүнө жаш алып,9 кара буканы, кескилетип жиберип,той өткөргөн жайы бар.

96.Түбүм чалчык суу болуп, булаксыз болгон экенмин. Кайран башым кор болуп, туяксыз кеткен экенмин деп Бакай эмне себептен кайгырат?

Жооп: Бакай уулу Байтайлакка суу жүрөк экендигинен улам ичи чыкпай калат,Семетей келип сүйүнүп, сүйүнгөндөн Бакайың, сүйүнчү айтып чапкылап,айлына кетип баратат, атасын көрүп Байтайлак, душман каптап келген го, артынан кууган го,тоону беттеп качалык,жылкыны бүтүн айдайлык деп ошентип Байтайлак элдин баарын дүрбөтүп, качкыла деп кыйкырып,коён жүрөк Байтайлак, элдин үшүн кетирип,Бакай жетип баласын,булдурсун менен бир койду:түбүм чалчык суу болуп,булаксыз өткөн экенмин,кайран башым кор болуп, туяксыз өткөн экенмин деп ичи чыкпай калган жайы бар.

97.Семетейдин Таласка келгенин Бакдөөлөт кандай кабылдайт?

Жооп: Семетейдин Таласка келгенин Бакдөөлөт Жакыптан угат.Жакып Бакдөөлөткө Семетейге уу даярда дегенде,Бакдөөлөт каршы чыгат: « Оңбогон какбаш оңбойсуң,өз балаңды өлтүрсөң,эгерде эки болбойсуң,тулпардан калган туякка,кантип ууну бересиң,сенин бул ишиң калсын талаада,6 уулуң биригип,жалгыз Манаска кетсин садага,Манасым кетти күн кетти,байкасам, кадыр түн кетти» дейт.Семетей Жакыптын үйүнө келгенде,Бакдөөлөт боздоп ыйлап сабылып,Семетейге кагылып,жетимим деп байбиче, жетине албай чыркырап деп айтылат.

98.Жакып Семетейди канча жашына көрөт?

Жооп: Жакып Семетейди 98 жашында көрөт.Эпосто мындай айтылат: Туйгунум Манас өлгөндө,ичпейин деп ант кылдым, чоң атаң кан Жакыптын 98 жашы эле,ушуну ичпейин деген аш эле,- деп уу берип жатып айткан кеби бар.

99.Төрткүрөңбектин эркеси атыккан чоро?

Жооп:Төркүрөңбектин эркеси бул- төмөнкү кандын Төлгөчү,Төрткүрөңбектин эркеси,акжолтой ашык Төлөгү деп айтылат.Бул Төлгөчү Төлөк болгон.

100.Даңза китебине эң сулуу деп ким катталган?

Жооп: Даңзага эң сулуу деп Эсенкан кызы Бурулча катталган.Эркелигим эл-журтка, маалым болуп билинген,сулуулугум Какандын,даңзасына чийилген,- деп айтылат.

101.Бурулчанын сулуулугу дагы кайсы багытта таанылган?

Жооп: Жашым 12ге келгенде,кебездей белим ийилген,Эсенкандын эрке кыз,эби жок сулуу экен деп,Бээжиндик кара кытайдын бичигине чийилген,- деп Бурулчанын айтканы бар.

102.Бурулчанын канча агасы болгон?

Жооп: Эсенкандын эркек уулун сурасаң,34 уулу бар экен,34 калдай кенжеси,каарынан кан чыккан,кабарынан жан чыккан,этегиме кытайча чийип кат койгон,34 агам, эр атам,атымды Бурулча деп ат койгон,- деп айтылат.Бурулчанын 34 агасы болгон.

103.Курулган имарат кимдики экенин билүү үчүн кандай белги коюлган?

Жооп: Курулган имарат кимдики экенин билүү үчүн, ал сарайга ээсинин атын чегип жазып койгон.Мисалы: Бурулчанын ордого кытайча чийип кат койгон, « Эрке кыз Бурулчанын сарай» деп,ал сарайга ат койгон деп айтылат.

104. Бурулча жаткан жууркандын саны?

Жооп: Жашым ойноо секелек,12ден өтө элек,кутпа жакка тарттырган, алтын түрдүү көшөгө,34 жууркан 10 жаздык,Бурулчанын төшөгү,алты тейтей, сегиз кыз,эрке кыздын нөкөрү деп айтылат.

105.Бурулча эмне себептен Алманбетке жолдош болууну самайт?

Жооп: Бурулчанын Алмамбетке жолдош болууну самаган себеби; Жуманын Кадыр түнүндө,уктап жаткан түшүмдө, олуяттын өзү экен,Алмамбет жайын өзүмө, айтканы келген кези экен: Ай-ай, балам Бурулча,айтканым жакшы билгин деп,урдун кызы сен элең, урдун уулу Алмамбет,бу дүйнөдө жыйганың,өлүп калса ыйманың,Азизкандын Алмамбет, кошулгун балам, сен ошол деп айтат,муну угуп Бурулча,Алмамбетке жолдош болууну самайт.

106.Бурулча түшүндө көргөн Алманбеттин тек-жайын алгач кимден угат?

Жооп: : Жуманын Кадыр түнүндө,уктап жаткан түшүмдө, олуяттын өзү экен,Алмамбет жайын өзүмө, айтканы келген кези экен: Ай-ай, балам Бурулча,айтканым жакшы билгин деп,урдун кызы сен элең, урдун уулу Алмамбет,бу дүйнөдө жыйганың,өлүп калса ыйманың,Азизкандын Алмамбет, кошулгун балам, сен ошол деп айтат,муну угуп Бурулча,Алмамбет жайын билүүгө,буттап алтын зер берип, билгичтерден сурадым,сарай багып отурган Луңкөдү деген балбаны Алмамбет жайы мындай деп айтып берди укмуш кеп.

107.Коңурбай эмне себептен Эсенканга арызданып барат?

Жооп: Коңурбай Эсенканга арызданып келген себеби; Кан-Жайлакты Коңурбай Азизкандан тартып алган болчу.Аны кайтарып алам Алмамбет Коңурбай менен урушат.Ошондо Алмамбеттен таяк жеген Коңурбай Эсенканга келип,Алмамбетти тыйып ал деп арызданат.

108.Эсенкандын калыстыгын кантип билебиз?

Жооп: Коңурбай Азизкандан тартып алган Кан-Жайлакты Алмамбетке бербеймин деп арызданып келгенде,Эсенкан калыс сөзүн айтат. «Азизкандын Кан-Жайлак, тартып алган жериң бар, а да кандын уулу эле, сен да кандын уулу элең,теги атаңыз тең тууган, тең көрөм экөөң бир тууган, тартып алган жериңиз,уят болот бериңиз деп калыстыгын билдирет.

109.Эсенкан эмне себептен Алманбетке 40 кандыктын бирин берген эмес?

Жооп: Алмамбет Эсенкандан 40 кандыктын бирин сурап барганда Эсенкан мындай дейт: Сенин балалыгың кеткен жок, жыйырмага жашың жеткен жок,көөдөнгө акыл толгон жок,кан болор чагың болгон жок, чамаң жакшы жеткен жок,балалыгың кеткен жок, -деп азырынча жашсың деп бербей койгон жайы бар.

110. Күлчоро балалыгында көп ойногон оюн?

Жооп: Күлчоро балалыгында көп ойногон оюн бул-чүкө оюну болгон.Эпосто мындай айтылат: Бадачыны аралап,алачыкты бааналап,тамашага батыптыр,бадачынын балдарын, жыйып алып Күлчоро, чүкө атышып жатыптыр.

111.Семетей эмне себептен эжеси Кардыгачты бир көрүп тааныган эмес?

Жооп: Анткени Семетей Букарда чоңоюп,Кардыгачты мурда көргөн эмес.Ошондуктан жолунан чыккан Кардыгачка найза сайып, качырып кирет.

112.Кардыгачтын Телкызылын ким аткан?

Жооп: Коңурбай Чубактын катына ишенип,Манаска согуш ачкан казатта, абама тээк болом деп Кардыгач да кытайлар менен кармашат.Ошол согушта Кардыгачтын Телкызылын Каражой атып өлтүрөт.

113.Сазан алптын тулпары?

Жооп: Сазан алптын тулпары- Сарыкер болгон.Сарыкер минген Сазан алп,Карагер минген Каман алп деп айтылган жайы бар.

114.Чубак эмне үчүн Болот аткан конгон?

Жооп: Ак той берип Акбалтай,аалымдарын жыйнатып,атын Чубак коюптур, жашы алтыга келгиче, мойнуна тумар тагыптыр,60 катын алдейлеп,ал Чубакты багыптыр,тентек чыгып ал Чубак, түртүп ийсе балдарды, өлүм кылып коюптур,бу кубаары тентек деп, бөлөк элдин баарысы, Болот атка коюптур деп айтылган жайы бар.

115.Манаста орустун канча уруусу бар экени айтылат?

Жооп: Манаста орустун 10 уруусу айтылат. Барча журтка Каныкей, эне болгон эмеспи,кан Көкөтөй ашында,калың жыйын башында,оозу түктүү орустун, он уруусу келгенде,кызыл чоктуу кытайдын, кырк уруусу келгенде, калайыкты жыйганда, капыр менен бусурман, карчылдашып турганда,ошондо кайран жеңең Каныкей,арстандыгын билгизип,уруу-уруу эл күтүп,конок кылган эмеспи деп айтылат.

116.Молто кандын кызы?

Жооп: Молто кандын кызы Манастын аялы Карабөрк болгон.Эпосто мындай айтылат: калмактын каны Молто кан,Молтону жетип кырганда,кызыкты мындай кылганда, Молтонун кызы Карабөрк, тартып алгам олжого,- деп айтылат.

117.Семетей эмне үчүн Кардыгачты элге барбай артка кайт деп кайрылат?

Жооп: Анткени,Кардыгач 6 арамдын бузугун,40 чоронун кылыгын угуп,Абыке, Көбөш карысын,кашайта көзүн оёюн,карансыз бузук иттерди,калтырбай баарын соёюн деп чамынат.Бирок Семетей эжесин токтотуп,кыйратып кырып ийгидей,кытайдан келген жоо эмес,эбине келсе баарысы,туугандык жайын түшүнөр,эжеке сенин төркүнгө,кол салбай турган затың бар, ургаачы деген атың бар,босогоң бөлөк эжеке,Желпиништей жериңе, кайрылып кайра бара бер,- деп айткан жайы бар.

118.Кардыгачтын жардам сурап келгенине Семетей кандай жооп берет?

Жооп: Кардыгачтын жардам сурап келгенине Семетей мындай дейт: Атан өлсө тайлак бар, кому жерде калган жок, атамдан ордуна мен барып жардам беремин,жетик Бакай абамды, жол баштатып албасам,алышкан Ак дөө,Көк дөөгө,жетип кыргын салбасам,Кардыгач эжем, жездемди, ажыратып албасам,-деп айтат.

Семетей Таласка келгенде Абыке, Көбөштүн ордосу жайгашкан жер?

Жооп: Семетей Таласка келгенде Абыке, Көбөштүн ордосу жайгашкан жер -Үрбүстүн башы Көк-Жайык,Абыке,Көбөш арамдын,Паана кылар жери ошол деп айтылат.

119.Семетейдин Таласка келгенин Шууту кандай кабылдайт?

Жооп: Шууту Семетейдин Таласка келерин жыл эсептеп күтүп жүргөн болот.Аман жүрсө жетимим,быйыл 12ге толгондур,эрешен тартып, эр болуп, эр уулу менен тең болуп,атасындай болгондур дегенде,Бакай «сүйүнчү» айтат.Шууту сүйүнгөндөн көзүнө жаш алып,Семетей менен көрүшөт.

120.Мажилис деген сөздү чечмелеп бергиле?

Жооп: Мажилис деген сөз-жыйын куруу,кеңеш кылуу дегенди түшүндүрөт.Эпосто мындай айтылат: Кан Көбөштүн ордого,Абыкенин керүүгө,мажилис салган жерине,бакырып кирди эр Шууту деп айтылат.

121.Шууту эмне себептен 40 чорого Коңурбайдан куугун келди деп чуу салат?

Жооп: Шууту 40 чорого Коңурбайдан куугун келди деп чуу салганда, баары анталаңдап жүгүрүп,жоо-жарагын алышып, азыгын мыктап артышып,жоонун жолун тосууга, жан айласын кылууга аттанып чыгып кетишет.Ошондо Бакай Семетейге мындай дейт: Атаңдан калган 40 чоро,кызык кылып Шууту кул, жумшап ийди баарысын,ордосунда ойлосом,Абыке,Көбөш эр калды,баса түшүп сүйлөшүп,чыгаралы арманды, атаңдан калган көп мүлктү белекке бер деп айталы дейт.

122.Абыке Семетейдин Таласка келгенин кандай кабылдайт?

Жооп: Семетейдин келгенин ак көңүл тууган Абыке,буудандан калган жетим деп, мууну бошоп Абыке, көзүнүн жашы куюлуп, коңгурап ыйлап сабылып, Семетейге жалынып,кайгыртып кеткен алыска,кара кашка тынарым,кайрылып келген Таласка кагылайын чунагым, туйгундан калган тунжурум,туу казанат кургурум,тулпардан калган туягым, туу казанат чырагым,айзага таккан желегим, айкөлдөн калган белегим деп чын дили менен кабылдайт.

123.Атасынын мүлкүн сураган Семетейге Көбөш кандай жооп кылат?

Жооп: Атасынын мүлкүн сураган Семетейге Көбөш,ачууланып күүлөнүп мындай дейт: « Темиркандын шаарына, тентип кеткен жетим кул, атамдан калган мүлк бер деп, айтып турган сөзүн көр,өлтүрүп башын кыяйын,өрт өчкөндөй кылайын,сенин атаң канкордон, не калган деп турасың,кула чолок бээ калган, курттаган жалгыз төө калган,жырык кара уй калган, жыртык кара үй калган,сенин атаң келесоо, ар ким менен урушуп, догурунуп жүрүүчү,- дейт

124.Семетей төрөлгөндө чоң керемет көрдүк деген алты аялдын аттарын санап бергиле?

Жооп: Семетей төрөлгөндө чоң керемет көрдүк деген алты аял булар: Алмамбеттин Арууке,Бакай кандын Көрпөжан,эр Чубактын Алтынай,Ажыбайдын Алымкан,эр Шуутунун Бурмакан болгон.

125.Канчоро Чубактын кайсы аялынан төрөлгөн?

Жооп: Канчоро Чубактын Алтынай аттуу аялынан төрөлгөн.

126.Каныкейдин эжелерин санап бергиле?

Жооп: Эр Көкчөнүн Акеркеч,Ормонбектин Оюмкан,Музбурчактын Бурулкан,Жамгырчынын Жайнаке,Теке алган Айнаке.

127.Семетей Таласка көчөөрдө калың кол берейин деген Темирканга эмнеге макул болбойт?

Жооп: Семетей Таласка кочүп жатканда, Темиркан ич эңшерилип,кыйылып,Букардан калың кол берейин дейт.Бирок Семетей: «Кокуй,таята не дейсиң,бул сөзүңдү түн уксун,өз элиме кол алып, чаап алчу немедей,кантип каптап барамын,кытайга колду салгансып,калың Букар эл жыйнап, кантип басып барамын,а көрөкчө таята,өзүм жалгыз кетейин дейт

128.Букардан Таласка көчкөн Каныкей эмне үчүн Акборчукту минип келбейт?

Жооп: Темиркан сай буудандын баарысын чубатуудан өткөрүп,каалаганың алгыла дегенде Каныкей,аркасы бийик, зээри пас, куланды кууса куткарбас,куйругу саяң, жалы аз,салышкан жоого болгон маш,Каракашка аргымак, ошону тандап алды эми,- деп айтылат.Акборчукту минип келбеген себеби Каракашка аргымакты өзү каалап тандап алат жана ошону минип келет.

129.Сары кан эмне үчүн башка тулпарды албай Туучунакты алат?

Жооп: Сары кан Тучунакты алган себеби; Агынайдын Туучунак, тулпарлыгын билүүчү, менин атым болсо деп, тилек кылып жүрүүчү,Туучунак жайы мамындай,чууга кирсе шашпаган,айгайлаган чуу чыкса, аңыраңдап шашпаган,кагышка минсе камсыкпас,сайышка минсе майышпас,мына ошондо Сары кан:”Жанга өлчөөлүү тулпар деп” Туучунакты тандаган,-деп айтылат.Сары кан башынан эле Туучунакты менин тулпарым болсо деп каалап жүргөн.

130.Семетей Букардан Ала-Тоого кетерде Темиркан кандай жарлык чыгарат?

Жооп: Семетей Букардан Ала-Тоого кетерде Темиркан мындай жарлык чыгарат: Атаңдын көрү жаман эл,катынсыз кетсе бу жетим,каарданып калбайбы,кайра тартса Семетей,калайманды салбайбы,10 жаштан өйдөкү,16дан ылдыйкы,кыздын баарын жыйгыла,чубатууга салгыла,артык болсун акылы,тектүү болсун төркүнү,дагы кебим дагы бар,80 нарга жүк кылып,алтын-күмүш арткыла,Семетейдин энчисин,мына ушинтип тарткыла деп жарлык кылган жайы бар.

131.Семетейди үйлөндүрүүдө эмне үчүн башка кыз эмес Чачыкейди тандашат?

Жооп: Темиркан Семетейге Чачыкейди алып берген себеби: калкка кабар салгыла,16дан ылдыйкы,10 жаштан өйдөкү,тектүү жердин кыздарын, такыр жыйып алгыла,чубатууга салгыла,Букардагы Көлөйкан, өзү сынчы көзү ачык, алып чыкты бир кызды, жетелеген ал кызы, тектүү жердин кулуну,Шаатемирдин кызы экен, Шаатемир кызы Чачыкей,өзү бала секелек, өрүмгө чачы жетелек деп айтылат,Чачыкейди тектүү жердин кызы деп алып берген жайы бар.

132.Букардан Таласка Семетей канча адам менен көчкөн?

Жооп: Букардан Таласка көчкөндө Семетей 88 адам менен көчкөн.Эпосто мындай айтылат: Кең Букардын шаарынан, көрсө көңүл бөлүнүп,көч үстүндө көп дүйнө,кызыктырып көрүнүп,Манастын уулу жетимиң,Таласка көчүп баратат,88 жан болуп,-деп айтылат.

133.Шөкүлө кайсы учурда кийилген? Окуядан мисал келтиргиле?

Жооп: Шөкүлө үйлөнүү –үлпөтүндө кийилет.Кыз күйөөгө узап жатканда,шөкүлө менен чыккан. Мисалы: Семетей Букардан Чачыкейге үйлөнүп Таласка көчкөндөгү окуяда Чачыкейдин шөкүлө кийип келатканы мындайча сүрөттөлөт. Эрке келин Чачыкей,кызыл-тазыл кубулган,кырмызыдан кийгизип,жашыл ала көрүнгөн,жалаң жибек кийгизип, төбөсүнө Чачыңдын, Шөкүлөнү кийгизип,Шөкүлөнүн жээги,кызыл алтын көрүнүп,аркасында чач кабы,6 бөлөк төгүлүп.

134.Семетей эмне үчүн Орокту жок кылат?

Жооп: Семетей Таласка көчүп келатканда Ындыстандын Орок балбаны кол салат.Аны Абыке,Көбөштүн кутуму менен 4 кан эли атайын Семетейди тындым кылып бер деп алдырышкан.Бирок, Семетей Орок балбанды Кылжээрдеден көмө сайып, башын кесип алган жайы бар.

135.Жанаалы, Карач качан каза табат?

Жооп: Семетей Таласка көчүп келатканда,Абыке,Көбөш, Жанаалы менен Карачка, алакандай кат берип, 6 күлүк ат берип,Кыргылчалды чаптырып,жолдон кармап жетимди,чаап алсын деп айттырат.Эзелтен кектүү эки кан, жолдон тосуп баланы, кызыкты мындай баштады.Манастын уулу Семетей,ойкуп-ойкуп алганда,ондон-бештен бир өлүп,бет алыша түшкөндө,Жанаалы,Карач кан өлүп,- деп айтылат.

136.Семетейге алышып алы келбесин билген Абыке, Көбөш эмнеге кайра каршы чыгат?

Жооп: Семетейге алышып алы келбесин билген Абыке менен Көбөштүн кайра кол салышынын себеби; Эйбит таздын эр Үрбү,эр Көкчөнүн Үмөтөй,Музбурчактын Буянбек,Алты-Шаардан Алабек,булардан азар-түмөн кол алып каптап киришет.Алардын оюу көп кол менен Семетейди жеңип алабыз деген.

137.Кыргылчал эмне себептен улам каза табат?

Жооп: Байдын уулу Баймырза каза тапканда, Семетей Сары канды Абыке,Көбөш жана 40 чорого кабарга жөнөтөт.Жолдон ак ниеттүү эр Шууту жолугуп мындай дейт: Абыке,Көбөш кол жыйнап,Семетейге каршы кекенишип турушат.Азыр сени көрүшсө,жөн койбос бекен арамдар дейт.Сары кандын келгенин көрүп 40 чоронун баары жин ургандай жабылат.Ошондо Сары кан Кыргылчалды, Үрбүнү,Тазбайматты жайлап салган жайы бар.

138.Семетей Абыкеге энесин алып берем деп жүргөнүнө карабай алар эмнеге кастык кылышты?

Жооп: Семетей Абыкеге энесин алып берем деп жүргөнүнө карабай кастык кылышат.Анткени;Семетей атасынын ордуна кан болсо, бизден бийлик кетет,мурдагыдай алым-салык алып жыргай албай калабыз деп душмандардын баарына алакандай кат берип,6 күлүк ат берип,жетимди кармап алууга,курмандыкка чалууга,андан кийин ушулар,аргын менен кыргызды, камчыга ченеп бөлүүгө,убаданы бек кылып,өлүп кетер шерт кылышат.Ошондуктан Абыке,Көбөш көп кол менен келип кол салат.

139.Кочкор өрөөнү эмне себептен Кочкор болуп калган?

Жооп: Семетей Таласка келгени,6 арам менен 40 чородо тынчтык жок.Абыке,Көбөш көп кол курап Семетейге катылып,ал согушта Абыке менен Көбөш каза табат.Андан кийин 40 чоро 2 жолу кытайды көздөй Коңурбайга чоро болобуз деп качышат.Экинчи качканда Семетей: Атаңдын көрү 40 чоро,кыялы бузук ит чоро,кой дегенге көнбөйсүң, эми өз убалың өзүңө,- деп баарын кырып салат.Жердеген эл кочкордой койгулаша берсин деп, ал жерди «Кочкор», «Чыйбыт» койдурат.

140.Семетей бузукулук кылган 40 чорого эмне үчүн күмбөз салдырат?

Жооп: Семетей бузукулук кылган 40 чорого күмбөз салдырган себеби; Бакай мындай дейт:Ээ,Манастын уулу жетимим,40 чоро качкын абаңды,кыйын кууп алыпсың,кыйшыгын бир аз көтөрбөй,кыргын кылып салыпсың,канткен менен 40 абаң,Манастан калган мураапы,жашырып сөөгүн кетпесек,карга-кузгун жем кылып,кашайта көзүн ойбойбу,арбагы бизди сорбойбу,- дейт.Семетей Бакайдын тилин алып,40 чорого 40 күмбөз салдырат.

141.Сары кан кайсы элге кан болгон?

Жооп: Сары кан Аргын элине кан болгон жайы бар.Эпосто мындай айтылат:Үч-Кошойдун боюнда,абасы Бакай дагы бар,Аргын каны Сары кан,акыл табар дагы бар.

142.Семетей эмне себептен Чынкожого элчи жиберет?

Жооп: Семетей Шыгайдын уулу Чынкожого чын пейили менен тууган болуп биригели деген ойдо Бакай менен Ормонбек,Күлчоро менен Канчорону элчи жиберет.Шыгайдын уулу Чынкожо, түбүбүз бирге уялаш,тең атабыз тең тууган,тегибиз бирге бир тууган,Чынкожо кирсе эбиме,белди бекем бубамын, Бээжиндеги Коңурбай, атамдын кунун кубамын деген ойдо элчи жиберген жайы бар.

143.Чынкожо эмне себептен Кебез-Тоону жердеп калган?

Жооп: Кан Манастын барында,журт бузулуп кетпеске,Кең Сары-Колду жердеген, атагы ойгут эл деген,Ойгуттун каны Акбалта,Ак үйлүү сурап алыптыр,Шыгай менен Чынкожо, буйругу менен кудайдын,Кебез-Тоодо калыптыр,ошо менен бул тууган бөлүнүшүп калыптыр, атасы Шыгай өлгөн соң, ыраакташып калыптыр деп айтылат.Кебез-Тоодо чонойгон.

144.Чынкожо эмне үчүн Семетейге кошулбай коет?

Жооп: Чынкожо Бакайлар арага барган кезде мындай деп аткан жайы бар: Теги бузук жетимди, кантип барып эр кылам,тоо ортосу Таласты кантип барып жер кылам,эрдигим ашык күлкана,Манастын эселек уулу жетимге, айыл конбойм букара деп кошулбай коёт.

145.Күлчоро эмне үчүн Кара атка ногойдун энин салат?

Жооп: Анткени Чынкожого Семетей Бакайды,Күлчорону,Канчорону элчиге жиберет.Түбүбүз бирге тууганбыз,караан болуп өзүмө,Коңурбай өчүм алууга,казат ачып барууга, медет болсун өзүмө деген сөзүнө көнбөй, өсөк сөз айтып күпүлдөйт.Ошондо Чынкожого жинденген Күлчоро сыртка чыгып,Чынкожонун Кара атына,ногойдун энин салып коёт

146.Чынкожо эмне үчүн Толтойдун элине көчүп барат?

Жооп: Чынкожо Толтойдун элине көчүп барган себеби; элчиге келген Күлчоро Чынкожонун Кара атынын кулагын кесип,ногойдун энин салып,жолдон жылкысын тийип кетет,ошондо Чынкожо мындай дейт: Укурук тийбес Кара атты,кулдарга жайдак мингизип,кордук көрдүм мынчалык,Жедигердин эр Толтой,ошого кирип кетейин,жер майышкан кол алып,тентип кеткен жетимдин,Акун кан анын кайны эле,Айчүрөк анын зайбы эле,катынын тартып алайын,7 жыл тынбай салышып,Семетейди соёюн,- деп көчүп кетет.

147.Толтой эмне себептен Чынкожонун тилине кирип кетет?

Жооп: Толтой Чынкожонун тилине кирип,анын айтканы менен болгон себеби; өзүндө терең акыл жок,өөдүр-дөөдүр жан болот.Ошондуктан Чынкожонун башкаруусу менен иш кылат.Эпосто мындай айтылат: Каныбыз Толтой кабылан,өөдүр-дөөдүр жан эле,ушу Кожонун тилин алат го,кордукка салып бул элди, такыр кырып салат го.

148.Чынкожо, Толтой эмне себептен Ооганды камайт?

Жооп: Чынкожо Толтойду минтип көкүтөт: Шаатемир кызы Чачыкей, сенин кудалашкан зайыбың,алдырып ийип жетимге,кантип карап турасың,андан көрө сен Толтой,Акун кан кызы Айчүрөк,ал алуучу кыз эле, ошону тартып алгының.Анда Толтой күүлөнүп,Жедигердин элин топтоп,Акун кандан Айчүрөктү күч менен тартып алууга Оооганды камаган жайы бар.

149.Акун кан эмне себептен Чынкожо, Толтойду сексен күндөн кийин келсин дейт?

Жооп: Оогандын каны Акункан,Чынкожо менен Толтойдун жазган катын окуду,акыл ойлоп отурду,көкжалдын уулу Семетей,Таласка көчүп келген го,Шыгайдын уулу Чынкожо,артыкча кордук көргөн го,кордугуна чыдабай,Толтойго кирип келген го,Толтойду мага тукуруп,баштаган го дүмөктү, 80 күндө алгын деп,чылбыр чайноо кылайын,80 күнү болгуча, наркты билсе Семетей,энчилүү зайбын колго алар деген ойдо айткан.

150.Айчүрөк эмне себептен ак куу болуп кандарды сынайт?

Жооп: Айчүрөк ак куу болуп кандарды сынаган себеби; Чынкожо менен Толтой Акун канга күч менен Айчүрөктү сурап келгенде,Айчүрөк мындай акыл ойлонот: Эселек Толтой какшаалга,арсыз аял болгуча,ак куу кейпин киеин,ай-ааламды кыдырып, өзүмө теңдүү шерди таап,калайманды салайын,камап жаткан Толтойдон,капкайда кегим алайын,- деп учуп чыгып, кандарды сынаган жайы бар.

151.Айчүрөк эмне себептен 12 кандан сырткары күн батыш жактагы баатырларды сынабайт?

Жооп: Айчүрөк күн батыш жактагы кандардын бир-экөөнү сынап,кайра артка кайткан себеби; Анжыяндын Сынжыбек, көк кепичин тепейтип,аргымагын кекейтип,козу кара кочкордой,корчоңдогон кул экен,бул өңдөнгөн сартыңды,кармаша келсе Толтоюң,чай кайнатым коёбу.Андан ары кыдырып,жана учту Айчүрөк,Маргалаңдын Малабек, Анжыяндын Сынжыбек экөөнүн айырмасы жок экен, коёндой окшош эл экен,сарттардын ала чапанын кай бетим менен киеин,бучук болгон эмедей,чүмкөнүп кантип жүрөйүн,андан ары барбастан,кайрылып учту бер жакка ,- деп айтылат.

152.Айчүрөк Сапарбайды жердеген, Кулансарык кыштаган Төштүктү эмнеге жактырган жок?

Жооп: Айчүрөк булут менен закымдап,эр Төштүккө жакындап: Билеги жоон шер экен,баатыр Төштүк эр экен, узун бойлуу, кең далы,ары балбан,ары шер,60тан өтүптүр,азыркы жашы берендин жетимишке жетиптир, жигиттиктен көчүптүр,ушу маалда баатырдын 4 катыны бар экен, болбосо Төштүк олуя,кожозаада жан экен,жигиттик доору өтүптүр, абышка доорго жетиптир, ошо айыбы болбосо, тийип алчу шер экен, карылыктан кемитип, кайра тартты Айчүрөк деп айтылат.

153.Төштүктүн канча аялы болгон?

Жооп: Төштүктүн 4 аялы болгон.Айчүрөк ак куу болуп учуп кандарды сынаганда Төштүккө мындай баа берет: карып калган жан экен,карап турсам колунда,4 аялы бар экен,болбосо Төштүк олуя,кожозаада жан экен.

154.Айчүрөк акшумкарды тие качпаганда Семетей Ооганга келет беле?

Жооп: Айчүрөк акшумкарды тие качпаганда Семетей Ооганга келбейт болчу.Анткени ал Букарда чоңоюп,Акун кан анын кайыны,Айчүрөк анын зайыбы экенин билген эмес.

155.Коңурбай ак куу кейпин кийип жар издеген Айчүрөктү кармап алса эмне кылмак?

Жооп: Коңурбай ак кууну көрүп,өзү жадыгөй каапыр,анын кыз экенин билип коёт. «Асмандагы ак кууга,азапты мыктап салайын, аткылап колго түшүрүп,колукту кылып алайын» деп Алгара санга бир салып,Очогор менен көп атып,Айчүрөк кууп алды деп айтылат.

156.Чачыкей Айчүрөктүн жайын эмне үчүн Семетейге айткан жок?

Жооп: Чачыкей Айчүрөк жайын Семетейге айтпаган себеби; Семетей билчү эмес,Айчүрөк анын бел куда болгон зайыбы экенин.Чачыкей муну Семетей билбеген бойдон калсын,эгер билсе,Айчүрөктү алып алат деген ичи тардык менен айткан эмес.

157.Чачыкей согуш өнөрүн билгенби?

Жооп: Чачыкей согуш өнөрүн билген, ал Күлчоро ак шумкардын дайынын сурап келгенде,ачуусу менен бычак ала жүгүрүп,Күлчоронү кууп чыккан жайы бар.

158.Күлчоро менен Канчоро эмне себептен талаадан жоголгон акшумкардын жайын үйдө калган Чачыкейден сурамакчы болушат?

Жооп: Акшумкарды ким ала качканын Чачыкей билерин Канчоро менен Күлчоро билишет.Анткени Семетей Акшумкарын алып Ала-Көлгө жөнөгөндө,Чачыкей каршы болуп Семетейге жалынат, бирок Семетей макул болбой, Чачыкейди булдурсун менен чаап жиберет, ошондо Канчоро менен Күлчорого мындай дейт: Төрө менен шумкарды,экөөнү мыктап сактай көр, кууга кушун салдырба, куу була жатса алдырба,экөөнүн бирөө жоголсо, көрүнбөгүн көзүмө, жакын келбе өзүмө деген,ошондон улам чоролор жеңемде бир мандем бар деп билип койгон жайы бар.Ошондуктан ак шумкар жайын үйдө калган Чачыкейден сурамакчы болушат.

156.Семетей акшумкарды издеп канча адам менен чыгат?

Жооп: Семетей акшумкар дайнын уккан соң,Ооганга 25 адам менен аттанып чыгат.Эпосто мындай делет: Өңкөй кандын балдарын,аксакал эмес жаштарын,жатарга алтын чоң чатыр,аш кайнаткан кол бакыр,ат баккан 6 мураптыр,так 25 жан болуп,Ооганга кетип баратыр.

157.Шайымбеттин тулпары?

Жооп: Шайымбеттин тулпары- Аккөкүл болгон.Эпосто мындай айтылат: Жамгырчынын Шайымбет,бу да уулдун шайыры,Аккөкүлдөй ат минип, Семетейдин жанында,коштоп жүргөн баатыры.

161.Эмне себептен Үргөнчтөн алгач Канчоро эмес Күлчоро чалгын чалмак болот?

Жооп: Семетей Үргөнчтөгү Айчүрөккө дүрбү салып отуруп,эки чоросуна кимиң барып келесиң, акшумкар дайнын билесиң деп сураганда, Канчоро мындай дейт: Кенебей кечүү чалбаймын,келиндер менен эбим жок,кечүү чалам деп жүрүп,кесиретке калбаймын,кыялап жолуң чалбаймын,кыздар менен эбим жок,кыяны чалам деп жүрүп,кылмышкы минтип калбаймын деп кесе айтып барбай коет.

162.Күлчоро эмне үчүн Актелки менен чалгын чалбайт?

Жооп: Күлчоро Айчүрөктүн чатырга,кабарын андан алууга,кеп кылбай кечүү чалууга жөнөп калат.Ошондо мындай дейт: Астымдагы Актелки,ашуу тоону көп басып, туягы мукур ит эле,ашуусу бийик тоо келип,учуп өлүп жүрбөйүн,кагылайын абаке, Буурулду берчи минейин,- деп Актелкинин туягы мукур деп чалгынга минбей,Тайбуурулду минип кеткен жайы бар.

163.Айчүрөк эмне себептен Күлчорого акшумкардын жайын билбейм деп жооп узатат?

Жооп: Айчүрөк Күлчорого акшумкар жайын билбейм деген себеби; Күлчорого акшумкарды берип койсо,Семетейге жолукпай калмак,Айчүрөктүн максаты:акшумкарды издеп келген Семетейге, ата салты боюнча, кудалашкан жарына,жар болуу болчу.Ошондуктан Семетей өзү келсин деп,Күлчорого акшумкардын жайын билбейм деп айткан.

164.Көкөтөй канча жашында уулду болот?

Жооп: Көкөтөй 75 жашында уулдуу болот.Эпосто мындай айтылат: Журт атасы атасы Көкөтөй,баласыз болуп калыптыр,75ке келгиче, бала көрбөй калыптыр,75ке келгенде, 70 жигит кошчу алып, салбырынга барыптыр,саякат кылып жүргөндө,Медияндын чөлүнөн,Бокмурун таап алыптыр.

165.Бокмурун эмне себептен атасынын керээзин өз оозунан укпайт?

Жооп: Бокмурун атасынын керээзин өз оозунан укпай калган себеби;Бир ордунда туралбай,Көкөтөйдүн көп дүйнө,өлгөнүмчө жете деп,зарып кылып чачыптыр,Мааникерди миниптир,төгөрөктүн 4 бурчун,4 айлана кыдырып,катын издеп жүрүптүр,ошол кезде атасы,кан Көкөтөй өлүптүр,-деп айтылат.

166.Кошой эмне себептен атасына аш берем деген Бокмурундун сунушуна каршы болот?

Жооп: Көкөтөйдүн көп дүйнөгө карк болгон Бокмурун Кошойго кеңешип мындай дейт: «Кан Көкөтөй ашы деп,капыр менен бусурман,калктын баарын жыямын,калайыктын баарысын, дүңүм менен басамын,7 жылы той кылып,капыр менен бусурман,тойдура турган алдамын» дегенде Кошой: Балам капырларды чакырып,кайнатып алба шоруңду,кытай менен калмактын,түбүнөн бери кыргызда,түтөгөн катуу өчү бар.Андай болсо Бокмурун Манаска кабар айттыргын,капырларга тең келчү,Манасты ашка алдыргын дейт.

167.Көкөтөйдүн ашы эмне үчүн Каркырада өтөт?

Жооп: Көкөтөйдүн ашына ылайыктуу жер деп Каркыраны тандаган себеби; Кошой мындай дейт:Атбороюн сыдырып, ай-ааламдын баарысын, айланып жүрүп кыдырып,мен көргөмүн далай жер,аты угулат Каркыра,артыкча башка ошо жер,мүдүрүлөр аңгек жок,суу жеп кеткен кемер жок,бир тоголок ташы жок,сай-сайынан шаркырап, миңдеп булак куюлат, бейиш өңдүү Каркыра,кен тамаша салчу жер деп айткан жайы бар.

168.Көкөтөйдүн ашына камылга көргөн Ташкенттик эмне үчүн койлорун Козу-Башы, Копого семирткен?

Жооп: Көкөтөйдүн ашына камылга көргөн Ташкенттиктер койлорун Козу-Копого семиртишкен.Анткени Козу-Башы,Копо өзүнүн аты айтып тургандай койго ылайык жайыт болгон.Чөбү белден буралган,топурагы туздуу, ал жерде оттогон койлор,семиз жана эти даамдуу болгон.

169.Элеман эмне үчүн саканы жети баштуу кемпирге берет?

Жооп: Элеман Төштүктүн сакасын 7 баштуу кемпирге берип койгон себеби; өз жанын сактап калганга, келининен саканы алып, 7 баштуу кемпирге кармата салган жайы бар.Эпосто мындай айтылат: Төштүктү жок кылууга жалданып келген желмогуз,Эламанды камаптыр,7 күнү сабаптыр,куур теридей ий болуп, курган чалың жадаптыр,жан соогалап Эламан,Эр Төштүктүн сакасын,келининен алыптыр, кемпирге бере салыптыр деп айтылган жайы бар.

170.Бокмурун эмне себептен Баймырзаны кагып коет?

Жооп:Анткени Баймырза Бокмурунга мындай дейт: Капырларды чакырып,балалык кылып турасың,ар уруу журт чогулса,ашыңа тоюп албасын, кордукту анан салбасын,алакандай бусурман,кара калмак,кытайың ,кызыл уук кылып албасын,Бокмурун мындай иш кылсаң,көпкөндүк болот мунуңуз,- дегенде, Бокмурун Баймырзаны кагып коёт «Минериң сенин кара тай,ичкениң сенин кара чай,өз ашыңды өзүң бил,акыл айтып отурбай,Баймырза какбаш жолго кир» деп жемелейт.

171.Солоон элинин башка элден айырмачылыгы?

Жооп: Солоон элинин башка элден айырмачылыгы;Боз мунарык чөлү бар, ошол чөлдүн бетинде Солоон деген эли бар,түн ичинде бекитет,тосуп салган тамы бар,Солоондун түрүн сурасаң, сокудай сүйрү башы бар,аркасында жайылган,сокбилектей чачы бар,бардыгер кыйын санаты- жылан,чаян,кескекти,бака көрсө талаадан,кууруп жеген адаты.

172.Кыргыз баатырларын сынга алган Нескара Музбурчакты кимге күчү тең экен деп сынайт?

Жооп: Көкөтөйдүн ашында кыргыз баатырларын сынга алган Нескара Музбурчакты Шибээнин каны Ороккырга күчү тең деп сынаган жайы бар.Эпосто: Буудайыктын Музбурчак,алагар көзү чолпондой, ай кулагы калкандай,мойну жоон бүт экен,бүткөн боюн карасаң,90 эрдин күчү экен,Шибээнин каны Ороккыр,Ороккырга тең экен,-дейт.

173.Нескара Көкөтөйдүн ашына чейин Мааникерди көргөн эмес беле?

Жооп: Нескара Көкөтөйдүн ашына чейин Мааникерди көргөн эмес,бирок, анын айтылуу даңазасын уккан,анткени Бокмурунга мындай дейт:Көкөтөйдүн Мааникер,күлүктүгүн мен уктум,манжуу,кытай элим бар, Мааникерди бербесең,бурут сенде кегим бар,-дейт.

174.Зулпукордун башка кылычтардан артыкчылыгы?

Жооп: Асмандан түшкөн алты курч,Манас алган Зулпукор,кызыгып кындан тартканда,кан ичпей кайра кирбеген,Зулпукор кындан чыкканда, кан иче турган салты бар,кадырлуу кылыч Зулпукор,1000 байталдык баркы бар деп айтылат.

175.Манаста айлык берүү түшүнүгү болгонбу?

Жооп: Манаста айлык берүү түшүнүгү болгон.Мисалы: Каныкей жоо кийимдерин тигүү үчүн көзгө атар мергендерди жана чебер-уздарды жалдап иштеткен жана аларга айлык төлөгөн.Эпосто: Ашагандан машаган,40 чорого кандагай,Каныкей жеңең жасаган,ашаткыга салдырып, боёгун болжоп кандырып,көлөкөгө кургатып,айлыгына ат берип,күндүгүнө зер берип,мына ошентип жасаган.

176.Бокмурун кадырлап чакырбаган ашка Манас эмне үчүн барат?

Жооп: Бокмурун кадырлап чакырбаган ашка Манас барган себеби; Бокмурун үчүн эмес, бусурман элин капырлар чаап,такыр талап кетпесин деп,элин азаптан ажыратып алайын деп барат.Кошой жаш Айдарды чаптырып,мындай дейт: азганакай бусурман,кайнап жаткан калмактан,ажыратып алсын де,түгөл кара калмактар,түпкө чогуу жетти де,түп көтөрө кыргызды,түгөтө чаап кетти де,- дейт.

177.Көкөтөйдүн ашында Жолойго каршы эмне үчүн Кошой чыгат?

Жооп: Көкөтөйдүн ашында Жолойго каршы ылайыктуу эч ким чыкпай турганда,Манас Кошойго келип мындай дейт:Абам Кошой карыя,паана кылар олуя,өгүздөй кара калмакка,өзүң түшкүн карыя,бусурмандын ичинен ,өзүңүздөн башкасы,ылайыгы жок экен,Жолойго каршы чыгып бер,чоң намысты алып бер,- деп Кошойду ылайык көрүп чыгарган жайы бар.

178.Жолой менен күрөшүүгө эмне үчүн Манас чыккан эмес?

Жооп: Кошой Манаска Жолойго каршы өзүң чык дегенде Манас мындай дейт: Өзүм Манас болгону, Манас атка конгону,алчайып атка мингени, аколпокту кийгени,ат үстүндө мыкты элем,жөө күрөшкө жок элем,-деп чыккан эмес.

179.Түктүү таман Түкүбайга каршы эмне үчүн Агыш чыгат?

Жооп: Түктүү таман Түкүбайга каршы эч ким чыкпай турганда,Каныкей эр Агыш чыксын деп айтат: «Мен көргөндө эр Агыш,бүткөн бою тарамыш,керекке жарар эр экен,кең пейил тууган шер экен,Түкүбайдай балбанга,күрөшүп намыс алганга, артык Агыш эр эле,капыр менен бусурман,карчалышып турганда,намыс алар шер эле,- дейт. Каныкейдин сунушу боюнча эр Агыш чыгат.

180.Агыш кийген шымдын аты?

Жооп:Күрөшкө чыккан Агыш бадананы кийип чыгат.Эпосто мындай айтылат: Эр Агышка ошондо,бадананы кийгизип,бадана шымы бир башка,жасаган экен ылайык, байкуш жеңең көйкашка,табылгы жакса чок өтпөс,жазайыл атса ок өтпөс,калыңдыгы жарым кез деп айтылат.

181.Акун кан эмне себептен Манас менен бел куда болот?

Жооп: Акун кан Манаска мындай дейт:Кандагай шымдын айынан,калдайган аба Кошойдон, батасын анык алдыңыз,буйруса Манас кабылан, балалуу болор чагыңыз,белесченин белинен,пери ойногон жеринен,пери кыз таап алгамын,балалуу болсо Манаска келин кылып берсем деп,кудай таала жалгызга, убада кылган жерим бар,таап алган кызыма, бел куда боло калыңыз,кудай берди баланы, келин кылып алыңыз ,-деп экөө куда болгон жайы бар.

182.Манас Көкөтөйдүн ашында Коңурбай менен жекеге чыкканда эмне үчүн Аккуланы минип чыкпайт?

Жооп: Манас Көкөтөйдүн ашында Коңурбай менен жекеге чыкканда Аккуланы минип чыкпаган себеби жеке сайышка Коңурбайдын чыгарын билген эмес,Аккуланы ат чабышка кошуп жиберген.Эпосто Манастын мындай деген жери бар:Кызыталак куу дүйно таппай койбой не болдум,кагышка минер Аккула, чаппай койбой не болдум,кара кытай манжуунун,эр экенин көзүмө,илбей калган экемин,кан Коңурбай капырдын,бул сайышка чыгарын, билбей калган экемин,- деп Сараланы минип чыккан жайы бар.

183.Байчоронун тулпары?

Жооп: Байчоронун тулпары- Аксур болгон. Эпосто мындай делет: Кош олоңдуу Байчоро,Аксур менен чуу коюп,жамбыны атып өткөнү.

184.Көкөтөйдүн ашында жамбыны башка элдин мергенчилери эмне үчүн ата алган эмес?

Жооп: Анткени жамбы атыш оюну бул- кыргыздарга эле тиешелүү оюн болго үчүн, алар бул оюнга маш болгон эмес, Көкөтөйдүн ашында капырлар жамбы ата алышпай, «тескери оюн экен» деп түңүлүшкөн жайы бар.

185. Көкөтөйдүн ашында Ачбуудан ала салган жер кандай аталып калган?

Жооп: Көкөтөйдүн ашында,айтылуу ат чабышта,алдыга озуп Ачбуудан,келе жатат карасаң,Ачбууданды кан Манас капталдан ары тепти эле,күүлөнүп алган бууданың,катарынан 3 катар, ала салып кетти эле,Ачбуудан ала салган жер, ошо күндөн ушу күн Ак-Жар болуп атыкты, деп айтылат.

186.Көкөтөйдүн ашында ат чабышка түшкөн кула тайдын ээси ким?

Жооп: Көкөтөйдүн ашында ат чабышка түшкөн кула тайдын ээси- жаш Кеней болгон.Эпосто мындай айтылат:Жаш Кенейдин кула тай,арманда кеткен тай эле,тай алдыга келди деп,такыр сурап албагын,кемелине келтирбей, дал-дал кылып салбагын.

187.Толтой эмне себептен Күлчородон качат?

Жооп: Толтой келе жатканда Күлчоро аккелте менен атат.Аккелте үнүн укканда Толтой аң-таң калып, токтоп калат.Асты жагын караса,Күлчоро келе жаткан болот, сөлөкөтү-сөөлөтү Манас кандай көрүнүп,курчоо салып чорого,Манас кандын 40 чоро,кошо колдоп алыптыр.Ошондо Толтой Күлчоро жетсе соо кылбайт,азапты минтип көргүчө, ай талаада өлгүчө, тобума кире качайын,Акундун кызы шуркуя,казып койгон ору бар, камдап койгон эри бар,- деп урушпай жатып, Күлчородон качат.

188.Толтой кимдин колунан мерт табат?

Жооп: Толтой Күлчоронун колунан мерт болот.Эпосто мындай айтылган жайы бар:Жедигердин Толтою, жыгылып жерге калганы,жетип барып Күлчоро,жанындагы жойкума,кынынан сууруп алганы,Багыштын уулу Толтойдун,башын кесип алганы.

189.Семетей калың кол курабай Каканга казат ачам дегенинин сыры эмнеде?

Жооп: Семетей элин жыйып,Бээжинге казат ачып, атасынын жана атасы менен кошо кытайлардын колунан өлүм тапкан чоролордун кунун кууйм дегенде Бакай менен Каныкей азыр эрте, бөөдө эл кыргынга учурайт, кийинки жылдан баштап камданалы дейт.Ошондо Семетей: Бүлүк салып калыкка,не муразга жетейин,кайнап жаткан капырга,кан Коңурбай баатырга,жеке өзүм кетейин,ажалым жетсе өлөйүн,кара калмак, манжууга, күрпүңдөшүп көрөйүн,бейпайды бекем салайын,бет алып барып урушуп,атамдын кунун алайын,кубатым келсе калчаны курмандыкка чаламын,кудай берсе Бээжинге,өзүм жалгыз барамын, калың элди зордуктап, не муразга жетейин,кайнап жаткан кытайга, өзүм жалгыз кетейин дейт.

190.Каканга казат ачаар Семетейге Бөлөкбай айбалтаны кайсы жерден жасап берген?

Жооп: Каканга казат ачаар Семетейге Бөлөкбай айбалтаны Кайыпчынын-Тоосунан жасап берген.Эпосто мындай айтылат: Калайманды Бээжинге, салат го деп жүргөмүн,казынанын оозунан,чын жасадым айбалта,Кайыпчынын-Тоосунан, аргын менен кыргыздан,алымды мыктап алгамын,көп дүнүйө коротуп,айбалта сага жасадым,-дейт.

191.Семетей эмне үчүн Айчүрөктү укпай казатка аттанат?

Жооп: Айчүрөк Семетейге мындай дейт: Төрөм,Бээжинге барсаң өлөсүң,элиңди качан көрөсүң,Каканга барсаң өлөсүң,кайрылып качан келесиң,казатка азыр камың жок,кабылан төрөм,тилимди ал,- дегенде,атасы көкжал Манастын, как өзүндөй шер немең,катындын сөзүн укчубу,эрдиги бар, бар эси жок,бүгүн өлүп калууга,аны менен иши жок, алакөөдөн артык шер,Айчүрөктү булдурсун менен чаап жиберип,жөнөп кеткен жайы бар.

192.Айчурок эмне себептен Семетейди каргап жиберет?

Жооп: Анткени,Бээжинге казатка барба деп ыйлап жалынган Айчүрөктү Семетей булдурсун менен чаап жиберет.Ошондо эти ооруп,жаны ачышкан Айчүрөк Семетейди каргап жиберет: Барба десем болбойсуң, барганыңдан келбей кал,кеткениңден келбей кал,кербен үйүң көрбөй кал деп каргап жиберген жайы бар.

193. Ысык-Көлдөгү Боз-Учуктун атын ким койгон?

Жооп: Ысык-Көлдөгү Боз-Учуктун атын Алмамбет койгон.Бакай Семетейлер менен Бээжинге казат аттанып баратканда Ысык-Көлгө кез келип мындай айткан жайы бар.Бээжиндин жолун чалганда, асылым Алмам экөөбүз,ушу жерде болгонбуз,береги түгөнгөн тоонун урчугу,боз адырдын тумшугу,өндүр булак бел эле,кабылан Алмам ат койгон,Боз-Учук мазар дээр эле,бери жагында боз дөбө,баатыр Бакай абакең, кароол карап жаткан жер.

194.Мурадыл эмне үчүн кыргызга кек сактаган?

Жооп: Мурадыл кыргызга кек сактаган себеби; чоң казатта Мурадылдын атасы Кырымды Алмамбет менен эр Сыргак башын кесип, мерт кылган.Ошондо жетим калган Мурадыл, кыргызга кек сактап калган жайы бар.Эпосто: кытайга кыргын салганда,кызыл айза Кырымды,Алмамбет менен эр Сыргак башын кесип алышкан,анын уулу Мурадыл,кыргызга кыргын салам деп,өлүп кеткен атамдын, барып өчүн алам деп, кекенип жүрөт деп уктум,- деп Бакайдын айткан жайы бар.

195.Мурадыл минген Керкүрөң кайсы тулпардын тукумунан?

Жооп: Кырымдын уулу Мурадыл,опсуз жайчы мына бул, астындагы Керкүрөң,артык тулпар жаныбар,Тор-Айгырдын баласы деп айтылат.Демек,Керкүрөң Тору-Айгырдын тукуму.

196. Кырымдыл уулу Мурадыл эмне үчүн Семетейге кол салбайт?

Жооп: Семетей кытайга казат ачып бараткан жолдо, чатыр тигип уктап калышат.Ошондо Мурадыл Семетейдин келгенин Жөөжелдетинен угуп, кароолго чыгып караса,сөлөкөтү-сөөлөтү кан Манастай көрүнүп,акыл ойлоп Мурадыл, бул атасын тарткан анткорго,алышкан менен ал жетпейт,күрөшкөн менен күч жетпейт, кармачу болсо кокустан, бурутка байлап кетет го, андан көрө булардын аттарын тийип алайын,-деп Семетейден коркуп кол сала албай,аттарын алып кеткен жайы бар.

197.Мурадыл 14 атты кайсы жерге тийип кетет?

Жооп: Мурадыл 14 атты тийип кеткен жер мындай деп айтылат: Түп көтөрө токмоктоп,14 атты Мурадыл,түгөл тийип кеткени,Чаар-Жонго жашырып,Үч-Кашканы ашырып,Сары-Жазды бастырып, тийип кетти аттарды.

198.Мурадыл эмне үчүн Семетей менен Бакайдын атын тийип кеткен эмес?

Жооп: Анткени Семетей менен Бакайдын аттары байлануу болот.Канчоро менен Күлчоро башка 14 атты бош айдап коюшат.Бош аттардын баарын Мурадыл тийип кетет.Байлануу болгон үчүн Семетей менен Бакайдын аттары калып калат.Эпосто: Семетейдин Нарбуурул,Бакай кандын Көкчолок,байлануу экөө калганы,бош аттардын баарысын,түп көтөрө Мурадыл,айдап кетип калганы.

199.Куу түлкү жаткан жер?

Жооп: Бети кара Бээжиндин,бел байлаган бели бар,бекип жаткан жери бар,ушу жерде капырдын кароолго койгон түлкү бар,Кара-Кыя тушу бар, кара саат ушу бар, ойноп ашчу бел эмес, оңой кытай эл эмес деп айтылат,Куу түлкүнүн кароол карап жаткан жери Кара-Кыянын тушу болгон.

200.Алманбет аткан Куу кулжадан бала калганбы?

Жооп: Алмамбет аткан Куу кулжадан бала калган.Эпосто мындай айтылат: Кечээ Каканды Алмам чалганда,кароолдогу кулжаны,Алакең атып алганда,кызыталак Куу кулжа,балдырканын таштаптыр,балдырканы чоңоюп,7 жашка толду дейт,апасынын ордуна,Бээжинге кароол болду дейт,-деп Бакай Семетейге айткан жайы бар.

201.Ак кулжа суу ичкен жер?

Жооп: Ак-Кулжа суу ичкен жер Кең-Булак деп аталат.Эпосто: Бул тозоку Ак кулжа,тоо башына токтогон, Тогуз-Төбө оттогон,Кең-Булактан суу ичкен,түздөп бетке жуушаган,-деп айтылат.

202.Куу өрдөк кароол карап жаткан жер?

Жооп: Куу өрдөк кароол карап жаткан жер-Суук-Төр деп айтылат.Мисалы: Капыр өрдөк жаткан жер, Суук-Төр дейт атагы, Ит-Кыянын белине,Жекенди көл бетине,кытайлар,Баңпаң дээр экен,кароол көлдүн четине,чыга калып караса,өрттөнүп өлгөн Куу өрдөк,турган экен ордунда.

203.Семетей Каканга казат ачканда Карагулдун чатыры жайгашкан жер?

Жооп: : Катаалдын уулу Карагулдун чатырын Бакай Семетейге мындай деп айткан жери бар: Тээтиги агындуу дайра оюнда,Сары-Суунун боюнда,Күрпүлдөктүн бетинде,Кыр-Кайыңдын оюнда,алтын түркүк чатыр бар, ал чатырдын ичинде,Карагулдай капыр бар, ал Карагул чочкодо,адамдан башка акыл бар.

204.Карагул ооруп калса 40 жайсаңы кантип баккан?

Жооп: Каталдын уулу Карагул,кара саат мына бул,кардыгын катуу билгизет,табарсыгы ооруса,кыркылып кеткен чочкону, көтөрүп алып ошондо,40 жайсаңы сийгизет,кысыр эмди тай союп,казы кертип,жал коюп,мээнет кулдун өзүнө,аш-тамагын жай коюп,аңгемени арттырып,60тай жылкычы, тегиз жомок айттырып,- деп айтылат.

205.Карагул Бозбаланын түшүн кандай кабылдайт?

Жооп: Карагулдун жылкычысы Бозбала мындай дейт: Түндө көргөн түшүмдө,каары бетине айланган,Манастын уулу Семетей,кара саат ошо келиптир,каарды катуу баштаптыр,баарыбызды тырайтып,такыр кырып таштаптыр дегенде,ачууланып Карагул: «Түшүң түлкү богу» деп,кол-аягын байлатып, токмоктотуп –сабатып,кулактан кармап жулдуруп,жылкычыга урдуруп,сабаткан жайы бар.

206.Коңурбай Алгараны эмне себептен Карагулга тапшырат?

Жооп: Душман келет деп ойлобогон Коңурбай жылкычы башы Карагулга мындай дейт: Кулжа, өрдөк, куу түлкүм, катуу карап кароолду,жатышат койгон жеримде,улуу Бээжин кызык шаар учуна чейин кыдырдым,түгөл Бээжин түпкү шаар,түбүнө чейин кыдырдым,Алгараны тындырбай,мен ашпаган бел калбай,мен баспаган жер калбай,ашуу ашып, таш басып,арык болду Алгара,ашкере каны коюлуп,карып болду Алгара,кыйла жерди кыдырдым,кармашар душман калган жок, ошон үчүн ушу жыл, Алгараны агытам,нык семирсин арман жок деп жылкыга кошкон жайы бар.

207.Бакай, Семетейдин казат ачаарын Коңурбай кайдан билген?

Жооп: Коңурбай Карагулга мындай дейт:Кабарчыдан кеп уктум,баягы канкор Манастын, жетими өсүп жетилип,Бээжинде жаткан биздерден,Манастын кунун кууйт деп,мени менен ал чиркин бир беттешип калат-дейт.Баякы Бакай өлбөсө,кыямат жүзүн көрбөсө,Семетейди ээрчитип,алып келчү неме эле,- дейт.Бакай менен Семетейдин келээрин кабарчыдан уккан.

208.Карагулдун башкалардан кескин айырмаланган өзгөчөлүгү?

Жооп: Карагул жайын сураба,эпсиз чечен,жадыгөй,70түрлүү тил билет,качан да болсо пендени,алдай жүргөн адаты.жазы жаак,жалпак тил,жаңылбас кулдун бири ошол,мунун эр экени билинген,Бээжиндеги кытайдын даңзасына чийилген,-деп айтылат.Душманын бал тилге салып алдап койгону менен айырмаланган.

209.Карагул Семетейди кантип бал тилге салат?

Жооп: Каталдын уулу Карагул, кара саат мына бул,Семетейге кармалып,алдап турду кытай кул:Эй Семетей кулунум,өчкөн отум тамган бейм, өлгөн жаным тирилип, кудурет берип салган бейм,менин жайым сурасаң,атамдын аты Бай болот,түпкү жайын сурасаң, ошо Каракандын баласы,кара кытай сан манжуу,Каракандын балдарын, канакарап кылганда,айдалып келип каканга,калып калган атакем, атым Жоодур баатырмын,чуңкурга салсаң ор мына,жылкыга тийсең жол мына,мындай сөздү укканда,Семетей чындап ишенди,Коңурбайдын аты деп,минип калды чобурду,ардай болгон Арбуурулду, кошуп салды кытайдын,алдап турган кулуна.

210.Тайбуурул эмне себептен мезгилге жараша кубулуп турган?

Жооп: Ардай болгон Арбуурул,жай түлөгүн алганда,кызыл буурул жаныбар,кыштын күнү болгондо,кара буурул болуучу деп айтылат.Тайбуурул түлөгөндө кызыл болуп өзгөрүп, ал эми кышкы жүнү өскөндө кара болуп өзгөрүп турган.

211.Жылкы тийген Семетей эмне себептен Тайбуурулду минип Карагулду куубайт?

Жооп: ( суроо туура эмес түзүлгөн экен,Семетей Тайбуурулду минип кууйт экен ).Жылкы тийген Семетей, Тайбуурулду минип Карагулду кууйт.Карагулга алданып, Чоң Кыйды атты минип,Күрпүлдөктүн Сары-Суусун кечкенде,минген аты чобур болуп,ажырап калат.Ошондо алданганын түшүнгөн Семетей,Тайбуурулду чакырат.Тайбуурул келип,суудан Семетейди алып чыгат.Карагул келип,укурук менен Семетейди чапканда,Семетей Карагулду Тайбуурулга жайдак минип кууп жөнөйт.

212.Семетейди алдаган соң Карагулдун алгачкы аракети кандай болгон?

Жооп: Семетей Карагулга алданып,атсыз калганда,Карагулдун алгачкы аракети,жылкыны болүп айдап коюп,Семетейдин башын кесип алайын,канкордун уулу капырды, тындым кылып салдым деп, Каканчындын канына,кан Коңурбай алдына, сүйүнчүлөп барайын,берип калса мен өзүм,Чет-Бээжин канын алайын,- деп Семетейге кол салат.

213.Карагул эмне себептен Дыңша-Талаадан кытайдан жардам күтөт?

Жооп: Карагул Дыңша-Талаадан жардам күткөн себеби;ал жерде чалгынчы, кабарчылар жүрөр жер болгон.Ошолор көрсө каршы алдымдан чыгар,Семетейден ажыратып алар деп жардам күтөт.Эпосто: Ошол кезде Карагул,качып кетип баратат,Дыңша-Талаа келгенде,кабарчысы угар деп,ит болбосо чалгынчы,каршы алдымдан каршы чыгар деп, канкордун уулу чунактан ажыратып алар деп, бакырып кетип баратат,- деп айтылат.

214.Семетей эмне себептен Карагулду жок кылбай Алгаранын куйругун жулуп алат?

Жооп: Семетей эгер жоо-жарагы колунда болсо,Карагулду жок кылмак,Ал алданып калганын билгенде,жоо-жарагы жок, атын жайдак минип, Карагулду кууйт.Кытайдын дарбазасынан кирип кетерде,Алгараны куйруктан алып,көк бөрү кылып тартып жулуп алган жайы бар.

215.Коңурбай эмне себептен Семетейди дароо аткан жок?

Жооп: Коңурбай уктап жаткан Семетейди көрүп ойго батат: алда, балам, кантейин. Телегейи тең экен,шай колдогон шер экен,...кара буурул ат минген,менин уулум болсочу,...кыямат кеткен Манастан, өзүнөн кыйын айбаттуу, туяк калган экен го, кан көтөрүп Бээжинге ала турган уул экен-дейт да, кайтадан эр Манастын тукуму маа жакшылык кылабы.. жоо аяган жаралуу-деп Очогорду октоп атып жиберген экен.

216.Коңурбай эмне себептен Алгарага куйрук тактырат?

Жооп: Алгаранын куйругун Семетей жулуп алганда,Коңурбай куйрук тактырган себеби мындай айтылат: «Астымдагы Алгара,кучак куйрук көркү жок,кай бетим менен минейин» деп ошентип Коңурбай,намыс кылып эр чочко,Алгаранын куйругун,алтын менен жасатты,алтындан куйрук кердирди,аны кылган устага, көп дүнүйө бердирди,- деп айтылат.

217.Семетей эмне себептен душмандын жеринде жүрсө да жоодон кенебей ок өтпөс тонун чечип, жайбаракат эс алат?

Жооп: Анткени,жоо келбейт деп ойлогон жана өзү жоодон корккон эмес. Эпосто мындай айтылат:Эрдик менен көөдөктү,Эгем Таалам кабаттап,берсе керек ченебей, «Эңкейип кеткен эр манжуу, эми кайдан келсин деп» кийген тону аколпок, бүчүлүгүн чыгарып,өлөмүн деп санабай,ат үстүндө ыргалып, алп уйкуну салды эми деп айтылат.

218.Коңурбай Семетейди көргөндөн кийин турмуштук кандай сабак алат?

Жооп: Коңурбай Семетейди көргөндө көңүлү бошоп,боорукерлик сезими ойгонот.Атып алса да биротоло тындым кылганга колу барбай,аталык сезим,аёо сезимдери пайда болот.

219.Коңурбай эмне себептен Семетейди бир тындым кылган эмес?

Жооп: Коңурбай Семетейди аткандан кийин, башын кесип алайын деп жанына жетип барат.Бирок,баатырдык сынын кыя албай,колу барбай туруп калат.Эпосто мындай айтылат: Кылычты колго ала албай,асты колу бара албай,ата, чиркин кантем деп,Алоокенин Коңурбай,туура эсебин таба албай,мына ошентип турганда, Алмамбеттин Күлчоро,чаап жетип келгени,- деп айтылат.

220.Семетейдин жарасын кантип айыктырат?

Жооп: Коңурбайдан жара жеген Семетейге Бакайдын айтуусу боюнча, Айчүрөктү алдырышат,Айчүрөк Аккуу болуп учуп келип, ок аттайт.Кең көйнөктүн тазасы,ургаачынын паашасы, чымырканып, чыркырап,чын Кудайлап буркурап,Манастын уулу төрөнүн огун аттай салды эле,ичиндеги болот ок, аттаганда шарт коюп,жарадан түшүп калды эле,Каныкей берген кайнатма кара дарыны,сырт жагына тийгизип,кырма кызыл дарыны,кырктай чымчып септи эле,эбеп-себеп дарыны, эзип берип калды эле,ооруган жери басылып, умачтай көзү ачылып деп айтылат.

221.Айчүрөк Семетейдин огун аттоодо эмне себептен бир аттаганда түшкөн эмес?

Жооп: Айчүрөк Семетейдин огун аттоодо бир аттаганда түшпөйт.Ошондо Айчүрөк: Эч жазыгым жок эле,ак этектен түшпөгөн,алда кандай ок эле,-деп чыркырап ыйлап 3-аттаганда ок түшөт.Анткени 3 деген сан ыйык сан,ошон үчүн аттаганда ок түшкөн.Дагы бир себеби; Айчүрөк Ак куу болуп кыдырып жүрүп,Коңурбай менен Төштүкко көз артып койгон жайы бар экен,ошон үчүн эки аттаганда ок козголбой коёт деп айтылат.

222.Көкчөнүн тулпары кантип Каканда калып кеткен?

Жооп: Көкчөнүн тулпары Каканда калган себеби; чоң казатта каза болгон Көкчөнүн тулпары Көгаланы Коңурбай олжолоп алып калат.Кийин Семетей кытайга казат ачып барганда Коңурбайдын жылкысын тийип, Көгаланы Күлчорого мингизишет.Эпосто мындай делет: Кечээ Каканга казат барганда,Айдаркандын Көкчөсү,каза таап калганда,олжодо калган Көгала,зор Коңурбай калчада.

223.Мурадылга атын алдырып ийген Канчоро казаттын жүрүшүндө кайсы тулпарды минип келет?

Жооп: Мурадылга атын алдырып ийген Канчоро казаттын жүрүшүндө Коңурбайдын жылкысында жүргөн Кулансурду минип келет.Кулансурду кулунунда Коңурбай олжолоп алган болот.Түбү Алмамбеттин жылкысы болот.

224.Чоң Чуйгучу кары эмне себептен Бакайга каршы аттанат?

Жооп: Анткени «кичи казатта» Бакай,Семетейлер Мурадылдын колун кырып,жеңип баштаганда,Мурадыл аскерлерине буйрук берет,Бакайды каптагыла деп,ошондо Чоң Чуйгучу кары да Бакайды көздөй аттанат.Эпосто: Балбандарын бакырып,ыйлап чыкты Мурадыл,кылча калбай жалгызың, «Бакайды көздөй бетте деп» Чоң Чуйгучу карысын, канынан буйрук алган соң,балбандарың не кылсын,-деп айтылат.

225.Мурадыл кайсы кагышта каза табат?

Жооп: Мурадыл «кичи казатта» Күлчоронун колунан каза табат.Эпосто мындай айтылат: Алмабеттин Күлчоро, кармашканы ошондо,Кырым уулу Мурадыл, шай колдогон эр немең,көмө коюп өттү эле,кытайлардын Мурадыл,аттын учуп түшкөнү,жетип барып ошондо, кырааның башын кескени.

226.Бакай Мурадылдын Кылжээрдесин соогат деп жүгүргөн Күлчоро, Канчорого эмне үчүн берген эмес?

Жооп: Бакай Мурадылдын Кылжээрдесин соогат деп жүгүргөн Күлчоро, Канчорого мындай дейт: Айланайын балдарым,олжого тийген кылжээрде мал болуучу ат эмес,бирөөнүн тону тон болбойт,бирөөнүн аты ат болбойт,качан болсо бөтөн мал, жери түшүп эсине,качып кетет элине, андан көрө балдарым,Кылжээрдени соёлу,жарты тоют бололу,- деп атты курмандыкка чалышкан жайы бар.

227.Манас аталышындагы жер-суу аттары качантан баштап бериле баштаган?

Жооп: Мангас аталышындагы жер-суу аттары «кичи казатта» айтылат.Семетей Коңурбайдан ок жеп жарадар болгондо Бакай мындай дейт: Чамабыз чарчап ал кетип, Манастын уулу төрөнү,жарадар кылып минетип,Таласты көздөй бет алып, мындан ары жол жүрсөк,Кош-Серүүн жонун ашабыз,Үрүмчү, Манас эки шаар, эки шаарды ашабыз,-деп айтылат.

228.Жараланган Семетейди Айчүрөк кайсы жерден көрөт?

Жооп: Жараланган Семетейди Айчүрөк Эчки-Өлбөстүн эки чат,Үч-Жыргалаң,Чоң-Көңүздөн көрөт.Эпосто мындай делет: Эчки-Өлбөстүн эки чат,эңкейип учуп сыдырып,Үч-Жыргалаң,Чоң-Көңүз, бою менен кыдырып,керүүлөй учуп, көз салса,коктудан түтүн бөлүнөт,көгөрүп чатыр көрүнөт,ошол кезде Семетей,Ардай болгон Буурулду,аттанып жакшы мине албай,азаптуу көкжал жүрө албай,жаткан экен жаралуу деп айтылат.

229.Семетейди дарылоого аттанган Айчүрөк эмне себептен жалгыз аттанбайт?

Жооп: Семетейди дарылоого аттанган Айчүрөк жанына Быйты кызды алып алат.Анткени Быйты кыз-жаман менен жакшыны айра билген сынчысы,ажал,азап, өлүмгө,туу түбүндө турчусу болот.Айчүрөк Быйты кызга мындай дейт: Ырас болсоң сен Быйты,керегиң азыр көрөмүн,эсен болсо чоң төрө,касиетим билгизем, береним өлүп кан жутсам,сени жерге киргизем дейт.

230.Жараланган Семетейге бара жаткан Айчүрөк Бакайды кайсы жерден көрөт?

Жооп: Жараланган Семетейге бара жаткан Айчүрөк Бакайды Эчки-Өлбөстүн эки чат,Үч-Жыргалаң,Чоң-Көңүздөн көрөт.Эпосто мындай делет: Эчки-Өлбөстүн эки чат,эңкейип учуп сыдырып,Үч-Жыргалаң,Чоң-Көңүз, бою менен кыдырып,керүүлөй учуп, көз салса,коктудан түтүн бөлүнөт,көгөрүп чатыр көрүнөт,байкаса Бакай абасы,жүргөн экен күйпөлөп.

231.Семетей бөлүмүндөгү Кичи Казат аталган окуя эмнелерди камтыйт?

Жооп: Кичи казат аталган окуяда Семетейдин Конурбайга казат ачып келгени,Конурбайдын жылкысын тийгени,Коңурбайдын огунан жарадар болушу,Айчүрөктун ок аттаганы,Коңурбайдын жылкысы үчүн кол жыйнап аттанганы,кыргыз менен кытайлардын урушу,Коңурбайдын Таласты камашы,Коңурбай,Карагул,Незкаранын өлүмү, жб.камтыйт

232.Токушкердин бут кийиминин өлчөмү?

Жооп: Коңурбайдын балбаны Токшукердин бут кийиминин өлчөмү-6 карыш деп айтылат.Токшукер жай ушундай,чоңдугу тоонун теңиндей,түлөгөн жору каштанып,түсү суук неме экен,чоң өтүктүн таманы, 6 карыш сере экен.

233.«Чындап сайса өлгөн жок, чымынча да көргөн жок. Качырып сайса өлгөн жок, караан сындуу көргөн жок» - сөз кайсы окуя жөнундө болуп жатат?

Жооп: Бул сөз «кичи казатта» Токшукер менен Күлчоронун урушунда айтылат.Качыр минген Токшукерге каршы Күлчоро жекеге чыгып, озунуп найза саят.Токшукер Күлчоронун сайган найзасын «Чындап сайса өлгөн жок, чымынча да көргөн жок. Качырып сайса өлгөн жок, караан сындуу көргөн жок» деп тоготпой койгон жайы бар.

234.Жез баракел тон кийген атактуу балбан?

Жооп: Жез баракел тон кийген,жел жетпес күлүк ат минген,жоболоңдуу кысталак, жоо дегенде камынып, Шыпшайдар уулу Орокбаш,мунун атасын Манас өлтүргөн, -деп айтылат.

235.Шыпшайдардын уулу Күлчоро менен канча жашында күч сынашат?

Жооп: Шыпшайдар уулу Орокбаш Күлчоро менен 26 жашында күч сынашат.Эпосто мындай айтылган жайы бар:Орокбаш жайын сурасаң,26га илинип,жаңы келген кези экен,качырганы камандай,кыйкырыгы чочконун,кызыл мунар шамалдай,- деп айтылат.

236.Кичи Казатта коңшу кандардан кол алып, Коңурбайга такаат берели деген Бакайдын кебине Семетей эмне себептен каршы болот?

Жооп: Кичи казатта Семетейге Бакай мындай дейт: Кытай милек, биздер аз,айтканым балдар, билип ал,кандарга кабар салалы,жеткилең кол алалы,азар түмөн кол менен,кан Коңурбай баатырдан,анан өчтү алалы.Муну укканда Семетей,безге сайган эмедей: Кокуй аба,не дейсиң,Манастан туулбай жерге кир,кан Конурбай калчадан,качып кетти дедирбей,качып жүрүп өлгүчө,кармаш кылып өлөйүн,айылы алыс,жери ыраак,ал журтуңдун баарына,кантип кабар берейин,атамды сойгон Бээжинге,өлүшпөй кантип кетейин,кегимди алып

237.Эзели каяша укпаган Коңурбайга тил кайтарган баатыр?

Жооп: Эзели каяша укпаган Коңурбайга тил кайтарган баатыр бул- жалгыз көз элинин балбаны Маты дөө болгон.Ал Семетейдин колунда болгону 5 киши экенин көрүп, Коңурбайга мындай деп каяша айтат: Токсондогу чагында,сакалынын агында, каптап келди бурут деп, калп айтканын кантейин, кырып кирди бурут деп,кытайдын элин бүт айдап,алдаганын кантейин дейт.

238.Агасы кан экенине карабай аскерге барып кызмат өтөп, керек десе согушка биринчилерден кирген каарман?

Жооп: Агасы кан экенине карабай аскерге барып кызмат өтөп, керек десе согушка биринчилерден кирген каарман бул- Сары кан болгон.Эпосто мындай айтылат: Канча жерден жоо алып,камбыл атка коюлуп,балбандыкка катыккан,зайыпппуруш атыккан,Коңурбай менен кармашка биринчи кирди Сары кан.

239.Чоң Бээжиндин эки капкасынын ортосундагы аралык?

Жооп: Чоң Бээжиндин эки капкасынын ортосу-атчан жүргөн адамга 40 күнчүлүк жол экен деп айтылат.Эпосто: 40 эшиктүү Чоң Бээжин,бул эшик менен тиги эшик, атчан жүргөн адамга 40 күнчүлүк жер экен, 40 эшиктин ортосу, айланасы чынар-бак,ортосунда алтын так,- деп айтылган жайы бар.

240.Кичи Казатта Коңурбай жеңилерде Карыканга ким кабар айтып барат?

Жооп: Кичи казатта Коңурбай жеңилерде Карыканга кабар жеткирген Чадоокер деген балбан болгон.Эпосто мындай айтылат: Айласы кеткен Коңурбай,Бээжиндин Карыканына,алакандай кат берип, алты күлүк ат берип,атка оюнчу, жөө күлүк,Чадоокерди жиберип.

241.Кичи Казатта Коңурбай Семетейге кандай сунуш киргизет?

Жооп: Кичи казатта Коңурбай Семетейге жекеге чыгып жатып мындай дейт: «Мени сайып сен алсаң,дегениңе көнөйүн,Чынмачындын Бээжиндин, чын 40 уруу журтумдун, мал-башынын баарысын, балам, сага берейин,улуктуу Дыңша элиме, кан көтөрүп алайын,сени сайып мен алсам,өзүмө уул болуп бер, Чет-Бээжин бойлой конуп бер,намыс кылбай,ар кылбай,өзүңдөн тукум алайын,бала кылып алайын,- деп сунуш киргизет.

242.Коңурбай эмне себептен Семетейге уруш кылып отурбай атасынын кунун берсем деп ойлонот?

Жооп: Анткени,Семетейдин жылкы тийгенин уккан Коңурбай,жылкыга келсе,Семетей ат үстүндө уктап калган болот.Ошондо Семетейдин баатырдык сынына көңүлү толгон Коңурбай мындай деп ойлонот: «Алда балам, кантейин,телегейи тең экен, шай колдогон неме экен,эрдиги эпсиз шер экен,жоо болбостон балага,дос болуучу эме экен,дегенине көнсөм ээ, ушу бала тил алса,атаң Манас куну деп,Чет-Бээжиндин кандыгын,эли менен берсем ээ деп ойлонот.

243.Коңурбай эмне себептен Таласты камап уруш ачат?

Жооп: Коңурбай Таласты Камап уруш ачкан себеби: Семетей тирүү болсо, баары бир атасынын кунун куубай койбойт.Ошондуктан,аскерим колдо турганда,көп кол менен каптатып,тындым кылып салайын, -деген ой менен Таласты камап уруш ачат.

244.Коңурбай менен Карагул качан каза табат?

Жооп: Коңурбай менен Карагул кичи казатта каза табат.Карагулду Канчоро өлтүрөт.Ал эми Коңурбайды Күлчоро алдап,атынан ажыратат,Семетей башын кесип алат.

245.Канчоро эмне себептен Семетейге карата кас санайт?

Жооп: Канчоро Семетейге кас санап калган себеби: Чынкожо менен Толтойду жеңип,аттарын олжолоп алганда,Чынкожонун тулпарын береби деп кааласам,атасына багыштап,ай туякка чалды эле,Толтойдон калган Суркоён, Суркоёндун чылбырын,Күлчорого жакка ыргытып,Күлчорону өзүмдөн жакын санап койду эле,- деп ичинде арам сактап, кас санап калган жайы бар экен.

246.Ажыбайдын Жойкума кийин кимге өтөт?

Жооп: Ажыбайдын Жойкума кийин Сары кандын колуна өтөт.эпосто мындай айтылат: Бакай алган Жойболот, дал өзүнүн колунда,Ажыбай алган Жойкума,Сары кандын колунда,- делет.Семетейге каршы чыгып,кытайга качкан 40 чорону Семетей өлтүргөндө,Ажыбай да каза болот.Анын Жойкумасы Сары канда калат.

247.Сыргактын Наркескенин кийин ким алган?

Жооп: Сыргак алган Наркескен Бөлөкбайдын колунда калат.Эпосто мындай айтылат: Чубак алган Жойкума, Канчоронун колунда,Сыргак алган Наркескен,Бөлөкбайдын колунда,мурунку өткөн эрлерден,мураага калган 6 курч.

248.Кыяз эмне себептен Айчүрөктү алууга бел байлайт?

Жооп: Анткени, Кыязды Канчоро тукурат,Айчүрөктү олжолоп алып,илгерки кекти ал,Толтойдун зайыбын Чачыкейди Семетей тартып алган.Сен Семетейдин зайыбын олжого алып,бир мактанып кал,- дейт.Муну уккан Кыяз Айчүрөктү алууга бел байлайт.

249.Акаярдын душман чыгарын Коңурбайга ким көп айткан?

Жооп: Акаярдын душман чыгарын Коңурбайга Чаңдыяк көп жолу айткан.Эпосто мындай айтылат: «Ботом,мен Чаңдыяктан көп уктум,өзөгүмдөн өрт чыгып,өз элимден жоо чыгып,сырты кара бурутка, бурут деген журутка,кароолго чыккан Акаяр,качып кетти деп уктум» дейт.

250.Күлчоро эмне себептен арамдык кылган Канчоро, Чачыкейди кечирет?

Жооп: Күлчоро Канчородон далай азапты тартса да кечирип, эл бололу деп барган себеби: жылгындуу Кең-Кол,Капка-Таш,кайрылып өрдөп конууга,кайрадан тууган болууга,эсилден калган эл-журтту,эңкейтпей жыйып алууга,айтканга көнсө Канчоро,кан көтөрүп алууга,кан аба деп Күлчоро,Канчорону бел кылып, белге таңуу кылууга, астына барды сабылып,абакелеп жалынып:кекти сууга салыңыз,асыл абам тилимди ал,ырыс алды –ынтымак, бирдикти койсок бир жерге,катылып бирөө келеби, кармашып душман жеңеби,күтүп ал аба өзүмдү дейт.

251.Канчоро, Кыяз жасаган казатта Семетей эмне себептен кайып болуп кетет?

Жооп: Канчоро, Кыяз жасаган казатта Семетей кайып болгон себеби; жоого камылгасы жок турган учурда,Кыяз казат ачып келип,Канчоро ага көз көрүнөө кошулуп кетет.Семетейге каршы кол салып келатышканда, күндүн чаркы бузулуп,тоо-тоодон туман кабылып,кудай бетин көрсөтпө,коктудан шамал табылып,Семетей кайып болуптур,перинин кызы Көкмончок,Кайыпчынын тоосуна,ала качып кетиптир,- деп айтылат.

252.Чыйырды эмне себептен ажалдан мурда каза табат?

Жооп: Чыйырды ажалдан мурда каза болгон себеби; Семетейди өлдү деп укканда,»Кымбаттан кантип калам деп» алты миң нар, миң тайга сатып алган актинте,кынынан сууруп алды эми,кыйсүбөөгө малды эми, өзүн-өзү байбиче, күйүтүнө чыдабай,жара тартып салды эми деп айтылат.

253.Каныкей Канчоронун түбү бузуку чыгаарын билди беле?

Жооп: Каныкей Канчоронун түбү бузук чыгарын билип,Семетейге мындай деп айткан: « Күлчоро сүт эмгенде,аппак ууз сүт чыккан,Канчоро сүт эмгенде, кара коюу кан чыккан,байка балам,кебимди ук,зилинде бул Канчоро,душман чыгат өңдөнөт,жаштайында арамды,тындым кылып салгын дейт».Бирок,Семетей энесинин сөзүн элебей койгон жайы бар.

254.Кара дөө кичинесинде кантип аман калган?

Жооп: Олжого түшүп келген Кара дөөнү Канчоро кармап алып оң далысын оюп, кордук кылганда,Жедигердин эр Куту,ак пейилдүү жан экен,багып алып баланы,атын коюп Кара дөө,бир адамга билгизбей,кирдүү кийим кийгизбей,аман-эсен чоңойтот.

255.Бадам минген Күжүрмөн кимдин тоюнда каза табат?

Жооп: Бадам минген Күжүрмөн Кыяздын тоюнда каза болот.Кыяз Айчүрөктү алдым деп той кылганда эр сайышка Күжүрмөн менен Карадөө чыгып, Карадөөдөн өлүм болуп калган жайы бар.Эпосто: Күжүрмөндү Карадөө,күпүп муштап өттү эле,болумсуган Күжүрмөн,тоо кулаган эмедей,тулпарынан кулады,жер боортоктоп сулады,- деп айтылат.

256.Эр Кутунун минген тулпары?

Жооп: Эр Кутунун тулпары- Сурбузул болгон.Эпосто мындай айтылат: Жедигердин эр Куту,Карадөөнүн багып алган атасы,Сурбузул менен желди эле,Карадөөгө кайрылып,жаңыдан найза берди эле.

257.Күжүрмөндү жеңген Кара дөө эмне үчүн байгесин алган жок?

Жооп: Анткени Карадөө эр сайышка байге алам деп түшкөн эмес.Анын максаты төлгө кылып эр сайышып көрөйүн,мөрөй алсам эгерде,Айчүрөк жеңем, эркек уулдуу болуп,Семетей абамдын жолун улайт,эгер жеңилип калсам, ажалдан мурда өлөйүн деп төлгө кылып ырымдап чыккан.Ошондуктан , төлгөсү төп келгенге сүйүнүп, элге бөүп берген жайы бар.

258.Айчүрөк эмне себептен жедигер элине барат?

Жооп: Анткени,бийлик душмандар тарапка өтүп,Кыяз Айчүрөктү күч менен алмак болот.Ошондо Каныкейдин акылы менен Айчүрөк, каршы болбой жедигер элине барып,амалы менен Сейтекти өстүрүп,кайра элине алып келүү максатын көздөп аргасыз кетүүгө мажбур болот. Булардын бир тилеги - Семетейдин туягын аман сактап калуу эле.

Жооп: Семетей кайып болуп кеткенден кийин,Канчоро эл башкарып калат

259.Үмөтөйдүн Семетейге болгон таарынычы жүйөөлү беле?

Жооп: Үмөтөйдүн Семетейге болгон таарынычы жүйөсүз. Ал менин атам Көкчөнү Манас Бээжинге алып барып өлтүргөн.Семетей атасынын кунун кууп Коңурбайды өлтүрдү.Мен да атамдын кунун Семетейден аламын дейт.Бул дооматы жүйөсүз.Анткени,Көкчөнү Манас өлтүргөн эмес, ал калың кол менен чоң казатка барып, кытайлардын колунан окко учкан.Эгер Манас өлтүрсө, Семетейден кун кууса жүйөөлүү болмок.Бул кылыгы көрө албастык болгон.

260.Акеркеч эмне үчүн Кыязга кат жазат?

Жооп: Акеркеч Кыязга кат жазган себеби; баласы Үмөтөй өзү келип катылып,Күлчоронун колунан каза табат.Ошондо баласынын күйүтүнө чыдабай Акеркеч Семетейден өч алуу үчүн,Кыязды тукуруп кат жазат: « Канкордун уулу Семетей, агаң Толтойду өлтүргөн, Толтой өчүн алып кал,казатка минер Тайбуурул,тартууга кеткен убагы, Буурулу жок колунда, баатыр болсоң эр Кыяз,кыргынды кызык сала көр,жол үстүндө сүйрөтүп,даңгыттарга жара көр,- деп кат жазган жайы бар.















Сейтек бөлүмү

1.Сейтек эмне себептен Жети-Өзөндө төрөлгөн?

Жооп: Сейтектин Жети-Өзөндө төрөлүшүнүн себеби;Айчүрөктү Кыяз күч менен алганда,Айчүрөк ичиндеги баланы аман-эсен сактап калуу максатында,каршы болбостон Жети-Өзөндү жердеген Кыязга барат.Жадыгөй, амалкөй Айчүрөк Кыяз шек алып калбасын деп Сейтекти 12 ай көтөргөн.Ошол себептүү Сейтек Жети-Өзөндө төрөлгөн.

2.Кыяз эмне себептен Айчүрөктүн жаңы төрөгөн уулун күн эсебине алып тактатат?

Жооп:Анткени,кыяз жаңы төрөлгөн баланы кимдики деп шек санайт.Ошондуктан мындай дейт: Айды эсепке салчуң кел,ай эсебин алчуң кел,Акундун кызы Айчүрөк, бүгүн тууса баласы, кимдики болот карачы?,айдай катын Чүрөктүн,бүгүн тапса баласы,кимдики болот карачы,муну укканда жедигер,күндү катка салды эми, күн эсебин алды эми деп айтылат.

3.Эр Куту билип турса да эмне себептен Айчүрөктүн төрөгөн баласын Кыяздын уулу дейт?

Жооп: Куту билип турса да Айчүрөктүн баласын Кыяздын уулу деген себеби; Семетейдин баласы аман-эсен эр жетсин,кокус Семетейдин уулу экенин билсе,чонойтпостон мертинтип койбосун деп:« Айды эсептеп келгенде 12 айга толуптур,катындын туучу баласы,өзүңдүн балаң болуптур, -дейт

4.Жедигер журту эмне үчүн ок тинтешип антташат?

Жооп:Жедигер журту төрөлгөн баланы,берен Кыяз уулу деп,паана кылып багалы,андай-мындай дегендин,ушактап элди бузгандын,кылычтап башын алалы,кыйшык айтса сабайлы,былжырап ушак айтпаска,журтум,кылычтын мизин жалайлы,ок тиштешип,ант кылып,жакшылап уулду карайлы дешет.Кокус бирөө-жарым Семетейдин уулу деп ушак соз чыгарса,Кыяздын көөнү бузулат, ошондуктан ушак сүйлөбөйлү деп,ок тиштешип,антташкан жайы бар.

5.Кыяз эмне себептен жети кемпирди жалдаган?

Жооп: Айчүрөктөн шек санап,арамы тоодой эр Кыяз,туула турган баладан, чынында коркуп турду эми,Айчүрөктүн амалын баштатан билген куу арам,7 кемпир чакырып, минтип айтып турду эми,кыз төрөсө Айчүрөк,аппак ороп алгыла,уул төрөсө Айчүрөк,акыры душман зилинде,жакшылык кылбас түбүндө,аркы атасы эр Манас,өрттөнгүрдүн тукумун,өз колумда бакпаймын,айланайын 7 эне,дегениме көнө көр,уу төгүлгөн устара, ал баланын киндигин,ушу менен кесе көр,ал баланы жоготсоң, Кыяздын ишин оңолтсоң,дегениңе көнөмүн,кылча дүйнө аябайм,кыймылдаган мүлкүмдү,баарын сага билгизем деп,туула турган баланы өлтүрүш үчүн 7 кемпирди жалдайт.

6.Жети кемпир эмне себептен жаш жигитке нике кый деп талап коет?

Жооп:Анткени, 7 кемпир: биз сага Айчүрөктүн жаңы төрөгөн баласын өлтүрүп беребиз,а сен бизди 30дагы жигитке нике кыйгын деп Кыязга талап коёт.Эпосто:Айтканыңа көнөлү,ал баланы жоготуп,Кыяздын ишин оңолтсок,7 карган энеңе,адам көзүн салыңыз,өксөгөн сөздү кылыңыз,отуздагы жигитке, бизди нике кыйыңыз,-деп талап койгон жайы бар.

7.Карачач эмне себептен Айчүрөккө жардамдашат?

Жооп: Анткени Карачач Айчүрөк Кыязга келгени,арыган жаны оңолуп,ар капасы жоголуп,Айчүрөк менен бечара,Кудай деген кеп кылып,өлө турган шерт кылып,Кең Таласка кетүүгө, бир мураска жетүүгө,убаданы бек кылып,басса-турса Айчүрөк элин мактай берчү эле,Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас, жерин мактай берчү эле,кайрылып жакшы күн келсе,Таласка кайра кетүүгө,өзү менен бирдикте,Карачач ала кетүүгө,убадасы бар экен,ошон үчүн Карачач,Айчүрөктөй эжесин, калкалап жүргөн жан экен деп айтылат

8.Жети кемпирдин устарасына эмне себептен кудуктагы таш күйүп кетет?

Жооп: : Кыяз устараларды 7 кемпирге берип жатып мындай дейт: Уу төгүлгөн устара,бул устара мизине,ажыдаардын уусунан,чык этпес уунун буусунан,мизине мыктап салдырдым дейт.Айчүрөк Кыяз жалдап жөнөткөн 7 кемпирдин көзүн байлап, Карачач 7 устараны уурдап алып, түбү жок кара кудукка, устараны салганда, уунун күчү мынчалык, суу түбүндө кара таш, как жарылып кетти эле деп айтылат.

9.Айчүрөк колдонгон уу кайсы жерден алынган?

Жооп: Айчүрөк колдонгон ууну кайненеси Каныкей берген.Берен энем Каныкей, бейлебей койсоң жаманат, кас санашкан душманга, кысталыш жерде кулунум,бергин деген аманат,адам сойчу шум эле,”Чык этпес” деген уу эле,жытына барган өлүүчү,кара санап келген жан, өз жазасын көрүүчү.

10.Айчүрөк коломтонун түбүндөгү орду кантип казган?

Жооп: Күүгүм кире күн бата,калайык уктап дым жата,саадактын баарын ок кылып,сааттуу 7 кемпирди,дүнүйөдөн жок кылып,коломтонун чекесин,ороо кылып ойду эми,жеткилең катын Айчүрөк, бул жетөөн эптеп сойду эми,бүктөй калып белинен,коломтонун жээгине,тундурма сала койду эми делет.

11.Ачууланган Кыязды Куту кантип тыят?

Жооп: Төрөлгөн баладан арам санап,ачууланган Кыязга Куту мындай дейт: «Уулум,Кыяз, тилимди ал,канды кудай ураарда,катыны менен кабышат,калкы менен чабышат,бөлөктүн уулу депсиң го, ичиңден чыккан балаңды,өз балаңды жайласаң,сени кудай урбайбы,өчөшүп калган Айчүрөк,Ак куу кебин кийбейби, Акун кандан кол алып,анан бизди жебейби,кой балам андай жорукту,андан көрө балага той өткөрө салыңыз,менин уулум болду деп,атын коюп алыңыз,- дейт.

12.Кыяз биринчи аялын өзү каалап алган эмес беле?

Жооп: Кыяз биринчи аялын өзү каалап алган эмес,олжого келген кыз болот.Эпосто мындай айтылат:Өзүм Кыяз болгону,Кыяз атка конгону,кечээ кармашты катуу салганда,Кайыпкан кызы Акбермет,кагыштан эчен эр өлүп,кармап алган катыным,мойнуна тумар таккамын,эркелете баккамын дейт.

13.Кыяз сулуулук сырларын мыкты билгенби?

Жооп: Кыяз сулуулук сырларын мыкты билген.Анткени 2-аялы менен Айчүрөкту алууда,сулуулугуна карап алганы мындайча айтылат:Күндөй сулуу бураң бел,болумдуу шекер сөздүүдөн,моймойгон кара көздүүдөн, кумар болуп сулууга,ошондой сулуу алууга,Каракан кызы Карачач,каалап алган катыным,андан кийин Айчүрөк,сулуулугу жанда жок дейт.

14.Багыштын кудаларынын Манаска болгон таарынычынын себеби?

Жооп: Багыштын кудаларынын Манаска болгон таарынычы

15.Сейтек эпосунда бир эле учурда жубайынан корккон, бир эле учурда өтө ашык болуп жакшы көргөн кайсы каарман?

Жооп: Бул Кыяз.Ал Айчүрөктүн баары бир ниетин бербесин билип, акыры чыккынчылык кыларын ойлоп жана анын жадыгөйлүгүнөн корккон, ошол эле учурда анын сулуулугуна өтө ашык болуп жакшы көрүп,малы эмес жанын берүүгө даяр экени айтылат.

16.Тойго барып өтө ыңгайсыз абалда калган учур?

Жооп:Тойго барып өтө ыңгайсыз абалда калган учур бул-Жедигер элинин Кыяздын уулуна ат коё албай кысталып,жер чукуп,ыңгайсыз болуп калганында айтылат.Эпосто: «Бар акылман болсоңор,баланын атын койсоңор,кыйшыгы жок туз болсо,кыйла кызык мал берем,азыр койгун жедигер,албан түрлүү мал берем,-дегенде,жедигер эли кыйшык болсо кокустан,кашайта көздү ойбосун деп,бири-бирин карашып,жер чукушуп баш салып деп айтылган жайы бар.

17.Кыяз эмне себептен уулуна өзү ат койгон эмес?

Жооп: Кыяз уулуна өзү ат койбогон себеби; той өткөрүп жатып Айчүрөккө мындай дейт:Айдай катын Айчүрөк,уулумду берчи көрөйүн,ачып оозум өбөйүн,карааным ушул балам деп,капанын баарын жойдурам,ак сакалдуу карыга,көп узак жашап барганга,аңгеме оюн саламын,ат койдуруп аламын,- деп узак өмүр сүргөн ак сакалдарга ат койдурам дейт.

18. Сейтектин атынын мааниси кандай?

Жооп: Сейтектин атынын мааниси: Алышкан жанды сойсун деп,кабылган жанды кайсаган, кезиккенди мерт кылган,кобурт салып келгенде,короодой кызыл тал бүткөн,бет алып жоого киргенде,жоо көңүлү бөлүнсүн,аскар тоодой көрүнсүн,кабылганды кайсаган, кайран Сейтек болсун деп,- атын койду думана деп айтылат.

19.Кыяз эмне себептен думанага кордук салмак болот?

Жооп: Анткени думана балага ат коюп жатып,анын түп аталарын баарын Бөйөн, Чаян,Ногой,Балакан, Каракан деп атап өтөт.Сейтек дагы тукумун улаар өрт чыгат дейт.Ошондо жинденген Кыяз: Кожураган акмактын, койбой башын алгыла,эбиреген акмактын эрдин тешип илгиле,- деп буюрат.Бирок, думана көздөн кайым жок болуп кетет.

20.Думанага нааразы болгон Кыяз эмне себептен ал койгон атты өзгөрткөн эмес?

Жооп: Думанага нааразы болгон Кыяз Сейтектин атын өзгөртпөгөн себеби:көпчүлүккө жар салып,аты Сейтек болсун деп думана коюп кеткен соң,калктын баары аты Сейтек болду деп таанып,тоюна тоюп кетишет.Кыяз Сейтектин атын өзгөртүү үчүн дагы Жедигерди жыйнап той өткөрмөк,ошон үчүн өзгөрткөн эмес.

21.Айчүрөк эмне себептен Сейтекти бейшаркыт үйгө киргизбей багат?

Жооп: Баягы Айдай катын Айчүрөк,аты Сейтек баланы,кирдүү кийим кийгизбей,кир аяктан ичирбей,канаттууга кактырбай,камчылууга чаптырбай,жетимдигин билгизбей,жедигер тилин тийгизбей, бейшаркыт үйго киргизбей,бегимден калган чунак деп, минтип бакты баланы деп айтылат.Бейшаркыт деген сөз иретсиз, тартипсиз, башаламан дегенди билдирет.Эпосто Айчүрөк Сейтекти бейчеки бөлөк-бөтөн үйгө киргизбей,көз алдынан чыгарбай, бапестеп чоңойткону айтылып жатат.

22.Сейтек эмне себептен бүркүтүн балдагы жок кондурган?

Жооп: Анткени,баатырлар бүркүтүн балдагы жок кондурушкан,убагында атасы Семетей да Оролмо тоонун бүркүтүн балдагы жок кандурганы айтылат.Кайраты ашып-ташып,эч нерсени кенебей турганда бүркүттүн тырмагын да тоготкон эмес.

23.Сейтек кандай максат менен салбуурунга чыккан?

Жооп: Сейтек салбуурунга урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай,кирерине чаң таппай,тийишерге жан таппай,эрдигинен оолугуп,ээн жерге жолугуп деп айтылат.Ал салбуурунга атайын камданып, жоо-жарагын шайланып,жоо көрүнсө жайлайм деп чыккан.

24.Сейтек шымдын кайсы түрүн кийип чоңойгон?

Жооп: Сейтек кийип жүргөн шым мындай сүрөттөлөт: атасы айкөл баатырдын дал өзүндөй көрүнүп,айзаларын уркуйтуп, сары жаргак шым кийип,айчык алтын туу алып, -деп айтылат.Сары жаргак шым кийип чоңойгон.

25.Карадөө кандай максатта Сейтекке жолугат?

Жооп: Карадөө Сейтекке: Аман көрүп баланы, учурашып кайтууга,кыйла сырын айтууга,кезиккен жүргөн кези экен,13төгү Сейтекти ,көргөнү жүргөн кези экен,ата-тегин балага, айтканы жүргөн кези экен деп айтылат.

26.Карадөө Сейтек аркылуу Айчүрөккө эмнелерди табыштайт?

Жооп: Кара дөө Сейтек аркылуу Айчүрөккө мындай салам айттырат: Айдай болгон Айчүрөк, жеңекеме салам де,80 дуба,40 амал,береним жеңем салсын де,олжого келген зулпукор,ок өтпөгөн суп чепкен,ок жетпеген Тоотору,орой Кыяз куу кулдан,ушул үчөөңү алдап алсын де.Менин атым Кара дөө,эр Семетей досумун,кубат кылсаң сөзүмө,мураа болом өзүңө дейт.

27.Кызылсарт эмне себептен бир жерде туруктуу жашаган эмес?

Жооп: Кызылсарттын бир жерде туруктуу жашабаган себеби; ал ооруга себепчи, дарыгер болгон.Ошондуктан ооруп калган адамдарды айыктырыш үчүн жер жүзүндөгү зарыккан адамдар аны жер бетин кыдыртып алып кетип турушкан.

28.Карадөө эмне себептен Келфун, Хоттен шаарларына барган?

Жооп: Кара дөө Күлчорону айыктырыш үчүн, жер бетин кезип дарыгер Кызылсартты издеп жөнөйт.Ошондо Келфун,Хоттен шаарларын да кыдырып өтөт.Эпосто мындай делет: Ат бороюн сыдырып,издегени- Кызылсарт,ай-ааламды кыдырып,кыстоо көрүп Кара дөө,кыдырып кыйла шаарды,Келфун,Хоттен аралап,андан өтүп жакалап, -деп айтылган жайы бар.

29.Жылкычы башы Карагул эмне себептен Күлчорону көп кыйнаган?

Жооп: Кыяздын жылкычы башы Карагул,орой мүнөз,ит кыял,кутуруп турган бул бир кул,каарланса Карагул, кара тажаал мына бул.Ал Күлчорону «кулсуң» деп,камчы салат башына,куу союл салат жонуна,таяк жеген Күлчоро,чыкпай жаны чыркырап, сай-сөөгүнүн баарыс,талкан болуп заркырап,- деп айтылат. «Кулсуң» деп кыйнаган.

30.Күлчоро бийлегенди билчү беле?

Жооп: Күлчоро аргасыз бийлеген.Анткени, Күлчорону Кыяз менен Канчоро кечирин кесип, кесел кылып, Карагулга кул кылып берип коюшкан.Карагул Күлчорону өз билгениндей калчайт.Мыскылдап,келеке кылып,чындап сабап абаңды,чылгый тери ийлетет,кеч киргенде шылдыңдап,кешиги жок абаңды,калмактардай бийлетет.Бийлебегенге аргасыз болгон.Эгер каршы болсо,сабатып, кыйнаган.

31.Күлчоро эмне себептен Айчүрөк жеңесине таң калат?

Жооп: Күлчоро Айчүрөккө таң калган себеби; “Ата-а женем Айчүрөк, Кыязга көөнүн бөлгөн бейм,кайним эле Күлчоро, өлсө мейли деген бейм,канча жыл болду чаптырбайт,кабарын мага айттырбайт,13 чыгып келди эле,тулпардан калган туякты,не үчүн мага чаптырбайт, -деп Айчүрөк Кыязга ниетин буруп кеткенби деп таң калат.

32.Көбү кетип азы бар, тууганы өлүп касы бар каарман?

Жооп: Эти качып,сөөгү бар,көбү кетип азы бар, тууганы өлүп,касы бар, ата-а, чамасы кетип каркыбар,Күлүстөн тууган Күлчоро,билгенге мынча баркы бар деп айтылат.Бул каарман Күлчоро болгон.

33.Айчүрөк эмне себептен Сейтек 13 жашка чыкканча Күлчоро жайын айткан эмес?

Жооп: Айчүрөк Сейтек жашка чыкканча Күлчоро жайын айтпаган себеби:Балтыр эти толо элек,балбандык чагы боло элек,чарайна тон кие элек,чалкалап жоого тие элек,Күлчоро жайын угузсам, абакелеп ээрчисе,арам сактап эр Кыяз, балтыркан сүт баламды,мерт эттирип койбосун деп айтпай жүргөн.

34.Жылкы ичинде Бозбала эмне үчүн алы жок Күлчоро менен дос болот?

Жооп: Жылкы ичинде Бозбала,Күлчоро менен дос бала деп айтылат.Ал да кыргыз болгон.Ошондуктан, «толкуган кара жедигер»деп Карагулдан бөлүнүп,Күлчорого жакын экенин билдирип жатат.

35.Боз бала эмне себептен өлөөрүнө карабай Карагулга катуу айтат?

Жооп: Бозбала Күлчорону сабатып жаткан Карагулга катуу айтып мындай дейт: толкуган кара жедигер,тобуңа тозок саларбыз,токтотпой кекти аларбыз,бел байлаган белиңди,бек сындырар күн болор,-дейт Мындай деген себеби; эми сенден коркпойбыз,белге таңуу белибиз,белгилүү Сейтек шерибиз,13кө чыгып калганы,баланы тоңуу кылабыз, буйруса кекти алабыз деген маани бар.

36.Жылкычы башы Карагул Бозбаланын айтканына эмне деп жооп берет?

Жооп: Кечээ Шыгайдын уулу Чынкожо,кыйратып союп таштаган,эр Чынкожо шеримди,өрт өчкөндөй жанчтаган,баатыр Толтой эримди,сындырып ийген белимди, эми тийди колума,чалынды темир торума деп,азыр өткөн өчтү алып жатам деген мааниде айткан.

37.Күлчоро Карагулдан эмне себептен улам суранат?

Жооп: Күлчоро Бозбаладан кеп угуп,12де эр Сейтек, ойрон чыкты деп угуп,мына ошондо Күлчоро, бала баатыр Сейтекти, дегдеп калды көрүүгө,андан кийин өлүүгө,эр Сейтекти көрсөм деп, андан кийин курган жан, каза жетсе, өлсөм деп, Карагулдан ошондо руксат сурап жалынып: мага 7 күн мийзат бериниз,7 күндөн кечиксем,койдой башты кесиңиз,кан зайыбы Чүрөктөн,кийим-кече сурайын,кулга ырайым этиңиз, -дейт

38.Боз байтал эмне себептен Күлчорого жан тартат?

Жооп: Анткени,ал боз байтал Семетейдики болчу,Кыязга олжого келген,ал Күлчорону көргөндө,өз ээсин көргөн эмедей,көкүлүн көккө ыргытып,туягын жерге мылгытып,Күлчоронун жанына жете келип, мойнун тосуп заңгырап,айбан да болсо жаныбар,абасына жан тартат,- деп айтылат.

39.Күлчорону көргөн Кыяз эмне себептен аны жайлап салган жок?

Жооп: Күлчорону көргөн Кыяз жинденип,Карагулга сүйлөнүп, мындай дейт:Ата-а ,сени Карагул,бу кутурган куу кулга,калайманды баштабай, эмгиче союп таштабай,алып жургөн экенсиң,-деп Күлчорону Кыяз жыга чаап жиберип, башын кесип аларда,Айчүрөк ажыратып алып: « Күлчорону өлтүрсөң,Ак куу кебин киемин,атамАкундун колун мол алып,өзүңдү өрттөп иемин» деп коркутуп, Күлчорону аман алып калат.

40.Кыяздын ак сарайынын калыңдыгы канчалык болгон?

Жооп: Кыяздын ак сарайы мындайча сүрөттөлөт: Даңгыраган ак сарай,анын калыңдыгы бир далай,айланасы сепилден,дарбазасы темирден,мамылары кырдалуу,айланасы сырдалуу,бекемин адам билгидей, калыңдыгын карасаң,үстү менен катарлап, 3 араба жүргүдөй,- деп айтылат.

41.Ал доордо ал нерсени колдонуу кордукту тарткан адамга карата керектелген. Ал эми бүгүн ал нерсе оң нерсеге айланган. Бул эмне?

Жооп: Ал доордо түтүк менен суу ичүү-кордукту тарткан адамга карата керектелген.Эпосто мындай айтылат: Кулдук менен күн көрүп,түтүк менен суу ичип,өлөйүн деп өлө албай, өз жаным өзүм кыя албай, деп Күлчоронун айтканы бар.Ал эми азыр түтүк менен суу ичүү оң нерсеге айланган.

42.Айчүрөктү издеген Кыяз эмне себептен Тооторуну эмес Кылкүрөңдү минип чыгат?

Жооп: Анткени,Тооторуну Айчүрөк минип кеткен. Ошондуктан Айчүрөктү издегенге Кыяз семетейдин жылкысынын кулуну Кылкүрөңдү минип чыгат.

43.Айчүрөк уулун түнү келген жоодон сакташ үчүн кандай амал колдонгон?

Жооп: Айчүрөк уулун түнү келген жоодон сакташ үчүн түндүккө түнөгөн.Эпостон мисал келтирсек,Сейтектин мындай деген жайы бар: Мойнума тумар тагыптыр,берен энем бейтаалай, бек жакшылап багыптыр,кээ бир күндө энекем,чын кордукка батчу экен,кээ бир түндө энекем,келген жоодон сактайм деп, түндүккө алып жатчу экен.

44.Айчүрөк алты миң нарлык тон жасап Күлчорого кийгизет. Кызык, тонду жасоого кеткен каражатты кайдан алган?

Жооп: Күлчорого кийгизген тондун наркы,бүчүлүгү чоктолуу,бир чепкендин керт башы,6000 нарга чакталуу болот.Айчүрөк бул каражатты Кыяздын казынасынан алган, «Отко салса күл болбос,олжого кетсе, күң болбос» Айчүрөк амал таап, Кыязды алдап, өз пайдасына анын байлыгын пайдаланган.Анткени Кыяз Айчүрөк дегенде,малы эмес жанынан такыр кечип таштачу деп айтылат.

45.Бери карап шаңк этип, ары карап шалк этип маанайы эки түрлүү кубулуп, будуң чаң болгон каарман?

Жооп: Бери карап шаңк этип, ары карап шалк этип маанайы эки түрлүү кубулуп, будуң чаң болгон каарман бул-Кыяз болгон. Айчүрөк Сейтекти Күлчоро менен жылкыга кошуп берип жатып Кыязга мындай дейт: Береним Кыяз кебимди ук,өлгөндө көргөн Сейтегиң,барайын дейт жылкыңа,ээсиздей кылбай куу малды,көзүм менен көрөм дейт.Анда Кыяз бери карап шаңк этип, ары карап шалк этип, жибербеске чара жок,макул деди барк этип.

46.Эпостогу башка каармандын башына келбеген, бирок Кыяздын жашоосунда көп кайталанган нерсе?

Жооп: Кыяздын жашоосунда көп кайталанган нерсе,аялынан бир эле учурда коркуп,ошол эле учурда кайра өтө жакшы көрүп,ары карап шылк этип,бери карап, шанк этип жасакерлик кылуусу.(өзүңөр да карап көргүлө,ушул жооптун туурасына кепилдик жок.*)

47. Карадөө Кызылсартты кайдан табат?

Жооп: Күлчорону Канчоро далысын оюп кор кылып,кесел кылып шор кылып коет.Карадөө Сейтекке жолуккандан кийин, Күлчорону айыктырыш үчүн,Манастын оо дүйнөлүк досу, ооруга себеп Кызылсартты издеп чыгат,Ат бороюн сыдырып,ай-ааламды кыдырып,түнүчүндө уйку албай, күндүзүндө тынч албай,Келфун,Хоттен шаарынан,андан өтүп кетиптир,Күн кетпестин Күнжүткө,кундөп-түндөп жол жүрүп,жеткен экен Карадөө,Ал Күнжүттүн боюнда, Багдад деген калаада, табылган экен Кызылсарт деп айтылат.

48.Айчүрөктүн каты болбогондо Кызылсарт Карадөөгө макул болот беле?

Жооп: Айчүрөктүн каты болбогондо Кызылсарт Кара дөөгө макул болмок эмес.Айчүрөк катта мындай деген:аяш ата Кызылсарт,ушул турган кеселди,азап менен тозоктон ажыратып алыңыз,ажыратып албасаң,уруп кетет антыңыз» деп жазган.Кызылсарт окуп: Айчүрөк мындай деген соң,катын сыйлап барайын,арбагы тоодой Манастын, атын сыйлап барайын,-дейт.

49.Кызылсарттын балбандарынын артыкчылыгы?

Жооп: 60 балбан белине, кетмендей токоч байлашып,арты кучак,чоң комуз, дутарларын тарттырып,60 балбанга тегиз акуш айттырып,демедеме күрүч,ширин аш, конгон жерге кайнатып, көк кепичин тепейтип,аргымагын чекейтип деп айтылат.

50.Күлчорону айыктырууга келе жаткан Кызылсарттын аскери түнөгөн жер?

Жооп: Кыйла күн тынбай жол басып,кыясы кыйын бел ашып,Кызылсарттын көп аскер,Чук-Теректин оюна,Жети-Өзөндүн боюна,эрендер жетип конду эле,чыканактап уйку алып,чырым уктап тынч алып деп айтылат.

51.Кызылсарт Күлчорону айыктыруу канча нарга дары алып келет?

Жооп: 60 балбан, Кызылсарт, аттан түштү албайып,6000дей кызыл нар,кызыл нарга арттырган,кызыл алтын дары бар.

52.Күлчоронун эрдигин кайсы дүйнөлүк басылмалар тааныган?

Жооп: Күлчоронун эрдигин кытай басылмалары тааныган.Анткени эпосто мындой деген жайы бар: Эрдигимди көргөндө,эпсиз баатыр экен деп,чоң атабыз Чылаба,сыйкырчыдан сураган,эр экеним укканда,айран калып, таң калган, Бээжиндин каны Ло Ма деп айтылат.

53.Күлчоро эмне үчүн башка нерседен күчүн сынабай жаа менен кетменге атып сынайт?

Жооп: Күлчоро Кызылсарт дарылагандан кийин,кетменге жаа атып күчүн сынаган себеби; Ал: Семетей абам барында,беттешкенди буй кылып сүрүп турган кезимде,кыргын салып душманды тийип турган кезимде,80ден коюп кетменди,күчтү сынап жатчу элек.Баштагы каруум келдиби,күчүм кайра толдубу,баягы атчу кетменди,азыр кандай ата алам деген мааниде кайра кетмен аткан себеби ошол болгон.

54.Кыяз эмне үчүн Айчүрөккө Тооторуну берип коет?

Жооп: Кыяз Айчүрөк Тооторуну сурап келгенде, бербеймин дейт.Бирок,Айчүрөк Ак куу кебин кийбесем, ай-ааламды кыдырып, кол чогултуп келбесем, Кыяз сенин ошентип, бир жазаңды бербесем ,- деп коркутат.Ошондо Кыяз ойлонуп: Чындап кетсе Айчүрөк,айтканын кылып жүрбөсүн,атасынан кол курап,антип уйкум бөлбөсүн деп коркуп,андан көрө Чүрөктүн айтканына көнөйүн,Тооторуну берейин деп берип койгон жайы бар.

55.Айчүрөк Кыяздан Тооторуну алуу үчүн кандай аракет көрүп анан алат?

Жооп: Айлалуу катын Айчүрөк,Тооторуну алмакка,эр Кыязга сөз баштап,капшыттагы кара арак,уй баш кара жанаяк,толтура аяк куйду эле,жадыгөй катын Айчүрөк, эр Кыязга сунду эле,Чүрөк сунган арактан, 3 жанаяк урду эле, сөөк терин ысытып,берешен болуп турду эле деп айтылат.

56.Тооторунун таптаган саяпкер?

Жооп: Анык тулпар Тоотору,көзү ачыктар жактырган,6 убак арпа илдирип,асемдетип бактыргам,бугудан чылбыр сүйрөтүп,Куюн Көтөн Кайып чал, куруган киши таптаган,- дейт.

57.Кыяздын Семетей Толтойдон башка дагы кандай кеги болгон?

Жооп: Кыяздын Семетейге Толтойдон башка кеги бул- Толтойдун кудалашкан зайыбы Шаатемир кызы Чачыкейди алып алды кек сактаганы болгон.Эпосто мындай айтылат:Шаатемир кызы Чачыкей,Багыштын уулу Толтойдун ала турган зайыбы,мунун бекиткен жаман жоосу бар,Чачыкей алып кеткен деп,Семетейге жедигер элдин доосу бар деп айтылат.

58.Айчүрөк Кыяздан көк күпүнү эмне үчүн сурап алат?

Жооп: Айчүрөк Кыязга мындай дейт: Жылкыга кеткен Сейтегим, маңдайымда баргегим,жалгыз туума айнегим,оозумду ачып өпкөнүм,көзүмдү ачып көргөнүм,талаага бала конбойбу,балама муздак суу өтүп, бала оорулуу болбойбу, үстүңдөгү көк күпү чечип берсең алайын, балаңа ала барайын деп сурап алат.

59.«Катын десе кынына, батчу Кыяз экенсиң. Как төбөңдөн бир кудай, атчу Кыяз экенсин» - деп, эпосто Кыязды ким катуу тилдегенге эрки жеткен?

Жооп: .«Катын десе кынына, батчу Кыяз экенсиң. Как төбөңдөн бир кудай, атчу Кыяз экенсин» - деп тилдеген бул анын Тоотору тулпары болгон.Тооторуну Кыяз Айчүрөккө берип койгондо, Тоотору Кыязды ушундай деп катуу айткан жайы бар.

60. Тооторунун айткан акыркы сөзүн Кыяз эмне себептен улам укпай калат?

Жооп: Анткени,Тооторуну сүйлөп жаткан жеринен Кыяз укса соо койбойт деп Айчүрөк чачпагындагы ачкыч менен маңдайга чаап, тилин байлап, кулагын уккус кылып коет.Кыяз Айчүрөктү токтотуп,Тооторунун сөзун угуп алайын десе, дубаланган Тоотору сүйлөбөй коет.Ошентип Тооторунун акыркы сөзүн Кыяз укпай калат.

61.Кыяз айткан сөзү жалган чыгып, Айчүрөккө качан уят болгон?

Жооп: Кыяз Тооторуну сүйлөйт деп Айчүрөктү токтотот,бирок Тооторуну Айчүрөк дуба салып,тилин байлап койгон болот.Ошондо Кыяз жинденет,Тооторуга нетти деп,Айчүрөк: Кана төрөм айбаныңдан кеп сурап,ачууланып кетесиң,кеп билбеген атыңды, сүйлөйт деп күтүп жүрөсүң,-дейт.Ошондо Кыяздын сөзү жалган чыгып,Айчүрөккө уят болот.

62.Тоотору эмне себептен Айчүрөктөн кек алмай болот?

Жооп: Эр Кыяздын Тоотору,үстүндөгү Чүрөктүн арам ойлуу экенин,Кыяз канга айталбай, байланып тили бир далай, колунан келсе Чүрөктү, өлтүрмөк болду бул өзү, Эр Кыязды алдаган,артыкча митаам капырды,бугудай мойнум бурайын,бута бою зоо келсе,бура тартпай чурайын, талпак-ташын чыгарып,талкалап жерге урайын деп ала качып ээлигип,ооздук бербей жээлигип жөнөйт.Ошондо жадыгөй катын Айчүрөк,ала качакан айбанды, суук дуба урду эле, айта-буйта дегиче,койго жеткис кошолоң, чобур ат кылып койду эле.

63.Айчүрөк, Сейтектин жакын арада каршы чыгаарын Кыяз качан билди эле?

Жооп: Айчүрөк менен Сейтектин жакын арада каршы чыгарын Кыяз атын Айчүрөккө алдыргандан кийин,түш көрүп,анан ойлонуп билип калат.Айдай жарык капырдын,арты душман капырдын,жана кызыталак Сейтектин,жедигер тийсе колуна кылчаяр түрү көрүнбөйт,ымыркай бала кезинде, өлтүрөм десем болбойсуң,калың кара жедигер,ушинтип жолум торгойсуң,түндө жатып түш көрдүм,түйшүгү көп иш көрдүм,кайнатылуу шорум бар,душмандан көрөр сонун бар,- дейт

64.Айчүрөктүн артынан ачууланып аттанган Кыяз эмне себептен кол курап чыкпайт?

Жооп: Кыяз Айчүрөккө атын алдатып,ачуусу келип жинденип,көргөн түшүн жорутууга жедигер элин жыйнайт, бирок эч ким Кыяздын түшүн жорубай,өз -өз алдынча тарап кетишет.Ошондо Кыяз мындай дейт: Баштагы болгон жедигер, баатырга чалыш экенсиң,эмдигиңер жедигер,катынга чалыш экенсиң,аскер жыйнап кол албай, жедигер сени чогуу албай,жеке өзүм барбасам,жер ааламдын үстүнө,бир жаңжалды салбасам,айтылуу Кыяз атым бар,кылым душман козголсо,жеке кырчу алым бар,-деп жеке кеткен жайы бар.

65.Кыяз эмне себептен Кылкүрөңдү урушат?

Жооп: Кылкүрөң кулунунда Таластан олжого келген мал болчу.Тооторуну Айчүрөккө алдырып,артынан баратканда Кыяз Кылкүрөңдү минип чыгат.Кылкүрөң Күлчорого кез келгенде,Күлчоронун жытын билип,капилеттен үркүп үстүндөгү Кыязды жыгып кетет.Ошондо Кыяз Кылкүрөңдү мындай деп урушат: «Арам өлгөн Кылкүрөң,зилинде душман мал эле,кудай бардыр Кылкүрөң,кузгун куран окугур,жору көзүң чукугур.

66.Айчүрөк эмне себептен Тооторунун күчүн колдонуп минип жүрбөй курмандыкка чалат?

Жооп: Айчүрөк Тооторунун курмандыкка чалган себеби; Тоотору баары бир күч бермек эмес, ал душмандыгын кылмак,ошондуктан, баатырды тулпарынан ажыратуу-бул анын ажалынын жеткени деп Айчүрөк: Атчандуу Кыяз акмактын,Тооторусун соёюн,кан Кыяздын Тору атын,» кайнатам Манас жолу» деп, коборуп туруп чалыптыр,жыкпай туруп жыластын, башын кесип алыптыр,- деп айтылат.

67.Кыргызга кыргын кылгандардын ичинде жалпы жедигер журту бар болгондуктан аларды да тукум курут кырайын деген Сейтекке Күлчоро эмне себептен улам каршы болот?

Жооп: Кыйнап бир келген элимди,Жети-Өзөн толгон Жедигер,жетип жыйып алайын,жалгызын тирүү калтырбай,кылычтап кыргын салайын,-деп Сейтек жиндегенде,Күлчоро мындай деп тыйып коёт: Жедигер журтка катылба,башчысы акмак эмеспи,карапайым калкта не жазык,желиккен бойдон кырганда,жазыксыз эл чабылар,сага караан эл кайдан табылар,Жети-Өзөндө Жедигер,караан да ошол, бел да ошол,караан болчу эл ошол,караандуу журтка катылып, кападар кылба сен ошол,-дейт.

68.Жедигер элине эмне себептен Карадөөнү кан шайлайт?

Жооп: Сейтек ,Күлчоро,Кара дөө болуп, Кыязды өлтүргөндөн кийин Жедигер элин жыйып алып Күлчоро мындай деп кабар салат: Ушу турган кара дөө,Жедигер сенин каныңар,жер майышкан кол келсе,душманга беттеп уруучу,эл кайтарып туруучу,чокмор болор Кара дөө,канаттууга кактырбай,камчылууга чаптырбай,күтүп алчу эр ошол,-деп Кара дөөнү элин бакчу эр жүрөк деп кан шайлаган жайы бар.

69.Сейтек Таласка бара жатканда эмне үчүн Кылкүрөңдү минип барат?

Жооп: Анткени Кылкүрөң атасы Семетейдин жылкысы болот.Ал Кыязга олжого түшүп келген,айбан да болсо жаныбар,жергеме бирге кетем деп,Сейтектин алдынан чыгып кошулат.Аны Сейтек Таласка көчүп келатканда,минип келген жайы бар.Бура тартып булкунтуп,алдындагы Кылкүрөң,Кылкүрөңдү жулкунтуп,Таласка Сейтек барды эми,деп айтылат.

70.Акеркеч Тайбуурулду эмне үчүн дароо өлтүргөн эмес?

Жооп: Акеркеч Тайбуурулду өлтүрбөгөн себеби; өлтүрбөстөн-житирбей,канкордун уулу Семетейдин, атына кордук кылайын,-деп,Ардай болгон Буурулга, абыдан кордук кылыптыр,кулагына коргошун,туягына шиш кагып,жал-куйругун кыркыптыр,анан кийин байкушту жаман чобур,кашаң деп кербенчиге сатыптыр,

71.Тайбуурул кантип Карасарттын колуна тийип калган?

Жооп: Акеркеч Тайбуурулду абдан кордоп,анан кербен башы Карасартка сатып жиберет,кербенчи жүк ташып,жоор болуп,жал-куйруктан ажырап,кордолот.Кербен тартып келатып ал Сейтекти көрүп калат,айбан да болсо жаныбар,Сейтекти таанып,кербенден качып келип, Сейтекке кошулган жайы бар.

72.Сейтек Таласка бара жатканда кайсы жер аркылуу өткөн?

Жооп: Сейтек Таласка бара жатканда,ээр белдей мунарык,мунарыктын бери жагы,аскасы артык черүү экен,Кара-Буура,Чоң-Чаткал, Таласка тушташ черүү экен,Кен-Чаткалды ашканда,алды жагы- Кең Талас деп айтылат.Кара-Буура,Чоң-Чаткал аркылуу өткөн.

73.Каныкейди көргөн Сейтек эмне үчүн өзүн Күнжүттүкмүн деп тааныштырат?

Жооп: Каныкейди көргөн Сейтек өзүн Күнжүттүкмүн деп тааныштырган себеби; Ал чоң энесинин ичиндеги арманын айттыргысы келип,небереси Сейтек деген бар экенин билеби же билбейби, деп сынап,мындай деген жайы бар: Ата-а,кокуй,энеке,элсиз адам дейсизби,төөгө минип,айза алган,төрөлүү журт таң калган,Күнжүт биздин жерибиз,Индустан болот элибиз,- дейт.

74.Куялы эмне себептен Семетейге гана тием дейт?

Жооп: Анткени,Кайыпчал кызы Куялы башынан эле Семетейге ашык болуп жүргөн болот.Ошондуктан ал бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып,өзүнүн талабын коёт,эгер Семетей мага нике кыйса гана Желмогуз уулу Сарыбайды жеңип берем дейт: Сары оору болуп,саргарып,каалаганым Семетей,калк чогултуп күбөлөп,нике кыйгын тиемин,кагышарым Сарыбай, андан кийин киремин,-дейт.

75.Канчоро далай азапты тарттырса да эмне себептен эле бололу деп Күлчоро элдешүүгө барат?

Жооп: Күлчоро Канчородон далай азапты тартса да кайра эл бололу деп барганынын себеби: жылгындуу Кең-Кол,Капка-Таш,кайрылып өрдөп конууга,кайрадан тууган болууга,эсилден калган эл-журтту,эңкейтпей жыйып алууга,айтканга көнсө Канчоро,кан көтөрүп алууга,кан аба деп Күлчоро,Канчорону бел кылып, белге таңуу кылууга, астына барды сабылып,абакелеп жалынып:кекти сууга салыңыз,асыл абам тилимди ал,ырыс алды –ынтымак, бирдикти койсок бир жерге,катылып бирөө келеби, кармашып душман жеңеби,күтүп ал аба өзүмдү дейт.

76.Канчоро эмне себептен душмандык кылган Күлчоро айыгып келсе да кечирим сурап эл болууга даабайт?

Жооп: Анткени,Канчоро өзүн кан сезип,Күлчорону тоготпой,колунан эч нерсе келбейт деп ойлогон.Ошондуктан кечирим сурап келген Күлчорого: Атаңдын көрү,Күлчоро,жоботуп башың албайын,көрүнбөй жогол көзүмө,түү-түү капыр Күлчоро,өлдү десем, тирүүсүң,өкүлдөгөн кутургур,өлбөгөн жандын бирисиң,- деп кемсинтет.

77.Семетей эмне себептен Карадөөнүн айтканын угуп элге барбайт?

Жооп: Кайыпчынын Кара-Үңкүрүнөн Карадөө Семетейди көргөндө,алапайыын табалбай,көзүнүн жашын тарта албай мындай деген жайы бар: кең дүнүйө тар болуп, бир көрүүгө зар болуп,жоготуп сизди кан аба, душманга калдык кор болуп,чабылган журтка барыңыз,азган-тозгон элиңди, кайрадан жыйып алыңыз деп жалынат, бирок, Семетей,укпайт, көрбөйт, сүйлөбөйт, көрсө,Перинин кызы Көкмончок, кысталыш жерден куткарып, сезимдеринен ажыратып,өзү менен жашатып алган болот.

78.Манас эмне себептен Барса-Келбеске таш чегип белги койдурган?

Жооп: Манастын тушунда жер-сууга ат коюуда,ошол жердин шартына ыңгайына,касиетине,өзгөчөлүгүнө маани берип, ошого жараша ат ыйгарышкан.Жөн эле атап коюу эмес, расмий түрдө ташка чегип жазышкан.Мисалы: Манас, Алмамбет,Чубактар, адамдарга жашаганга ал тургай барганга коркунучтуу болгон жерге ташка чегип, “Барса-Келбес” деп ат коюшкан жайы бар.

79.Желмогуз уулу Сарыбай эмне себептен башка элге эмес кыргызга согуш баштайт?

Жооп: Анткени, Манастын күйөө баласы Желпиништи жердеп турган Жарманаска Сарыбайдын атасы Желмогуз казат ачат,жардамга барган Манас Желмогузду өлтүрөт, ошондон улам атасынын кунун кууп Сарыбай,эр Манастын тукумга көбүрөөк ашык болуптур,тукумун туздай куурсам деп,эр Манастын тукумун, өрт өчкөндөй кылсам деп,ай-ааламды кыдырып,ашкан экен дүмөгү,Манас шердин тукумун, баарын тегиз сойсом деп, ошондо экен тилеги,ал Манастын тукуму Таласта болот деп угуп,казатты мыктап кылам деп,чыккан экен камынып деп айтылат.

80.Айчүрөк кантип Кайыпчал кызы Куялынын айтканына макул болот?

Жооп: Кыргыздарга Желмогуз уулу Сарыбай катылып,кыргыздар такаат бере албай,айла кетип турганда Айчүрөк Аккуу болуп кыдырып, Кайыпчал кызы Куялыга барып мындай дейт: Желмогуз уулу капырдан, ажыратып ала көр,аман элди куткарсаң,каалаганың берейин,каалаганың бербесем, так Акун кан атама тиейин дейт. Ошондо Куялы шарт коет,Семетей алса өзүмдү, Сарыбайды жеңейин,-деп.Муну укканда Айчүрөк: эрдигиңе жанашпайм, катындарча каңкылдап,кабылан шерди талашпайм,-деп макул болот.

81.Кыргызда тоо-кен иштетүү тармагы өнүккөнүн кайдан биле алабыз?

Жооп: Кыргызда тоо-кен иштетүү тармагы абдан мыкты өнүккөн.Анткени,курал жасоодо жана ар кандай шаймандарды,кооздуктарды жасоодо мыкты иштеп чыгышкан.Мисалы булдурсунду жасоодо кандай ыкманы колдонгону мындайча айтылат: кара жаак булдурсун, чапса кулак тундурсун,алаканга чок койгон,түшкүнүнүн учуна,3 эли болжоп ок койгон,кок жалын темир ондогон,көркөмдөп жоого болжогон,- деп айтылат.

82.Манаста Туркия тууралуу эмне айтылат?

Жооп: Сейтектин чоң атасы Манас бир эле Түркияны эмес,колу жеткен жерге чейин казат ачып, чаап алган жайы бар.Эпосто мындай айтылат: Баатыр Манас барында,дөөлөттүн аман чагында,каратпаган эл калбай, кармашпаган жер калбай,айды кандын Музбурчак,Чамбыл-Белди жердеген,чабышып адам жеңбеген, атасы Түркмөн арстан,төмөнкү Түркия журтка кол салган,ордо бузуп, олжо алган,ордолуу журтка кол салган,жез оймоктуу кызды алган,билге жүктөп дилде алган деп айтылат.

83.Сейтек эмне себептен Акжолтойду кеңешчи кылган?

Жооп: : Анткени, атанын жолун улантуу,мураа болуу деген маани жатат. Манастын чоросу Кутубий болгон, Кутубийдин баласы Акжолтой,Манастын небереси Сейтек булар ата жолун улантуучу баатырлар.Кутубийдин Акжолтой,көкжал Сейтек султандын жел тийбеген чынары, жоодон коркуп кылт этпей,туу түбүндө тураары,Акжолтой, Сейтек аты уйкаш,убаданы шерт кылган,ушунчалык бек кылган,ак буудай унун чайнашып,болоттун мизин жалашып,кыяматтык дос болгон деп айтылат, ошол себептен Сейтектин кеңешчиси болгон.

84.Эмне үчүн Сейтектин бир гана чоросу же кеңешчиси болгон?

Жооп: Анткени,Сейтек тышкы душмандарга каршы аттанган эмес жана Манас чоң атасынын 40 чоросу ыдырап тарап жок болгонунан сабак алып, «көп суур ийин казбайт, ийин казса кең казбайт» деген сыяктуу жанына бир гана ишеничтүү кеңешчи күткөн.

85.Акжолтой эмне себептен Коңурбозду минбей калат?

Жооп: Акжолтой Медияндын чөлүнөн, өзү келип катылган Койбосту өлтүрөт,ошол учурда минген тулпары Коңурбоз, жүрөгү айрылып мүрт кетет, ошондо Олуя чал Кулансур менен Кулунсурду коштоп келип, аманат деп тапшырат,сага бердим Кулунсур, байтал бээнин кулуну, кара жылкы тукуму дейт.Ошентип Акжолтой тулпар Коңурбоздун ордуна Кулунсурду минип калат.

86.Акжолтой эмне үчүн Тойбосту тындым кылат?

Жооп: Акжолтой ат бороюн сыдырып,ааламдын баарын кыдырып,сапар кезип келатса,астынан Койбос-Тойбос деген жырткыч чыгат.Акжолтой Кызыр Ниязга жалынып,колундагы кылычы менен шилтеп калат.Кызыр Нияздын жардамы менен Тойбосту өлтүрөт.Бирок аты жарткычтан коркконунан жүрөгү айрылып өлүп калган болот.Койбос коркунучтуу жырткыч болгон.Аны өлтүрбөсө, анда ал Акжолтойду аты менен кошо жеп коймок,ошондуктан Акжолтой аны өлтүрөт.

87.Акбермет эмне себептен Сейтекти көрбөй туруп жакшы көрүп калат?

Жооп: Перинин кызы Акбермет, түндө жатып түш көрөт,аты Кызыр думана, пери кызга мындай дейт: Кан баласы кан Бермет,кызык сөз айтам билип ал,кымбатым балам, тилимди ал,пери кандуу эр Сейтек, сенин каалап тиер эриң деп,буйгаты болбойт паананын,буйругу Алда Тааланын, деп думана турду эле,түшүмдө нике кыйды эле, көзүмдү ачсам көкжалдын, тулпары турат өзү жок,түшүмдө көрүп Сейтекти, ашык болуп калгамын,ашыктык оттун айынан, арманда болуп турамын деп айтат.

88.Олуят чал берчү аманатын эмне үчүн Сейтекке жолугуп бербей Акжолтой аркылуу тапшырат?

Жооп: Медияндын чөлүнөн Акжолтойго жолуккан Олуят чал мындай дейт: Алданын берген аманат, аманатты берүүгө,Акжолтой,Сейтек силерди,7 жылы издедим, каным калды 1 кашык, этим болду көк жашык,карып болгон кезимде,уулум сага кез келдим,кеп укпасаң жаманат,5 буюм бердим аманат.Сага ишенип бергеним,Акжолтой,Сейтек эгизим,ааламды бузар теңизим,чабытка кирген чаң болуп,өлүм орток жан болуп,убарлаш деген ниетим.

89.Акбермет сары оорудан кантип сакаят?

Жооп: Акбермет Сейтекке баш кошуп, сары оорудан айыгат.Перинин кызы Акберметтин түшүндө аты Кыдыр думана мындай дейт: Буйругу Алда Тааланын,шай колдогон шер ушул,Семетей уулу эр Сейтек, сен тийүүчү эр ошол дейт.Ошол күндөн ушул күн сары оору болдум саргайып, көкжал Сейтек эренди,бир көрүп анан өлсөм деп,чыркыратып жанымды, Сейтекке курман кылсам деп,бир көрүүгө зар болуп, сары оору болдум саргайып дейт.

90.Акбермет эмне себептен Олуят чалга башка буюмун эмес шакегин берет?

Жооп: Акбермет колунда каухар шакегин Сейтекке белек бериңиз, Перинин кызы Акбермет, ашык деп анык айтыңыз,чын Олуя баба чал,касиетиң билгизчи,ашык болдум Сейтекке, жалындап күйгөн куу жанды,жолуктургун теңине, көкжал Сейтек шерине деп Олуят чалга шакегин чечип берген жайы бар.

91.Алманбеттин сөөгү жаткан жерде төрөлгөн баатыр?

Жооп: Алмамбеттин сөөгү жаткан жерде Кутубийдин Акжолтой төрөлгөн. Эпосто: Сейтектин минтип айткан жайы бар: Жети-Сууда туулуп,жериме Талас мен келдим,Чеч-Дөбөдө туулуп,таалайыма сен келдиң, келгениң жыргал күн болду,маңдайга бакты бир болдуң дейт.

92.Күлчоронун Шайыгы дегенди кандай түшүндүңөр?

Жооп: : Күлчоронун Шайыгы бул Күлчоронун уулу болгон.Ал Сейтектин 12 чоросунун бири болгон.12 эрди сураба,Күлчоронун Шайыгы,сулуусу күндөй жарыгы, кара мылтык карс этсе,кажыбай жоого тийчүлөр,каптаган өрткө кирчүлөр,чогоол мылтык чорт этсе,чочубай жоону сүрчүлөр деп айтылат

93.Байтайлактын баласы эмне себептен өзүн тарткан эмес?

Жооп: Бакай өз уулу Байтайлактын суу жүрөктүгүнө ичи чыкпай калган жайы бар..Ал эми ошол Байтайлактын уулу Баймырза Сейтектин чоросу болгон.Баймырза жайын сураба,шамдагайы болжолсуз,жоо айласын тапчусу,айлакердин жакшысы,сырты суук жоо келсе,кажыбай жоого тийүүчү,эр көкжалдын жоросу,ажалга орток короосу,чалгынды чаап берүүчү,бетинен душман кезиксе, ойронду жоого салуучу деп сүрөттөлөт.Баймырза атасын тартса суу жүрөк,коркок болмок.

94.Акберметтин мисалынан бүгүнкү учурга карата кыздар кандай сабак алса болот?

Жооп: Акберметтин мисалынан бүгүнкү учурга карата кыздар өз бакыты үчүн күрөшүп, саргая күтүп,керек болсо, чечкиндүү кадамдарга барып,эн башкысы туруктуу болууну,сабак алса болот.

95.Сейтектин канча кайын эжеси болгон?

Жооп: Сейтектин 5 кайын эжеси болгон.Эпосто мындай айтылат.Алты кыздын кенжеси,атасынын сүйгөн эркеси,перизаада Акбермет,ак жибектин чатыры, ургаачынын баатыры.

96.Султан өлгөндө ордуна эмне үчүн улуу кыздары кан шайланган эмес?

Жооп: Анткени,Акбермет атасынын ордун баса турган баатыр кыз болгондуктан,атасынын көзү өткөндөн кийин, анын ордуна улуу кыздары эмес,Акбермет кан шайланат. Алты кыздын кенжеси,атасынын сүйгөн эркеси,перизаада Акбермет,ак жибектин чатыры, ургаачынын баатыры, 11 жашка келгенде, атасы султан өлүптүр,13кө жашы келгенде,жааны кечип,уу уулап,жаа тартып ойноп жүрүптүр,14кө жашы келгенде,ай-ааламдын баарысын, акыл менен билиптир,15ке жашы келгенде,периге султан кан болуп, атасынын алтын так,ошондо Бермет миниптир деп айтылат.

97.Акбермет түшүн эмне себептен аксакалдарга айтып жоруткан жок?

Жооп: Анткени түш жоруган Күлайым,Акберметтин өлүм орток курдашы,жүрөкзаада иш болсо,түйүн чечер сырдашы,жанындагы элчиси,бирге жатып, бир туруп, акыл таап берчүсү болгон,ошондуктан Акбермет көргөн түшүн Күлайымга айтат,Күлайым Сейтек келе жатат деп жоруйт.

98.Акбермет согуш өнөрүн билгенби?

Жооп: Акбермет согуш өнөрүн билген.Ал баатыр кыз болгон.Эпосто:тулпарды жыйып алгамын,балбанын жыйып,чыр салып,каарын төккөн душманга,катуу жаңжал салгамын, көкжалымдын айынан,мин балбан жыйып алгамын,-деп аткан жайы бар.

99.Акбермет көрүнгөн өзгөчө 4 адамдын аттарын санап бергиле?

Жооп: Ашык отко кабылып,аң-таң болуп турганда,жаныма келди 4 адам,төртөөнүн жөнүн сурасам, бирөө-Кыдыр,бирөө-Бак, бирөө-Ырыс,бирөө-Акыл, бет маңдайга келди эми деп айтылат.

100.Акбермет караңгыда чатырын кантип жарыктандырган?

Жооп: Акбермет Сейтектерди келет деп,асемдүү чатыр тиктирет.Ал чатырдын ичине түнкүсүн жарык болсун деп,жакуттан жарык жандырат.Эпосто мындай айтылат: Бул чатырдын ичинде нелер бар да, нелер жок,кызыгына жан тойбойт,ааламда мындай түк болбойт,атилес менен жабылган,аюудан талпак салынган,түнкүсүн жарык болсун деп,ал чатырдын ичине,жакуттан жарык жандырган деп айтылат.

101.Акбермет Сейтектин келишине канча ашпозчуну дайындайт?

Жооп:Акбермет Сейтектин келишине асемдетип үй тигип,дүр-дүнүйө кызыкты,кабаттатып жыйдырып,төр жагында төрөлөр,ашмачы 6 сулуу кыз,анысын байкап угуңуз,аптамага чай коюп,ар тамагын жай коюп,кертип-кертип нан коюп,жая кесип,жал коюп,тездетип чайын кайнатып,дасторкон салып жайнатып деп айтылат.6 ашпозчу алдырган.

102.Какандын журту эмне себептен Коңурбайдын ордуна 6 жашар баласын кан шайлайт?

Жооп: Анткени Коңурбайдын андан башка баласы жок болчу. Кан Конурбай баатырдын баласы экен Байкоңур, атакеси өлгөндө, атакесин арбайтып,Күлчоро баатыр сойгондо, жетим калган ошондо, 6 жашта кезинде, атасынын ордуна, 6 жашар Байкоңур, Какандын каны болуптур,бир нече жыл болгондо,карууга күч толгондо,ай-ааламды жалмаптыр, укурук кайрар калбаптыр деп айтылат.Байкоңур атасынын ордуна 6 жашында Каканга кан болгон жайы бар.

103.Коңурбайдын уулу эмне себептен ата жолун кууган жок?

Жооп: Байкоңур атасынын кунун кууп, кыргызга казат ачмак, анын өч алам деген ою бар болчу, бирок, ою ишке аша электе каза болуп калат.Артында калган баласы Чоң Китеге арманын айтып,атанын кунун ала көр, бир кыргынды сала көр,Манастын калган тукумун, өрт өчкөндөй кыла көр деп айткан жайы бар.

104.Чоң Билгич эмне себептен Ниет-Көлдөн 12 жыл гана билим алган?

Жооп: Чоң Билгич Ниет- Көлдөн сыйкырлыкты үйрөнүү үчүн 12 жыл окуп билим алган.Эпосто:Кожожаш уулу Чон Билгич,атасын Манас союптур,ошо кезде Чоң Билгичтин, 80де жашы болуптур,атагын көргөн чочуган,барса-келбес окуудан,ажыдаардын алдынан,Суук ашуунун төрүнөн, Ниет-Көл деген көлүнөн,12 жылы окуптур, сыйкырлыкты кылыптыр, бүгүнкү күндө Чоң Билгич,Чоң Китеге кошулуп, кыргызга казат ачыптыр деп айтылат

105.Шыпшайдардын жубайы менен Манастын жубайы Каныкей бир мезгилде төрөгөнбү?

Жооп:. Шышпайдардын жубайы менен Манастын жубайы Каныкей бир мезгилде төрөгөн. Анткени,Манас менен Кожожаш бир учурда, чоң казатта каза болушкан.Семетей ошондо балтыр бешик бала болчу, ал эми Чоң Билгичтин Чон Китеге мындай деген сөзү бар: Атадан жетим төрөлүп, жөргөлөп жүрүп эр болдум, күрмө кийген жан болдум, кыргыз эмес кылымга, чаркым жетер жан болдум дейт.

106.Көрөгөч эмне себептен Акжолтойго дароо эле адам кейпинде жолуккан эмес?

Жооп: Көрөгөч Акжолтойго адам кейпинде жолукпай,жолборс болуп жолуккан себеби: Чаркы канча экен, баатырдыгы бар бекен деп сынаган.Эпосто мындай айтылат: «Ажыдаар,жолборс мен болуп,алдындан чыгып турамын,абалы канча экен деп,чаркыңызды сынадым,кааласаң кадыр түнүңмүн,жөлөп жүргөн пириңмин,Көрөгөчтүн көзүмүн,көзү эмес,анык өзүмүн,-дейт.

107.Кайсы кандыкта элинин көбөйүүсүнөн азайуусу көп болгон?

Жооп: Желмогуз уулу Сарыбайдын кандыгында элдин көбөйүүсүнөн азаюусу көп болгон.Анткени,ачууланса Сарыбай,өз элин өзү кырчу экен,калың элдин баарысын,канча сапар кырыптыр,тынчы элдин бүтүптүр,муну менен кайран эл,хандыгынан түтүптүр,- деп айтылат.

108.Беш берен эмне себептен кайып болот?

Жооп: Кыргыздар Желмогуз уулу Сарыбайды жеңгенден кийин санаасы тынчып 5 берен- Бакай,Каныкей,Семетей, Күлчоро,Айчүрөк кайып болуп кетишет: «Биздин сапар карыды,өлө турган кез болуп,бу дүнүйө тарыды,,көбүрөөк туруп нетели,адам көрүп,журт билгис,жерге кирип кетели» деп кайып болуп кетишет.

109.Сейтектин атасы Семетейдин эмне себептен эки гана чоросу болгон?

Жооп: Семетейдин 2 гана чоросу болгон себеби;Семетей жанына көп чоро күткүсү келип,баарын өзүнө эл кылып тартайын дейт,бирок, Үмөтөй,Чынкожо,андан сырткары атасынын 40 чоросу Абыке,Көбөш 6 арам –булардын баары Семетейге каршы чыгып, кошулбай коюшат жана аларды Семетей баарын тындым кылып койгон жайы бар.

110.Кайсардын жездеси?

Жооп: Кайсардын жездеси бул – Чубак болгон.Ай-Жаңжуң кызы Бирмыскал Чубактын аялы болгон. Ал эми Ай-Жаңжуң уулу Кайсар Бирмыскалдын иниси болгон.Ошондо Кайсардын жездеси-Чубак. (Кайсар менен Күпү бир эле адам,айрым жерде Күпү,айрым жерде Кайсар деп атала берет)

111.Күпүнүн эжеси?

Жооп: Күпүнүн эжеси Ай-Жаңжуң кызы Бирмыскал болгон.Ай-Жаңжуңдун уулу экен,Күпү балбан дээр экен,күрөшкөндө күчтүү экен,алыш кылган адамдын,бурап мойнун үзчү экен,- деп айтылат.Бирмыскал менен Күпү бир тууган болгон.










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!