СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Манас "Эпосун жыйынтыктоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

 «МАНАС» ЭПОСУН ЖЫЙЫНТЫКТОО САБАГЫ.

Сабактын максаты: Окуучулар эпос боюн­ча алган билимдерин терендетет жана бекемдейт, 

    көркөм ойлоосун, өз алдынча иштөөсүн өнүктүрөт. Элдик каада-салттарды сактоого, өз

    эли-жеринин патриоту болууга тарбияланат.

Сабактын жабдылышы: «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору боюнча китептер,

 буклеттер, плакаттар, кросворддор.

Сабактын журушу:

А) Уюштуруу

Б) Беш мүнөттүк поэзия. «Манас» эпосунан үзүндү.

«Манас» эпосу боюнча жыйынтыктоочу су­роолор.

(Класс төрт топко бөлүнүп, суроолорго жооп берет)

  1. Манас жарык дүйнөгө келген учурда кыргыз эли кандай тагдырга туш болуп, кандай абалда турду жана ак калпак кыр­гыз эли ошондо эмнеге муктаж эле?

Алтайга айдалып барган кыргыз элинин басса-турса оозунан тушурбей айтканы кытай хандары Алооке менен Эсенкандан керген кордугу болгон. Эли-жерин сагынып сакалдан ылдый жаш куюлган.'«Айбалтаны ким аштайт, азган элди ким баштайт», -деп санааркап турган кыргыздар элдик жетекчи, башчыга муктаж эле. Манас туулганда анын адамдан бөлөкчө турпатын көрүп, кабактары ачылып, үмүттөрү дүрт этип жанат.

  1. Алтайга айдалып барган кыргыздардын ичинен айрыкча Манаска таалим-тарбия берип, жол көрсөткөн руханий тарбиячысы ким болгон?

Алтайдагы кыргыздардын жетекчиси Акбалта кордукта жүргөн эл журттун колун чечүүгө шер келгенин көрөгөчтүк менен астыртан баамдап, бала Манасты өзү баш болуп, өзгөчө көзөмөлгө, камкордукка алат. Бала кезинен тартып Манастын руханий тарбиячысы айыл аксакалы акылман Акбалта болгон. Ал Мана­ска «билбегенди билгизген, туйбаганды туйгузган»

  1. Эмне үчүн Манас Алтайда калмак-кытай балдарын сабаган?

Алтайдагы жергиликтүү калмак-кытай калкынын балдары да кыргыздардын балдарын теңине албай чоңдугун салып:

«Тентип келген бурут

   Бул буруттун балдарын

Чуркатып курут» -дешип тийишип, кыжырды кайнатып, намыска тийип турушкан.

Жергиликтүүлөрдүн мындай кекирейген мамилеси намыскөй, сергек баланын ызаасын келтирип, арын ойготуп, ого бетер көзүн ачат. Акыры ким дос, ким душман экенин тааныган жаш бала Манас, калмактын каптап келген сексен баласына карата катуу жинденип, биринчи жолу жоо тараптын жосуну бузук тукумдарына, аёсуз уруш ачат. Бул кармаш жаш Манастын кыргыз элинин боштондугу учун күрөшүнүн ал­гачкы башталышы.

  1. Манас баатыр өзүнүн тегерегине кан­дай адамдарды топтогон? Манасты Манас кылган, баатырдын таянган тоосу кимдер?

Манас биринчи иретте адамдагы иш билгиликти жогору койгон. Өз тегерегине Бакай, Кошой, Ажыбай, Акбалта, Алманбет, Чубак, Сыргак сыяктуу калкка жол көрсөткөн чыгаандарды топтогон. Кеп-кеңешин алып турган.

  1. Манастын кайсы сапаттары сага ай­рыкча жагат? Бүгүнкү күндө Манас сага кайсы жагынан идеал боло алат?

Манастын акылынын дагы бир өнөрү - сынчылык. өзү саяпкер сынчы экен, бала чагында эле ат тандап, кандай аттар тулпар болорун байкаган. Ал биринчи ат тандаган, андан кийин жигиттерди тандаган.

Акылы менен журт алган, кол топтогон. Анын көсөмдүгү мына ошондо.

Бугунку күндө Манас улуттук биримдикти баалоого, ар дайым ынтымактуулукка, ар на-мыстуулукка идеал боло алат.

  1. «Манас» эпосунда билим өнөргө ээ болгондор кимдер?

Эпостогу эмгек өнөр, билим менен айка­лышканда үзүрлүү жана натыйжалуу болору колунан көөр төгүлгөн чебер уз, дөөтү менен достошкон устадан тартып көптөгөн өнөр ээлери жогору бааланат. Алардын ичинде учкан менен конгонду, түрдүү түргө өтүп кубулганды билген өзгөчө билимдүүлөр бар.

Манастын 40 чоросунун арасында Ажы­бай сыяктуу алтымыш уруу тил билген, сөзгө жуйрук, тили жатык  чечендери, караңгыда жол тапкан Шууту, Ырчы уулдары бар.

  1. Эмне үчүн «Манас» эпосун атуулдук тарбиянын башаты дейбиз?

Манас атуулдук, адамдык ар намысты баарынан жогору койгон. Ал өз элинин бакубат коопсуз жашашы  үчүн  бүт куч-аракетин арнаган.

  1. Манастын курал жарактары, жана ал курал жарактарды кимге жасаткан?

Төкөр уста Бөлөкбай, ал Дөөтү менен дос болгон өзгөчө чебер уста, Манастын касиеттуу мылтыгы Аккелтени, айтылуу Сырнайзаны, Зулпукорун, башка жоо жарактарын бүт жаса­ган ошол төкөр уста. Аны барктаган, ишенген үчүн, Манас казынасын ага кайтарткан.

  1. Манастын канча аялы болгон? Алган жарын кандай сапаттарга ээ болсо деп кыялданган?

Манастын уч аялы болгон – Карабөрк, Акылай, Каныкей. Манас Кыз Сайкал менен найза сайышта «кыргыздардын бактысына туулган эр экен» деп, өз найзасын өзү таштап жиберген. Манас өмүрлүк жар болууну өтүнөт. Ошон­до Сайкал алган зайыбың Каныкей 12 кыздын кенжеси, кудайдын сүйгөн пендеси, телегейи тең экен, ургаачынын шери экен. Мен Каныкейдин үстүнө күнү болуп сизге тийе албайм. Эгер мени алгыңыз келсе, кыяматтык жар болоюн, өлөөрүндө кырк күнү зыйнатында болоюн дейт.

10.        «Манас» эпосундагы баатырлардын  минген аттары? Манастын - Аккуласы,

Бакайдын Көкчыбыгы, Көкөтөйдүн - Мааникери,  Семетейдин -Тайторусу,

 Сейтектин - Тайбурулу, Коңурбайдын - Алгарасы.

11.  Манастын жоо кийимдери? 

Туулга, соот, чопкут, Ак күбө, Наакер, Чарайна, кандагай.

12.        Манас эпосундагы кыргыз элинин элдик медицинасы колдонгон дары-дармектери кайсылар?

Кыргыз элдик медицинасында суу берүү, жылуу сууга (арашан) ысыктоо, ушалатуу, кан алуу, сүлүк салуу, тамыр кармоо, териге алуу, ж. б. ыкмалар колдонулуп келген. Кыргыздар­дын илгерки көчмөн турмушунда элдик хирур­гия да жогорку деңгээлде өнүккөн.

Мисалы сынык сөөктү сакайтуу, жөнөкөй операцияларды жасай билүү жана жөнөкөй хирургиялык аспаптардын биздин күндөргө келип жетиши буга күбө. Кыргыз эли колдонгон дары-дармектер мумия-сыныкты бат бүтүрүүчү дары, оржемил чөптөн жасалат. Ар кандай жаныбарлардын өтү дары катары колдонулган. Хирургиялык дарылоодо тинтуур колдонулган. Эпосто жараны тиле турганда колдонулган аштар аттуу скальпель түрүндөгү курч бычак болгон.

13.          «Манас» эпосунда Манастан башка   дагы кыргыз элинин кандай баатырларын билесиңер?

Кошой, Чубак, Сыргак, Алманбет, кырк чоро.

14.          Эпостогу кыргыз элинин үрп-адаттары, каада-салттары, ырым-жырымдары кайсылар?

Хан көтөрүү салты, куда түшүү, бешик той, ат коюу, энчи берүү салты, Манастын төлгө ташы.

«Манас» эпосу кыргыз элинин бүтүндөй тарыхын, басып өткөн жолун, маданиятын өз ичине камтыган байыркы эпос.

Уул үйлөнтүп, үйлүү - жайлуу кылуу, кыз узатып, келечек бактысына кам көрүү кыргыз элинде ата-эненин ыйык парздарынан болуп саналат.

Мында баланы таап гана тим болбостон, анын келечегине кам көрүп, аны менен өз тукумунун келечегин бекемдөө атанын аталык милдети, зор жоопкерчилиги экендиги тээ Ма­нас доорунан келаткан кыргыз элинин ыйык салттарынын бири экенин билүүгө болот.

«Манас эпосундагы үйлөнүү салттары: Жуучу жиберүү, куда түшүү, калың берүү, кыз оюну, үй тигүү, сарпай кийгизүү, келиндин жүгүнүп качуусу.

  1. «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосуна катышкан, эл салтын мыкты билген, акылман «Караңгы жерден көз тапкан, капилет жерден сөз тапкан» каарман ким?

Эл салтын абдан жакшы билген, татаал шарт, кысталыш учурда чебер жол тапкан калыс, чынчыл адам катары Бакайды баардыгы сыйлашат.

  1. «Семетей» эпосундагы Семетейдин, «Сейтек» эпосундагы Сейтектин эң жакын акылчылары, кеңешчилери кимдер?

Семетейдин ички тышкы иштерине кеңеш берип, дайыма аны жандап журген

акылманы - Бакай, «Сейтек» эпосунда жаш баатырга баш-көз болуп, жол көрсөтүп, акыл айтып, туура эмес аракеттерден, кадамдарын сактоодо Күлчоро негизги кеңешчилердин бири болгон.

  1. Көкчө кайсы элдин ханы? Семетейдин тагдырындагы негизги ролдордун би­рин ойногон тулпардын аты кандай?

Алтайда Жакып менен жакшы мамиледе болуп, бири-бирине ымалалары жакын болгон Айдар кандын баласы Көкчө. Көкчө дагы Ма­нас сыяктуу баатыр болгон. Чоң казатта курман болгон Көкчөнүн баласы Үмөтай. Семетейге келип менин атамды сенин атаң Кытайга ээрчитип барып, атакем шейит кетип, келбей калыптыр. Манастын уулу Семетейден атамдын күнүн кууймун. Күлчоро Үмөтөйга канчалык жалдыраса да, Үмөтөй калың жоо менен келип кол салат. Аргасы түгөнгөн Күлчоро Үмөтөйдү найза менен ыргыта сайып өлтүрөт. Бакай менен Каныкей катуу кайгырышат. Казак элине кун төлөп, Акеркечти ыраазы кылыш керек деп чечишет. Канчоро Тайбуурулду кунга берели дейт. Ошентип алтын-күмүш зер буюмдан, эсепсиз мол алып, өлүктү Тайбуруулга жүктөп аны баш аты кылып жиберишти. Элде мындай, сөз бар «Тайбуурулдун тартууга кеткени Семетейдин өз ажалынан өлгөнү».

  1. «Манас», «Семетей» эпосторунун окшоштуктары жана айырмачылыктары?

«Манас» эпосунда элге азап-тозок алып келгендер катары негизинен сырттан басып кирген душмандар эсептелсе, «Семетейде» элдин негизги душманы - ички душмандар.

Манастын учурунда Алоокеден кордук көргөн эл андан кутуулар күндү эңсеп, Ма­насты күтсө, «Семетейде» Абыке, Көбөштөн кутулар күндү кыялданышат, Семетейди күтүшөт. Абыке, Көбөш эл башына туруп алып, элге кордук көрсөткөн-зордукчулар.

«Манаста» негизги душман сырттан басып киргендер, ал эми ички душман анча мааниге ээ эмес. «Семетейде» сырттан басып кирген душман экинчи орунда, уруулар арасындагы чатак, ички карама-каршылык биринчи орунда турат.

  1. Училтиктеги аш-тойлордо кыргыз элинин кандай улуттук оюндары ойнолгон?

 Ат чабыш, Жамбы атыш, балбан курөш, эр сайыш, эр эңиш.

  1. Каныкейдин акылман, көрөгүчтүгүн, сактыгын, ар бир иште алдын-ала байкагычтыгын кайсы окуяларда кеңири сүрөттөлгөн?

«Көзкамандар окуясында», «Көкөтөйдүн ашында» «Чоң казатта», «Чоң  чабуулда».

  1. Кыргызстанда Манас атындагы кан­дай коомдук- маданий, тарыхый этнографиялык жайлар, сыйлык-наамдар, географиялык аталыштар бар?

- «Манас» айылы, Манастын кумбөзү, «Ма­нас» таануу илим-изилдөө институту,

«Манас -Ата» ордосу, «Манас» адабий этнографиялык музейи, «Манас» ордени ж.б.у.с. Окуучулардын билимин баалоо:

Үй тапшырмасын берүү: «Манас эпосу - атуулдук тарбиянын башаты» - деген темада дилбаян жазып келүү.

Просмотр содержимого документа
«"Манас "Эпосун жыйынтыктоо»

1

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!