СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Манас" эпосундагы көөнөргөн сөздөр

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Манас" эпосундагы көөнөргөн сөздөр

Просмотр содержимого документа
«"Манас" эпосундагы көөнөргөн сөздөр»

Көөнөргөн сөздөр

1.Лөк- кучтуу, маанилуу деген сөз. Адатта нардын буурасын лөк дейт 2. Дабан- бийик ашуу 3. Жазайыл- замбирек 4. Колок- жаанын огу 5. Баар- эрте жаз 6. Тулум –узун чач. 7. Барик –майда жалбырак 8. Кош – жылкычылардын же согуш убагындагы колдун убуактылуу жашап турган жайы. 9. Буулум – кымбат баалуу кездеменин бир туру 10. Инжи – жемчуг 11. Жекесан – 1. Төөнүн мойнуна тагылуучу коңгуроонун түрү 2. Баатырлар кийүүчү кооздолгон өтүк 12. Заңгар – түрү суук, эбегейсиз зор, абдан чоң, кээде өңү кара адам деген мааниде 13. Ашык – чүкө 14. Кие- чөп 15. Мар- жылан 16. Накыш- оюу (орнамент) 17. Оолат- урук, тукум 18. Кашка –мыкты, акылман, билги, жетекчи, башкаруучу деген мааниде 19. Тобурчак – жылкы, тукумунун бир турү ( күчтүү, чыдамдуу ат) 20. Шаңшур – уютулган алтын 21. Ыстампул – кездеменин бир түру 22. Мөндү – калмакча ”кел” дегенди билдирет 23. Жудурук – муштум 24. Мүрү – беш тыйын 25. Кал - таз 26. Жагына – конокко күндүз берилүүчү жеңил тамак 27. Бакар – уй 28. Бадана – кооздоп жасалган баатырлар кийүүчү ок өтпөс сырткы кийим, соот 29. Соолан –кымбат баалуу кездеменин бир түрү 30. Бөкө-балбан 31. Мандыкер – күңдүккө жалданып иштеген адам 32.Сүңгү- найза 33. Чаган – моңголдордун жаңы жылдагы биринчи айы 34. Эгиз- бийик тоо

35. Шуудур- төө 36. Шап – канжар, бычак 37. Топ – замбирек, забиректин огу 38. Нонок – чоркок, сөз билбес 39. Дап –музыкалык аспап 40. Жолум –кичирээк боз үй 41. Жасат – сөөк, өлүк, дене 42. Бишарат – аян, сыр, белги 43. Бапик -чачык 44. Айдар –эркектердин аркасына өрүлүп коюлган чачы 45. Апсана – ушак, айың сөз 46. Танап – боо керилген жип 47. Сандугач – булбул мисалдуу чымчык 48. Саяс –эпосто аюунун бир түрү 49. Үкүр – уй 50. Жезнай – чоор сыяктуу музыкалык аспап 51. Белдемчи – согуштук кийим 52. Морун –жылкы 53. Маала – айыл, кыштак 54. Кулак кайчы – ууру 55. Сыргак – кыраан бүркүттүн түрү 56. Оройпа – жаанын огу 57. Отого – баш кийимге тагылуучу куштун канаты 58. Несаана – чага турган чымын –чиркейдин түрү 59. Кирич- жааны тартып туруучу жиби 60. Корек – азык, тамак-аш 61. Макан –эт 62. Жаан – аалам, дүйнө жузү, жер жүзү 63. Акси –кусур, касиет 64. Дастар -селде 65. Биябан – чөл, кээде ээн 66. Төрт күл - кыйраган эски жай 67. Кенизек – кызматчы аял 68. Байнек – кылычтын учундагы металдан жасалган кутуча 69. Торгун – кымбат баалуу жибек кездеме 70 . Ыраң – көк чөп 71. Абайы –кымбат баалуу кездеме 72. Аспи – жылкы

73. Ашула – ыр (өзбек тилинде) 74. Эрөөл – 1. Жекеге чыккан сайыш, чабыш 2. Чалгынга чыгуу 75. Ыспан – шаардын аты 76. Шымал –түндүк тарап 77. Шаа –падыша, шах 78. Чыңыроон – жоокерлерге кабар берүүчү жез түтүктөн жасалган музыкалак аспап 79. Чукак – тартыш, кемчил, аз 80. Чүчтө - жука ак материал 81. Чымылдык –музыкалак аспаптын түрү 82. Чыңоол – кароол, күзөт 83. Чанту –эпосто кытай же калмак тарабынан мусулман деген создун ордуна колд. 84. Торгун, торко – жибек кездеменин түрү 85. Тайгы –уруу, эл 86. Пайна – калмакча ураан чакыруу 87. Меш –эркечтин терисинен жасалган чоң чанач 88. Түлүк –азап , кайгы, бүлүк 89. Бедөө – кулүк аттардын бир түрү 90. Жыга -1. Шөкүлө 2. Хандык белги-таажы сайылуучу тебетей 91. Күндө – жазаланганда колго салынуучу кишен 92. Кесенде –курт-кумурска, жылаан 93. Зардал – терең ойлуу, акылман 94. Кар –кул, тексиз адам, кордук тарткан, муктаж болгон 95. Таш- алыстык өлчөмү (бир таш жер 8 чакырымга барабар ) 96. Тилсымат- сыйкыр, дуба 97. Каама -1. Музыкалык аспап 2. Ыйык китеп (эпос боюнча) 98. Лагил – асыл таш 99. Жагдан -сандык (Көкөтай атабыз сактаган) 100. Баяндос – көрпөчө төшөк( баалуу кездемеден тигилген жоокерлер жанына алып жүрөт) 101. Булдурсун –камчы ( башына коргошун уютулуп жасалат) 102. Койгут- сака( Манастын сакасы) 103. Даңкан –кумган 104. Набнор –кычкач 105. Найдар – дүрбү 106. Нарын – Беш бармак 107. Бандулу –коңгуроо 108. Себил –ок өтпөс кийим 109. Бута- баалуу кездеме 110. Жоорун –далы, далынын үстүнкү бөлүгү







Жер –суу аттары:

  1. Жалгыз –Кыр – калмактардын Тулус баатыры мекендеген жер



  1. Жалгыз-Терек - Кыяздын колу тарабынантаралган, Күлчоро Кара-Үңкүргө бараткан жолдогу жер

  2. Жол-Каныш - “Чоң Казатта” кыргыздар тийген жылкынын артынан кууп келе жаткан Коңурбайды алмамбеттин айтуусу боюнча Сыргак баатыр астынан жашынып тоскон жер

  3. Жаман- Даабан – кыргыздар Алтайдан көчүп келатканда калмак кандыктарынан Ала- Тоону бошотконунда (азыркы Ак-Талаа)

  4. Жети –Суу - кыргыздардын жана ага жамаатташ элдердин абалтан мекендеген жери

  5. Жети- Төр - эпосто Манастын бабасы Бөйөн кан мекендеген жер

  6. Жылаңач – Көкөтөйгө аш бергени Ташкенден Каркырага көчүп бараткан Бокмурун Жылаңачка жылкысын өргүтүп өтөт

  7. Жылуу –Суу - Орго канды женгенден кийин Манастын колу өргүп жаткан жер

  8. Жыргалаң - Орго канды женгенден кийин Манастын колу өргүгөн өзөн

  9. Ирен - эпосто ааламдын тубу катары сурөттөлүп. Алоокенин буйругу боюнча Каракандын балдарынын бири айдалып барган жер

  10. Түп Бээжин Кытайдын ал кездеги борбор шаары

  11. Каңгай - калмак өлкөсү

  12. Эрен –Ирен - азыркы Иран

  13. Желпиниш – кун батыштагы жердин чети

  14. Мухит - океан, деңиз. Эпосто көлдүн аты катары айтылат.

Ар жагы Мухит көл деген, Аты угулат бу жерге, Аны Алтайдын журту көрбөгөн

  1. Нааман – Түркстандагы эпикалык өлкө. Кыргыз түрк урууларынын көөнө Ата Журту

  2. Орол – Элибиз жатыр эриште

Аягы Орол тоосунда (азыркы Урал тоосу)

  1. Орчун – калмактар турган шаар. Эпосто Манас калмактарды Орчун шаарынан сүрүп чыгарып, бошоткон.

  2. Опол, Опол –Тоо - Эпосто адегенде Манастын бабасы Ногойдун ордосу турган, андан кийин Ороздунун он уулу мекендеген жер катары сүрөттөлөт.

  3. Орто –Чаткал - Эпосто кыргыздарга ынтымакташ элдер жашаган аймактардын бири. Музбурчактын мекени катары сүрөттөлөт.